Кыргыз гезиттер
 
Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Чудиновдор эл ишенимине ээ болгон өкмөткө кирүүгө аракеттенүүдө"

Башталышы 3-бетте

- Азимбек мырза, бүгүн түрдүү жаңы партиялар түзүлүп, биригүү саясаты жанданды. Ачык чыкпаганыңыз менен биригүү саясатында серый кардинал болуп башкарып атканыңыз айтылууда. Ишенсек болобу?
- Негизи саясый биригүүлөрдү колдойм. Анткени, биригүү Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы нерсе деп билем. Бирок, биригип аткандар кайсыл идеянын аркасында биригип жатканын түшүнө албай турам. Анткени, биригүүгө бел байлап жаткандар ар кандай көз караштагы саясатчылар эмес, көпчүлүгү бизнесмендер же бир лидерлердин кол алдында алып кел, байлап кел деген кызматты аткарып жүргөндөр болууда. Менин шектенгеним бул биригүүнүн баары эптеп эле өкмөттү кетирип, эл ишениминдеги өкмөт түзгөнгө катышып калалы. Президентти туш тараптан айласын кетирип, сындасак амалы түгөнгөндө эл ишенимине ээ болгон өкмөт түзөт. Билмексен болуп, ошол өкмөткө иштеп калабыз деген сценарийби деп кооптонуп атам. Ошондуктан булардын бириккенден ажырашканы тез болот. Сырттан эмес, ичинен көргөндүктөн азырынча биригүү ниетим жок. Анткени, сүйлөшө келсең ыңгайын карап, соодалашып, Жантөрөнүн өкмөтүнүн ордуна келе коёлу деп атышат. Менин көңүлдөнбөй атканым Чудинов менен биригип, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кызматка келүүгө аракет жасап аткандары. Убагында "Кумтөрдү" Чудиновдор сатышпады беле. "Кумтөр" денонсация болот деп атканда, "Кумтөргө" тиешеси барлардын айрымдарына кылмыш иши козголуп жатса, булардын кызматка келгенинин кандай зарылчылыгы бар. Чындап келгенде ушулардын кесепетинен бир эмес, эки жолу революция болду го. Ушундай оюндарды көрүп, кайдагы эл ишенимине ээ болгон өкмөт тууралуу сөз кылабыз деп шабайым сууп отурат. Ушундай адамдар менен бир командада болгуча элдин арасында эле жүргөнүм жакшы деген жыйынтыкка келдим.
- Жогорудагы сөзүңүздөн улам азырынча эч бир топко кошулбаганыңызды билдик. Сиз жетектеген "Эл үнү" кыймылы бүгүн кимдер менен санаалаш, кимдер менен идеялаш?
- Биз азырынча идеялаш, санаалаш издебей эле башында бириккендер менен өзүбүзчө эле алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн иштеп атабыз. Дагы деле Конституциялык реформаларды талап кылып, 2010-жылы оор кырдаалда кабыл алынган Конституциянын катачылыктарын жоюу аракетин көрүп атабыз. Ошондой эле кош бийликтен кетүү маселесин, парламент эски адат боюнча эле президенттин көзүн карап отурганын айтып жатабыз. Булардын баарын санап атканыбыздын себеби, ушуга окшогон нерселердин баары түпкүлүгүндө жакшылыкка эмес, революцияга алып келиши мүмкүндүгүн айтып, кулагыңа күмүш сырга деп коңгуроо кагып атам. Тилекке каршы, парламенттегилер эптеп эле 2015-жылга жетели десе, президент 2016-жылга чейин отурсам болду деп, кайдыгерликке салып жатышат. Элдин пикири менен эсептешпей өз билгенибизди жасагандан сактанышыбыз керек. Анткени, революция да барган сайын морадёрлор да, кан төгүлүү да көбөйүп жатат.
-Президенттин "Кумтөрдү" улутташтырабыз дей баштаганына кубанып атасызбы?
- Биз "Кумтөр" денонсациялансын деген аракетте бул маселени айылдык, региондун деңгээлинде көтөргөндөр болсо да кызматташтык. Ачык каттар менен президентке парламентке кайрылдык. Айтор, түрдүү тирештерден улам айласы кеткен президент акыркы убактарда "Кумтөр" улутташтырылышы мүмкүн" дей баштады. Мен президенттин бул сөзүн туура көргөн жокмун. Анткени, улутташтыруу менен денонсациялоо эки башка маселе. Президенттин айланасында мыкты юристтердин жоктугунан президент туура эмес сүйлөп, улутташтыруу менен денонсациялоонун айырмасын билбей жатат. "Кумтөрдү" улутташтыргыдай ал эмне башка мамлекеттин территориясында жайгашкан кен байлык беле. "Кумтөр" Кыргызстандыкы болгондуктан аны улутташтыруунун кереги жок. Ал 2042-жылга чейин гана арендага берилген. Кыргыздыкы болуп турса, эмнесин улутташтырабыз. Болгону эле келишимди бузуп, Кыргызстанга пайда алып келе турган жаңы келишим түзүп гана коюшубуз керек сөздү көбөйтпөй.
- Өмүрбек Чиркешович деле башында денонсация дегенге каршы болгондой түр көрсөтүп, өкмөттү жактаган эле. Бүгүн 180 градуска бурулуп, денонсацияны "Ата Мекен" партиясы туу тутуп жатат го. Бул жерде Текебаевдин келерки шайлоого упай топтоп атабы же башка да кызыкчылыктары барбы?
- Эмне үчүн ушундай кадам таштаганын мен жакшы билем. Азыркы Адилет министрлиги Алманбет Шыкмаматов биз демилге көтөрүп, мыйзам жазып, 10 миң кол топтоп алып барганыбызда элдик демилге менен жазылган мыйзам деп бизге №1 күбөлүктү берген. Ал мыйзамды "Ата Мекен" партиясы карап атканда Текебаев Шыкмаматовго "эмнеге буларга күбөлүк бересиң" деп атырылганын, денонсациялоо мыйзамын Текебаевден мурун биз талкууга алып чыкканыбызга кыжырданганын, ошол фракциянын эле депутаттары айтышкан. "Өмүрбек Чиркешович денонсация деп жатасыз. Аныңыз чын болсо, эл көтөрүп чыккан мыйзамды кабыл алып койбойлубу" десе, "биз демилгени бербешибиз керек. Эмне үчүн элдин мыйзамын кабыл алышыбыз керек" деп ичи тардыгын, пенделикке алдырганын айтышкан. Мен антип ичи тардык кылган жокмун. Өмүрбектин деле мыйзамын кабыл алып коёлу дедим. Анткени, денонсациялоо боюнча 5-6 депутаттын мыйзамы бар. Ошолордун ыңгайы келгенин эле алсак, кичине болсо да коомчулуктагы башаламандык, Саруу айылы тынчыйт эле. Текебаев пендечиликке салбай мурда эле ушул маселени колдоп бергенде депутаттар камалып, УКМК тарабынан "юпигейд" сыяктуу түрдүү оюндар уюштурулбайт эле. Анын ичи тардыгынан мына ушундай башаламандыктар болду.
Ушундай нерселерди көргөндө таңгалам. 10 жылдап бирге жүрөбүз да кээ бир маселелерде жеке кызыкчылыкты жогору коюп, өмүрү бири-бирибизди тааныбагандай мамиле кылабыз. Мага журналисттер "Атамбаев, Текебаевдер менен 10 жылдан ашык, дос болуп жүрдүңөр эле. Заматта эле бири-бириңе жоо болуп калдыңарбы" деп көп суроо беришет. Оппозиция кезде чогуу кыйкырып жүрүп, бийликке келгенде кээ бир маселеден эле душманга айланып, революция жасайбыз деп аткандагы асыл максаттар унутта калгандыгынан ушундай пикир келишпестиктер жаралганын айтып калам.
Баарынан да Бакиевдин бийлигин сындап жүрүп, бийликке келсек эле "Кумтөрдүн" маселесин чечебиз деген аракетибиз теңирден тескери болуп атканына ичим ачышат. Алмаз досумдун Бакиевдер "Кумтөрдү" туура эмес, ратификация кылса, мыйзам бузган иштерге жол берсе, аны жокко чыгаргандан эмне үчүн коркот. Эгер денонсацияга барганга күчү жетпесе, анда Бакиевдер туура кылган. Аны бузбайбыз деп айтышсын. Калп эле экономикалык катастрофага, эл аралык сотто утулуп калабыз деп шылтоолошпой. Анткени, эл аралык сотко корррупциялык системалар менен келишим түзүлүп калганын далилдеп, жылына 4 жарым миллиард куб суу иштетээрин, ал үчүн бир да тыйын төлөбөгөнүн, 2005-жылга чейин Ысык -Көлдү өнүктүрүү фондуна 4-5 пайыз төлөшсө, 2009-жылдан бери бир пайыз болуп калганын айтсак утабыз. "Центерра" кетип калса эле ишибиз жүрбөй калчудан бетер ушуларды айтып койсоң, эл душманындай көрүп алышат. "Центерра" кетсе, Кыргызстан өлбөйт тескерисинче, экологиясын сактап калат. Сыягы, бийликтегилер былыктарбыз чыгып калат деп кооптонуп, ал кадамга бара албай жатат окшойт. Анткени, "Центерранын" башчылары да кимге канча акча бергенин айтып чыгышат да.
- "Кумтөр" легендарлуу парламенттин түбүнө жеткенин, көп өкмөттү таратып тынганын билебиз. 23-декабрда тил табыша албаса, Өкмөт же Ппарламент тарары айтылууда. Президент өлкөдөгү саясый кризистен чыгуу үчүн кимисин садага чабышы мүмкүн?
