"Миэлла" мектебинде журналисттер "кармашып"…
12-сентябрда, Токмок шаарында КР Шахмат федерациясы жана Токмок шаардык мэриясынын колдоосу менен Мелис Эшимканов атындагы "Миэлла" шахмат мектеби ачылды. Кызыл лентаны Асел Эшимканова менен кызы Миэлла кести. Андан кийин журналисттер арасында жыл сайын өткөрүлчү шахмат жана бильярд боюнча турнир башталды. Анда 30га жакын журналист күч сынашты. Шахмат боюнча 1-орунду Токмоктогу "Мой город" гезитинин журналисти Алмаз Карыпбаев жеңип алды. 2-орунга КТРКнын жүзү, "Улутман" телеберүүсүнүн алып баруучусу Түгөлбай Казаков ээ болсо, 3-орунду УКМКнын басма сөз кызматынан Кубан Арзыкулов алды. Ал эми бильярд боюнча 1-орунду НБТнын журналисти Ренат Турганалиев (бу жигит алгачкысын да жеңип алган), 2-орунду "Айтумар" журналынан Анарбек Абазбеков алса, 3-орунду НБТдан Рустам Топонов ээледи.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, белек-бечкек жана диплом тапшырылды.
Назира СААЛИЕВА




Жагаарына көмүр жок,
жашоого деле көңүл жок

Бу, Каскадроптун кылбаганы жок. Акай заманда, "Асаба" жабылып калганда, Африкага кирип кетип, ал жактан этке аспирин дарысын кошуп, бир арстандын алдына таштап коюп, өзү жашынып карап турса, арстан турган жерден жыгылыптыр. Каскадроп шашпай терисин сыйрып жатса, папуас деген эл көрүп калып, өздөрүнө хан шайлап алышып, колуна хандыктын белгиси сырдуу таяк карматышат. "Таякты колуңа алсаң, көрүнбөй каласың" дейт. Андан да кызыгы "чыбык мингенсип мине калып "чү" десең, учуп кетет экенсиң" дейт. Анысын билип алган соң, Каскадроп карап турмак беле, минип бул жакка учуп жүрө бериптир. Эми да ошол таягы менен "Асабага" келип калат. Эки саат мурда эле Ошко барып келген экен, ошондон соктуруп отурду эргулуң.


Ордолуу Оштон кеп угуп,
Отсуз калды деп угуп,
Үйлөрүндө жарык жок,
Токсуз калды деп угуп,
Эчен айдан бер жакка,
Газсыз калды деп угуп,
Палоосу бышпай казанда,
Ашсыз калды деп угуп,
Атаңдын көрү, дүнүйө,
Кыйнала берсе ушинтип,
Кыштан кантип чыгат деп,
Ак үйдө кулак жок эле,
Арманын кимдер угар деп,
Өз көзүм менен көрмөккө,
Көбүртпөй да жабыртпай,
Көргөнүм айтып келмекке,
Баягы,
Байкабаска кур таяк,
Кадырын билген кишиге,
Каскадрий сыр таяк,
Мине калсаң, чиркинди,
Алгарадай булкунат,
Булутту жиреп түгөнгүр,
Бууругуп учат зыркырап,
Истребитель дегениң,
Изине дагы чендебей,
Ыйлап ийет буркурап,
Ошо, каран калгыр таякты,
Кайкалата мингемин,
Оболоп учуп көк менен,
Ошту көздөй жүргөмүн.
Сарттын чай сууганча,
Сабалап кирип баргамын,
Эң эле кызык иш көрдүм.
Эми айтайын калганын.

Капырай,
Этажда жашап жатса да.
Эшикке казан кайнаткан.
"Батыраак бышыр, апа" деп,
Балдары көзүн жайнаткан,
Убара болгон жан көрдүм.
Темпейип издеп талаадан,
Тезек терген чал көрдүм.
Аттиң,
Алайын десе, көмүр жок,
Азып турган чагы экен.
"Апкел" - деп айтат көмүр деп,
Атка минер чоңдору,
Ат чабым жакын жолобой,
Качып турган чагы экен.
Алып сатар дегениң,
Асмандатып баасын,
Сатып турган чагы экен.
Аргасыздан курган журт,
Акчасына карабай,
Ар кимиси тачкалап,
Ташып турган чагы экен.
Кыштан кантип чыктык деп,
Кыйлалары желкесин,
Кашып турган чагы экен.

Чайканадан жай алып,
Убада кылган суюк газ,
Узарып кетти деп уктум.
Уга берип буларды,
Кайран кулак калбастан,
Кызарып кетти деп уктум.

Буларды көрүп алган соң,
Кутуруп кеткир таякты,
Кулакка чаап мингемин.
Жүрбөй жаткан иштерге,
Жүрөгүм ооруп күйгөмүн.
Токтогулдун үстүнөн,
Токтолбой учуп өтөөрдө,
Карасам, көңүл бөлүнөт.
Толкуп жатчу кайран көл,
Томуктай эле көрүнөт.
Ага да ичим өрттөндү!
Атаны кокуй, арман күн,
Абайсыз келип бир жактан,
Ажыдаар ичип кеткенби?

Кыңгыратып кылычын,
Кыш келатат тымызын.
Өлкөдө абал бул болсо,
Өкмөттүн иши курусун!

Хасан КАСКАДРОП,
ар дайым Сиз менен!