Кыргыз гезиттер
 
Жылдыз Жолдошева, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Келдибековдун эркинде Алай элинин духу бар"
- Жылдыз айым, бизге маалым болгондой үч кылмыш ишин козгоо менен Акматбек Келдибековду камакка алышты. Ал жакка сиз кирип, Акматбек мырза менен жолугушуп чыгыпсыз. Ушул туурасында айтып берсеңиз?
- Чынында бүгүнкү окуяларга саресеп салуу менен Кыргызстанда укуктук башаламандык болгон апогейине чыкты. Мындай мыйзамсыз аракеттер менен бийлик үстөмдүк кылам десе терең жаңылышат. Акматбек мырзаны көрүп чыктым. Эрки, духу күчтүү. Бир нерсени баса белгилеп айтып коёюн бул мырзада Алай элинин духу бар. Эл үчүн күйгөндөрдү жалган жалаа жаап, камап жатышса, эл журт күрөшүшү керек. Акмат мырза мыйзам алдында ак экенин коргой алат жана артында колдогон шайлоочулары, эли бар. Биз бүгүн мыйзамсыз аракеттерге жол берип койсок, бат эле Афганистанга айланып калабыз. Коомчулук да Келдибековдун камалышына өз баасын берет.


Кылтакка илинген министр
Таалайбек Өмүралиев деген "важный" министрибиз бар. Бүгүнкү бийлик сересинде турган адамдарыбыз деле сыртта жааган ак кардай аппак эмес экен. Маалыматтарга таянсак, Таалайбек Өмүралиевдин да, кара жип менен токулган кылмыш иши бар экен. Мына ушундай өздүк делосунда кара тактар бар экени калкып чыгып калат. Ал ишти кантип жаптырды? Кантип кыскартты? Тарыхын дагы чубайт окшойбуз.

Бата саясаты
Өлүм улук дешет, бирок анын астында баарыбыз эле пенделикке берилет экенбиз. Кечээ мыкаачылык менен Бакыт Букаев мууздалса, чогуу жүргөндөр топурак салганга жарашкан жок. Ал эми саясатта да, дал ушул көрүнүштөр орун алууда. Надира Нарматованын баласы авто кырсыкка учурап жатса, кесиптеши "KG" номерди көрсө да, көрмөксөн болуп өтүп кеткен. Кечээ жакында Данияр Тербишалиевдин атасы каза болсо, батага төрт эле депутат барыптыр. Мына ушунун өзү эле бүгүнкү парламенттеги ынтымактын жоктугунун белгиси. Беш партиянын депутаттары батаны да саясат кылышат экен.

Саруунун сааты
"Кумтөр" боюнча Ысык-Көлдөгү саруулуктар катуу чыгышкан. Саруу айылынын тургундары түбү Таластан болоору, Саруу уругунан экендиги белгилүү. Илгери туугандар таарынышып кетип, саруу уругунун бир бөлүгү Ысык-Көлгө көчүп кетишкен. Кол ийрисине тартат болуп, саруулуктарга жан тарткан туугандары А.Бекназаров менен Б. Шер дагы бир тууганы Ө.Бабановго барышып "президентке кирип айт, Саруулардан кечирим сурасын, бүтүндөй бир элди бандит дегени туура эмес. Болбосо арты жаман болот" деп Атамбаевге салам дуба айттырышкан. Бабанов ал саламды Атамбаевге айттаарын айтыптыр, бирок жообу кандай болгонун айта элек. Ушунусу кызык болууда.

Болот Шер Атамбаев менен Кореяда жолушту
Президент Атамбаев учурда Кореяда жүрөт. Ээн жерде эч кимге билгизбей эзиле сырдашып алайын дегенби, айтор Болот Шер Кореяга Атамбаев менен жолугушуу үчүн учуп кетти. Бул максатына жетүү үчүн өз киши болгон элчи Д. Чотоновду ортого салып, элчи мырза партиялашына жок дей албай аракет кылам деп убада кылганы үчүн учуп кетти дешүүдө.


Мырзакматов камалат дегиче
Келдибеков камалгандан кийин бийликтин дагы бир адамы "Эми, кезек Ошто өзүн хан сезген Мелис Мырзакматовго келет" деп төш кага сүйлөптүр. Айланайындар, Мелис Мырзакматов Ошто кыргыздын рухун-духун көтөрүп, бийлик казынасына бир тыйын залал кетирбей, күйүп күлү сапырылган Ошту ордолуу Ошко айландырды го... Өтө конфликттүү зонаны ынтымак-ырашкерчиликтин курчоосунда кармап, кыргыздын жүрөгүн соктурган бул азаматка укурук салам десе, анда эл бийликтин бул кылыгын кечирбейт. Ошто салынып жаткан көпүрөдөн саясат издеп, "Эл шакек, сааттарын жардам кылып берген жок" деп пастыкка барып жатышканына жиниң кашаят экен. Эмне, көпүрөнү Мырзакматов кайын атасынын үйүнө салып жатыптырбы? Салса Ош элине салып жатат да. Атамбаевдин бийлиги Бакиевден калган жолдорду бүтүрүп, кыйратып жатам дегенден көрө шаардын бюджетине залака кетирбей, бир көпүрө салып жатам деген өйдө турса керек. Атамбаевди көкүтүп жаткандар мындай кадамдары менен чоң жаңылыштыктарга бара жатышат.

Атамбаевдин жардамчысы кантип элди алдап жүргөн?
Кыргызстандагы кызматтар акча менен чечилет деген сөз чыккандан бери кылмыштын башка түрү түгөнүп калгансып, шылуундар Атамбевдин "өздүк жардамчысы" жана "өкүл баласымын" деп өзүн тааныштырып, каалаган кызматыңды алып берем деп акча алып, бир канча кишини сызга отургузуп жүргөн нарындык 1971-жылы туулган Турдумамбетов Турсунбек Токтогулович 2013-жылдын 13-ноябрында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Бул жигит кызматка келгиси келгендердин тамырын тартып, ишенимине киргенден кийин бир туугандар М. Алимбековго Жалал-Абаддын сотун алып берем деп 35 миң доллар алса, эжеси Ш.Алимбековадан жакшы жумушка орноштурам деп 7000 доллар алып, Атамбаевдин атын сатып, акча таап жашап жүргөн. Ал эле эмес, Бишкек шаарынын тургуну З. Далбаевага да, "Атамбаев өкүл атам" деп ири суммага алдап кеткен. Укук коргоо тармагындагылар бул бизге жеткен маалыматтын чети эле болсо керек. Тилинен бал тамган бул жигиттен запкы жегендер көп эле болсо керек дешет. Ошондуктан ушул жигиттен жабыр тартып, акчасын алдаткандар ИИМге кайрылгыла.

Үч үлкөн саясый блок түздү
Саясый күрөш күчөп, күч топтоо иштери күч алып турган кез. Маселен Марат Султанов, Акматбек Келдибеков жана Алтынбек Сулайманов ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатышкан. Анын жыйынтыгы чыга турган өңдөнүп калды. Жыйынтыгы ушу - үч үлкөн биригип саясый блок түзүүнү макулдашышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө К.Ташиев менен М.Мырзакматовду да блокко тартуу маселеси каралып, эки эренге чабарман барган. Бирок экөө тең жоопторун бере элек.

ФСБны өлтүргөн кыргыз мугалими колго түштү
Россиянын ФСБ кызматкерин аялы менен кошо өлтүргөн кылмышкер Кыргызстандан кармалганы кечээ жакында аныкталды. Үстүбүздөгү жылы Россиянын Мытищи шаарында Ворв көчөсүнүн №1 үйүнөн В.Дмитриев жана О.Кравченконун өз үйлөрүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Эң кызыгы кылмышкер Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда мугалим болуп иштеген Р. Холматов болуп чыкты. Р. Холматов кылмыш болгон жерден чөнтөк телефонун жана саатын алып кеткен. Мына ушул буюмдардын негизинде ал колго түшүп отурат. Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалык мына ушундай кылмышкерлерди кармоо менен өз иштеринин жыйынтыгын берип жатат.

Арена-ПРЕСС

Жан дүйнө майрамы
Алтын күз ак карга айланып, коңур күз кыш суугуна курчалып, коомдо акыйкатсыздык орун алып турганда, кечээ жан дүйнө майрамы кылып, "Ош-Бишкек жолунда" деген тасманы чыгармачыл интеллигенция, саясый чөйрөнүн өкүлдөрү жаштар менен биргеликте көрүп, коомдо агартуучулук миссиябызды өтөдүк. Бул тасманын жаратмандык идеясы түндүк-түштүк эмес, биз кыргызбыз деген улуу идеологияны камтыган экен. Аттиң, кумдун майда буркүмүндөй чачылып, бөлүнүп бара жатабыз.
Ушул тасманы көрүп, "Эл биримдиги, Эл ынтымагы жана Позитивдүү жаштар" деген теманын алдында демилге көтөрүп, позитивдүү жашоого үндөгүм келди. Чынын айталы, бул демилге биз күткөндөн да ашык жыйынтык берди. Кино көргөнү барган эки жүздөн ашык студенттер мекенчилдик позициясын билдирип, бул тасма алардын жүрөгүнөн түнөк таба алды. Ал эми саясатчылар бир саамга саясатын токтотуп, жакшы маанай алып кеткендей болду. Идеология, идеология деп мамлекетибиз болбогон иш-чараларга миллиондорду чачты. А биз болсо бир күч болуп, бир тыйын коротпостон, жаштарды жакшы жакка үндөдүк. Кийинки санда бул иш чарага меценаттык кылган адамдар тууралуу кеңири беребиз.







Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика