Кыргыз гезиттер
 
Султан Жумагулов: "ЭлТР" коомдук телеканалынын башкы директору:
"Мамлекеттин тагдырына журналист да жоопкер"

Белгилүү журналист жана медиаустат Султан Жумагуловдун "Азаттыктын" Бишкектеги жетекчилик кызматын өткөрүп берип, дароо эле ЭлТР коомдук каналына башкы директорлукка дайындалышы медиа чөйрөдө, дегеле коомчулук ичинде бүйүр кызыткан окуя болду. Ушуга байланыштуу кабарчыбыз бир катар суроолор менен Жумагуловдун өзүнө кайрылды.


Бирөөнү көрүп же көрбөй туруп каралоо, артынан ушак таратуу адатынан арыла элекпиз. Ким бирөөнү жамандоо алдында ар бир журналист ал адамдын үй-бүлөсү, жакындары бар экенин эстеп койгону абзел. Бул эч кимге сөз тийгизбеш керек дегендик эмес, мыйзамсыз жана адепсиз иши үчүн ар бир жаран кызматына жана социалдык тегине карабастан жооп тартууга тийиш.


- Султан мырза, эмне үчүн "Азаттыктан" кеттиңиз? Же өзүңүз Фейсбукка жазгандай, миссияңыз бүттүбү?
- "Азаттыкка" 2010-жылы ноябрда келгенде эле бул орунда үч жыл иштеримди айткам. Ал жактагы ишимди эмгек жамааты, окурман-угарман баалаганы орундуу болоор. Бирин-экин мисал келтирейин: жамаатта чыныгы чыгармачылык маанай түзө алдык, кызылдай саясаттан темалардын түрдүүлүгүнө - адам укуктары, билим, жөнжай адамдардын күнүмдүк турмушу сыяктуу маселелерге да басым жасап калдык.
Эң негизгиси: жергиликтүү жана эл аралык журналистиканын такшалуу мектебинен жыйнаган тажрыйбамды жаштарга өткөрүп бере алдым деп эсептейм.
Жетекчилик насип буюрган ар бир инсан максат коё билиши жана анын өтөөсүнө чыгууга күчүн үрөшү абзел, убагы келгенде артта такымдап келаткандарга эстафета өткөргөнгө дайыма даяр болушу кажет. Ар бир адамдын - ал жетекчиликти аркалайбы же катардагы кызматкер болуп калабы - өз ырыскысы болот, ошондуктан кызматты айкөлдүк менен өткөргөн салтка көнүүгө тийишпиз.
Ооба, мен "Азаттыктагы" миссиямды аяктады деп эсептеймин жана ал жактан канааттануу сезими менен узадым.
- ЭлТРге кандайча барып калдыңыз? Ачыгын айтсак, бул кызматка барышыңыз коом ичинде кызыгуу жаратып жатат.
- Бул өзүм үчүн деле күтүлбөгөн сунуш болду. Президент Алмазбек Атамбаев көп жылдык журналисттик жана менеджерлик тажрыйбамды салмактап туруп сунуш кылды деп ойлойм. Мага чейин жетектеген Шайырбек Абдырахман уулу Дипломаттык Академияга өтүп, Москвага кетти.
- ЭлТР мындан ары кандай багыттагы телеканал болот?
- ЭлТРдин буга чейин топтогон чыгармачыл көрөңгөсү, өз аудиториясы бар. Туруктуу баптемалары (рубрикалары) калыптанган. "Эл" деп ырымдалып коюлган аталышы айтып тургандай, элдин бардык катмарынын таламын, табитин эске алган канал болот. Каналыбыз коомдогу курч проблемаларды талкуу жолу менен чечүүнүн, мамлекетибизди жалпылап куруунун, улуттук ынтымактын аянтчасы болот.
Андан сырткары бир катар ойлор бар. Мисалы, Кыргызстан глобалдык дүйнөнүн бир бөлүгү болуп калды, ошондуктан тегерек-четте болуп жаткан окуялар тууралуу да калкыбызды кабардар кыла баштамакчыбыз. Адистер белгилемекчи, Борбор Азияда, айрыкча Фергана өңүрүндө терең процесстер жүрүп жатат, ушул жагдай биздин багытты аныктап тургансыйт. ЭлТРдин башкы кеңсеси, студиясы Ошто орун алган. Бул биздин максатыбызды ишке ашырууга жакшы демөөр болмокчу. Эми калган ой-тилектерибизди бара-бара экрандан көрөрсүздөр да. ЭлТР спутник аркылуу чыккандыктан, дүйнөнүн бардык жеринде көрүү мүмкүндүгү бар. Азыр 50дөн ашуун өлкөдө көрүп жатышат. Айтмакчы, каналыбызды кантип көрөбүз деген суроолор түшүүдө, ошого байланыштуу ЭлТРдин негизги параметрлерин айта кетейин: спутник Turksat 3 а (42.00 E) градус, жыштыгы: 11645.00, ылдамдыгы: 37.00, FEC 3/4. Мындан тышкары Бишкектеги бардык кабелдик телеберүүлөрдөн (Ала ТВ, Долон ТВ, Акнет интернет) көрө аласыздар.
- Медиаустат катары бүгүнкү журналистиканын күңгөй-тескейине сереп сала кетсеңиз?
- Кыргыз журналистикасы дүйнөлүк агымдан четте калбай, өз жолу менен өнүгүп жатат - интернет-сайттар саны арбуу үстүндө, ар түрдүүлүк, пикирлердин плюрализми биротоло кыртыш алды, жарандык журналистикага из салынууда. Жарандык дегенибиз: журналист адис болбой туруп эле ким каерде болбосун кадыресе телефонго окуяны тартып алып, кала берсе төгөрөктүн төрт бурчуна таратуу мүмкүндүгүнө ээ болду. Бул кубулуш адамдардын жашоо-турмушуна, кыял-мүнөзүнө таасир этип жатат. Азыр коом ичинде айрыкча бийлик адамдары адепсиз жоруктардан тартынып калышты. Бул оң жагы. Бирок, медалдын башка жагы бар демекчи, адамдар эркиндиги тарып баратат, бара-бара роботко айланып калбасак болду. Анын үстүнө ким бирөөлөрдү аңдып, жосунсуз иштерин тартып же жазып алып, шантаж жасагандар пайда болду.
Тескей жагы: бая баарыбыз какшап эле айтып келаткан журналист боордошторубуздун жоопкерсиздиги жана бири-бирибизге карөзгөйлүгүбүз. Бирөөнү көрүп же көрбөй туруп каралоо, артынан ушак таратуу адатынан арыла элекпиз. Ким бирөөнү жамандоо алдында ар бир журналист ал адамдын үй-бүлөсү, жакындары бар экенин эстеп койгону абзел. Бул эч кимге сөз тийгизбеш керек дегендик эмес, мыйзамсыз жана адепсиз иши үчүн ар бир жаран кызматына жана социалдык тегине карабастан жооп тартууга тийиш. Бирок сын же айыптоо ар дайым фактыларга негизделиши абзел. Мисалы, бирөөгө жегич деп сын таккандан көрө канча каражатты кымырып алганын документ менен тастыктап жазсак, анын ким экенин жарлык такпай эле далилдеген болобуз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарыбыз экономикалык жармач абалынан чыга албай жатат. Ошондон улам заказ материалдарды же тыйын бергенди опсуз көтөрө чалууга барып жатышат - муну азыр мектеп окуучусу деле билет. Не дегенде биздин өлкөдө ЖМК рыногу чакан, ошого жараша баалар төмөн. Бирок кандай болгон күндө да ким бирөөнү насыя, негизсиз каралоого журналисттик адеп жол бербейт.
- Президенттин журналисттерге багышталган дооматтарына макулсузбу?
- Кыргызстан деген алакандай мамлекет үчүн бир эле президент эмес, ар бир жаран, анын ичинде журналист да жоопкер. Сөздүн куну бийик, анын күчү менен жумурай журтту козутуу да, тынчытуу да мүмкүн. Менимче, мамлекет башчысы азыр жерден боорун жаңыдан көтөрүп келаткан мамлекетибизге туруктуулук менен ынтымак абадай керек болуп турган азыркы учурда бири-бирибизге аяр, сөзгө жоопкер мамиле зарыл экенин белгиледи.
- Мыкты журналисттерди өстүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек? Фейсбуктагы баракчаңызда сиздин адамгерчилигиңиз, тажрыйбаңыз тууралуу көп жазылыптыр. Кызматкерлердин жүрөгүндө калыш үчүн жетекчи эмне кылышы керек - тажрыйбаңыздан бөлүшө кетесизби?
- Менден тажрыйбага каныгып, өз ишинде жана турмушунда пайдасы тийип, мага жылуу сөздөрүн жолдоп жаткан шакирттериме жана тааныштарыма ыраазымын. Демек, коомдун керегине жарап, кесиптештериме пайдам тийип жаткан турбайбы деп сөөгүм агарып, ого бетер демденип калдым.
Менимче, жетекчи кесипкөйлүгү, иш билги жагынан кол астындагылардан өйдө турууга тийиш. Эгер жетекчинин дарамети чектелүү болсо, бедел күтө албайт. Экинчиден, жамаатты коркутуу же чочоңдоо менен эмес, адамгерчилик, сабырдуулук менен башкара билүү абзел деп ойлойм. Анын үстүнө чыгармачыл жамааттын ишин уюштуруу бөтөнчө мамилени талап кылат. Чыгармачыл, өнөрпоз адамдар башкача сезимтал келишет, адилеттик сезими курч, кээде чыгармачыл кризиске дуушар болот. Мына ушундай ньюанстарды эске алуу менен ар бир журналистке мамиле жасоо керек экен.

Н.БАКТЫБЕКОВА






Яндекс.Метрика