Кыргыз гезиттер
 
Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Келдибековдун камалышына Атамбаев түздөн-түз себепкер"
Азимбек Бекназаров менен биригип аткан партиялар, кыймылдар тууралуу сүйлөшүп, эл ишениминдеги жаңы өкмөт түзүлсө, баягы эле "крохоборлор" баш көтөрүп, жаңы өкмөткө келүү аракетин баштаганы тууралуу жана Текебаевдин демилгени биз биринчи көтөрөбүз деген ичи тардыгы, ошондой эле Келдибековдун камакка алынышы тууралуу сүйлөштүк.

- Азимбек мырза, Акматбек Келдибековдун адвокаты болуп атыпсыз. Сайттарга УКМКнын кызматкерлери Келдибековдун колу-бутун кайрып салып кетти деген маалыматтар чыкты го?
- Ал жалган маалымат. Экөөбүз чогуу эле барганбыз. Колу-бутун кайрыган деле жок. Камайбыз деп эле камап коюшту.
- УКМК эмне үчүн камакка алганынын себебин биле алдыңызбы?
- Үч кылмыш иши бар экен. Саат 14:00гө чакырышкан. Суракка чакырышып эле шектүү деп камакка алышты. "Эки күнгө уруксат бергиле даярданып келейин" десе да макул болушпай, "бизге ушундай тапшырма келген" дешти. Көрсө, Аида Салянова 19-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берене менен кылмыш ишин козгоптур. Ошонун негизинде эле камакка алып коюшту.
Келдибековго козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү 2004-жылы Максим козготкон экен. Ал 2010-жылы күйүп кетип жок болду деп калганбыз. Азыр ошонун көчүрмөлөрүн таап, козгоп атышат. Дагы бир кылмыш иши спикер кезинде ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүнө байланыштуу козголгон. Кыскасы, "Кумтөр", "Кыргызгазды" Парламент караарда бийлик эсиңерге келгиле. Айтканга көнгүлө. Болбосо, тың сүйлөгөнүңөрдү эле ушундай тагдыр күтөт деген таризде сүр көрсөтүп, бийликтин таасирин көрсөтүп коёлу деп камады окшойт.
- Адвокатсыз козголгон кылмыш ишинен өзгөчө оор жагдайды байкай алдыңызбы?
- Андай деле опурталдуу, төбө чачты тик тургуза турган деле жагдайлар жок экен. Мунун баары саясат үчүн эле жасалып, кичине какус-кукус кылып. Коркутуп коёлу деген эле аракетте болуп атат окшойт.
- Бийликтегилерден ким кызыкдар деп ойлойсуз?
- Азыр президенттин да, премьер министрдин да, депуттаттын да функциясын бир эле Атамбаев аткарат. Ошондуктан Келдибековдун камалышына Атамбаев гана түздөн-түз себепкер. Айтайын дегеним, президент күч менен өлкөнү башкарам деп жатат окшойт. Чынында мындай аракети ага карама-каршы гана жыйынтык берет. Ошондуктан эртең кеч болуп кала электе ойлонушу шарт.

(Уландысы 4-бетте)





Атамбаевдин "ата-журтчуларга" карата саясий куугунтугу бийлигине чекит алып келбейби?
Чабуул башталды. Бирок, бул чабуул оппозициялык фракцияга болгон бийликтин эрежесиз чабуулу! Кезинде Акаев да, Бакиев да бийлигин сактап калуу үчүн бийликке каршы сөз айткан саясатчыларды камап, саясый куугунтугун күчөтүп, бийлик үстөмдүгү менен мыйзамды төө бастыга алган ал күрөш айланып келип, өз мекенинен качууга аргасыз болгон. Он беш жылдык, беш жылдык империясын бир көз ирмемде колдорунан алдырышкан. Эки президенттин саясатын тескери тарапка бурган анын айланасы бүгүн да бийлик короосунда өз миссияларын өтөп, кыргыз мамлекетин талкалап, жоготуп бара жатат.


Эгер, бүгүнкү бийлик саясый куугунтугунун укуругун бир гана оппозициялык партияга карата салса, бул алардын чоң жаңылыштыгы. "Бүгүн, эртең "Кумтөрдүн" тагдыры чечилет деген кульминацияда бийликке акаарат айткандарды четинен камайбыз! Иш козгойбуз!" деген бүгүнкүлөрдүн саясатын "Ата-Журт" партиясынын дагы бир чыгаан лидерлеринин бири Акматбек Келдибековдун камалышынан түшүнсөк болот. Балким, көлөкөсүнөн корккон саясатчылар бүгүнкү бийликтин мындай адилетсиз каарынан коркушаар. Бирок, элдин келечегин, мамлекеттин эртеңин ойлобой, бийлигин өз билемдигине салса, арты сепилдин кулашына, элдин сел болушуна алып келет.
Бир саамга Бакиевдин каардуу режими күчөп турганда Алмаз Атамбаевди УКМКнын кызматкерлери камагандагы акыбалын эстеп көрөлүчү. Бирок, Алмаз Атамбаев бийликтин туу чокусуна жеткенде ал күндөрүн эстен чыгарып, дал ошол ыкма менен "Ата-Журтчуларды" четинен камата баштады. Эгер, Атамбаев чынында эле Кыргызстанга акыйкаттуу бийликти орнотом десе, өзүнүн партиясында элдин, мамлекеттин байлыгын мойсогон чоң кекиртек партиялаштарына иш козгоп, камата баштаса, анда биз дагы шапкебизди өйдө көтөрүп, Атамбаевдин бийлигин колдомокпуз! Кечээ ай-күнгө теңеп жаткан Атамбаев Кореяга барып, Акаевден биринчи мерседес мингенин мактанып келди. Мерседес минесиңби же эки этаж үйдө жашайсыңбы ал сенин кыйындыгыңды далилдебейт го... Аттиң, баарыбыздын көкүрөгүбүздө качан оңолобуз деген үшкүрүк өйүп турган кези. А бийлик болсо эски бийликтен сабак албай, өз билемдигин жасоодо. "Башың булутка тийип турса да, бутуң жерде экенин эч унутпа"- деген акылмандын кебин эсиңиздерге түйүп койсоңуздар!





Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика