Кыргыз гезиттер
 
Бакыттын өлүмү кимдин абийирин ачты?
Шоумен Бакыт Букаев дүйнөдөн кайтканы шоу бизнес өкүлдөрү арасында уу-дуу кептер тарады. Анан да Бакыт Букаевдин кесиптештери анын акыркы сапарга узатууга жакын досу белгилүү ырчы айым Айчүрөк Иманалиеванын эл менен кошо барбаганын жазып чыгышып, мындай пикир коомчулукта бир топ талкууга алынууда. Мындан улам кыргыз шоу бизнес өкүлдөрү арасында да кандайдыр бир чоң жик бар экенин баамдасак болчудай.


Элмара Турсуналиева:
- Мейли, Айчүрөк барбасын! Өмүрү Айчүрөктүн проблемасы бүтпөйт. Бакыт өмүр бою Айчүрөктүн күйөөсү, баласы, машинасы, костюму, карызы деп жүрчү эле. Күйөөсү Таалайды күткөн элек. Бул ушак эмес, факт! Мен телефон чалганымда үнүндө бир өкүнүч жок. "Мен аны менен катышпайм да!" деп мелтиреп сүйлөдү. Эми Айчүрөк өз башы менен кетсин! Ошондо мен эмнеге Айчүрөккө чалдым десеңер. Мен анын үнүнөн, сөздүн тонунан башка нерсени уккан жокмун. Мен уккан нерсени бул жерге жазганга менин күчүм жетпейт. Билген жаман-жакшылыкты көргөн адам үчүн ал уят нерсе! Мен келесоо! Бакыттын кадырын билбеген адамга сөз коротуп не кылам? Өз башы менен кетсин! Ушуну менен сөздү токтотобуз!!! Баягы эле Айчүрөк ай менен күн. Өзүнөн башка эч ким адам эмес. Айчүрөк жамандабаган, урушпаган , ушактабаган, адамыңыз калдыбы Кыргызстанда? Оорукчан фантазияңыз укмуш экени билем. Ушундай эле сөздөр болот!

Назгүл Мамытова:
- Бакыт Букаевдин айылындагы кошуналары да айтып жатышат ушул үйүнөн Айчүрөк чыкчу эмес деп. Кандай болгон күндө да Айчүрөк айым барыш керек эле. Букаевдин сөөгү жерге берилген күндүн эртеси эле Иманалиева КТРдин түз эфиринде Турцияга ырчы тандап жатты. Кайгырган адам андай болбойт. Ооруганы да билинбейт. Өлгөндүн өз шору деген ошол. Адам менен санаалаш болоордо ойлонуп иш кылыш керек болуп калды азыр.

Рита Борбукеева:
- Ошентип, Бакыт Букаев менен түбөлүккө коштоштук.Туулган айылында бүгүн тааныштары, искусство чеберлери, жергиликтүү бийлик мектеп, айтор аны кадырлаган көп кишилер ыйлап турду... Митинг болуп, алып баруучу Бакыттын өмүр таржымалын айтып келип,: "Айчүрөк Иманалиева жөнүндө китеп жазган", десе элдин баары биздин арабыздан Айчүрөк чыгып калаар бекен, деп жалт карашты эле, биз уялдык, анткени, айтылуу Айчүрөк Иманалиева көз көргөзүп да келген эмес эле,жок дегенде жолдошу Таалай келсе, деп шыпшынып нааразы болгондор арбын болду.Айылдаштары да Айчүрөк Иманалиевалар конокко көп келчү эле дешти. Айкөл Бакыттын эки баласын, картайганда апасын, анан кара жамынган келинчегин көрүп, зээнибиз кейиди.Мекендештер ынтымактуу, кайрымдуу бололучу, айрым убакта, баарыбыз эле өлбөчүдөй текеберленебиз. Катарыбыз суюлбай, аман бирге бололучу!.. Өлсөк да ажалыбыз жетип, балдарыбызды чоңойтуп, көп эмгектерибиздин аягына чыгып, Бакытты өлтүргөн канкорлордун жазасын берип...ушинтсек дейм...

Назгүл Насиева:
- Чынында ошол жердегилердин күбүр-шыбыр эле "Айчүрөк келген жокпу, ай, ушул үйдөн гастролдоп келсе жумалап чыкпай жатчу могу бакта" дешип таң калган кошуналар... Айчүрөктү Айчүрөк кылган Бакыттын эмгеги зор эле! Бир ууч топуракты салганга, бир көңүл сөзүн айтканга жарабай койгон кандай неме " деген сайын, жүрөк ооруп жатты. Аттигиниң ай! Бир бирибиздин кадырыбызды билбесек кайсы арыбызга эл адамы деп мактанабыз... жок эле дегенде адамдык вазыйпаны аткара албагандан кийин...Түнү-күнү Айчүрөк деп 30 жыл ден соолугуна карабай, Айчүрөктү Айчүрөк кылып чуркап жүргөн Бакыттын кадырына жетпеген, башкалардын кадырына жетеби Айчүрөк?... Ооруканда, ооруп жатканына карабай, ыйлап Динара Акулова деле келди го...

Авланбек Жумабаев, медиа-эксперт:
- Назгуль айым, кимдин эмне жалган айтып жатканын мен таразалап, баа бере албайм. ..."бир аз жалган сыяктуу болуп калгандай жазуу" калтыргандай жаныма күч келген жок. Болгону ошол күнү кеч көптөн бери сүйлөшө элек Айчүрөк менен болгон сөзүмдү эч кандай эмоционалдык тон бербестен, бирөөнүн сөзүнө баа бербестен, бирөөнү сындабастан жаздым. Ал эми Сиз менин сөзүмдү кандай кабыл алганыңыз ал өзүңүздүн жеке ишиңиз. Мен ага да баа бергим келбейт. Бирок өзүнүз айткандай "Өлгөндүн өзүнүн шору"... Бакыттын мындай мыкаачылык менен өлтүрүлүшү бүт Кыргызстанга тарап, элдин үрөйүн учурду. Мен Бакытты чыгармачыл адам катары билчимин. Аны менен Айчүрөк тааныштырып, кызым турмушка чыкканда узатуу тоюн алып барган. Былтыр шаардын бир дүкөнүнө уулум экөөбүз кирип баратсак, ал чыгып келе жаткан экен. Башында суусар тебетей кийген. Элеси дагы эле көз алдымда. "Кичүү уулуңуздун тоюн мен алып барам, болбосо таарынам", - деп тамашалаган. Абдан шайыр, адамга жакшылыктан бөлөк эч нерсе каалабаган ини эле. Мага окшогон адамдардын канчасынын ыраазычылыгын, алкышын алган... Эми бул баланын арбагын сыйлап, артынан куран окуткандан башка айла жок. Бакыт болгону 40тан эми оогон учурда, өзү так эле ошондой адам экенин унутуп коюп, адам үчүн эң кымбат болгон өмүрүн кыйам деп өзүн кыйын сынган мыкаачынын колунан бул дүйнө менен кош айтышты. Эми биз ал баланын ажалын чырга айлантпай, кимдин эмне кылып барганын, кантип куран окутканын, канча кошумча кылганына чейин жазып, бул коомдук жерде эмоциябызды төкпөй эле койсок туура болмок. Айчүрөк Сиз айткандай телегейи тегиз, шайыр болуп жүрсө эмгиче өз оюн билдирмек. Кечээ да сүйлөшө албагандыктан, бүгүн үйүнө чейн барып жолугуп келдим. Алдымда элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. өзүнүн кесиптеши Асель Турдалиева да келип кетиптир. Эми бул коомдук жерде кимдин кандай абалда жатканын билдире берүү этикалык нормага да жатпайт. Ошондуктан Айчүрөк Иманалиеванын ден-соолугу дурус, көңүлү жайдары, шайыр деп айтуудан алысмын. Сиз айтып жаткан телесынакта Айчүрөк отурганында кабарым бар. Айчүрөккө бир ооз айтайын десем, телефону өчүк экен. Ошондон улам ал теледолбоордо жаш ырчылар сынагында отурганын уктум. Ал долбоордун чет-бучкагын көрүп калдым. Эми бул долбоор бир күндө өтчү иш-чара эмес экен. Кечээ финалы болуп. Айчүрөк мүчөсү болгон калыстар тобу Кыргызстандын атынан барып ырдай турган ырчыларды тандап алышты. Ал жакта келечекке чоң чыгармачыл кадам коюп, өз өнөрүн элге тартууласам деген үмүт менен жаш улан-кыздар катышты. Калыстар тобунун мүчөсү болуу бул дагы чоң жоопкерчилик. Арты жаңыдан талпынып чыгып келе жаткан, алды Куралга окшогон аты чыгып калган жаш артисттердин шагын сындарбай Айчүрөктүн барып бергенине да ырахмат. Мүмкүн ошол жаштардын арасынан Айчүрөк, Бакытка окшогон атактуу, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон инсандар чыгаар. Ошондуктан тилегибизди жакшылыкка оодарып, Бакыттын жаркын элесин булгабай "Жаткан жери жайлуу болсун..." десек. Бакыттын мага окшогон жөнөкөй адамарга эле эмес, бир топ жоон топтогу кесиптештерине, артисттерге да көп жардамы тийгендир. Буюруса алар да Айчүрөктүн катарында өздөрүнүн парзын аткарып, куран түшүрүп барар. Бакыттын артынан боздоп анын энеси, жубайы, эки наристелери калды. Эми аларга деле аяр мамиле кылалы. Эмоцияга алдырып, бул түбү жок сөздү улай бербейли. Мен өзүмдүн сөзүмө эч кимден комментарий күтпөйм, эч кимдин алдында актанбайм, эч кимдин сөзүн баалабайм... "Бакыттын калган өмүр-жашын балдарына берсин, арты кайрылуу болсун", - демекчимин. Чолом тийсе мен дагы барып куран окутуп келгенге аракет кылам. Себеби, мен да өзүмдү милдеттүүмүн деп сезем, анткени Бакыт өзүнүн өнөрүнүн күчү менен менин үй-бүлөмдөгү жакшы бир кечти кооздоп өткөрүп берген. Урматтуу, Назгуль Мамытова, мен өзүмдүн оюмду толук айттым деп ойлойм. Эгер, мени ашап чаап кетти десеңиз, алдын ала кечирим сурайм, бирок дагы бир ирет айтайын: Менин бул сайттагы комментарийимде бир да жалган сөз жок. Сак саламатта болуңуз, Сизге жакшылык тилеп, Авланбек.

Кесиптештеринин мындай пикирлерине Айчүрөк айым да өз жообун берди.
- Мыкаачы-канкорлордун колунан каза тапкан элдин уулу Бакыт Букаевдин жарык дүйнө менен коштошуп кеткенине 6 күн болду. Бул окуя бир паста Кыргызстандын бүтүндөй булуң бурчтарына жетип, жашты да, карыны да кайгыга салды. Учурда милициянын эң мыкты кызматкерлери күнү-түнү иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан учуру.
Бакыт менин чыгармачылыгымдабы, же мен Бакыттын чыгармачылык жолундабы, айтоор бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келген учурлар болгон. Азыр мен Бакытты чыгармачыл сапарына салдым деп айткандан алысмын, же Айчүрөктү элге мен тааныткам деп айтаар досубуз арабызда жок. Жылдар өздөрү айтып турат - мен ырчынын кесиптик жолуна 1990-жылы түшкөм, Бакыт да 1995-96-жылдары ушул максаттуу багытка аттанып чыккан. Бакыт өз сунушу менен келип, көп жылдар бою чогуу иштедик. Кудайга шүгүр, экөөбүздүн тең тагдырыбыз бизди кур калтырган жок. Атыбыз оболоп, маңдай терибиз менен тапкан эмгек акыбыз да экөөбүздү тең канааттандырып келген. Бирок акыркы жылдары Бакыт өз чыгармачылык жолу менен басып, мен өз өнөрүм менен алек болдум. Мен да эң биринчи ирээт үч баланын энесимин, Бакыт да эки уулдун атасы болуп, өз шаарыбызды куруп келдик.
Бирок айтып келбеген ажал Бакытты арабыздан сууруп кетти, эң кейиштүүсү киши колдуу болуп кетиши баарыбыздын жүрөгүбүздү туйлатат.
Мына ушундай кейиштүү учурда өзүнүн кайгысын койнуна катып, сабыр кылуунун ордуна, "досум" деп буркурап ыйламыш этип болгон каарын ушул Фейсбукка чачкандары эмнеси? Унчукпай 6 күн байкап турдум, эсине келип токтоп калышабы дедим, теңелбейин дедим. Бирок бул "Элмаралар" чегинен чыгып каргышка өттү. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. Ар кайсы сайттарга ысмы жок кирип алып, каалагандай каралап көнгөн немелер Фейсбуктан да ошондой амалды колдонобуз деп ойлошту. Бирок бул жерде ар кимдин жүзү бар, жүзү жокторго эч ким олуттуу мамиле жасабайт Элмара. Бул жерде кадыр-барк, абийир, уятты бийик туткан, керек билимдүү, керек маданияттуу адамдар отурганы дагы бир жолу даңазаланды. Дегеним ден-соолугума байланыштуу Бакытты акыркы сапарга узата албай калганымды каралоонун желеги кылып көтөрүп алып акыры "Өз башы менен кетсин" дегенге чейин барышты. Бакытты мен өлтүрүп үй камагында отургандай эле кылды.Булар кимдер? Каалагандай калчап, элдин алдында атымды жерге чапканга ким моралдык укук берди? Качантан бери кыргыз эли Элмара жана анын досторунун акылы менен жашап калышкан? Мен катардагы ырчы болсом да, кыргыздын кызымын! Ата-тегибизден калган каада-салтты колуман келишинче кармап келем.Андан соң алардын постун, алардын комментарийлерин өздөрүнүн тегерегинде учурда "дос" болуп жүргөндөрү коштобосо, калгандары менин эркимсиз атым түшүп калган терс ой-пикирлерди 98 пайыз колдогон жок.
Ырас, убагында ден-соолугума байланыштуу Бакыт менен коштошо алганым жок. Бирок бул эки инсанга гана тийиштүү, эки чыгармачыл адамдын ортосундагы гана мамиле. Кимдин ичинде эмне бар экенин, ким кандайча кайгырып жатканын ким билсин?
Кейимиш этип, Бакыт менен болгон трагедияны шылтоо кылып, ашаткы жыттанып жүргөн Элмара деген сиңдиме айтаарым: Таза бол! Өз жолуңду тыңда! "Мен артисттерге көз каранды эмесмин, алар мага көз каранды" деген сөзүңө ишенип алып, менин да атымды каалагандай колдоном деп ойлойсуңбу? Андан көрө бетиңен өөп, артыңан "Ии, ушул Элмара таманынын чоорун сүрткөндү билбейт" деп "досторуң" айткандай, эң биринчи ирет аялзатына таандык болгон "тазалыкты" карма!
Мен болсо Бакыт Букаев менен болгон чыгармачыл тандемимди бийик тутуп, өз жолумду сенин жана сенин досторуңдун акылы жок эле жасайм! Бакыттан менин чыгармачылыгыма арнап, биргелешип жасаган китеп эстелик болуп калды. Менин чыгармачыл жолум ошончо бай болгондуктан Бакыт да болгон потенциалын колдонуп ушул барактарды эстеликке калтырып кетти. Ал эч качан өчпөйт. А сенде алты күндөн бери оозуң менен оттоп жүргөн ирик-чирик сөздөн башка эмне эстелик калды?
Акырында айтарым Бакыттын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун! Жараткан жанын жаннаттан берсин!





Яндекс.Метрика