Рыскелди МОМБЕКОВ, "Учкун" ААКнын башкы директору:
"Баарын кайрып алдым…"

Менчиктештирүү, карызы, оң капталында салынып жаткан курулуш имараты, сол капталындагы кафе, иштен кеткен кызматкерлер, ашкана, кыскасы, "Учкун" тууралуу күбүр-шыбырлар боюнча башкы директор Рыскелди Момбековго кайрылып оюн уктук.


- Рыскелди мырза, кепти "Учкунду" ичип-жеп жатканыңыздан баштасак. Мындай сөз сизди ушул кызматка келгенден бери эле ээрчип келатат…
- "Учкун" концернин банкрот кылган Каныбек Иманалиев, андан кийин жок кыла турган Рыскелди Момбеков дегендей мааниде, бир беткей жамандаган материал мындан бир ай мурун "Искра" гезитине чыгыптыр. Гезиттин редактору Адилет Айтикеев менен байланышып, "Макаланын аягына авторун жазып койсоң болмок, Эми мага "актанууга" сөз бер, өз чындыгымды айтайын" десем, "байке, сөз жок" деген. Чыгарабы, жокпу, көрө жатарбыз. Гезитке чыккандын баары карандай калп, жалган. "Учкундан" эч күнөөсү жок адамдардын баарын кызматтан айдап жибериптирмин. Эч кимди кетирген жокмун. Тескерисинче, айдап жибергендерди иштетип атам. Бардыгы ордунда калды. Болгону эки кароолчу алдым. Бизде жумуш толтура. 7 миң сом айлык алып иштейм десе, келсин, каалаган жумушун беребиз. Каныбек Иманалиевдин убагында алынган тетиктердин бардыгы сатылган. Мага чейин сатылган тетиктерди "Момбеков сатты" деп жазылыптыр. Бул макаланын артында ким турганын, атүгүл авторун да жакшы билем. Алар өзүмдүн эле досторум. "Фабула" гезитине кайсы бир депутатты жамандап 2-3 жолу жазып жиберген экен. Анан аны мен заказ бергендей кабыл алып, ушуну жаздырышса керек. Баса, мени "чала журналист" деп жазышыптыр. Андай болсо "маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген наамды албайт элем да. Мени жамандагандар эч бир адал эмгек кылбай, өмүр бою эле бирөөнү жамандап келатышат. Аларга теңелип көйнөгүмдү отко салгым келбейт. Өздөрүнүн абийирине койдум. "Мен сени сотко берсем утуп алмакмын. Бирок, кесиптешимди сотко берип жаманатты болмоймун" дедим Адилетке. Анткени соттошуу башымдан өткөн...
- Элдин айтуусу боюнча сиз "Учкунга" келгени таластыктар жайнап кетиптир. Ашканасына чейин "таластыктар" дешүүдө…
- Мен билбейт экенмин. Өзүм ал жактан көп деле тамактанбайм. Оң жактагы кичинекей ашкана мага чейин арендасына 5 миң сом төлөп келген экен. Учурда 15 миң төлөйт. Иштетип жаткан Света аттуу келин чүйлүк. Экинчи тараптагы чоң ашкананы Бишкектин мэриясында 30 жылдай иштеп жүргөн адам иштетет. Эгер бул жерди мындан дагы жакшы иштетем дегендер болсо келишсин, азыр деле бергенге даярмын. Ал эми келишимди токтотуп койгон колуман келет. Мисалы, мен бул жерге келгенде "Кумтөр" ишканасы квадрат метрине 450 сомдон эле төлөчү. Мен сүйлөшүп отуруп 30 пайызга көтөртүп алгам. Мурда айына 600 миң сом төлөсө, учурда 1 млн сом төлөйт. Учурда иш бөлмөлөрүнүн 20 пайызы бош эле турат. Алам дегендер болсо келе берсин.
