Кыргыз гезиттер
 
Чолпон Султанкулова, Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика" фракциясы:
"5 миллион
долларлык
инвестиция келет"

- Жакында Дубайга барып, мамлекеттин социалдык тармагын өнүктүрүү максатында инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүп келипсиз. Ал инвестиция качан келет?
- Дубайга жалгыз эмес, ынтымак тобунун депутаты жана Кыргызстанда 9 жылдан бери кайрымдуулук иштери менен алек болгон фонд менен бардык. Жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жемиштүү кайттык. Кудай буюрса, 5 млн. долларлык инвестиция келсе, социалдык тармактагы көйгөйлүү маселелер кадыресе чечиле баштайт. Кудай буюрса, эки тараптуу кол коюулардан кийин инвестициялар түшө баштайт. Мен ал менен эле чектелбейм. Таза суу боюнча да андан башка бир топ долбоорлор тууралуу да сүйлөшүп келдик.
- Чолпон Алыевна, жогоруда сөзүңүздө социалдык тармакты көтөрүү боюнча аракеттер жүрүп атканын айттыңыз. Бирок, канча аракет кылганыңар менен азыркы парламент ишти жөндөй албай жатканын айткандар көп. Ага терикпейсизби?
- Парламенттин табияты ушундай экен. Кээде биз мыйзам чыгаруучу орган экенибизге карабай, көптөр өкмөт жасай турган ишти бизди жасабай койдуңар деп капа боло беришет. Же башына кыйын күн түшсө, депутаттар элге жакын болгондуктанбы, маселени чечип берет деген ойдо кайрылышат. Кээ бирөөлөр депутаттардын функциясын түшүнүшпөйт. Айтайын дегеним, депутат элдин үнү. Биз кайсыл жерде көйгөйлүү маселе болсо, ошону өкмөткө айтып, чечилишине жардам беришибиз керек. Маселенин баарын аткаруу бийлиги чечип, биз жакшы мыйзамдарды чыгаруу токтомдордун иштешин талап кылып, мыйзамдуулук менен алек болушубуз керек. Аны түшүнбөгөндөр депутат болгону менен эч нерсе кыйраткан жок. Баланча маселени чечкен жок деп капа болгондорун мен да угуп калам. Ага капа деле болбойм. Ким эмне десе дагы бизден мурдагы чакырылыштагы депутаттардан өзгөчөлөнүп, парламенттик башкаруунун жардам менен көп нерсе ачыкка чыгып, кимдин эмне менен алектенип атканы менен эл кабардар болуп жатат. Ошондой эле 5-чакырылыштагы депутаттар "Кумтөр" маселесин башка чакырылыштагы депутаттардан айырмаланып, денонсациялоо маселесин көтөрүп атабыз. Кээде ага болбой эле кайсыл бир ишке капалангандар митингге биз отурган имараттын алдына чыгышкан да учурлар болуп калат.
- Өкмөт иштеши, депутаттар мыйзамдар менен алек болуш керек деп атасыз. Өкмөттүн ишине канааттанаасызбы?
- Мен канааттана албайм. Бир топ катачылыктарга жол берип, экономиканы да саясатташтырып атышат. Кыскасы, Өкмөт менен чеччү чоң эки маселе бар. Бири "Кыргызгаз" экинчиси "Кумтөр". Мына ушул эки орчундуу маселеде өкмөт өз позициясын көрсөтүп, туура чечим кабыл алышы керек. Болбосо мүдөөсү аткарылбаган эл башкача чечимдерге барып коюшу ыктымал.
- Журналисттерди да кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси кесиптештериңиз тарабынан көтөрүлдү. Сиздин оюңузча журналисттерге ушундай чектөөлөрдүн кереги барбы?
- Сөз эркиндигинин болгону ал үчүн күрөшкөнүбүздүн өзү демократиялык мамлекет экенибиздин белгиси. Бирок, кандай маселе болбосун анын оң да, терс да жактары болот. Айтайын дегеним, кээде сөз эркиндигин да ашыкча пайдаланып, катачылыктарга жол берип койгон да жайыбыз бар. Мен муну менен журналисттер жаман деп аткан жокмун бирок, журналисттер кандайдыр бир деңгээлде журналисттик этика деген мыйзамды колдоно жүрсө деген ойдо айтып жатам. Балким, акыркы күндөрү кээ бир гезиттерде окуянын чыны калпын аныктабай туруп, дейт-дейт экен деген нерсе менен жазып, кээде адамдын абийирине шек келтирген учурлар да бар. Менимче, журналисттер ушундай терс көрүнүштөрдөн алыс болсо, жанагындай дооматтардан оолак болушат эле. Шариятта деле эки адамды уруштуруп койгон адам өз жазасын алаары айтылат. Ошондуктан, мындан ары журналисттер майда маселе менен эки кишини кайраштырбай, бири-бирин жамандагандардан алыс болуп, жаманыбызды жашырып, жакшыбызды чыгарып, жакшы жашоого багыт алышыбызга шарт түзсө деген тилектемин. Антпесек, биздин алсыздыгыбызды үчүнчү күчтөр пайдаланып, оңурайып турган жараны андан ары чукуп, ырбатып, вулкан аттыргысы келгендерге жем болуп атабыз. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн саясатчыдан журналисттерге чейин сактансак, мамлекетибиздин коопсуздугун биринчи планга койсок болот эле.
Журналисттер элди маалымат менен камсыз кылуу же коомдогу агартуучулук миссияны эле аркалабай саясый элитаны да түзүүгө салымын кошушат. Ошондуктан, жаш журналисттер менен жолукканда чоң саясатчыларга эмес, басымды жаш депутаттарга койсоңор. Алар майда бирок, маанилүү иштерди жасап, аз болсо да элдин түйшүгүн жеңилдеткиси келээрин, алардын жакшы иштерин элге жайылтып, жаңы саясатчылардын катарын толуктарына салымыңарды кошкула дейм. Анткени, жаш депутаттар саясаттын оюндарын толук өздөштүрө элек. Ошондуктан элдин түйшүгүн жеңилдеткиси келип, маанилүү маселелер менен иштейт. Ал эми чоң депутаттар кайсыл мыйзам кандай чуу жаратаарын, эмне менен президентти алсыратаарын, кайсыл мыйзам менен өкмөткө сокку ураарын билишерин айтып калам.
- Чолпон Алыевна, сиз өзүңүздү кайсыл саясатчылардын категориясына кошосуз?
- Өзүм жаш болбосом да, саясатка жаңы аралашып аткандыктан жаш саясатчылардын катарына кошом. Анткени, саясаттын ак-карасын эми ажыратып жатам да.
- Айтылуу Баямандын өмүрлүк жары болуп, спорттун өнүгүшүнө салым кошуп келчүсүз. Депутат болгондон бери ал тармакка кандай кол-кабыш кыла алдыңыз?
- Депутат болуп келгени улуттук оюндар боюнча мыйзам жазып, улуттук оюндардын борбору ачылышына салым коштум. Кудайга шүгүр, профессионалдык спорттун түрлөрү сыяктуу эле улуттук оюндарды каржылоо булактары пайда болуп, ат чабыш, күрөш, тогуз коргоолго жакшы көңүл бурулуп калды. Спортту түшүнгөн адамдар "Чолпон Алыевна сиз мыйзам жазгандан бери бизге көңүл бурулуп калды" деп кубанып атышат. Ошондой эле Казакстандан Орусиядан келген тренерлер, министрлер кичинекей мамлекет болсоңор дагы улуттук оюн тууралуу мыйзам жазып, борбор ачып алдыңар. Биз өнүккөн мамлекет болсок да, аны жасай элекпиз дешет. Бизден улам таасирлеништиби азыр казактар да улуттук оюндарга борбор ачуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатышат.
Ушул мыйзамды жазып атканда спорттогу аксакалдарды чогултуп акылдашканымда "бул маселени Акаев, Бакиев убагында да көтөргөнбүз. Бирок, ишке ашкан эмес. Эми колуңдан келишинче жасай бер" деп мага анча ишенишпегендей түр көрсөтүшкөн. Кудайдан болуп, мен жазган мыйзам парламенттеги патриоттордун колдоосу менен өтүп, алгылыктуу иштер жасалып атат. Бул биринчиси. Экинчиси, спортсмендер спорттук карьерасы токтоп калганда атайын алган кесиби жок болгондуктан көпчүлүгү ОПГларга кошулуп жатканы өкүндүрүп, мүмкүнчүлүк барда жардам берип коёюн деген таризде мастер спортторду жана спорт тармагында жетишкен ийгиликтери бар балдарды бюджеттин негизинде билим алышына шарт түзүп, азыр көп спортсмендер ЖОЖдон билим алып, спорттук карьерасы менен бирдикте бир кесиптин ээси болуп атышат. Мындай аракетим спорттук карьерасы токтогондо башка кесипте иштеп, туура, туура эмес иштерге аралашпайт. Ошондой эле мыйзамдын алкагында спортсмендерге мамлекет тарабынан ай сайын берилип турчу 2000 ден 5000 сомго чейинки акчадан да 20 пайыз мамлекет салык алчу экен. Ошол салыктарды алдырдым.
Азыр болсо спорт тармагынын жанданышына салым кошкон меценаттар боюнча мыйзам долбоорун көтөрүп атам. Анткени, бул маселени мурунку чакырылыштын депутаттары көтөргөн экен. Тилекке каршы, кагаз түрүндө калып кетиптир. Ошолорду ишке ашыруунун аракетиндемин. Анткени, жер-жердеги спорт аянтчасын куруп аткан патриотторду бир канча жыл салыктан куткаруу жагын карап атам. Себеби, 21 жылдан бери мамлекеттин эсебинен бир дагы спорт комплекси курулмак тургай, оңдоо-түзөө иштери да жүргөн эмес. Ошондуктан өз демилгелери менен жер-жерлерде спорт комплекстерин круп атышкандарга кандайдыр бир деңгээлде салыктан куткарып, аз-маз болсо да, жардам берсек деген ойдомун.
