Кыргыз гезиттер
 
Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ар-Намыс" фракциясы:
"Башкаларга сабак кылуу максатында Келдибековду камакка алышты"
Менимче ушундай баш аламандыктын баары Конституциянын бурмаланып атканынын кесепетинен болууда. Айтайын дегеним, Конституцияны алдап кабыл алдыргандан кийин бурмалабай ошол Конституция менен жашасак, ар ким өз укугун, милдетин сезмек. Бирок, Конституцияны алдап кабыл алдырышканы менен кайра эле президенттин укугун көбөйтүп, туура эмес иштерге жол беришти.

- Турсунбай мырза, Акматбек Келдибеков оппозицияга чабуул жасалганы үчүн УКМКга камакка алындыбы же анын башка да себептери барбы?
- Акматбек Келдибеков менен кечээ эле дүйнөлүк чемпион Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык тоюнда чогуу болгонбуз. Акматбек Келдибеков оор атлетика федерациясынын президенти болгондуктан мен колдоо көрсөтүү максатында баргам. УКМКнын камакка алуу коркунучу бар экенин айткан эмес. Сыягы, өзү да билбесе керек. Менимче Акматбек Келдибеков саясатта да, коомдук иште да орду чоң болгону үчүн, аны алсыратуу максатындабы же башкаларга сабак кылуу үчүнбү УКМК колу-бутунан кармап, алып кетти окшойт. Болбосо, Акматбекке чакыруу берсе, ал качмак деле эмес. Конституцияда оппозиция болсун деген берене киргизип алышып, кайра оппозициялык фракцияны жемелеп, депутаттарын мандатынан ажыратып, дагы камакка алып жатканы бийликке абийир алып келбейт. Бийлик мындай абалы менен элдин кыжырын кайнатып, Келдибековдун кадырын көтөрүп алганын билбей калат. Мыйзам өкүм сүргөн мамлекет болгондон кийин буга окшогон көз караштардан алыс болуп, УКМК, Башкы прокуратура, жүрөктүн үшүн алып, күчкө салып кармап кетпей эле чакырып суракка алса жакшы болмок.
- Эмки кезек "Ата Журттан" кимге келиши мүмкүн?
- Курманбек Осмоновду да канатын кайрып сындыруу максатында ага кылмыш ишин козгоп койгон. Ал кишиге мен кылмыш иши козголгонго каршымын. Анткени, вице премьер-министрлик кызматты аркалап турган кезде анын буйрук бере турган абалы жок болчу. Ошондуктан азыркы бийлик ал кездеги өкмөт мүчөлөрүн эмес, кыйын болсо, күчү жетсе шериктеш мамлекеттерден Танаевди чакыртып алып соттошсун. Нюренбергде аткаруучулар эмес, буйрук бергендер соттолду. Биз да ага, буга шылтап алдыга чыгып келе жаткан адамды ооздуктап, тизгинин тартпай ошондой тартипке өтөлү, оппозиция болгондорду эле баса калбай. Менимче, бийликтин мындай аркеттерин Курманбек Осмонов чымын чаккандай да көрбөсө керек. Анткени, ал мыйзамдын баарын жаңгактай чаккан мыкты юрист.
- Учурунда Аида Салянова деле 1 жарым млрд. долларды "Кумтөргө"салык төктүрбөй жолун таап, юридикалык жагын тууралап берген дешет го?
- "Кумтөргө" тиешеси бар адам кылмыш ишин козгогонго моралдык укугу барбы деп атат окшойсуз. Чынын айтыш керек бүгүнкү күндө алар элдин көйгөйүн чечпей, жеке менчик маселесин же болбосо жетекчинин айтканын аткарып жаткандан мамлекетибизде ушундай башаламандык орун алып атат. Азыркы бийликтегилер өздөрүн күнөөсү жоктой сезгени менен учуру келгенде өздөрү да туура, туура эмес кылган иштери үчүн эл алдында жооп берет.
Менимче ушундай башаламандыктын баары Конституциянын бурмаланып атканынын кесепетинен болууда. Айтайын дегеним, Конституцияны алдап кабыл алдыргандан кийин бурмалабай ошол Конституция менен жашасак, ар ким өз укугун, милдетин сезмек. Бирок, Конституцияны алдап кабыл алдырышканы менен кайра эле президенттин укугун көбөйтүп, туура эмес иштерге жол беришти. Ошондуктан Конституцияны референдум жолу менен калыбына келтириш керек же президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Антпесек, Келдибековду камап, Осмоновго кылмыш ишин козгогондой төө бастыга алган иштер мындан ары да улана берет.
-Феликс Кулов менен Исмаил Исаков да Улуттук гвардиянын жерин бергени боюнча күнөөлөнүп атат. Эки генералдын ушундай ишке барганына ишенсек болобу?
- Кулов да, Исаков да андай иштерге бара турган адамдардан эмес. Булардын да жүйөлүү себептери бар. Керек болсо, Куловдо асылып аткан генералдын өзү кол кой деп суранганын далилдеген документтери бар экен. Ошондуктан бул маселе парламенттеги эки генералдын эптеп кадырын кетирүү же артынан жаман сөз илештирүү максатында айтылып жатса керек. Чынында Феликс Кулов андай балит иштерге аралашпайт. Кээде мындай иштин баарын парламенттеги бузукулукка чакырган фракциялар элди эрикпесин деп чыгарып жатабы деп да ойлоп кетем.
Бирок, кандай жаманатты сөздөрдү ойлоп табышса да, Кулов менен Исаковду мандатынан эч ким ажырата албайт. Булар саясый чечим менен соттун чечимин жокко чыгарышкан. Саясый чечимди парламенттен башка эч ким чыгара албайт.
- Өкмөттүн эки айлык тайм ауту парламенттин түбүнө жетпейби?
- 20 жыл мурун болгон Кыргызстандын 67 пайыз акциясын бүгүн эч ким, эч качан кайра ордуна коё албайт. Биздин президенттер, өкмөттөр Канадага эчак эле уттуруп коюшкан. Сатчусун сатып, алчусун алып коюшкан. Биз 67 пайыз деп жер чапчыбай эле 50 пайыз +1 болсо деле контролдук акция бизде болот эле. Бирок, көпчүлүк коалициядагылардын басымдуу бөлүгү 67 пайыздан кем эмес деп туруп алышты. Бирок, Өкмөт эч качан "Кумтөрдөн" 67 пайыз алалбайт. Анткени, Кыргызстандын мурдагы жетекчилери "Кумтөрдү" эчак эле сатып бүтүшкөн. Сыягы, 67 пайызды Өкмөт баары бир аткара албайт деген максаттагы фракциялар көтөрүп жатышса керек. Эми өкмөттү кетиребиз деп билек түрүнүп аткандарды мыш кылып, президент парламентти таратып жибериши да мүмкүн. Ошондуктан айрым депутаттар өзү отурган шакты аралашпаса болот эле.
- Турсунбай мырза, эмнеге көпчүлүк коалициядан чыгып кеттиңиз?
- Мен көпчүлүк коалициядан чыкканым менен "Ар-Намыс" фракциясынын депутатымын. Көпчүлүк коалициянын кээ бир чечимдерине жүрөгүмдө макул болбогондуктан, көпчүлүк коалициядан чыгып кетейин деген чечим кабыл алгам. Азыр эркин депутатмын. Көпчүлүк коалициядагы ызы-чууларды көргөндө чыгып кеткеним жакшы болгон турбайбы деп сүйүнүп отурам.
- Саруудагы абалдын күндөн-күнгө курчуп, митингчилердин радикалдашып баратканына ким күнөөлүү?
- Ага эл эмес, аткаруу бийлиги күнөөлүү. Ошондуктан Өкмөт менен Президент күнөөнү Парламенттен эмес, өздөрүнөн көрсүн. Анткени, Парламент элге каршы бир да мыйзам, бир да токтомду чыгарган эмес. Парламент чыгарган мыйзам менен токтомду жөндөп ишке ашыра албаган аткаруу бийлиги менен жергиликтүү бийлик күнөөлүү. Ага болбой эле бийликтегилер "Кумтөр" боюнча да, Саруу боюнча да парламентти күнөөлөп жатат. Парламент бирөөгө буйрук бербесе, коопсуздук комитети бизге карабаса, анан кантип биз күнөөлүү болобуз. Өкмөттөгүлөр күнөөнү бирөөгө шылтагандан мурун өз милдеттерин жакшы билиши керек.
- Сиздин анализиңизде саясаттын багыты кандай жакка бурулушу мүмкүн?
- Кандай багытка бурулса да, Кыргызстанда тынчтык эле болсо экен деп тилейм. Бийликтин кумары үчүн бир да адам курман болушу керек эмес. Айтор, ушундай ойлорумду айтсам, "сиз революцияга каршы чыгып жатасыз" деп жаман көрүшчү. 2005 -жылы үч жараныбыз курман болсо, 2010-жылы 7-апрелде 90го жакын жаранбыз каза болду. Ош окуясында миңдеген адамдар курман болду. Бийлик ушунча адамдын өмүрүнө эмес, бир тамчы канга да татыбайт. Ошондуктан, баарыбыз акылга келип, элибиздин тынчтыгына баарыбыз кам көрүшүбүз керек.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева






Яндекс.Метрика