- "Учкун" карызга батып калган" дешет. Бу боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Калың карызды тактап коюш оңой эле. Салык кызматына коңгуроо кылып, "Учкундун" канча карызы бар десе эле айтышат. Биздеги кызматкерлер айлыгын ай сайын өз убагында алышат. Бул кызматка келгениме 25-сентябрда эки жыл болот. Келгенде эле "Учкундун" эмне үчүн банкрот болуп калганын териштирип, эки айдын ичинде бардыгын иликтеп чыктым. Анын башы Айдар Акаевден башталат. 2003-жылы Айдар Акаев өз кишилери аркылуу сатып алуулар боюнча мыйзамды иштеп чыккан. Ага ылайык 500 000 сомдон ашкан тендер жарыяланып, тендер аркылуу сатып алынышы керек болгон. "Комитет" деген басмакана бар, ал учурда улутташтырылып кеткен. "Учкунга" келген заказдардын бардыгын "тендер менен тигил жакка бересиңер" деп аталган басмаканага берилген. Ал аркылуу арам акчаларды Айдар алып турган. Кийин Максим деле ушунун жолуна түшкөн. Кыргызстанда 51 мамлекеттик документ болсо, ошонун 15и эле "Учкунда" басылып, калганы тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга кеткен. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам "Учкун" банкрот болгон. Ошол заказдардын бардыгы "Учкундан" басылып турса банкрот болмок эмес. Кыргызстанда 250 басмакана бар, бардыгы мамлекеттик заказда отурат. А мамлекеттик делген "Учкун" концерни заказы жок отуруп калган. "Учкунга" төрөлгөн балдарга жана өлгөн адамдарга бериле турган эки документти гана калтырышканын, баягы башка жакка бурулуп, агып кеткен сууну кайра "Учкунга" буруш керектигин, кайра баарын кайтарып алышты Алмаз Шаршеновичке айтып, кат жазгам. Жазган катым боюнча ажо өкмөткө тапшырма берген. Андагы премьер Жантөрө Жолдошевич комиссия түзүп, төрагалыкка Алманбет Шыкмаматовду шайлаган. Алар 3 айлык мөөнөттө токтом долбоорун иштеп чыгышкан. Ал токтом 2013-жылдын 1-июлунда чыккан. Кыскасы, мурда "Учкундан" басылган мамлекеттик документтердин бардыгын басууга кайрып алдым. Бир гана дипломду кайрып алуу үчүн 6 ай салгылаштым, акыры Билим берүү министрлигинен алдым. Анткени, бул 65 млн сомдук заказ. Диплом эгемендик алгандан бери экс-президент Аскар Акаевдин бухгалтеринин менчик басмаканасында басылып келген. Бир дипломду 265 сомдон басып беришкен. Эки жылдын ичинде ушул эки токтомду чыгартып, аздыр-көптүр заказ алып баштадык. Мына, июнь айынан тарта ишкана заказдарды алып, мурдагы калыбында иштей баштады. Июнь айында 230 миң сомдон ашык пайда көрсөк, июль айында 600 миң сомдон ашты. Августь айында андан көбүрөөк болот болуш керек. Ушундай иштеримди жазышпайт дагы, жамандап жазышат. Жалган маалыматты окуп алып алгач жаман болдум, оор тийди. Убакыт өтө унуттум. Эми жазгандарды кудайга койдум. Мен кызматка кызыккан адам эмесмин. Мени жамандаган адам бир нерсени эле далилдеп берсе, "Учкунду" оңдойм десе, ордумду бошотуп берүүгө даярмын.
- Сизге мамлекеттик кызмат жактыбы же журналисттик кесиппи?
- Мамлекеттик кызмат ары кооптуу, ары жооптуу нерсе. Жөнөкөй тил менен айтканда, артыңда асылган оор сумканы көтөрүп жүргөндөй. Эркин жүрө албай, "соттолгон" кишидей болуп жүрөт экенсиң. А журналистика деген эркин да. Каалаган учурда каалаган жагыңа барасың, каалаганыңды жазасың дегендей. Журналистикада жүргөн күндөрүмдү эң жакшы күндөрүм деп эсептейм. Анткени, кадыр-баркың, сыйың бар. Учурда депутаттар эркин десек болот. Каалаган сөзүн айтат, бирок, жооп бербейт.
- Ошол сиз айтып жаткан эркин депутаттар ММКны ооздуктоо боюнча мыйзам кабыл алышпадыбы. Алардын мыйзамын колдойсузбу же каршысызбы?
- Каршымын, бул туура эмес. Өзүңүздөр билесиздер, мен бирөөнү сөгүп койгондугум үчүн соттоп жиберишкен. Мен кийин депутаттыкка аттанганда "мурун соттолгон" деп чыгып калбадыбы. Көрсө, мени Бакиевдин тушунда кылмыш жоопкерчилигине тарткан экен. Азыр журналисттерди ушундай нерселер менен жоопко тартып койсо, бүттү, ал эртең депутаттыкка аттана албайт. Бул деген акмакчылык да. Мен журналист катары канча жолу соттоштум. Бул мыйзамды ушунчалык тездик менен кабыл алышты. Башка мыйзам калбай калгансып, ушуну жазып чыгышты да. Дал ушул мыйзам кайра өзүнүн башына тиет. Бул мыйзамга таянып, бир гана Өмүрбек Чиркешович Адилет Айтикеевди сотко берди. Иш жылбай турат. Эртең эле журналисттер биригип, көптөп кетсе, кайра кечирим сурашат.
- "Фабула" гезитинин ээси сизби же Мелис Карыпбековбу?
- Гезиттин 50 пайыздык ээлиги менде, 50 пайызы Акматов Азамат деген жигитте. Акциямды былтыр күзүндө Мелиске саткан болчум. Ал "чыгармачылык менен алектенбесем болбой калды, өзүмдүн бир долбоорлорум бар" деп алган. Анан экөөбүз бир суммага келишкенбиз, аны 1-апрелге чейин төлөп берем деген эле. Анан ал мөөнөткө чейин кийлигишкен жокмун. Кийин, "мен гезитти иштете албайт окшойм" деп кайра акциямды кайтарып берди.
- Ал ортодо "Планета" аттуу гезит ачып, кайра жаптыңыз. 15 миң нускага барган гезитти жабууга не себеп болду?
- Мурун менде иштеп кеткен журналисттер "бизге бир гезит ачып берсеңиз, өзүбүз иштетип кетет элек" дешкенинен, макул болуп каттоодон өткөрүп, анча-мынча техникалык жагын да камсыз кылып бергем. Бир айдан ашык демөөрчүлүк кылдым. Тилекке каршы, иштете албай коюшту. Ич ара келишпей калышты окшойт.
- "Аларга менчиктештирген бөлмөсүнөн бекер орун берген" деген да маалымат кетти эле агезде. Бул жерде айтылуу Оксана Малеванная айымдын менчиктештирип алган кабаты бар, анын ордун сизди басып калган дешет. Кыскасы, болгон чындыкты өз оозуңуздан уксак…
- Бул имарат тарыхый эстеликтердин катарына кирет. Андыктан менчиктелбеши керек. Тилекке каршы, 15-16-кабаты болгону 1 млн 34 миң сомго менчиктештирилсе, 1-кабаты 400 миңден 600 миң сомго мыйзам бузуу жолу менен агездеги Максимдин жанындагы жигиттеринин кысымы менен менчиктештирилип кеткен экен. Кийин бу боюнча соттошуулар болду. Бул маселе боюнча Алмазбек Шаршеновичке айтсам, "эгерде сен айткандай болсо, кайтарып алууга болот" деген. Бардык чындыкты жазып прокуратурага өткөзүп бергем. Мунун чыры чоң. "Учкундун" мурдагы директору Каныбек Иманалиевден да сурагам. Ал "убагында мени Адил Тойгонбаев андагы КООРТ телеканалына менчикке бересиң деп кыйнаган" деп айткан. Кызыгы, ал кезде Элмира Ибраимова жолун таап, 15-16-кабатты өткөрүп берген экен. Кийин, КООРТ 5-канал болгондо, Малеванная анын ээси болот да, директорду күчкө салып тынчтык келишимине кол койдуруп алат. Тагырагы, бир тыйын бербей, соттор аркылуу тартып алган. Негизи 1 млн 34 миң сомго бааланган экен. "Учкунга" бир тыйын бербей туруп тартып алган нерсени (5-канал) Кыргызтелекомго 57 млн сомго баалап берип жатыптыр. Кантип эле 7 жылда 500 эсе кымбаттап кетсин? Угушума караганда, Малеванная муну студияга керектеп, тарта турган зал боло тургандай кылып алып туруп, кайра сатып жиберген. Кийин эсептетсек, 21 млн сом болуп чыгып атат. Мен бул иш боюнча кат жазбаган жерим калган жок. Айлам кеткенде ажого кайрылдым. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Малеванная бийликтен түшпөйм деп ойлосо керек. Анткени сырттагы кафени дагы алган экен. Көрдүңүздөр го бир канча жерди ээлеп жатат…
- "Учкундун" жанында курулуп жаткан имараттын концернге тиешеси барбы?
- Бул боюнча да өкмөттүн атайын жыйыны болуп, анда Темирбек Бекмаматов өзү көзөмөлгө алып иш козгогон. Бул жер 2004-жылы, андагы мэр Медетбек Керимкуловдун убагында берилип кеткен экен. Ошол кезде менчикке сатылыптыр. Менчик колдон-колго өтүп, 6-7 ээси алмашып, акыры бир кытайлык инвестор алып, ошонун каражаты менен имарат салынып жатыптыр. Ошону иштетип жаткан компания президенттик администрациянын алдындагы "Кыргыз курулуш сервиси" экен. Эми алар иштетип жаткандан кийин кынтыгы жок болуш керек деп ойлонуп калдым. Бирок, жеке менин пикиримде, бул жер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА