Руслан БЕКНАЗАРОВ, БЭК партиясынын жетекчиси:
"Атамбаев "атаңа караганда
сени жакшы көрөм" деген…"

Азимбек Бекназаровдун тун баласы Руслан көптөн бери саясатка аралашып жүрөт. Бирок, соңку кезде дымып калган. Көрсө, тигүү цехин иштетип жатыптыр. Руслан менен кечээги, бүгүнкү, эртеңки күндү сүйлөштүк.

- Руслан, жаштар биригип, бийлик менен күрөшүүгө белсеништи. Бирок алардын артында "үлкөн саясатчы атасы бар" дешүүдө бийликтегилер. Жаштардын бийликке келүү учуру келдиби же эртеби?
- Азыр ээрчиме жаштар көбүрөөк деп айтаар элем. "Бийликке биз келишибиз керек, кетсин!" деп кыйкырып, улуу муунду четке кагып койгон болбойт. "Биз келсек эле кыйратып жиберебиз" деген жаштарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Жаңыча бир идея көтөрүп, аны алдыга сүйрөгөн жаштарды көрө элекмин. Ошондуктан артында бирөө турса керек деген ой менде да бар.
- Артында бирөө тургандардын бири делип сенин атаңдын аты аталып жүрөт. Бул боюнча айтылып да, жазылып да жатат. Кабарың бар болсо керек?
- (Күлүп) Кабарым бар. Атамдын иште өз принциби, багыты бар. Кызматта турганда мүмкүнчүлүк бериш керек эле, беришкен жок. Бир аз иштеди. Сөздөрүн уккан жок. Бакиевдин убагында "Аксы окуясына сенин дагы тиешең бар, жооп бересиң" деген үчүн жумуштан айдашты. Экинчи бийликте да дал ошондой болду. "Убактылуу өкмөттүн миссиясы бүттү" деген эле. "Жумушка ал" дегендерди алган жок. Атамдын ушундай принциптери бар.
- Демек, азыркы бийликке нааразысың?
- Эл турмушун жакшыртабыз дешкен эле. Кана? Баары кымбаттап кетти. Газ, свет, жолкире. Кечээ эле Алмаз Атамбаев менен чогуу жүргөндө, "Атаңа караганда сени жакшы көрөм. Сенин намаз окуп, ыймандуу бала экениңди билем, мен дагы намаз окуйм, элди чогултуп жардам берчи" деп суранганда элди чогултуп берген күндөр болгон. Ошол учурда эл үчүн кызмат кылам деп көп максаттарды айтты эле. Ошондо биз, жаштар, алардан бир эле нерсе суранганбыз, "Ушул эле состав эл үчүн ак иштеп бергиле. Эртең бийликке барганда элди унутуп койбогула, турмушту оңдогула" деп. Макул дешкен эле, революция болоору менен кызмат талашып калышты. Мына ошонун баарын атам ачык айтып ажого ачык кат жөнөттү, жооп болгон жок. Анан оппозициянын катарына кошулду. Оппозиция менен сүйлөшүп, оюн угуп койсо болмок…
- Кечээ ишенген кишилерибиз ушинтип жатса, анан кантип оппозицияга ишенебиз?
- Туура. Бирөө батышты колдойм, бирөө чыгышты колдойм дебей, Кыргызстан үчүн чуркаш керек. Дүйнөнү башкарып жаткандардын кол баласы болбошубуз керек, анткени алар үчүн биз чымынбыз.
- Кызматка келейин деген ой жокпу?
- Мен буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп эле келгем. Дагы эле болсо иштей бермекмин. Кайсы жерге барбайын "атасынын арты менен келди" дей беришет экен. Атамдын дарегине катуу сөздөр айтылбасын, атама көлөкө түшүрүп койбоюн деп барбай жүрөм. Тигүү цехим бар, ошону иштетип жатам. Ал жакта кайын ата, кайын энем бар. Аларга материал жеткирип берем. Базарга барып өзүм алып дегендей…
- Министр досуң Алиясбек Алымкулов ишке чакырган жокпу? Анын ишине кандай баа бересиң?
- Кызматка барам десем бармакмын. Азыркы бийликте отургандарын 75 пайызы менин таанышым. Эмнеге барбай жатканымдын себебин жогоруда айттым. Эми Алиясбектин артыкчылыгынан кемчилиги көп. Андан башкача бир чоң үмүт кылган элек. Экөөбүз 2006-жылдан бери таанышпыз. Анын да, менин да өкүл атам - Садык Шер-Нияз. Ошондо таанышканбыз. Ушунчалык ыймандуу, патриот бала эле. Мага ошонусу менен жаккан. Ой-тилегибиз дал келгендиктен 7-апрелде чогуу келгенбиз.
- "Алиясбектен башка бир үмүт кылганбыз" дедиң го. Мисалы?
- Мисалы, "өз алдынча багыттуу бир иш алып алды" деген сыяктуу көп сын-пикирлер айтылууда. Мен дагы бул сынга кошулам. Аны министр кылаардын алдында жолугуп, көп максат-тилектерди айтканбыз, бирок анын көбү аткарылган жок. Спортту кошуп берсе дегенбиз. Тилекке каршы, спорт өзүнчө кетип, багытсыз калды. Анын ордуна миграцияны кошуп берип койду. Бир аз татаалдашып кеттиби дейм да.
- Ушундай сынды неге бетине айта албай жатасыңар?
- Жолугуп, сүйлөшүп эле турабыз. Ок жеген кишиге чыны катуу айталбаган жактарыбыз бар. Эми анын ордуна башка бирөө келсе жакшы иштеп берет деп деле айталбайм. Себеби, ачылганда эле багыты жок болчу.
- Өз партияңдын багыты такталганбы?
- Жок, негизги багытыбыз жакшы такталган эмес. Партиялардын багыты, максаты, дегеле программасы коендой окшош эле. Окшош болгонунун себеби бири-биринен көчүрө берет. Биз деле көчүрүп алганбыз. Шашылыш түзүлгөн партиянын баары эле ошондой жолго барат. Биздики деле шашылыш түзүлгөн партия болчу.
- Силердин партиядан чыккандар болду да. Мисалы, Раушан Рыкунова. Раушан өзү кеттиби же кетирдиңерби?
- Ал сиңдиси Айнура Сим экөө биздин партиянын мүчөсү гана болчу. Шайлоо бүтөр менен эле тарап кетишкен.
- "Шайлоодо чогуу жүрдүк эле. Мени болбосо да, балдарыма каралашып койсо болмок. Энемдин колунан чай ичти эле" деп Раушан таарынычын айтып бизге маек берген эле. Окусаңар керек? "Мен аны тааныбайм" деп атаң интервью бериптир. Эмнеге тааныбай кеттиңер?
- Ооба, окуганбыз, туура эле сын койгон. Айтканын баары жүйөлүү. Шайлоодо чогуу жүрүп, Таласка чейин барып, апасынын колунан чай ичкенибиз ырас. Анын маегин биз окуп териккен жокпуз, кемчилигибиз деп кабыл алдык. Ошол учурда мен Кыргызстанда болбой калдым, Японияга кеткем. Ошондо иш козголуп камалды. Бул боюнча такыр эле унчукпай калган жокпуз, офистерине барып, айтчубузду айтып жаттык. Биздин колдон келбейт экен, эмне кылабыз?.. Адамдын башына жаман иш түшүп турганда, бир ооз жакшы сөз сүйлөсөң да дары болот. Жакшы сөздөрүбүздү айтканбыз өз учурунда, ал болгону жетпей калса керек.
- Атаң күч түзүмдөрүнүн куратору болуп турганда "неберемдин атын Качкынбек" деп койдум деген эле. Ал сенин балаңбы?
- Жок, инимдин баласы. 4 жашта. Ал чет өлкөдө төрөлгөн. Чыныгы аты - Артур. "Качкынаалы койсокпу" деп атам тамашалаган эле. Бешик тоюн берип жатканда өкүл атам Садык Шер: "Артур эмес эле, Ары тур турбайбы" деп тамашалаган.
- Садык Шерди өкүл атага өзүң койдуң беле же атаңбы? Эмнесине карадыңар: атагынабы, байлыгынабы же адамдыгынабы?
- Садык Шерниязды өзүм койгом. Экөөбүз омбудсменде чогуу иштегенбиз. Ал анда омбудсмендин орун басары эле, мен кол алдында иштегем. Мага адамдыгы, мүнөзү, чыгармачылыкка күйгөнү жагат. Мисалы, "Айтыш" коомун ачканда, ага "Сенин айтышыңды ким угат? Эстрада алдыга чыгат" дешкен. Болбой эле ачты, эстрада артта калып, айтыш алдыга оозуп кетти го. Мына эми тарыхый инсан Курманжан датканы тартып жатат. Ал дагы эл сынынан өтүп, өз ордун табат деп ойлойм.
- Байсыңарбы? Атаңардын байлыгы жазылып, айтылып эле жатат. Баласы катары байлыгын билсең керек?
- Бар нерсеге каниет кылуу керек. Артта эмес, алдыда эмес, эл катары жашап жатабыз. Бирде бар, бирде жок күндөргө туш болгонбуз. Эми атама мен билгенден "Нурсуфра" кафесин байлап эле келатышат. Ал атамдын айылдаш инисиники. Анан менин кичинекей чайканам бар. Аны дагы ижарага алып иштетип жатабыз.
- Атаңа келбетиң аябай окшош. Мүнөзүңчү?
- Ооба, окшоштурушат. Мүнөзүм апама окшош, жумшакмын.
- Мыктыбек Абдылдаев кудаңар эмеспи. Ал кишинин саясий ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиң?
- Инимдин кайын атасы, Жогоруда биз сөз кылган Артурдун таятасы. Куда катары эмес, жаран катары оюмду айтсам, туруктуу позициясын жактырам. Обу жок эле опурула бербейт, орундуу сүйлөйт. Бардык жактан маалымат алып, аны салыштырып, салмактап көрүп, анан айтат. Оппозициялык фракциянын жетекчиси болсо дагы аша чаап кеткен жок. Чечкиндүү жагын сыйлайм. Мыкты юрист, саясатчы.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА








Пикир: