Кыргыз гезиттер
 
Аскар Салымбеков, "Эмгек" партиясынын төрагасы:
"азырынча эки башка партиябыз"
Аскар мырза менен "Эмгек" партиясы, "Акыл тирек" сыйлыгы жана ага жабылган жалаалар, ыгы жок дооматтар тууралуу баарлаштык. Анда кеп башынан болсун.

- Аскар мырза, коомчулукта Алтынбек Сулаймановдун "Бир бол" партиясы менен сиздин "Эмгек" партияңыз бирикти деген кептер айтылып жатат го. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- "Бир бол" партиясы менен "Эмгек" партиясынын ортосунда сүйлөшүүлөр болгону менен азырынча эки башка партиябыз. Эртең эле шайлоо болуп атпагандан кийин позицияларыбызды тактап, партияларыбыздын платформаларын элге таанытуунун аракетин көрүүдөбүз. Бирок, бир караганда "Бир Бол" менен "Эмгек" партиясынын алдыга койгон максаттарында, партиянын платформасында окшоштуктар көп. Ошондуктан кийинчерээк сөзүбүз оңунан чыкса, ыңгайы келсе, биригип алсак да болот деп ойлойм. Анткени, "Бир бол" партиясында мен сыйлаган мыкты инсандар бар экен. Ал жагынан алганда купулума толуп атат.
- Басма сөз жана маалымат күнүнө карата "Акыл тирек" деген сыйлыкты ойлоп таптыңыз. Бирок, ал сыйлык берилгени менен коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, татыксыздарга берилди дегендер да бар. "Акыл тирек" сыйлыгын коомдо кандай миссияны аткарсын деген ойдо уюштурдуңуз?
- Бул сыйлыкты "Прогрессивдүү демилгелер" фонду Кыргызстандын бардык тармактарында жакшы саамалыктарын, жөрөлгөлөрүн колдоп, Кыргызстандын келечегине таасирин тийгизген идеяларды чогултуп, мамлекетибиздин идеялык картасын түзүп аткан адамдардын айланасында "Акыл тирек" деген бренд пайда болду. Бул сыйлык бардык тармактын өкүлдөрүнө, мыкты адистерге стимул болсун деген максатта окумуштуулар, илимпоздор жана жаш адистердин арасында прогрессивдүү демилгелери бар адамдарды таап, сентябрь айында 65 кишиге берилген. Басма сөз жана маалымат күнүнө карата журналисттер арасында уюштурулуп, тандоонун негизинде берилди. Балким, татыксыздарга берилди деген сөздү сыйлыкка жетпей калгандар айтып жатса керек. Анткени, биз баарына калыс караганга аракет кылдык. Редакцияларга өз талапкериңерди сунуштагыла деп кайрылып, сыйлыкка татыктуу делген журналисттердин макалаларын журналистикада эмгектенген төрт калыстар тобу тандап, ар кандай номинациядагы 26 адамды аныктап беришти.
Бул сыйлык муну менен эле бүтүп калбайт. Жыл сайын берилүүчү сыйлыкка айлантсак, улуттун уңгусун түзгөн, элибиздин аң-сезмин өзгөртүп, агартуучулук аракетин жасап, актуалдуу маселелерди көтөргөн журналисттер бул жылы болбосо, кийинки жылы ээ болушат. Ошондуктан быйыл албай калгандар таарынбай турушсун. Бул биринчи эле кадам болду.
- Бүгүн мамлекетибизде Бажы союзуна кирүү актуалдуу маселеге айланып, ар ким өз деңгээлинде талкуулап калды. Эгер Бажы союзуна кирип калсак, "Дордой" базарынын абалы кандай болот?
- Бажы союзунун артыкчылыгы, кемчилиги боюнча ушул эле "Прогрессивдүү демилгелер" фонду чет элдеги студенттер, мугалимдер менен талкуулап, чоң коомдук документ даярдап, маселе чечүүчү жерге жөнөткөнбүз. Бажы союзунун артыкчылыгына токтолсом, тарыхыбыз, азыркы жашообуз Россия менен Казакстанга байланышта болуп, күйүүчү май, кээ бир продукцияларды ал жактан алгандыктан экономикадан тыгыз байланыштабыз. Ошондуктан миллиондогон мигранттарыбыз иштеп жүрөт. Бул мамлекеттер менен чек арабыз да чектеш. Бул жакшы жагы. Ал эми терс жактары ВТОдо мүчө болуп, биз соода тармагында бир топ жеңилдиктерди алып келдик. Эми Бажы союзуна өтө турган болсок, алып келген товарларыбызга бажы пошлинасын жогорку баада төлөп, растаможка да бир топ кымбаттап кетет. Продукция кымбат болсо, биздин айлык акыбызга туура келбей, элибиз бир топ кыйналат. Ошондой эле соода тармагы менен алек болгондор мамлекетибизде көп болгондуктан, соода тармагы чоң кризиске кептелет. Ошентип, өз оокаттарын жасап аткан бир канча миң адамга Бажы союзу терс таасирин тийгизет. Эгер, чындап эле Бажы союзуна кире турган болсок, бажы союзунун өкүлдөрү менен жолугуп, жол картасын түзүп, кандай жеңилдиктер берилерин, ал жакка мүчө болсок, жеңил өнөр жайга кандай көңүл бөлүнөөрүн, 5-6 жыл товар ташыгандардын бажы пошлинасы арзан болгудай кылып, растаможкалар азыркыдай баада калабы деген маселелердин алкагында ачык сүйлөшүшүбүз керек. Анткени, биздин экономика бажы биримдигине биригип жаткан мамлекеттерге тең келбейт. Биз менен биримдикке биригебиз деген мамлекеттер деле Кыргызстанды Бажы союзуна кошуп алсак, канчалык деңгээлде экономикасынын көтөрүлүшүнө жардам бере алабыз деп ойлонуп, биздин башыбыз кандай ооруп атса, алардын да башы ошондой катып жатса керек. Ошондуктан саясый жагынан макулдашуулар болгону менен экономикалык маселени жакшылап карап, талкуулап сүйлөшүп алгандан кийин гана кирүү макулдугун парламент берет. Парламент да баардыгын таразага салып, анан чечет деген ойдомун.
- Россия мамлекетинде дагы "Дордойдун" бир филиалы бар экендиги айтылат. Ал жактагы базардын иши кандай жүрүп жатат?
- Мен туура түшүндүрүп коёюн. Ал жакка "Дордойдун" филиалын эмес, жаңы ачылган "Южный ворото" деген КМШнын алкагындагы эң мыкты заманбап базар салынган. Үстү жабылган, ысыкта ысыбай турган, суукта үшүбөй турган кондиционерлери бар шарты мыкты базар. Кыргызстандан барып, ошол жакта соода-сатык жасап жаткандардын көпчүлүгү эшикте, күндүн суугунда контейнерлерде турганын көрүп, мекендештерибизге жардам берели деген максатта 1000 орун ижарага алып, шарты жок, үшүп аткан мекендештерибизге ошол базардан алган орундарды ижарага бергенбиз. Биринчи барганда 600 киши кирген. Бирок, ал жерде соода дүңүнөн болбогондуктан жаңы базардан иштери жакшы жүрбөй, кыргызстандык сатуучулар мурдагы орундарына иштөөгө мажбур болушту. Азыр ал заманбап базарда 100гө чукул кыргыз жарандары иштеп жатат.
- Өзгөн районунда ачылган "Дордой" базары эмне үчүн ишке кирбей жатат?
- Базар болобу же соода-сатык жүргүзгөн дүкөн болобу, эл соода кылбаса ишке кириши кыйын. Базар салынганы менен элди бир жерден экинчи жерге көчүрүш, көндүрүш кыйын болууда. Шаардын жетекчилери, тургундары Өзгөндүн ичиндеги базардын тегерегиндеги тыгындар бир топ ыңгайсыздыкты жаратып атса да, 2-3 км шаардын чекесинде жайгашкан кең базарга көчүү кыйынчылыкты жаратууда. Жергиликтүү ишкерлер өзгөн күрүчүн пропагандалайбыз, дүйнөгө даңазалайбыз деген максатта ошол жерге чогултуп саталы, бул базарды жалаң өзгөн күрүчү сатылган базар кылалы деген демилге көтөрүп атышат. Анткени, биз салган базар Жибек Жолунун жээгинде жайгашкан.
- Биз сизди коомдук ишмер, меценат деп билебиз. Меценаттык ишиңизди кайсыл тармакка көбүрөөк көрсөттүңүз?
- Меценаттык иштерди түрдүү тармактарга жасадым. Элдин материалдык жардамга муктаж катмарына, ооруп, сыркоологондорго, жетим-жесирлерге, көп балалууларга, карыларга, багар-көрөрү жокторго колубуздан келишинче көмөктөшүп атабыз. Ошондой эле маданиятты, спортту өнүктүрүү максатында да көп долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жатам. Спорт тармагында жылына 1 миллиондой долларды командаларга айлык акы төлөгөнгө, жол кирелерине, жер-жердеги стадиондорду салганга, унаага, формага жумшайбыз. Маданият тармагында болсо музей, галереялардын имараттарын оңдоп-түзөө иштерине жана мыкты деген 20-30дай акын-жазуучунун китептерин жарыкка чыгарып бердик. Кыргызстанда меценаттын "Айкөлдүк" коомунун төрагасы болгондуктан, мецанаттык иштерди колдоого алып, "Айкөлдүк" деген номинацияны меценаттык иштер менен белгилүү болгон ишкерлердин 15ине бердик. Ошондой эле Фучик паркына меценаттардын аллеясын жасатып, гранит таштарга муктаж болгондорго жардам бергендердин атын жаздырып койдум.
- Бүгүнкү күндө журналисттерге сөз эркиндиги керекпи? Эркиндик менен катар жоопкерчилик керек деген мыйзам долбоору артка кайтканы менен коомчулукта чоң талкуу жаратты...
- Бул маселени медалдын эки бети бар деген мааниде карашыбыз керек. Биринчи бети эркиндик сөзсүз керек. Анткени, эркиндик болбосо коом өспөй калат. Сөз эркиндигин чектеп, журналисттерди камап, сабап өлтүргөн жерлерде өнүгүү эмес, регресс болот. Ошондуктан мамлекеттин алдыга жылышы үчүн да, коомдун өнүгүүсү үчүн да сөз эркиндиги сөзсүз керек. Бирок, медалдын экинчи бети дегендей сөз эркиндигин сезип, сүйлөп аткан саясатчы да, аны жазып аткан журналист да, жоопкерчиликти кошо сезиши керек. Муну айтып атканымдын себеби, кээ бир массалык маалымат каражаттарында аныкталбаган, такталбаган маалыматтар кетип, адамдын аброюна шек келтирген маселелер орун алып, ар бир журналист жазып атканда жанында өзүндөй эле адам турганын көрүп, анын ордуна өзүн коюп, жазып аткан маалыматын жүрөгүнөн, өткөрсө жакшы болмок. Кээде басма сөз эркиндигин ашыкча пайдаланып, аша чаап кеткендер да бар. Айрыкча ошолор эркиндик менен жоопкерчиликти катар койсо жакшы болот эле.
- Биринчи жолу гезиттер менен соттошуп атканыңызды билебиз. Балким, "Майдан.кg" гезити менен соттошпой эле ошол кырдаалды бири-бириңерди түшүнүү аркылуу жолго салып койсо болбойт беле?
- Мени сындаган гезиттер көп эле болгон. Алардын бирине да териккен эмесмин. Анткени, сын орундуу айтылса, мен терикпейм. Бирок, "Майдан.кg" гезити эң төмөнкү деңгээлде мени темир тордун артына отургузган жасалма сүрөттөрү аброюма доо кетирди. Ошондой болсо да, айкөлдүккө салып, мен да бул маселени ырбатпай эле чечип алайын. Бул гезит эмне үчүн мындай маалыматтарды басып атат деген таризде редакцияга экинчи тараптын да айтканын уккула, түзөтүү бергиле деп кайрылдык. Тилекке каршы, биздин айтканыбызды капарына да албай, тескерисинче өчөшкөнсүп, 3-4 номерине дагы ойго келбеген жалган маалыматтарды басышты. Менин да чыдамым түгөндү. Анан кантип элдешем. Ким буйрук бергенин билүү максатында сотко бергенге мажбур болдум. Менин да бала-бакырам, куда-сөөгүм бар. Аш-тойго барсам, өлүм-житимге чейин жалган маалыматтарды таркатып атышат. Мен да адаммын да кантип терикпей коём. Алар да кимге жалаа жаап атканын сезсин деп сотко берейин деген жыйынтыкка келдим.
Эгер, ошол гезиттин редактору мага кайрылып, мындай маалымат түштү. Чын-бышыгын аныктайын десе, мен да тийиштүү жообумду берет элем го. Мени каралап, жок маалыматты шыбап жазгыдай мен улуттун чыккынчысы белем. Минтип жазуу гезитке да, мени каралап жаз деп буйрук берген кишиге да абийир алып келбейт. Сот залында мага койгон ыгы жок дооматтары тууралуу жооп беришсин.

Маектешкен
Ч.КУТМАНАЛИЕВА





Яндекс.Метрика