Кыргыз гезиттер
 
Динара Келдибекова,
Акматбек Келдибековдун бир тууган эжеси:
"Атамбаев от менен ойнобосун"
- Динара айым, иниңиз Акмат Келдибековдун камакка алынганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Менимче, Акматбек инимдин түз сүйлөгөнү, бийликтин безине тийип, "Кумтөр" менен "Кыргызгаз" боюнча күйүп-бышкан ачуу билдирүүлөрү себеп болсо керек. Анткени, инимдин сөзүнөн кооптонгон бийлик ал маселелер парламентте каралат деп аткан мезгилге жакын атайылап камоо чечимин кабыл алды. Болбосо үч кылмыш иш козгошуптур, эмнеге бир ай же жарым ай мурун камабайт.
- Эгер, башка лидерлердей болуп камай турган чечим чыкса аракетиңер кандай болот?
- Атамбаев от менен ойнобосун. Акматбекти камай турган болсо, алайлыктар Атамбаевди жөн койбойбуз. Азыр бишкектиктер да, алайлыктар да чогулуп, сүйлөшүп чечим кабыл алабыз.
- Иниңиздин кылмыш ишине шектелген жагдайы болсо, эмне кыласыңар?
- Иним кылмыш ишине шектелген болсо, суракка алынсын. Анан сот залынан айыбын угузуп камасын. Туюктатып эле чоң кылмышкердей кылып, турган жеринен камап салбай, мыйзамдын алкагында иш кылсын. Атамбаев Бакиевдин, Акаевдин, убагындагы бокту чукубасын. Андан көрө элдин ишенимин актап, ак дилинен иштесин. Болбосо, эски бийликтегилердей болуп, оппозицияны камоо менен гана алек болуп калганы сокур кишиге да көрүнүп калды. Акматты эртең бошотпосо, Ошко митингге чыгып, Бишкекке чейин жөө жүрүш кылабыз. Акмат ак. Ага жалаа ган жаап жатышат. Ал кайда иштебесин иштеген жерин гүлдөткөн, иштин көзүн тапкан адис. Ошондуктан Акаев камай албаган Акматты Атамбаев да камай албайт. Эгер, Акматбектин иштеген ишинен шектенишсе, анда соцфонд менен салык кызматындагы иштеген жеринен барып сурасын. Акмат кайда иштесе да, ошол кызматтын баркын көтөрөт, иштеген жерин оңдойт.





Акматбек Келдибеков камакка алынганы, президентибиз кызматымды тартып алат деп кооптондубу деген ойдо биздин гезитке жарыяланган Келдибековдун мамлекет башчысы болоору тууралуу айтылган аяндарын кайра кайталап жарыялоону туура көрдүк.


Алия, көзү ачык:
"Акматбек Келдибеков президент болот"
- Бул киши акылдуу, чечкиндүү, телегейи тегиз болуп көрүнгөнү менен чөнтөгү бош. Туугандары акча бер деп жанын коюшпайт. Бала чагында кыйынчылыкты көп көргөндүктөн мээрими жок катуу, орус пейил, кыйкырчак көп кишиге жага бербеген сапаттары калыптанып калган. Бирок, ак караны жакшы ажыратат. Атамбаевден кийин президент Акматбек Келдибеков болот да Кыргызстанды көтөрөт. Анткени, Атамбаевге караганда мунун башы жакшы иштейт.



Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Датка энем Бакиевдин колундагы токочту Келдибековго карматып койгон"

- Жылдыз эже, Курманжан Датка эне кандай мезгилдерде түшүңүзгө кирет?
- Энем мамлекетибиз оор мезгилге туш болоордо жана мага кандайдыр бир тоскоолдуктар болоордо түшүмо кирет. 2004-жылы Курманжан Датка энебиздин эстелигин курарда айрым саясатчылар чоң интригага айландырышкан. Ошондо Курманжан Датка энемди түшүмдө көргөнүмдө Аскар Акаевди бир карап алып, капа болуп басып кеткен. Ошондо Аскар Акаевич бийлигинен айрылып калат го деп койгом. Айтканымдай эле болду.
Ал эми 2009-жылы Курманжан Датка комплексине капсула салалы деп Курманбек Бакиевди чакырсак, ал киши Чолпон Атада болсо дагы КР ИИМ министрлиги бокс уюштурса, бизге эмес, ошол жакка кетип, капсула салууга келген эмес. Ошол учурдагы премьер-министр И.Чудинов өзү келе албай, А.Келдибековду жөнөтүптүр. Акматбек Келдибеков капсула койгондон кийин түшүмдө Курманжан Датка энем Бакиевдин колундагы токочту алып, Акматбек Келдибековичке карматып койгон. Ошондо дагы Бакиев бийлигинен кетет окшойт деп калгам. Апам "Акматбек Келдибеков өлкө башчысы болот экен" деп жооруган. Апамдын айтканындай эле парламенттик башкарууда биринчи спикер Келдибеков болду.
2010-жылы февраль айында дагы Курманжан Датканы түшүмдө көрдүм. Аябай кайгырып, колунда кызыл жоолук кармап алган. Көрсө, апрель-июнь окуялары болоорунан аян таштаптыр. Андан кийин май айында көрдүм. Роза Исаковнага 2010-жылдын 19-майында жолугуп, Ош окуясы болуп кетпесин, түштүктү көзөмөлгө алыңыз. Керек болсо аскер кызматкерлерин, тиешелүү адамдарды жөнөтүп, абалды көзөмөлдөңүз дедим. Менин көзүмчө тиешелүү адамдардын баары менен телефондон сүйлөшсө, баары андай болушу мүмкүн эмес деп жооп берди. 2-июнда дагы түш көрдүм. Кыжаалат болуп, Роза Исаковнага дагы кирдим. Абалдын кооптуулугун айтып. Менин көзүмчө дагы телефон чалып, сүйлөшүп, "баары эле эч нерсе болбойт" деп жооп беришти деп чебелектеди. Датка эненин аян белгилери күчтүү экенине, мен болуп өткөн окуялардан кийин толук ынандым.




Турсунбек Акун, элдик акыйкатчы:
"Мен 100 миң доллар алсам, Аида Салянова миллион доллар алды"

- Турсунбек мырза, УКМКга чакырылып, сурак берип чыкканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Өткөн жуманын экинчи күнүнөн тарта Бакыт деген УКМКнын тергөөчү жигити мага телефон чалып, "Батукаевдин иши боюнча келип, сурак берип кетиңиз. Сурак протоколун алышыбыз керек" деп чакырды. "Мен жөн барбайм. Силер атайын расмий чакыруу бергиле ошондо гана барам. 100 миң доллар тууралуу сурабайсыңарбы?" дедим. Бакыт "Макул биз расмий чакыруу жөнөтөбүз келип сурак берип кетиңиз. 100 миң доллар тууралуу сурабайбыз" деди. Экинчи күндөн бешинчи күнгө чейин расмий чакырууну күттүм. Келген жок. Тергөөнү жетектеген Нурлан деген жигитке байланышып, "Мени коркутпагыла! Расмий чакыруу бергиле! Мен билбейм кимиңер чакырып жатасыңар же бандиттер чакырып жатабы? Мен кайдан билем" деп катуу талап койдум. Ошону менен бешинчи күнү кечки саат 19:00 чамасында чакыруу келди. Алтынчы күнү 10:30да УКМКга барып, түшүнүк бердим. "Эмне үчүн суракты азыр алып жатасыңар? Батукаевдин окуясы башталган 9-апрелден 23-июнга чейин омбудсмен болуп иштедим. Ошол учурда неге алган жоксуңар? Андан бери дагы беш ай өттү. Качан гана мен Бактукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине Атамбаев күнөөлүү дегенимден кийин алып жатасыңар" деп айттым. Менин суроолорума канаттандыраарлык деңгээлде жооп бере алышкан жок. "Батукаев эмне үчүн кетип калды? Кандай тиешеңиз бар" дешти. "Менин эч кандай тиешем жок. Батукаевге барган эмесмин. Нарын түрмөсүнө барып, ал-абалы менен таанышып жүргөм. Абактагыларга жолугуп, аягында Батукаевге жолуктум. Кийин УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев "Сиз Батукаев тууралуу жакшы интервью берип коюңузчу" деп өзүлөрү жаман көрүнгүлөрү келбей, мени кылмыштуулукка түрткөн. Мени эмес, ошол жетекчиңерди, "Бактукаевдин ишинде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес" деп Батукаевге адвокат болгон Аида Салянованы суракка алгыла!" десем, "Сиз биринчи түшүнүк бериңиз анан экөөнөн сурайбыз" дешти. Түшүнүк берип, кетейин деп жатсам, 100 миң доллар тууралуу сурай башташты. "Качан мени 100 миң тууралуу сурак бересиң" деп чакырдыңар эле? Ал иш боюнча эмне үчүн айтып берем. Ал ишти мен айтуу үчүн Аида Салянова, Бусурманкул Табалдиев кызматынан четтетилип, баарынын үстүнөн кылмыш иши козголушу керек. Мен 100 миң доллар алсам. Чечим чыгарган бул эки адам миллион доллардан алышты да" деп түшүнүк берген жокмун. 100 миң доллар юпи-гейттин ишиндей эле болду. Бул иштер мага болгон УКМКнын провокациясы деп эсептейм. 17-октябрда коомчулук чогулуп, мени "Элдик акыйкатчы" кылып шайлашкан. Азыр ошол иштерим менен алек болуудамын.
- Акыйкатчы болуп шайланып, өз ишин улантып жаткан Бакыт Аманбаевге кандай баа берип жатасыз?
- Бул мырза ээрди минээр замат көчүгүн кыйшайтып минип алды. Сабаты, билими, тажрыйбасы, адам укугу боюнча эч кандай түшүнүгү жок. Бир да жолу адам укугун коргоп иштеген эмес. Башында кызматка келгенде мен ишеним көргөзүп, жардам берейин, жанаша отуруп турайын деп жаткам. Сарууда ызы-чуу болуп кеткенден ал жакка кетип калсам, кабинетинен мага керектүү, тиешелүү буюмдарымды сыртка чыгарып салыптыр. Келсем, милиция кызматкерлерин чакыртып, "Турсунбек Акунду колунан кармап эшикке чыгарып салгыла" деп буйрук берди. Бакыттын келечеги жок. Иши көпкө узабайт. Жакында соттошуп, кайра өз ордума келем.






Яндекс.Метрика