Өкмөт аке, не кабар?

Өкмөттүн ишин сындаган "акылдуулар" менен "чыткурсактар" дале көп. Албетте, өкмөттө кемчиликтер аз эмес, "саз" десек да жарашат. Бирок чындап эле өкмөт эч нерсе кылбай, курсагын эле сылап коюп жатабы? Алардын ишмердүүлүгүн же өкмөттүк ММК алгылыктуу айтып бербейт. "Кандайдыр бир иш алып бараткандыр" деген таризде, өкмөттүн ишине көз салып турсакпы деген чечимди утурлап, кылып жаткан иштерин окурман журтчулугуна кеңири маалымат берүүнү туура көрүп турабыз. Эми жаңы өкмөт кандай иштеп жатат, аны да азиз окурмандын тараза ташына салалы.

Насыя алып жатасыңбы, дыйканым?
Фермерлер менен айыл чарба товарларын кайра иштетүүчүлөргө берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 2 миллиарддан ашты. 7-апрелге карата "Айыл чарбасын каржылоо - 2" долбоорунун алкагында дыйкан чарбалар менен айыл чарба товарларын кайра иштетүүчүлөргө 2 миллиард 034 миллион 217 миң сом көлөмүндөгү 6 584 жеңилдетилген насыя берилди.
Долбоорго катышкан 6 банктын мисалында төмөндөгүдөй:
ААК "Айыл Банк" 2 975 насыя 849 597,0 миң сом.
ААК "РСК Банк" 2 192 насыя 711 549,0 миң сом.
ААК "Бакай Банк" 149 насыя 29 512,0 миң сом.
ЖАК "KICB" 364 насыя 107 080,0 миң сом.
ААК "Оптима банк" 881 насыя 327 728,5 миң сом.
ААК "Кыргызстан коммерциялык банкы" 23 насыя 8 750,00 миң сом.
"Жаздын бир күнү бир жылды багат"
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Айыл жана суу чарба министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 5-апрелде жазгы айдап-себүү иштерин өткөрүүгө байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин башталышында эле Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн Аппаратынын айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Жоомартбек Жумабековго кеңешмеге начар даярдыгы үчүн сөгүш жарыялады. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, өз ишин аткара албаган бардык кызматкерлерге катуу чаралар колдонулат. "Кийинкиси эскертүү болот, андан соң кызматтан алынасыз", - деп кошумчалады Премьер-министр.
Кеңешмени улай эле Жоомарт Оторбаев учурдагы негизги маанилүү иш-чаралардын бири жазгы талаачылык иштерин жогорку деңгээлде өткөрүү экендигин айтты.
"Жаздын бир күнү бир жылды багат. Сиздер жазгы талаачылык иштерди ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн сутканын 24 саатын, жуманын 7 күнүн иштешиңиздер керек. Аба ырайы шартына байланыштуу биз графиктен артта калдык, бизде болгон каражаттарды пайдалануу менен бардык чараларды колдонушубуз зарыл", - деди Жоомарт Оторбаев.
Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин маалыматын уккан соң, Премьер-министр министрликтин бардык бөлүктөрүн айдап-себүү ишине тартуу зарылдыгын белгиледи.
"Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, райондордун акимдери өз бөлмөлөрүндө отурбашы абзел. Райондорго барып, жеринде дыйкандарда пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечип, фермерлерге жардам берип, а эң негизгиси статистикалык маалыматтарды ашыра жазуудан оолак болуу керек", - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Ошондой эле, Жоомарт Оторбаев аймактардагы жашоочулар менен жолугушуу графигин түзүп, жасалып жаткан иштер боюнча күн сайын маалымат берүүнү тапшырды. " Коомчулук Өкмөттүн жасап жаткан ишин сезиши керек. Ал эми Айыл жана суу чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте дыйкан, фермерлер арасында үрөн себүү, өсүмдүк өстүрүү боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин алып баргыла", - деди Премьер-министр.
Кеңешменин жыйынтыгында Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тиешелүү министрликтер менен мекемелерге жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү тапшырды.
"Бажы, баш тырмаба!" дегендей…
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 1-кварталындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, 1-кварталда ички дүң продукция 5,6 пайызга өсүп, негизги капиталга 33 пайыз инвестиция тартылган. "Өсүү деңгээли сакталууда, экономиканын өсүшү да туруктуу", - деди Премьер-министр.
Арийне, мындай өсүштөргө карабастан, салык жана бажы жыйымдары 1-кварталга карата жетишсиз. 2014-жылдын 3 айында мамлекеттик бюджетке 9 407 млн. сом салык жана төлөмдөр жыйналган, божомол боюнча 10 531,4 млн. сом болсо, мерчем 89,3%га аткарылып, 1124,4 млн. сом жетишсиз чыккан. Бул убакыт аралыгында бажы кызматы 7 459 млн. сом камсыз кылды, божомол боюнча 7698,2 млн. сом болуп, 96,9% план аткарылды, 239,3 млн. сом жетишсиз.
Жоомарт Оторбаев мамлекеттик бажы кызматынын бардык түзүмдөрү иш жүзүндө божомол көрсөткүчтөрдү тиешелүү деңгээлде аткарышпагандыгын айтты.
"Бизде бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетишсиздиги байкалат. Салык жыйноодо канааттандыраарлык иштер жок. Биз мындайга жол бербешибиз керек. Биздин коом алдында социалдык милдеттенмелерибиз бар", - деди Өкмөт башчы, бирок буга карабай бардык социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө каржыланат деп кошумчалады.
"Ар бир министрликтен ай сайын отчет алынып турат"
КРнын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев "Өкмөт сааты" телеберүүсүндө алдыдагы пландар тууралуу билдирди. Анын айтымында, жылдын башында чоң иш башталды. Айыл чарбасына 40 миң тонна жер семирткич алып келинип, дыйкандарга жазгы талаа жумуштарына 15 сом 70 тыйындан 16 сом 70 тыйынга чейин сатууга мүмкүнчүлүк пайда болду.
"Ал эми системалуу түрдө айта турган болсок, ар бир министрлик менен жылдын аягына чейин иш пландарды бекитүү талабын койдук, ар бир ай үчүн өзүнчө, 2015-жылга чейинки өзүнчө, ошондой эле КРны 2017-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында өзүнчө. Андан тышкары жакынкы аралыктагы талаа жумуштары жана кант кызылчасы боюнча маселелер каралат", - деп билдирди биринчи вице-премьер.
119,2 миң га аянт жер айдалып…
Республика боюнча 119,2 миң га аянт жер айдалып, бул көрсөткүч пландын 20,0% ын түздү. Программа боюнча быйылкы жылы 595,4 миң га жер аянты айдалышы керек болсо, 2013-жылга салыштырмалуу отчеттук күнгө карата 33,5 миң га жер аянтына аз айдалды.
Жаздык кылкандуу дан эгиндердин эгилишинин программасы боюнча каралган 269,0 миң га жер аянтынын 68,8 миң га аянты эгилди. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 13,48 миң га аянтка аз эгилип, 25,6% ды түздү.
Анын ичинен буудай республика боюнча отчеттук күнгө карата программада каралган 131,9 миң га жер аянтынын 19,0 миң га аянт жерине эгилди. Бул көрсөткүч программадагы аянттын 14,4% ын түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 6,4 миң га аянтка аз эгилди.
Ал эми арпа боюнча программада каралган 137,1 миң га аянт жердин 49,8 миң га аянтына эгилип, 36,3% ды түздү. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 7,1 миң га жер аянтына аз эгилди.
Отчеттук күнгө карата картошка отургузуу программада каралган 80,5 миң га жер аянтынын 3,2 миң аянты отургузулуп, программанын 4,0% ын түздү, башкача айтканда, 2013-жылга салыштырмалуу 0,2 миң га аянтка аз отургузулду.
Эрзат БОТБАЙ уулу







Пикир: