Кыргыз гезиттер
 
Жараткандан адам баласына өмүр берилип, тагдыры жазылат. Анан ошол тагдыр менен адамдар бу жарык жашоодогу өмүрүн кечирет. Ал эми ошол өмүрдүн же тагдырдын касиетке же улуу бир күчтөргө эгедер кимдир бирөөнүн кийлигишүүсү аркылуу өз жолунан тайышы, адам өмүрүнө доо кетирүү жана ден соолугуна залака келтирүү деп ойлойм. Бул оор күнөө да, чоң катачылык да...

сүрөттөгү Атамдын көзүн ийне менен сайгылап коюптур

Мындан он үч жыл мурда анда балам үч жашта эле оң капталыма алып жатчумун. Түшүмдө апаппак кийимчен аял келип мени жана баламды карап турган экен. Андан мага да, уулума да нур төгүлүп туруптур. Балам экөөбүздүн тең денебиз көтөрүлүп турган экен. Тирүү жандардын энеси Умай эне келсе керек деп ойлогом. Кийин редакцияда иштеп калганда Садык Гавайга түшүмдү айтып берсем, "мечитке барып намазга жыгыл" деди. Куран угуп, анда-санда мечитке барып жүрдүм. Ошондон тартып мен кайда иштебейин ал жердин жумушу илгерилечи. Кээде тааныштарым "сен магазинге кирсең элдер көп кирет, же таксиме отуруп койчу клиенттер көп түшсүн" деп айтышса күлүп койчумун. Эл катары эле тиргилик менен алектенип, бирде ыйласам, бирде кубанып өмүр кечирип келгем.
Тагдырдын жазмышы болдубу мындан 6-7 жыл мурда кокустуктун айынан мага жолуккан ошол аял учурдагы адам акыл эсиндеги болуп жаткан бурулуш өзгөрүүлөрдү ошондо эле билгендигин эми түшүнүп, анын ар бир айткан сөздөрү өзүмдүн жашоомдо болуп жатканын эстеген сайын жанымды коерго жер таппай кайсалактайм. "Телефон менен сүйлөштүрбөйт, сүрөткө да тарттырбайт, үйгө киши жолотпойт, үйгө темир койдуртпайт, адамдардын жанын да байлап алса болот, ичти өткөрүп, ичти катырса болот, сен башкача жан экенсиң, кызым сендей эмес" десе, баёо жаным эч нерседен бейкапар бир чети таңгалсам, бир чети жылмайып эле тим болгом. Чогуу тамактанып отурганда, жобурап ар нерселерди айткан сайын мага ого бетер кызык сезилип, угуп отура бергем. Мындай күчтөр мага келгенде адамдардын баарына келеби деген суроомо, ойлонбостон "ооба" деп жооп берип алып, тымпыйып унчукпай бир саамга отурган эле. Атаганат, анын ким экенин ошондо эле билгенде чогуу тамактанып, сүйлөшмөк турсун жанына да жолобойт элем. "Уулум бар" деп менден тогуз жаш кичүү баласы менен тааныштырган...
Ал аялдын сиңдисинин баласы өспүрүм жаш курагындагы эки балага кошулуп, Жогорку Кеңештин жанынан мени тоноп кетишип, милицияга колго түшүшкөн. Азыр ойлоп көрсөм эжеси касиет, күчүн колдонуп мага ортомчу түшкөнү экен. Жаш балдар кылмышка барышса да аларды каматпай, арыз менен сотто алардын ишин кароону токтоттурган элем. Мени карактаган балдардын бирөөсү жөнүндө ошол аял мага ар нерсени айтып берсе, ал учурда мен түшүнбөптүрмүн дагы. Көрсө, ал бечара да жаны кыйналып, айласын таппай жүргөн учуру экенин эми түшүнүп, кылмыш жасаса да, ырас эле каматпаптырмын деп аны азыр аядым. Эгер, мен арыз бербегенде карактагандары үчүн 5 жылга кесилип кетишмек. Катуу коркуп калгандыктан көпкө чейин ал окуяны эстеген сайын денемди калтырак басып жүрдү. Артыман келаткан кишилер жетип келип кармап жиберчүдөй сезилип, улам артымды элеңдеп карай берчүмүн. Мындай адат азырга чейин мени коштоп келет. Бул окуядан кийин ооруп, алты ай баспай калдым...
Бала энеге, бир тууган бир тууганга күйбөгөн тар заман. Замандын алмашуусу дейбизби, жаны ачып, кайда барса жолу болбой, күчүн жинди суудан чыгаргандар да арбын. Бала энесинен компьютердик оюндарды жогору коюп, бар жашоосун компьютерге байлап алган заман. Көчөгө чыксаң дайыма артыңан калбай ээрчиген бир сапсыйган ит, күрүлдөгөн моторлуу машинанын эл уктаарда тынчын алганы, жип-шуулар жана башка буюмдардын корооңо ташталышы, үйүңө тааныштарың келсе, же алар менен көчөдөн сүйлөшсөң ар кандай жыт-жыбырлардын жыттанышы, дайым коштогон сай сөөгүңө өткөн муздак шамал, кара мышыктын эшигиңе келип бут кийимиңе тигилип кырылдап турушу жана башка ушуга окшогон көрүнүштөр көзү ачыктар айтып, жазып жатышкан доордун алмашуусу менен келген сюрприздерби же адамдардын амалы экенин азырга чейин түшүнө албай келем. Мүмкүн, мен кабылган мындай көрүнүштөрдү коомчулуктагы көзү ачыктар чечмелеп беришер.
Чиедей төрт баласына күйбөй, ачка калтырып, далдалаңдап 9 ай боюнда болгонуна карабай сиңдим эртең менен саат 6.00 жумушка кетип, кечки саат 23.00 үйүнө кайтып келчү. Мени таң калтырганы ал жума күндөрү эс алчу. Көрсө, чоң кудай деп Жахабага жалынгандар жума күндү оор күн деп эсептешип, бул күнү киши көрүшпөйт экен.
Аны машинасы бар келин алып кетип жүрчү. Бир жолу машинанын сигналынан сыртка чыгып карасам, машина туруптур. Андан кимге келдиң эле деп сурасам мага акырая карап сиңдиңдин медсестрасымын деген. Качантан бери бизде врачтар, медсестралар пациенттерин ташып барып текшерип калган деп ойлоп койгом. Бир сапар сиңдимдин үйүнө барып калсам каалгасы кичине ачык экен. Мектеп жашындагы кызына кара жипти кантип сүйлөнүп байлай турганын үйрөтүп жатканын угуп, эшигин ачып кирип барсам, сыр бербей жибин чөнтөгүнө сала койду. Кызы селт этип чочуп кетти.
Акыркы кездерде анын колуна кашыкты кармап сүйлөнүп, мен жашаган үйдүн айланасына таштаганын байкап, бул эмне акылынан тайып баратабы деп ойлоп койчумун. Бирок, мурда деле мен баскан жолдорго ар кандай темир-тезектерди таштап жүргөнүн көргөнүм менен ага анчалык деле маани бере бербептирмин. Ошентип, мен катуу ооруп, жумушка чыкпай көпкө үйдө отуруп калдым. Бир күнү сиңдим балдарына "мага жакын жолобогула" деп айтканын угуп, бир тууган болгону менен бөлөк өсүп, дили башка болуп калган турбайбы деп кейигем. Анткени, ал сиңдимди башка бирөө багып алып, кийин ал бакма ата-энеси каза болгондо бизге келген эле. Ал балитирээк жашагандыктан өлбөгөн жанга таза эле жашабайсыңбы деп кээде тилдеп айтсам, кээде акырын айтып кеп-кеңештеримди берчүмүн. Башка бир туугандарым менен урушуп кетип, "мен силерге көрсөтөм" деп айтчу экен. Кийин анын "мен эч кимден коркпойм" деп айтканын угуп, коркпогондон коркуш керек го деп койдум эле.
Мурда мени тоноп кеткен балдардын эжесиникине(ал аял тууралуу гезиттер кайып кыз деп жазып жүрүшкөн) апасынын барып, ар нерселерди үйрөнүп жүргөнүн баласы мага айтканынан, мен сиңдимди тилдесем, ал баласынын жону тилингенче сабаптыр. Ал өзү айткандай канча адамдын башын Жахабага ачтырып, канча адамдын убалына калды болду экен. Үйүмө бир туугандарым келип калса эле мен жашаган үйдү айланчыктап, терезенин тушунда тыңшап турганын бир нече ирет байкагам. Экөөбүз бир короодо, эки бөлөк үйдө жашачубуз. Кээде ал үйүмө кирип чыккандан кийин түнкүсүн балам да чоочуп, үйүмө келген сиңдилерим да кыйналып чыкчы. Ошол тарапка көчүп баргандан тартып эмнегедир башым да көп ооручу.
Сууну короодон алабыз. Бир сапар мен суу алып үйгө келчү жолдун чекесин казып отурган экен. Мен жанына басып барсам чоочуп кетти. Эмнеге жер казып отурасың десем "топурак керек" деп койду. Үйгө кирип кеттим. Кийин жарым жыл убакыт өткөндөн соң иниме аккан суунун нугу ары кетсин, жолдун жээгине арык жасап койчу деп ага каздырып жатып, ал жерден куурчактын башын таап алдык. Ичине чөпүрөк чапырак салып коюптур. Ал куурчакты сиңдимдин кызы ойноп жүргөнүн көргөн элем. Болгондо да ал баягы сиңдим казып отурган жерден чыкты. Эртеси куурчактын башын алып өрттөп салдым. Эмнегедир башымдын ооруганы басыла түшкөндөй болду.
Мен ооруп калганда кичинекей кызы тереземдин түбүнө келип таш ордунан жылып калыптыр дегенин угуп, ташты жылдырып карасам, алдына бир нече жеринен түйүлгөн кара өрүлгөн жипти бастырып коюптур. Уктасам эле терезем кылдырттагансып, жаман түштөр кирип кыйнала берчимин. Ал жибин алып өрттөп салдым. Кийин ордуларынан издеп таппай калышты. Дааратканага бакалажага кара смолага окшогон нерсени куюп келип таштаганын көрүп, мындай нерселерди жасаба деп айткан элем. Ушуга окшогон трюктарын жасап коюп, балдарына "дааратканага барбагыла" деп айтканын да уккам. Сүрөттө атамдын көзүн ийне менен сайгылап койгонун балам да, өзүм да көрүп алып көпкө кыжаалат болуп жүрдүк. Азыр атамдын көзү жакшы көрбөй калган. Өзүн "жетиммин" деп айтып, атамды көп жактыра берчү эмес. Кийин ал реанимацияда жатканда атам балдарымдын алдына мен кетейин, менин жанымды ал деп кудайдан суранганын түшүндү бекен...
...Ай күнү жетип, ал төрөгөнү төрөтканага жатты. Төрөт учурунда кан көп кетти, абалы өтө эле оор дешкенинен врачтардын айтканы боюнча түндөп кан алып келдик. Чамынып, ар нерселерди сүйлөнүп калганынан ал жердеги төрөткананын бөлүм башчысы башын текшертип көргүлө деди. Компьютердик томограмма жасатсак инсульт болгон экен. Ал жерден Ахунбаев атындагы республикалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө которулду, андан соң Мамакеевдин хирургиялык ооруканасында дарыланды. Ал ооруканада жатканда баягы медсестра шоопуру аны издеп сурап келди. Ушинтип ооруканада жатат десем, өңү бозоруп, мага ишенкиребей карады. Чамасы сиңдим ишине барбай калганга кабатырланып келсе керек. Анын улам ооруканадан ооруканага которулушу да мамлекеттик жогорку кызматтагы же таанышы танка адамдардай эле болуп жатты. Өзүмдүн ооруганыма карабай кандай болсо да бир тууган эмеспи деп ага карыздап акча таап, тамагын ташып жүрдүм. Жакшы болгондон кийин аны айылга эжем көчүрүп кетти. Ошентип, аны эшигинин кире беришине дайыма окуп илген үч кайчысы да, ар кимден сактанам деп окуган суулары да, ага кара дүйнөнү үйрөткөн көзү ачыктары да сактай албады окшойт. Сиңдимди кудай жазаладыбы деп ушул күнгө чейин ойлой берем. Ошол мага кылган ырым-жырымдарын эстеп, куурчактын башын да тапкан соң эки күн ыйлап, ооруган жүрөгүм ачышып жүрдү.
Жадагалса балдары грипп болуп ооруп турса да дары ичишчү эмес, анткени балдарынын айтканына караганда, аларга дары ичкенге болбойт экен. Апасы ошентип үйрөтүптүр. Ал гана эмес мен айылга кеткенде Асыл эже "Сенин үйүңө чоң "Джип" менен бир кызыктай аял келип, сиңдиң менен сүйлөшүп кетти. Менин магазиниме келип, жумуртканын сыртын сурады" деп айтты. "Ким келди эле" деп сиңдимден сурасам, "эч ким келген эткен эмес" деп адатынча жанын жеп танып койду. Асыл эже жалган сүйлөбөгөн адам.
Ата-энем тыңыганча багып, кийин бала-чакасынын мектебине жакын жерден үй таап берсе, ата-энеме айтпай дебей кичинекей балдарын таштап, шаарга качып келе бериптир. Анын кимдерге, кантип иштеп жүргөнүн ойлогондо, мен эле эмес, калган бир туугандарымдын да жүрөгү мыкчылат. Профессор агайымдын да иш кабинетиме бир нече куурчакка ийне сайып коюп коюшуптур деп айтып бергенин угуп, адам өмүрүнө залака келтирбей, кызматынан жөн эле алышса болмок деп ойлодум эле. Ооба, окурман биз жашаган бул оомал-төкмөл дүйнөдө бирөөгө зыяның тийбей жүрөгүңдөгү сезимиңди аздектеп жашап келсең да, кызмат орун үчүн, же көрпенделик менен акча табуунун амалында адамдарга ар кандай айла-амалдарды жасагандар да кездешпей койбойт. Жогоруда айтылгандай ыпылас нерселерди руханий дүйнөсү жарды, өз күчүнө ишене албаган алсыз көрпенделер гана жасайт.
Бир адам экинчи адамдын акылынын үстүнөн башкарган, кайып дүйнөсүндөгү билермандар жок дегенде мындай айла-амалдарды жүрөгү таза, акыл деңгээли, адамдык парасаты жогору адамдарга үйрөтсө, мүмкүн, коомдо запкы тарткан оорукчан жандар, бейажал кеткен өмүрлөр азайат беле...
Алия






Яндекс.Метрика