- Парламент бийик трибуна дегенибиз менен айрым депутаттар мыкты иштеп тарыхта калчу иштерди жасоо үчүн келет. Кээ бири бизнесин коргош үчүн келет экен. Сиз парламентке кандай максат менен келдиңиз?
- Башында мага ушул суроону көптөр беришти. Бири "бизнесиңди коргоо үчүн келдиңби десе, бири сага эмне жетпейт? Атак-даңк үчүн келдиңби?" дешти. Чынын айтсам, мен депутат болом деген парламентке барып, бизнесимди коргойм деген ой капарымда деле жок болчу. Бир сапар аксакалдар келип, "Баямандын баштаган ишин аягына чыгар" деп талапкерлигимди койдурушкан. 9 кишинин ичинен биринчи орунга чыкканым менен Бакиевдин мезгилинде кандайдыр бир оюндар болуп, жеңгеним менен мандатка ээ болбой калгам. Азыр ошол кезде депутат болуп калбаганыма сүйүнөм. Анткени, мандат колума оңой эле тийип калса, жакшы депутат болбой калышым мүмкүн эле. Азыр бардык нерсени туура кабылдап, элдин ишенимин аткарып, Баямандын ишин аягына чыгарайын деген максатта иш кылып атам. Ошондуктан бизнесин коргош үчүн келди деп кооптонбой эле койгула.
- "Алыштын" артында да көп оюндар, ушактар айтылып, бүгүн андан сизди кол жууп калды дегендер бар?
- "Алыш" федерациясы Баяман каза болгондо 8 мамлекеттин өкүлү менен президент кылып шайлашкан. Баямандын көзү тирүү кезинде эле алыш күрөшү Европа өлкөлөрүндө да жайылсын деген ниетте Россиянын жаранын да башкаруучулук кызматка койгонбуз. Айтор, ал кишинин да көзү өтүп кетти. "Алышты" башка мамлекеттер менчиктеп, талашып алгылары келди. Башыбыздан түрдүү күндөрдү кечирдик. Кыскасы, 20-30 жылда баса турган жолду 10 жылда эле басып, Казанда өткөн универсиадада 2 алтын 7 күмүш медал алып келдик. Спорт тармагында мамлекетибизге сыймык болчу бир топ жакшы иштер жасалды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 52 мамлекеттин ичинде алыш күрөшү ойнолуп калды. Бүгүн алыш күрөшүнө кызыккандардын саны арбып, чет мамлекеттиктер "бизге да тренериңерди жөнөткүлө, ыкмаңарды үйрөткүлө" деп атышат. Мамлекет жасай турган ишти алыш күрөшү жасап койду. Аны милдет кылбайбыз. Менин президенттиктен баш тартканымдын да себеби бар. Бакиевдин доорунда бир дагы чемпионатты өткөртпөй, аябагандай бут тосуп, обу жок кыйнашкан. Саясатка аралашып калгандан кийин алыш күрөшүнө тоскоолдуктар болбосун деген максатта спортту жакшы түшүнгөн, "Алыш күрөшүнүн" жаралышына да салым кошкон Малик Осмонов менен Акылбек Эшимовго өткөрүп бердим. Бул аракетим алыштан кол жууп калуу эмес, тескерисинче алышка залакам тийбесин деген аракетте болду.
- Акыркы күндөрү сизди Алманбет Анапияев менен урушуп кетиптир деген маалыматтар бар. Ошол чынбы?
-Баямандын алдында миңдеген балдар тарбияланышкан. Баямандын көзү өтүп кеткенде мен аялмын. Ар кимиң өз тагдырыңды тап дегем. Кээ бири башка мамлекетке кетсе, көбү бизнеске кетти. Айтор, Баяман үчүн камалганы да болду. Анан кээ бири ОПГнын катарын толуктады дешет. Алманбет Анапияев Баяман өстүргөн бала болгондуктан алыш күрөшүн жандандыралы деп сунуш кылган. Жетекчи кылып бекиттик. Иштештик. Жамандыгын көргөн жокмун. Тагдыры ушундай болуп калаарын кайдан билиптирмин. Журналисттер эле ОПГнын мүчөсү, кылмышкер деп атышат. Анысын чынында билбейм. Ошондуктан ал адам кайда жүргөнүнөн да кабарым жок. Көптөн бери сүйлөшө элек болсок да, ортодо "урушуп кетиптир" деген да ушактарды чыгарышты. Чынында Алманбет экөөбүздүн уруша турган шылтообуз, талаша турган нерсебиз да жок.
- Ошондой сөздөр чыкканда Алманбет Анапияевди алыштан алыстатып, алыштын имиджин таза сактап калуунун аракетин көргөн жоксузбу?
- Чара көргөн жокпуз. Анткени, спорт деген саясат эмес. Биздин федерациянын эшиги баарына ачык. Ким салым кошом десе, кошо берет. Кайсыл спортсмен өзүн көрсөтөм десе таймаштарга алып барып, ийгиликке жетишине салым кошобуз.

Чынайым Кутманалиева





Яндекс.Метрика