- Атамбаевге катуу күч келсе, өкмөттү эмес, Парламентти таркатууга барат. Ага болбой эле парламент менен Өкмөт тирешип, саясый кризис болсо, өкмөттү таркатса, эптеп кызматка жетип алайын деп көзүн кызарткандар да толтура. Бирок, азыр президенттин айласын кетиргидей парламентти танда же өкмөттү танда деген маселе коюла элек. Ошондой эле парламент тарасын деген улуттук деңгээлдеги күч да, орчундуу маселелерди көтөргөн демилгелүү жаштар да жок. Бирок, парламентти таркатканда кайра эле ушулар келет. Анткени, элибиз да шайлоону канча акча бересиң менде мынча добуш бар деп акча табуунун жолу катары көрүп калганы өкүнүчтүү.
- Эгер кырдаал кыйындап Парламент тарай турган болсо, сизди кайсыл партиядан көрсөк болот? Балким, БЭК партиясын жандандыраттырсыз?
- Мен БЭК кыймылында болгонум менен БЭК партиясы менен ишим жок. Ал жерде менин балам лидер болгондуктан ал партияны мага таңуулап келе жатышат. Эгер шайлоого баруу зарыл болсо, БЭК партиясы жок эле дагы бир кыймылым бар. Балким, ошону менен барармын. Бирок, азыр саясаттан чегинип, аксакал болдук деп маанилүү маселелерди гана көтөрүп, көп убактымды саясатка эмес, башка иштерге коротуп жатканымдын да себеби бар. 7-апрелдеги сот аягына чыкпай жатса, дагы маселелерди көтөрүп коомчулуктун алдына чыккандан тартынат экенсиң. Анткени, дагы баягылар чыкты деген сөздөн уялып да калат экенсиң.
Ошондуктан жаңы жаш лидерлер чыкса, жаңы коомго умтулса, биз аларга кеңешчи гана болуп берсек деген тилегим бар. Тилекке каршы, андай жүктү көтөрө алган жаштар жок. Сыягы, эгемендикти алгандан кийинки кризисте жаштардын курсагы гана тойбой калбай, рухий жактан да, билим жактан да жарды болуп, ошондон аксап жатышат окшойт. Ошон үчүн саясатта баягы эле крахоборлор баш көтөрүп аткандай сезилет. Булар шайлоо болсо ар бири 200-300 миң доллардан чыгарып, 5-6 млн. топтоп, элдин добуштарын сатып алышат. Бул жагынан да кооптонот экенсиң.
Булардын катачылыгын айтып, ал ишке аралашууга моралдык укугу жок экенин айтсаң Москвада, Минскиде жаткандар бир топ ММКлар аркылуу чабуул жасашат. Ошондукта азыр тизгинди тартып, ким эмне болуп атканын карап, баарына көз салып, Жантөрөнүн ыры бүтүп калды. Жаңы өкмөт келсе эл алаксыйт деген саясат жүрүп атканынан кабардармын. Кыскасы, кыргыз саясатында Кыргызстанды 20 жылдан бери чыга албай жаткан аңдан чыгаралы деген саясат жок. Анткени, ким кандай максат менен өкмөткө келбесин техникалык өкмөттүн милдетин аткарып, реалдуу өкмөт башчы премьер эмес, президент болот. Өкмөт Конституция боюнча парламентке баш ийгени менен коалицияга кирген фракция башчылары өз министрлерине прмьер-министр болуп, өздөрү башкарат. Өкүнүчтүүсү президент премьер-министрдин же өкмөттүн ишине кийлигише албай турган система Конституциянын каркасында болгону менен ал ишке ашпай жатат. Анткени, парламентте аны ишке ашырайын деген саясатчы жок.
- "Мен кыргызмын" деген китебиңизди качан окуп калабыз?
- "Мен кыргызмын" деген китепке эгемендикке алган жылдарды үч доорго бөлүп, аралашып жүргөн саясатчы катары кыргыз элиме калтырып кетүүнү максат кылып жатам. Ошондой эле бул китепте апрель, июнь, 90-жылкы коогалаңдардын баарын үстүртөн эмес, тереңдетип жаздым. Бул окуяларга улутчул сеператисттер көбүрөөк күнөөлүүбү же мамлекет башындагы саясатчылар күнөөлүүбү? Революциянын максаттары эмне үчүн ишке ашпай эмне үчүн эски жол менен кетип атканыбызга жооп издедим. Бул китеп менен кыргыз эли эркиндикти сүйгөн өжөр эл болгонубузду тастыктоо менен Кокон хандыгынын мезгилиндеги окуяларга чейин токтолуп атам. 28 жыл бою Кокон хандыгында ордону башкарган Жаркынайым тууралуу да жаздым. Кыскасы, "Мен кыргызмын" деген китепте кыргыздын улуулугун, касиетин, элде жок баатырдыгын даңазалаган кыргыз аялы, кыргыз жигити, кыргыз эли, кыргыздын кадамдары, кыргызчылыкка басым койдум. Негизи китеп даяр болуп калды. Бирок, купулума толбой жаткандыктан чийки жерлерин дагы иштеп чыгайын деп атам.

Чынайым Кутманалиева






Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика