Менин өкмөтүм - сенин өкмөтүң
Өкмөтүбүздү алмашабыз. Артыкчылыгы - акыркы маркадагы "дутый" өкмөт. Жөнөкөй башкарылат. Нерви калың. Чөнтөгү да калың. Салмагы оор. Анткени салмагы сайдын ташындай валюта жеп дарыланат. Ошон үчүн жай жүрөт. Жаман уй сыяктуу жайытын жарым саатта оттоп бүтөт. Алыс оттобойт. Элдин агаротуна кирип кетмей ит оорусу бар. Кемчилиги - бергениңдин баарын жейт. Кашек калтырбайт. Тезек калтырбайт. Бармагынын изин да калтырбайт. Өзү өшөнтүп ойлойт. Башы катуу. Моюну жоон. Оңой менен бурулбайт. Шарапты эл жок жерде шыңгытат. "Тихий" алкеш. Сөгүш угат. Укмаксан болот. Ордунда күзгү сыноого калат, жазгы сыноого калат, кышкы сыноого калат. Кыш өтөт, ал кала берет. Орус тилинде эркин сөгүнүп сүйлөй алат. "С"дан баштап "Х"га чейин такалбайт. Жатка билет. Чет тилдерден кыргызчаны сөздүк менен эжелеп окуйт. Өтө сурьезный. Апастан бери келаткан сапат. Күлбөйт. Атайын алыстан келип Жванецкий, Хазанов, Задорнов, Алкин-Галкиндер күлдүралбай осол болуп кетишкен.
Өкмөтүбүздүн кыскача таржымалы ушундай. Каалоочулар келип кармалап көргүлө. Бир шартыбыз: шериктеш өлкөлөрдүн өкмөттөрүн сунуш кылбагыла. Аларга алмашпайбыз. Бажы союзга кирбейбиз. Кумтөрдү бербейбиз. Качанаактарды тилдейбиз. Өкмөт өтүп кетсе гүлдөйбүз, ур-рее!..
Биздин дарек: Борбор Азия, кечээки Швейцария, бүгүнкү бечара республика, эртеңки белгисиз республика.

Кимбайке




 

Пикир: