- Оппозиция уюштуруп жаткан Ала-Тоо аянтында өтчү Курултайдын 17-марттан 31-мартка жылышына эмне себеп болду? Эмнеден улам жылдырылды?

Нурлан МОТУЕВ:
"Бийлик провокация уюштурбаса, Курултай тынч өтөт"
- Курултайдын 17-марттан 31-мартка жылдырылган күнү биз бийлик провокаторлорду, "ОБОН" группасындагы ажаан аялдарды, балдарды даярдап жатканын эшитип калдык. Мунун кичинекей көрүнүшүн Жумгалдан көрүп келдим десем болот. Анткени, бизди Жумгалдын айыл-кыштактарындагы тургундары жакшы кабыл алышканын көргөн бийлик айласы кетти. Чаектеги митингге дагы "обончу" аялдар каршы болду. Ал эми 17-мартта өтө эле олуттуу күчтөрдү даярдашкан. Провокаторлорду, ар кандай спортсмен бандиттерди, аялдарды дайындашкан. Алардын бири болбосо да, бири келип Ак үйдү көздөй секирип кетмек. Мындан сырткары, фейсбук социалдык түйүнүндө кандайдыр бүчүр жаштар тобу пайда болуп, "17-мартта өтө турган Курултайга барабыз. Лидерлерине эч сөз бербей, курултайды биз башкарып алабыз" сыяктуу сөздөр алкагында катуу талкуулар болду. Мунун баарын карап отуруп биз жүз, эки жүз болобу, коопсуздукту сактоочу балдарды даярдап алып баралы деп чечтик. Ошол күнү биздин балдар колдоруна белгилүү бир түстөгү ленталарды тагып алышат. Биз ошондон улам биздин кишилер экенин билебиз. Чоочундарды жолотпогонго аракет кылабыз. А эгерде бийлик провокация кылам десе, анда өз убалы өзүнө. Мисалы, Украина деле кичинекей митингден чоң провокация кылып жиберишип, аягы майданга айланып, канчалаган жарандар курман болушту. Бизде деле чоң митинг болоорун билбейм. Бирок, эл өтө көп болот. Эгерде ким провокация жасаса, бизде дагы эл көбөйүп кетиши ыктымал. Бул сөздү бийлик эсине келээр деген негизде айтып жатам. Эгерде бийлик бизге тоскоолдук жаратып, ар кандай провокацияларды уюштурбаса, Курултай тынч өтөт.





Ким премьер-министр болот деп ойлойсуз?

- 25- март күнү Жантөрө Сатыбалдиев арыз жазып кызматтан кетти. Анын ордуна ким келет деп ойлойсуз? Бабанов келет деген имиш бар, Асылбек Жээнбеков, Кулов, Анарбек Калматов, Кубанычбек Кулматов, Карганбек Самаков, Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков ж.б. ысымдар аталууда. Кимиси келет деп ойлойсуз? Келгенден кийин иштеп кете алабы?


Максат САБИРОВ, ЖК депутаты:
"Татыктуу адамды шайлашыбыз керек"
- Мындай учурда ким шайланат деген сөз кетиш керек. Негизинен ким болом десе бардыгын парламентте алып чыгып, бардыгынын программасын, мамлекетибизди кризистен кантип алып чыгып кетээрин угуп, андан соң бир жыйынтыкка келип татыктуу адамды шайлашыбыз керек деп ойлойм.

Назарали АРИПОВ, ЖК депутаты:
"Коалицияга жараша жыйынтык чыгарылат"
- Учурда коалицияга ар кандай сунуштар болуп жатат. Бирок, коалиция түзүлө элек. Коалицияга жараша жыйынтык чыгарылат. Бирок, "Ата Мекен" фракциясы көрсөтүп аткан Жоомарт Оторбаевге токтолуп калышты. Премьер-министрди жумшак рейтинг боюнча чыгып туруп шайласак жакшы болот эле. Азыр көп сөз болуп атат.

Бакыт БАКЕТАЕВ, политолог:
"Асылбек Жээнбеков келет деп ойлойм"
- Асылбек Жээнбеков келет деп ойлойм. Анткени, азыр ким премьер-министр болсо, ошонун партиясы эмдиги жылы көбүрөөк добуш алат. Эгерде, "Ата Мекен" партиясынан болсо, мектеп, жолдорду ремонт кылат. Кыскасы, бүт эл "Ата Мекендики" жасап атат" деп добушун "Ата Мекен" партиясына берет. КСДП болсо, КСДПга берет. Башка партияларга добуштарын беришпейт. Мурда премьер болгондор деле иштеген, азыр деле иштеп кетишет. Бул ар бир адамдын өзүнөн.

Азамат БОЛГОНБАЕВ, төкмө акын:
"Мамлекетти ойлосо, баары татыктуу"
- Кимиси болоорун билбейм. Мамлекеттин эртеңкисин ойлоп алдыга жылдырам дешсе, баары эле татыктуу. Бирок, арына, намысына келбесе айла жок.

Мавлян АСКАРБЕКОВ, "Эркин эл" партиясынын лидери:
"Бул орун алмашуудан эч өзгөрүү болбойт"
- 20 жылдан бери бийлик башында аралашып, бирде бийликте жүргөн, мамлекеттин камын эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, Президенттин сөзүн эки кылбаган "чала маңкурт" киши келет. Бул орун алмашуудан карапайым элибизде эч өзгөрүү болбойт. Кыйналган эл өз нугу менен кала берет. Менин жеке пикиримде, Оторбаев келиши мүмкүн. 120 депутаттын 90 пайызы чөнтөгүн, бизнесин, жеке кызыкчылыгын ойлогон наадандар. Биздин мамлекетибизде ЖК кир, ыплас саясатты жүргүзөт. 5 пайыз гана адамдар чечет. Мына, ошол адамдар алардын сөзүн эки кылбаган Оторбаевди сүрөп жатышат.

Собол салган Кымбат ТУРБУБЕКОВА




31-март күнү экс-депутат Садыр Жапаров менен айтылуу Нурлан Мотуев ордо калаабыздын Ала-Тоо аянтында "жалпы элдик курултай өткөрөбүз" деп күпүлдөп жүргөн кези. Башкы максаты "бийликке туз суроолорду берип, түз жооп алабыз" экен...
- 31-мартта боло турган оппозиция курултайынан эмне күтөсүз?

Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
"Курултай конституцияда көрсөтүлгөн орган"
- Биринчиден, курултай деген конституцияда көрсөтүлгөн орган. Курултайды өткөзүү бул мыйзамга каршы келбейт. Өткөзө берсе болот. Эң негизгиси курултайда каралуучу маселелер, койгон талаптар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө, адам укугуна каршы келбей, мыйзамдуулукту бузбаса, өткөрө беришсин. Оппозиция да курултайда каралган. Эгерде оппозиция жок болсо, тагырагы, эч ким оппозиционер болгусу келбесе, анда мамлекет Конституцияны аткарыш үчүн жасалма оппозицияны жаратууга милдеттүү болуп калат.

Мирсулжан НАМАЗАЛИЕВ, Борбор Азия эркин базар институтунун аткаруучу директору:
"Курултай болоорун деле билбептирмин"
- Мен эч нерсени күтпөйм. Атүгүл 31-мартта курултай болоорун дагы билбептирмин. Себеби, мен саясатка көп кызыкпайм. А түгүл жаңылыктарды деле окубай калгам.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА, укук коргоочу:
"Эч нерсени күтпөйм"
- Негизи мен спецификалык көз караштамын. Курултайда көтөрүлчү маселелерди оппозиция көтөрүп эле келе жатат. Бул, 31-мартта өтө турган курултайдан көзгө көрүнчү эч нерсени деле күтө албайм.

Кусеин ИСАЕВ, академик:
"Булар Курултайды улам алыстатып барат"
- Биринчиден, оппозициянын 31-мартта Курултай өткөзөбүз деп атканына менин көз карашым терс. Себеби, мунун баары парламенттин фракциялары бузулуп, өкмөттү кетиргенден башталды. Экинчиси, булар курултайды улам алыстатып барып, 31-мартта өткөзөбүз деп жатышат. Менимче, бул анчалык деңгээлге жетпейт. Балким, бийлик дагы аракет кылып жаткандыр. Элдин камын, мамлекеттин келечегин ойлосо, бийлик ошого жараша иш кылышы керек. Себеби, 31-декабрь деп коюп, кайсы программаны жарыялашты? Эмне максат менен курултай өткөрүп атат? Эмне үчүн ай сайын эле курултай болуп атат? Мунун бардыгы мамлекеттин эртеңки келечегин ойлобогондон улам келип чыгып атат. Оппозиция дагы бул курултайды эмне себептен өткөзүп атышканын айткан жок. Аракеттери начар болуп атат.

Жусупали ИСАЕВ, ЖК депутаты:
"Маселелерин талкуулашат"
- Бул курултайда алар өздөрүнүн маселесин талкуулашат болуш керек. Менимче, элге кайрыла турган деле эч нерсеси жок го.

Суроо салган
Кымбат ТУРДУБЕКОВА




Пикир: