Орусиянын курамына кирелиби?
Жыл башында Орусиянын "Роснефть" мамлекеттик компаниясы менен кыргыз өкмөтү "Манас" эл аралык аэропорттун 51%ын орус тарапка берүү боюнча меморандумга кол коюшкан. "Стратегиялык мааниси күч тармакты дагы орустарга салып берет экенбиз" деп бир сыйра ызы-чуу да болдук. Андай ызы-чуу болбосо, эчак Орусияга кармата бермекпиз. "Роснефть" болсо, "Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, ал үчүн бир миллиард доллар салганга даярбыз" деп күпүлдөшкөн. Азыр бийлик да, бийликчил КСДП партиясы да: "51%ын сатканга оюбуз да жок" деп чыгышты. Анда меморандумга эмнеге кол коюшмак эле. Тим эле премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү эле билип калгансып. Албетте, бул меморандумдун расмий юридикалык күчү жок дечи. Бирок сатуу амалы болгондугу эч кимге жашыруун болбой калды. Орусия менен тыгыз алакага деле эч ким каршы эмес дечи, бирок байкатпай баарын бир эле мамлекетке кармата бергенибиз азаттыгыбыздан айрылууга алып келерин ойлогон жокпузбу? Орусияга ажобуз Атамбаев ашепке эле "алдына жатып берип жаткандай" түр калтырат. Орусиянын мындай кызыгуусу жөнсалды эмес да. Путин тээ башында эле бийликке келгенде, "СССРдин кайра жаралышына жан үрөйм" дегендей эле айткан. Анан геосаясый жактан АКШ акшыйып турганда, орус туугандарга "кудай бербеспи" болуп жатат да. Антип "аны сатпай, муну сатпай" эле, "өз алдынча жашай албайт экенбиз" деп, Крым сыяктуу эле "үйүбүзгө кайттык" болуп, Орусиянын курамына кирип албайлыбы? Анда эгемендүүлүккө ода айтып, канча кылымдан кийин жеткен мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөнүбүз кайсыл? Эки жолу ыңкылап жасаганыбыз кайсыл? "Азат алган алатоолукпуз" деп төш какканыбыз кайсыл? Бу эл пикирин сураган эл башчылары болобу бизде деги? Азыркы тышкы саясатыбыз бир гана Орусияны, ВВПны карап калганы ушинтип ар кайсыл ойлорго түртөт экен… Качан башты бийик көтөрөбүз?

Айбалта ЧЫНОЕВ




Чыно-чыно-чыно-сан
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду акыркы күндөрү көп көрчү болдум. Өкмөт кеткени Чыкебизди эле тегеректеген кишилер. Мышыкча "мыңтервью" алайын десем, эч бошобой койду. Бу кишинин да "аппак мышыгы бар" деп уккам. "Тилин табайын" десем эле, бошобойт. Жакшы киши. Азыркы бийлик үчүн кандай маселе болбосун, "төшүн дзотко тосот". Жаш кезинде мыкты акын да болгон экен. Азыр чириген бай, депутат, фракция лидери, Атамбаевдин "ишенген кожосу". "Душмандары" да четтен табылат. Далай депутаттын сөккөнүн көп уктум. Бирөөсүндө толтура документтери бар экен. Мойнумду созуп карасам, арак заводу боюнча, пансионаты боюнча, "Акылинвестбанкты" сатып алганы боюнча, анан майда-чүйдө бирдемелер жүрөт, Акаевдин тушунда, Бакиевдин тушунда эмне кылгандарын тизмектеп алышыптыр. Кыскасы "досье" окшойт да. Ал депутатты да көп көрөм. Кабинетин дайыма жаппай кетет. Кээде кирип, үстөлүнө жатып алам. Жанагы "досьесин" уурдап алып, "Асабага" берсемби? Бирок биринчи ак мышыгы жөнүндө маалымат алып алайын. Балким сүйүп калсам, "кайын атам" болуп чыкпасын анан?.. Чыкебизди "премьер болот экен" деген да сөз чыгып кетти. Болбойт. Муну мен точно билем. Бирок "кызык оюн кызгалдактар" алдыда экенин да билип калдым. Бир аз тактай албай жатам. Тактасам, дароо жазып берейин… Мага жанагыл ашыкча "төшүн дзотко тоскону" жакпай жүрөт. Бийлик түбөлүк эмес да. Арыдан бери болсо болмок дейм да… Бирок кийинки шайлоого даярдыгы күч. "КСДП кайрадан парламентти толугу менен ээлейт" деп турушат. Өгүнү Чыкебиз Боршайкомдун жетекчиси Туйгуналы Абдраимов менен телефондон сүйлөшүп жактанын чала-бучук угуп калдым. Эмитен даярданып жатышыптыр. Азырынча ушул. Жакында Акүйдүн подвалындагы келемиштер "Чыно-чыно-чыно-сан" деген опера коюшат экен. Ошону көрүп келейин деп жатам, ушул Акуновичке арналган имиш. Көрүп, кийинкиде айтып берейин…

Чокчолой Баатыр-младший





Пикир: