Санжар ДАВЛЕТАЛИЕВ:
"Таласка миллион терек
көчөтүн отургузабыз"

Санжар учурда экологиялык долбоорлор боюнча координатор болуп иштеген "Талас" өнүктүрүү коомдук фонду Таласта жазгы демилгелер менен алек. Анын бири - 19-апрелде "Талас жергесине 1 000 000 терек жана Талас теректин мекени" акциясы алкагында миллион терек көчөтүн отургузуу. Бул саамалык идеяны Санжар алыскы Япониянын Обихиро шаарынан бышырып келиптир. Бул шаарда ал JICAнын (Япон эл аралык кызматташтык агенттиги) эки жумалык "Шаардык чөйрө сапатын экологиялык башкаруу" курсун окуп келди.

- Санжар, "Талас жергесине 1 000 000 терек" демилгеси кандайча пайда болду? Колдоо таап жатабы?
- Япониянын Япон эл аралык кызматташтык агенттиги - JICA уюмун билесиздер, айыл чарба, социалдык инфраструктура, жакырчылык менен күрөшүү, саламаттык сактоо ж.б. секторлор боюнча иш алып барат. Ошол уюмдун "Шаардык чөйрө сапатын экологиялык башкаруу" темасы боюнча эки жумалык курсунан окуп келдим. Окуп келгендерди, JICA Ассоциациясына дароо мүчө катары катташат экен. Ушул ассоциациянын жакындакы эле беш жылдык мааракесинде бизди жаңы мүчөлөр катары тааныштырышты, ал иш-чарада окуу шарты боюнча кийинки иш-аракеттерибиз сөз болгонунан, "Талас жергесине 1 000 000 терек жана Талас теректин мекени" долбоору туурасында айттым. Негизи Япониядан бир сакура ала келип, "Сакура+миллион терек" деген аталышта кылсак деген тилегим болгон, бирок сакураны оңой менен чыгарышпайт экен. Көчөт отургузууну 19-апрелге деп белгиледик, Талас губернатору, акимдерине кат дайындап иштеп жатабыз. Көчөттөрдү сүйлөштүк, Таласта бир көчөтү 8 сомдон бар экен. Талас жергесинин кайдыгер эмес эл-журтун 19-апрелде жалпы элдик терек тигүү жаз майрамына активдүү катышууга чакырабыз.
- Миллион терек, бул оңой эмес акча да, "Талас" өнүктүрүү коомдук фонду бай фондбу же байлар фондубу деп жатабыз…
- Талас өнүктүрүү фонду, биринчиден, жаш фонд. Ачылганына бир жылдан эми-эми ашты. Экинчиден, элге пайда келтирчү идея, демилгеге бай фонд. Саясатка аралашпайбыз, жеке каржы-ресурс мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болсо да, көпчүлүктүн көмөгүнө таянып иш алып барып жатабыз. Башкы максатыбыз - долбоорлорду жазып Талас облусунун социалдык-экономикалык жашоосун жакшыртуу, көтөрүү, айыл өкмөттөрүнө жардам берүү. Президенти Болотбек Шатманалиев, биринчи орун басары, АКШнын Бостон университетин бүтүрүп келген Орозбек Кенжетаев, каржы жагын тейлеген Апрель революциясынын баатыры Айбек Бусурманкулов, окуу жайларды артыкчылык менен бүтүргөн, өз айылыма жакшылык алып келейин деген жаштар иштеп жатат. Курамы кадыр-барктуу адамдардан турган, ЖК депутаты Данияр Тербишалиев төрагалык кылган Байкоочу кеңешибиз бар. Кудай буйруса, иштер болуп жатат. Залкар талантыбыз Шекербек Шеркуловдун 110 жылдыгы деп, Көк-Токой айлында бир мектеп атын алып жүрөт, тегерек-четин көрктөндүрүп айкелин тургузуп бердик. Таласта суу тартыш жерлер бар, АРИС аркылуу суу чыгарып берели деп жатабыз.
- Японияга кандайча барып калдың? Угушубузча, тандоого көп адам катышып, үч эле адам өткөн турбайбы? Мындайда колдоочусу же ортомчусу күчтүү деп калышат го?
- Тандоо эки тур менен өттү, колдоочум деле, ортомчум деле болгон жок. Талапкер жөнөтүлүп жаткан уюмдан сунуш (рекомендация) берилет экен, "эмнеге ал барышы керек, келгенде эмне кылат, кийин билимин жумшачудай иш-аракет болобу" сындуу суроолорго жооп жазылат экен анда. Талас өнүктүрүү фондунан документтеримди тапшырдым, анан аңгемелешүү болду, ал жерде JICAнын, бейөкмөт уюмдардан, мамлекеттик мекемелерден өкүлдөр отурушту. "Эмне үчүн Японияга сен барышың керек, сен барып эмне кыласың, окуп келгенден кийин шаарыңарга эмне пайда келтиресиңер" деген суроолор берилди. "Шаардык чөйрө сапатын экологиялык башкаруу" темасы Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө жарыяланыптыр. Бизден үч киши бардык - Жалал-Абаддан бир бала, Бишкектен бир кыз, Талас өнүктүрүү фондунан мен. Казакстандан, Түркмөнстандан, Армениядан келишти. Окуу Хоккайдо аралындагы Хоккайдо префектурасы, Такачи районунун Обихоро шаарында 29-январдан 17-февралга чейин болду. Барганыбыз, жашаганыбыз, тамак-аш, окуганыбыз - баарын JICA камсыздады. Ал каражат Япония эли төлөгөн салыктардан каралыптыр. Барганда, "япон эли төлөгөн салыкка окуп жатасыңар, акча кетип жаткандан кийин окуп тим болбой, долбоорлорду жазып элиңерге пайдаңарды келтиргиле" деп айтып жатышты.
- Эми кандай багаж, кандай таасир менен кайтып келдиң?
- Таасирди айтпаңыз. Япондордун сылык, меймандос мамилесине Токионун Нарито аэропортуна барып конгондон таң бердик. Баары салыштыруудан дегендей, бажы кызматкерлерибизди ошол жакка окууга жөнөтүп турсакпы деп калдым. Кызыгы, Хоккайдонун Кыргызстанга окшоштугу көп экен. Аба ырайы да биздегидей, 20 градус суук болуп жатты. Мал, уй кармашат, айыл чарбасы - картошка, фасоль экен. Уйду аябай бөпөлөп багышат экен, келген мейманга биз чай, кофе десек, аларда сүт беришти. Бир айырмасы: мамлекеттик кызматкерлери, мэри баш болуп жөпжөнөкөй, иштелген таштандылардан алынган кийимдерди кийишет экен. Табиятка болгон мамилелери эми сөз жетпейт! Окуу темабыз экология болгондон кийин, Обихиронун экологиялык объектилердин баарын кыдырып чыктык. Шаарды таза суу менен камсыздаган топтомо жайын, канализация сууларынын тазалануу жайын, таштандыларды кайра иштетүүчү заводун кыдырдык, уй жампасынан биогаз, биогаздан энергия алуу иши менен тааныштык, токой чарбасына бардык. Бир учурда жашылдандыруу боюнча 100 жылдык долбоор каралган экен, анын 30 жылы өтүптүр, ошол токой чарбасында отуз жыл мурун тигилген кайын, эмен, карагайлар чоңоюп калыптыр, "биздин эмгегибиз" деп суктанып сөз кылышты. Баарынан 17 млрд йенге салынган таштандыларды кайра иштетүүчү заводу таңгалдырды. Баары автоматташтырылган, компьютештирилген чоң заводду 60-70 киши эле тейлейт экен. Шаарды таза суу менен камсыздаган жайда 4 эле адам иштейт экен. Ичи таптаза, көчөдөн келген бут кийимиңди чечип, атайын даярдалып коюлган бут кийимдерди кийип кыдырдык. Анан ар бир экинчи үйдөн күн батареясын байкадым. Бир үй-бүлөгө канча турат деп кызыгып сурасам, бир үй-бүлөгө жабдыктары, сомго которгондо, 1 млн 300 миң сомго турат экен, он жылда өзүн актайт дешти. Шаарда борбордук жылуулук түйүнү жок, ар бир үй керосин менен жылыйт экен. Ал үчүн ар бир үйдө чоң челектер орнотулуп, ааларды атайын кызмат керосин менен толтуруп турарын айтышты. Анан таштандыларды кандай бөлүшөрүн бир япон үй-бүлөсүнө барып көрдүк. Биз кефир ичер менен идишин ыргытсак, алар ичин жууп, кутучасын жалпайтып, бурчтарын чыгарып тизип коюшат экен. Баклажкаларды сыртындагы пленкасын сыйрып, өрттөлүүчү таштандыга, желим бөтөлкөнү кайра иштетилүүчү таштанды челегине, тамак-аш калдыктарын өзүнчө ташташат экен….
- Бизде да бир учурда ушундай ыкма киргизебиз деп калышпады беле…
- Бизге ага көнүш кыйын го дейм. Барып келип баары элдин маданиятынан экен. Ал жерде башталгыч класстардан тартып окуу программасында таштандыларды бөлүү сабагы бар экен. Аны да көрдүк. Обихоро шаарын кыдырдык, көчөдөн суу, коланын идишин ыргытайын десең, бир дагы таштанды челеги жок, эч ким көчөгө таштанды чыгарбайт экен: тыпырайтып жыйнап коюшат, жумасына бир келип алып кетишет. Көчөлөрүнүн тазалыгын айт, канча узак кыдырсак да, бут кийимибизге бир да чаң жуккан жок. А бизде… Ал жактан доклад катары окудум, Бишкектеги таштанды жайы оор абалда турат, үч кабат үйдүн көлөмүндөй үйүлүп жатат деп. Билесиз, аралап иттер жүрөт, куштар жүрөт, жанында жаңы конуштар пайда болууда. Европа өнүгүү банкы былтырлары биздин мамлекетке таштанды иштетүү завод куруу боюнча 40 млн долларлык долбоор сунуштаган. Он миллиондойу өзүбүздөн болмок, калганын банк кредит катары бермек. Ошол таштанды жайына эле курабыз дешкен, биз каалабай койдук окшойт…
- Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынбады беле бизде, экология маселеси каралыптырбы?
- Өзүнчө эмес, туризм менен бирге каралса керек. Япониядан өлкөсүн тааныштырууда казактар ушундай мактанышты, "президентибиз экологияны башкы маселелердин катарына коюп, мыйзам кабыл алды" деп. Түркмөнстан, Казакстан, Армения мунай, газга байбыз деп мактанышты. Биз "суу ресурсуна байбыз, Нарын дайрасы Сыр-Дарыянын негизги куймаларынын бири, мөңгүлөрүбүз бар, көлдөрүбүз бар, токойубуз бар, суу сатабыз, свет сатабыз" деп айтып бердик. Туура эмес көмүлгөндүктөн суу жырып кетүү коркунучунда турган Майлуу-Суу, Ак-Түз ж.б. уу калдыктар жайларын айттык. "Тезинен чара көрүп кыймылдаш керек да" дешти таңгалып. Ошол жерде Африка өлкөлөрү үчүн айыл чарба боюнча окуулар өтүп жатыптыр, баарлашып калсак, биздин өлкөнү тааный электер көп экен. Казакстанды билишкенинен Казакстан, Кытай менен чектешебиз деп айтып жаттык. Негизи бизде экономикалык, экологиялык дипломатия таптакыр иштебейт экен. Өнүккөн өлкөлөрдө экологдор керектүү, табылгыс адистер болсо, бизде, маселен, КГУСТАнын Экология факультетин 20дай бала бүтүргөнбүз, бири да өз кесиби менен жумуш табалган жок. Аргасыз кошумча адистиктерде окушту, мисалы мен финансы-кредит бөлүмүн бүтүрдүм. Экология бизде экинчи да эмес, жетинчи да эмес, канчанчы маселе экенин азыр билбейм чынында…

Салима
ЖАКШЫЛЫК кызы






Пикир: