Журналисттик сапар
ЧЕГАРА КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛБЕЙ КАЛАБЫ?

Тажиктер билгенин кылып...
Эгемендүү Кыргызстандын эң алыскы, шарты катаал аймагы болгон Баткен дубанына атайын иш сапары менен барып карапайым элдин турмушун өз көзүбүз менен көрүп келдик. Бишкектен таксиге отуруп бир сутка дегенде миң чакырым ыраактагы облус борборуна жеттик. Жергиликтүү мамлекеттик бийликтин башчысы, Баткен районунун акими Сеитмурат Калыковдун сунушу менен "тажик таякелер" менен согуш оту тутанып кете жаздаган Ак-Сай айылынын башчысынын орун басары Жуманали Калматовдун "Жигулисине" түшүп, айтылуу Төтр-Күл суу сактагычынын жээгиндеги татынакай асфальт жол Миң-Булак айылына бат эле кирип бардык.
Райондун акими бизге Баткен району Исфара жана Сох дарыясынан пайдаланган, эки мамлекет менен чектешкен шарты татаал чөлкөм экенин билдирди. Тажикстан менен 376 чакырым, Өзбекстан менен 138 чакырым чектешип турушат. Албетте, географиялык жактан мындай катаал жерде жайгашуу кошуналар менен чебердеп мамиле кылууну, элдик дипломатияны өнүктүрүүнү талап кылат. Союз ыдырап эгемендүүлүктү алгандан кийин кошуналык мамилелер кыйла татаалдашып кетти. Албетте, чогуу-чаран Нооруз, Эгемендүүлүк майрамдарын жана спорттук оюндарды өткөрүү дурус деңизчи, бирок баары бир чегараларыбыздын аликүнгө чейин толук такталып бүтпөгөнү эл арасында кыжаалаттанууну пайда кылып, атүгүл өз коопсуздугун жана келечегин ойлошкон замандаштарыбыздын бир бөлүгүнүн киндик кандары тамган кичи мекенинен көчүп, Россия, Казакстан өңдүү чет мамлекеттерге тентип кетүүсүн шарттады. Азыр райондогу ар бир үй-бүлөдөн куру деген бир баласы чет жерде иштеп, ата-энесин же балдарын багып жатышканын танууга таптакыр болбойт.
Жаңжал чыккан аймактардын бири болгон Көк-Таш айылында айдоочу Сапарали Жапаров менен таанышып калдык. Биз маектешип жаткан жолдун ылдыйкы тарабы Тажикстанга караштуу экен. Үлүшкө болгону 1,5 соткеден жер тийиптир. Алты перзенттүү бул бүлөдөн үчөө Россиядан иштеп, айына акча которуп турушат. Уулдары да эми сапарга чыгышат. Бул тарапта тажик-кыргыз тамдары шахмат түрүндөй чалкешип салынгандыктан, чегара сызыгын аныктоо өтө оор. Бир жерде тажиктер көчөнүн ылдый жагында жайгашса, экинчи жерде үстүнөн орун алышкан. Муну ташты алыска ыргытышкан кошуналарыбыз мурдатан атайылап жасап келишкенби деген ойго кетет экенсин! Исфара дарыясын жээктей каналды бойлоп туннелден өткөн соң, башкы суу бөлүштүрүүчү стратегиялык жайга жеттик. Бир тарабында тажик жоокерлери болсо, экинчи жагында Жалал-Абад дубанындагы №704 аскер бөлүгүнүн атайын багыттагы "Шер" отрядынын штаб башчысы майор Тиллаберди Абдраимахунов жетектеген, толук куралданган кыргыз жоокерлеринен кабар алдык. Ала барган жаңы гезиттерибизди таркаттык. Январда кошуналар миномет менен аткылаган жайда азыр абал турукташып, солдаттардын катуу көзөмөлүнө алынган. Аларга ийгилик каалап Ворух анклавын карай сапарыбызды уланттык. Менин баамымда, жолдун боюнда тажик аскерлеринин посттору арбын экен. Айланма жолдун асканы тешчү жерине келгенде токтотуп салышкан участкасын көрдүк. Ага аябай көп каражат кетчүдөй сезилет. Канча каражат, нерв кетип башталган унаа жолдун курулушунун улантылбай жатканы абдан өкүнүчтүү. Ачыгын айтсак, биздин бийликтин алсыздыгынан, мажирөөлүгүнөн улам токтолуп калгандай сезилет.
Элдин оозунан түшпөй жаткан Ак-Сай айылына кире бериш жерге Исфара-Ворух жолунун боюна Ниязбек Орозокулов деген адам кардарларды тейлей турган татынакай чайкананын имаратын курган экен. Тажик "таякелер" зордугуна, кордугуна салып коркутуп жүрүп, анан өрттөп ийишиптир. Мына, замандаш, өз жерибизге тейлөө мекемесин да тажиктер улуксат берсе салат окшойбуз. Кыргыз жарандары араңдан зорго коркуп-үркүп каттап жатышса, тажиктер эч кандай тоскоолдуксуз эле жадырап-жайнап беймарал жайлоодо чардап жүргөндөй туюлат. Айрым адамдар Исфарадан-Ворухту карай катташкан кичи автобустарга эми кыргыз улутундагы жарандарды албай көчөдө калтырышкан фактылар көп экенин айтышты. Эгерде кимдир бирөө акчага азгырылып кыргыз жүргүнчүлөрүн ала турган болсо катуу жазаланат экен.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн катчысы Зайнидин Шадиев менен баарлаштык. Алардын аймагы кенен көрүнгөнү менен аябай таштак. Демек, сууну көп талап кылат. Акыркы кездеги чыр-чатактардан улам калктын сээлдей түшкөнү байкалат. 8850 калкы бар Ак-Сайдын тоо тарабында калкынын саны төрт эсе көп Ворух анклавы туру. Алар бат көбөйүшөт тура. Бир коргондо үч-төрт үй-бүлө сыгылышып отурса, кыргыздын кенен жерине сук артышын түшүнөбүз. Бирок, бул эми Кудай талаанын пендесине берген буйругунан да. Үй-бүлөнү пландаштырып, Исфаранын этегиндеги какыраган адырларды өздөштүрүшсө мынчалык чыңалуу болмок эмес. Таякелерибиз ушунчалык чырлуу да, мээнеткеч да эл экенин баамдадым. Атүгүл кадимки эле суу жүрчү арыкты чапканда бир кетмен топуракты да кыргыз тараптан алып акырындап жыла беришерин замандаштарыбыз аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт.
Ак-Сайда үй кызматкери Мамлакат Исакова менен таанышып калдык. Анын апасы Латофат Зулпукарова тажик кызы экен. Кошуна Ворухта таякелери турушат. Эки элдин араздашканынан улам мындай интернационалдуу үй-бүлөлөргө бир топ кыйын болуп жатыптыр. "Малыбыз адашып кошуналарга өтүп жоголо бергенинен улам мал күтпөй калдык" дейт ал. Бир уулу,төрт небереси бар. Чалы жана неберелери менен үлүшкө тийген 4,5 сотке жерине шалы айдап, андан орточо 200 кило күрүч өндүрүп, өзүнүн 3182 сом пенсиясы жана неберелеринин 1500 сом пособиеси менен эптеп өлбөстүн күнүн кечирип жатышыптыр бечаралар. Россияда кыйналып иштеп жаткан жалгыз уулу айына сомго чегергенде 15 миң сомдой жөнөтөт. Мына, окурман, бүгүнкү четки айылдагы замандаштарыбыздын жашоо-шарты. Биз барганда бечара аял банктан насыя алганы чуркап жүрүптүр. Насыяга жашачу заман келген тура.
Чегарадагы жаңжалдан улам суунун келиши кыйындап, эл ишенген өрүк көчөттөрү кургап кеткен фактылар көп. Бул айыл өкмөттөгү элдин чыныгы абалын төмөнкү расмий маалыматтар тастыктайт го деп ойлойбуз:
8850 калкы бар чөлкөмдө бюджеттен айлык акы алган 146 гана кызматкер бар. 800 үй-бүлө жакыр деп эсептелет. 400дөн ашык адам сырткы миграцияда жүрөт. Болгону 179 жеңил жана 43 оор жүк ташуучу автомашина, 12 трактор, 15 мотоцикл бар. Айыл өкмөтү боюнча бир дагы врач жок. Райондун борборуна дейре 55 чакырым аралык бар.
Деги эле дээрлик күн сайын кайталанып жаткан кыргыздардын автомашиналарынын ташбараңга алынышы, балдардын, улуулардын сабалып отурушу тажик элине кандай баа беришти да билбейсиң. Аларга өздөрүнө жараша катуураак мамиле жасап, чегара тилкелерин кошуна Өзбекстандагыдай калыс чечип тактап албасак келечекти элестетүү кыйын. Президентибиз айткандай жүз жылдап сабырдуулук кыла берсек, тажик боордоштор Баткен дубанын толук бойдон ээлеп алышына бөркүңүздөй ишене бериңиз.
Лейлекте көйгөй толтура
Кыргыз Республикасынын Түштүк Батышындагы эң четки, "Камчатка" аталган Лейлек районунун акими Тиллаберди Арипов чегара маселеси бүгүн башкы планга чыкканын жашырган жок. Калкынын саны 128 миң адамды түзгөн куш ысымдуу бул чөлкөм Тажикстандын алты району менен 308 чакырым, Баткен району менен 98 чакырым чектешип турат. Демек дээрлик жарым анклавда жайгашкан. Мамлекетибиздин борборунан 1100дөн ашык чакырым ыраакта турат. Кошуна райондогу чыр-чатактардан улам чегаранын бир тараптуу жабылышы залакасын тийгизди. Жогоруда белгиленген кошуналар менен 308 чакырым чегаранын 51 чакырымы гана эки тараптуу такталган. Калганы алигече чечилбеген бойдон турат. Талаш-тартышты туудурган 29 жер участкасы бар. Алар ылдыйкы өрөөндөгү Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент жана Ак-Суу, Сумбула айыл өкмөттөрүнө, Исфана шаар башкармасына караштуу аймактар. Сүлүктү-Лейлек аймактык кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жетекчиси А.Хамидовдун маалыматына таянсак, негизинен көпчүлүк чырлуу жерлер кошуналарыбыздын өзүм билемдигинин, эл аралык мыйзам актыларын сыйлабаганынын айынан келип чыккан..
Тажик-Кыргыз чегарасынын жабылышы бир топ татаал маселелерди жаратты. Күйүүчү майдын, негизги азык-түлүктүн баасы жогорулады. Маселен, таксиде 135 чакырым аралыктагы Исфана-Баткен каттамына 500 сом төлөйсүз. Самолеттун билети Исфанадан-Бишкекке 5500 сом экен. Тажикстандын кошуна Согди областында туугандары бар карапайым элге кыйын болду. Мурда Канибадам, Исфара аркалуу кыска жана асфальт жол менен жүрүп көнүшкөн аркалыктар, Бешкент, Кулунду жана Маргун айыл өкмөттөрүнүн тургундагы эми тескери тарапка же Исфананы карай каттап эки-үч эсе көп чыгым тартып жатышат.
Ушундай кыйынчылыкты, жаңжалдардын болушун алдын-ала сезе билишкен лейлектик 40 миңдей адам арга жок Россия менен Казакстанды, Чүй өрөөнү менен Бишкек шаарын көздөй туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишкен. Анткени илимдүү жаштарды талаптагыдай жумуш оруну менен камсыздоо маселеси азырынча бул четки аймакта чечиле элек. Жумушсуздардын саны он миңден ашты. Тажик кошуналардан 116 киши Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө там сатып алышкан. Дагы 56 үй-бүлө Жаңы-Жерден участок алууга үлгүрүшкөн. Анткени Тажикстандын өзүндө жер участкаларынын баасы өтө кымбат.

Сүлүктүдө кырдаал татаал
Биз уюлдук телефон менен Сүлүктүнүн мэри Абдузакир Ибрагимовго кайрылып, "Чегаралардын жабылышы сиздерге кандай таасир этти?" деген суроо таштасак, "Мен президент тарабынан бекитилген кызматкермин, анын саясатына каршы чыга албаймын" деп тайсалдай түшсө болобу. Ачыгын айтсак, биз деле президенттин да, өкмөттүн да саясатына каршы чыгып төңкөрүш жасап жиберели деген оюбуз жок. Болгону алыскы аймактардагы турмуш чындыгын чагылдыралы деген аруу тилек, асыл максатыбыз бар болчу. Анан 102-каттамдагы кичи автобуска отуруп, эң четки Кош-Булак айылындагы жарандар менен баарлаштык. Муртазали Кудайназаров мурда көмүр шахтасында иштеген экен. Эми арга жок руль башкарып жүргүнчүлөрдү ташыйт. 12 чакырым узундуктагы жолу абдан начар каттамдагы жол кире 13 сомдон. Пенсионерлер менен Баатыр энелер бекер жүрүшсө, окуучулар 5 сомдон төлөшөт. Сүлүктүдө солярканын наркы 47 сомго, бензиндики 42-43 сомго чыгыптыр. Амиракул Абдимомунов, Раимкул Токтогулов, Каныбек Салямов, Дилмурат Бажановдор менен маектешип отуруп карапайым элдин турмушу аябай оорлошуп, калктын бийликке болгон ишеними жоголуп баратканы белгилүү болду.
Калаанын Макаев көчө­сүндөгү "Ынтымак" жоопгерчилиги чектелген коомунун шахтысынын алдына барып казылып алынган мыкты сапаттагы көмүрдүн сатылып өтпөй жатканынын күбөсү болдук. Анткени мурда Сүлүктүнүн мыкты көмүрүн Самара Каримова карындашым клибинде ырдагандай, коңшулаш Тажикстандын наабайлары менен шашлык бышыргандары токтоосуз алыша турган. Чегара жабылып көмүр шахтылары банкротко учурашты. Шаардык казынага салыктын түшүшү кескин кыскарган.
Сөз соңунда
Албетте, Кыргызстандын президенти, парламенти, өкмөтү бул маселелерди чечпей жатышат дегенден алыспыз. Чегаралаш аймактардын суу, жол, инфраструктура, энергетика маселелерин чечүүдө, чегарачыларга имараттарды курууда, аларды тийиштүү курал-жарактар, техникалар менен камсыздоодо дурус аракеттер бар. Бирок өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгон соң, чегара тилкелеринин такталбай, чечилбей келе жатышы бийлик башчыларынын алсыздыгын, чечкинсиздигин далилдеп отуру. Эмесе, президент, премьер баш болуп Дүйшөмбү шаарына барып ал жактагы коллегалары менен сүйлөшүп, бир масилетке келүү үчүн сөзсүз жүз жыл күтүшүбүз керекпи? Мамлекеттин жана элдин ар-намысы, абийири, салмагы деген кайда калат? Карапайым эл силерден чекчкиндүүлүктү, калыстыкты, адилеттүүлүктү күтүп жатышканын унутпасаңар экен?!

Адылжан ЖАЖАНОВ, "Асабанын" атайын кабарчысы, Бишкек-Баткен-Исфана-Сүлүктү








Пикир: