Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"бир мамлекетке пайда алып келип жаткан долбоор экинчи
мамлекетке зыян алып келерин эстен чыгарбашыбыз керек"
- Адахан мырза, бүгүн коомчулукта бирдиктүү оппозициянын жоктугу, парламенттик оппозициялар да өз миссиясын толук аткара албаганы айтылып жатат. Алмаз Атамбаев катачылыкка жол бербей жатабы? Же оопозиция буктурмада жатабы?
- Оппозиция биринчиден, буктурмада жаткан жок. Өзүбүздүн көз карашты бийликтин катчылыгын ачык айтып жаткан мезгилибизде тынчтык болсун, элди удургутпаса, элдин тынчын албаса дешти. Биз эле бийликтин иштешине тоскоолдук жаратып жаткан болсок, тынчыйлы деп унчукпай калдык. Элге кайрылуу жазып, мындан ары Кыргызстанда кандай окуялар орун алса да, аны бийликтегилер жана эл өзү чечсин дедик. Кол куушуруп, баарына кайдыгер болуп отуруп албай, орчундуу окуяларга "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын төрагасы катары билдирүүлөрдү чыгарып жатам. Кырдаал мындан ары курчуп кетпесе, бийликтин катачылыгынын азабын эл тартпаса экен деп отурам. Ошондой эле анча-мынча кишиге байкалбаганы менен массалык маалымат каражаттарын да бир колго жыйноо процесси күчтүү жүрүп жатат. Бийликке карата бир сөз айтып койсоң эле, интернеттен арылдап 60ы чыгып, түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да комментарий беришет. Керек болсо башка мамлекеттердеги болуп аткан маселелерге да аралашып, оң -тескери пикирлерибизди айтып туура эмес жолго түшүп, маданиятсыздыкка, ээнбаштыкка жол берип жатабыз. Интернеттеги баш-аягы жок комментарийлерде жазылган уят сөздөрдөн уяласың. Жаш балдардын аң-сезимине залакасы тийбесе экен, балдар окубаса экен дейсиң. Азыр ар бир саясатчымын дегендердин кол алдында 4-5 кишиси бар. Кокус аты аталып калган болсо, комментарий жазгандары бири -бирин ырылдатып, төмөн деңгээлге түшүрүп, короз, ит уруштурмай оюндарына жеткирип коюшту. Ар биринин катачылыгын айтып, эки жаат болуп кырылышкандан пайда чыкпайт. Саясатчылардын бул аракети Кыргызстанга абийир алып келбейт. Болгону элди гана ирээнжитет. Жаштарга терс таасири тийет.
Коом да булганып, жакшы менен жаманды, ак менен караны ажырата албай калды. Ошон үчүн чырылдап айткан сөзүңдөн да майнап чыкпайт. Эч ким укпайт. Айрым гезиттер булуттан чыккан айдай болуп, жарк эткизип чындыкты жазып жатат. Бирок, ошону окуп, ага маани берген киши кайда?
- Оппозициянын деңиз тынчтыгын кармашы бийликке жагымдуу шарт түзүп жатабы? Эмне үчүн бийлик кыймылдабайт?
- Биринчиден, мунун пайдалуу жагы калың катмар элибиздин көзү ачылмайынча бир-эки киши эч нерсе кыла албайт. Элдин көзүн боёмоочулук жагынан саясатчылардын баары эл аралык деңгээлдеги мастер болуп калышты. Чындык үчүн чыркыраган кишиге да кош көңүл карап калдык. Мындайча айтканда, эбегейсиз чоң кайдыгерлик пайда болду. Коом ошол жол менен бараткандан кийин чыркырап чыккан үн көзгө көрүнбөй, кулакка угулбай калат. Кандай ыкма менен болсо да, бийликке жетип алган кишини кыйын экен деп калдык. Азыр мыкты окуган, ийгиликке жетишкен, жаңы ачылыштарды жасаган кишилер мыкты эмес, алып, жулуп, качып бир нерсеге жетишсе кыйын деп ооздон түшүрбөй мактап калдык. Мына ушундай терс көрүнүштөрдүн кесепети жаштардын тарбиясына, кыргыз дүйнөсүнө, кыргыз маданиятына, кыргыздын илгертеден келе жаткан философиясына чоң сокку уруп жатат. Мунун түбү жаман. Элди ыдыратат. Улуттун талкаланышына, майдаланышына алып бара жатканын түшүнгөн жокпуз.
- Россиянын президенти Путиндин Кыргызстанга келишин кандай кабылдадыңыз? Анын келиши менен Кыргызстан уттубу же утулдубу?
- Негизи бул чоң геосаясый жүрүш. ГЭСтер курулат экен деп калпагыбызды көккө ыргытып, эрте кубанып жатабыз. Байкасаңыз Россиянын энергетика министри "кошумча изилдөөлөрдүн аркасында өзүнчө келишим менен ишке ашырчу долбоор" деп айтты. Бул бир. Экинчиси Россиянын президенти Путин "ГЭСтердин качан курулуп бүтүшүн так эч ким айталбайт"-деди. Техникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин баштагы келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилери кеп болду. Кептин баары ошол өзгөртүү киргизилген жерде болду. Россия салган акчасын толугу менен кайтарып алганга чейин Кыргызстандын тийиштүү активин көзөмөлгө алат деген келишим түзүлдү. 2009-жылы түзүлгөн келишимди азыркы түзүлгөн келишим менен салыштырып карап отурам. Өзгөчөлүктөрү көп. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей болуп, Россия ишеним көрсөтпөгөндөй үстүртөн мамиле жасап, ушул чөлкөмдө жашап жаткан мамлекеттердин да кызыкчылыгын эске алышыбыз керек деп, эки тараптуу сөз айтып, ача пикир жаратып жатышканы бир аз кооптондуруп жатат. Эгер Өзбекстан менен Казакстандын кызыкчылыгын эске алууга милдеттүү болсо, анда бир мамлекетке пайда алып келип жаткан долбоор экинчи мамлекетке зыян алып келерин эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жөн жай маселе эмес, болгондо дагы өтө орчундуу суу маселеси. Аны түшүнбөгөндөр жакшы келишим түзүлдү деп жатышат. Иштин башталганынан да башталаары кызык болуп, шумдуктуудай көбүртүп, үч айдын ичинде долбоор бүтөт деп жатабыз. А келишимде техникалык, экономикалык жөндөмөлөр Россия тараптан болуп жатат. Биздин ошол суу ресурстарына кайсыл бир деңгээлде пайдалануунун ыкмаларын, жолдорун башка бир мамлекет менен сөзсүз түрдө кеңешип иш кылыш керектиги айтылып жатат. Россиянын энергетика министри болсо, "жакынкы жылдары ишке аша турган маселе" деп айтып жатат. Кыргызстандын бюджетинде 32 млрд. сом тартыш болуп атканда алар бизди эмне кылмак эле. Болгону тоо-ташыбыз, суубуздун эсебинен көңүл бурдуруп жатат да. Кетирген каражаттарын эсептеп отуруп, биз мынча млн. салдык силер бир тыйында салган эмессиңер дегенге ким кепил болот? Ушул сөздөрүм үчүн мени түшүнбөй көптөр жаман көрүшү мүмкүн. Бирок, бир күнү жарк этип ушул чындык айтылат. Бул келишимди түзүп жатканда абайлаш керек. Россия ГЭСтерди куруп беребиз дегени жаңылык эмес, 2009-жылы 3-февралда түзүлгөн. Мына ошого өзгөртүүлөр киргизилди деп жатышат. Ал өзгөртүүлөр башка бир келишим менен жөнгө салынат деп жатат. Башка келишим кандай багытта болот. Ал качан талкууланат. Башка келишимдин долбоорун ким жасайт. Кемшеңдеп ыйлагысы келип турган баладай болуп турган Кыргызстанды ким келип башыбыздан сылап койсо, дердеңдеп кубанып, калпагыбызды көккө ыргытып, өтө бактылуу болуп кетебиз. Путин келгенче мына келет экен деп бир жума катуу дүрбөдүк. 2005-2009-2010-жылы да калпагыбызды көккө көкөлөтүп ыргыткан учурларыбыз да болгон. 2011-жылдын 22-декабрында "Камбар-Ата-2" толугу менен курулуп бүтүшү керек эле. Кана бүткөнү? Ошондуктан кубангандан мурун, акыл калчап отуруп, жыйынтыкка келе турган жердебиз.
- Суу маселеси да Курманбек Салиевди тактыдан кулатты да туурабы? Алмаз Шаршенович да ошол тагдырды кайталап калбайбы?
- Ал жүрүм, турумга жараша болот. Экинчиден, ушунчалык маданиятсыз, сабатсыз болуп жатабыз. Кайсыл гана кесиптин ээсин сурабаңыз көбүк. Барпырап боркулдап кайнайт, түпкүлүгүндө эч нерсе жок. Кыргыз мамлекетинин бюджети 2011-жылы аткарылбаса кызматтан кетем деген азаматтар кана? 32 млдр. карыз менен турат ким кетти. Убада кана? Биз жыргап жатабыз КМШ өлкөлөрдүн катарында биринчи болуп баратабыз деп ач кыйкырыкты салып жатабыз. Шалдыраган арабадай болуп, Путиндин Кыргызстанга келиши кайсыл гана мамлекеттер үчүн сес көрсөтүү гана болуп калбаса экен. Эгер шартыма көнбөсөң биз Кыргызстанга ушундай колдоолорду көрсөтүп коёбуз, кайсыл бир деңгээлде зыяныбыз тийип калышы мүмкүн деген геосаясый оюн. Ошол геосаясый оюнда Кыргызстан курал болуп калбаса экен.
- 2010-жылы Конституция тууралуу көрөгөчтүк кылып айткандарыңыз бүгүн турмуш чындыгына дал келип отурат. Көптөр баштарын муштап турган кез.
- Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаевдер да дал ушинтип какшаган. Булар чыккынчы, кыргызды алдыга сүйрөбөй бөлүп, жарып жатат деген азаматтар кайда? Сизге чын көңүлүмдөн, балалык сезимим менен ыраазычылык билдирем. Биринчи жолу сиз чырылдап айткандарыңыз туура чыкты деп айттыңыз. Мен эки жыл башта айткан элем деген сөздү колдоно берип кыйналдым. Сиз эске алып айтып жатканыңыз үчүн чексиз ыраазычылык билдирем.

Азыр жакшы -жаманга да баа берилбей калды. Кечээ айткан сөзүңдүн туура же туура эмес экенине да баа бербейт. Оомалуу, төкмөлүү дүнүйө, жакшысын да, жаманын да турмуштун дөңгөлөгү тебелеп, тепсеп быт-чытын чыгарып жатат. Өмүр өтүп жатат. Эч кандай чындыгына чыкпай жатабыз. Кыргызстанды шайтан азгырып, жетесинен жетелеп алды. Ошол Башмыйзам шайтандардын жазган мыйзамы экенин айтып келем. Ага башаламандыкка алып келгени мисал болуп отурат. Бүгүн Атамбаев башын мыкчып, элдин алдында очойгон убадаларды бергени менен аны аткарышка мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Жантөра Сатыбалдиев да жаңы келип, иштемиш этип, ары-бери чапкылап атканы менен эртең, бүрсүгүнү колдон эч нерсе келбээрин, эркиң жетип турганың менен мыйзам жол бербээрин, кишенделүү экенин, кайсы бир саясый партиянын барымтасында отурганын туят. Кызматка келгенде ураа деп кол чапкандар кызматтан кеткениңде кеткени жакшы болду деп кол чабышканына күбө болот. Бабанов да ошондой болгонуна баарыбыз эле күбө болдук го. Алга жылыш деген болбойт. Анча-мынча саясый партиялардын өкүлдөрүнөн угуп жатам. "Бул коалицияны да таратпасак болбой калды" дешип атат. Эмне үчүн? Анткени, кызматка барам деген максат ишке ашпай, бирөөнү кызматка тартам деген аракетинен майнап чыкпай калды. Кайсы бир тармакты башкарабыз деп кыялдангандарга ал тармак тийбей калды. Эми кайра эле арзыбаган кызматтын айынан быт-чыт башталат. Туңгуюкка алып барчу жол. Өкмөттү беш жолу алмаштырсак да жашообуз ушул эле темпте турат. Бир башчыга баш ийип, бирөө гана жетекчилик кылмайын бул кырдаалдан, ит жыгылыштан чыга албайбыз. Азыр анча-мынча кептер кетти го. Атамбаев "бийликсиз Кыргызстанды куруп алып, туура эмес Башмыйзамды кабыл алыптырбыз" деп айтты деген. Ал өзү ушул Башмыйзамдын туура эмес экенине көзү жетсе, жанындагы жанжөкөрлөрү ушул жол менен барбасаңыз болбойт деп колу-бутунан байлап, мажбурлап жатат. Ушул сыяктуу Сатыбалдиев "өкмөттүн курамы да, жеке кишилер да мени канааттандырбайт " деп айтты. Канааттандырбаса кызматтан бир жыл болобу, беш жыл болобу кетет да. Ошондо мен каалабаган кишилер мени менен иштешпей койду дейби? Кызык. Анан да биз Кыргызстанды каалагандай майкандап жатабыз. Өкмөттүн алсыздыгын айтып, кызматтан чегинтишти. Бирок, жеди, ичти деген дооматтарды аныктап, эч кандай деле жоопкерчиликке тарткан жок го. Кыскасы, бүгүн эмне болсо ошол болсун. Үч ай болсо да бийликке барып, аткарчу ишти аткарып, колумдан келишинче алайын деген эле көз карашта күн кечирип калыштыбы? Артымда кандай из калтырам, Кыргызстанды кантип бир см. болсо да алдыга жылдырам деген ой эч кимисин ойлонтпогонуна таңгалам.
Мен губернатор, министрлер менен да сүйлөшөм. Алар "эмне болуп атканын деле билбейбиз. Эптеп күндүн өткөнү эсеп" дешет. Айрымдары "эмгек китепчеме министр же губернатор болуп иштеген деген жазуу калса эле болду. Кийин неберелериме ушундай кызматта иштептир деген сыймык калып, кадыр-барктуу болсом" дегендери да бар. Айланайын кыргызым, ушул деңгээлге жетип калдыкпы? Өтө катуу элем азыр ар бир сөздү айтканда көзүмө жаш айлана турган болуп калды.
- Азыркы өкмөт электр-энергиясын төлөгүлө деген квитанциянын артына "көмүр сатып алгыла, кыш катуу болот" деп жазуу менен элдин аң-сезимин акырындык менен көндүргөн саясат жүргүзүп жатат. Бакиев тезек тер десе, булар анын маданияттуу жагын колдонуп жаткандай сүртүм калат...
- Көмүрдү сатып алгыла дебесе деле сатып алабыз. Өкмөтсүз эле кыш мезгилине даярдык көрүп келгенбиз. Даярданган маселе эмес, бүгүн ага шарт түзүү чоң машакатты жараткан маселе болуп жатат. Баткенде бир тонна көмүр 9-10 миң сомго чыгыптыр. Аны ким сатып алат? Кайсыл ата-эне кышында балдарынын тоңгонун каалайт. Сатып алайын десе чамасы жетпей жатса не кылат. Биз май айында эле казынаны толтурчу ишканалар 2013-жылдын эсебиндеги салыктар менен топтолуп жатат деп айткан элек. Аны ким укту? Өкмөт башына келгендер 9 жарым млрд. сомду кийинки жылдын эсебинен алып коюптур деп жатышат. Жоопкерчиликтин жогунан колдо турганда ала берейин деп менден кийинкилер билгенин кылып алсын деген саясат жүрүп атканы айдан ачык эле көрүнүп жатпайбы. Анан да арыбыздын жогунан "Ала-Тоо" программасынан мындай уюм мынча акча берет экен дегенди чоң жаңылык катары уялбай кайталап көрсөтөбүз. Берди деп кубанычтын кажети жок. Алмайдын бермейи бар. Айланайын кыргыз, бүгүн алар чапаның бүтүн болуп калсын деп берип жаткан жери жок. Ар бир келип аткан акчанын артында чоң кызыкчылык бар экенин, кантип кайтарарыбыздын жолун табышыбыз керек.
- Башталгыч класстарга ысык тамак берилчү эле, азыр ошону алышыбыз керек, болбосо бюджет көтөрө албайт деген маселени айрым партиялар көтөрүп жатышат. Бул боюна кандай комментарий бересиз?
- Мадумаров эмне кылып койду эле дегендерге кыска мөөнөткө иштесем да ошол ысык тамакты мен жөнгө салгам деп сыймыктануу менен айталам. Бул көзгө көрүнбөйт. Ач кыйкырыкты салып көчөдө кыйкырып жүргөндөр жакшы жөрөлгө экенин сезишкен жок. Аны балапандарыбыз сезди. Ата-энеси тишинин кирин соруп, таңзаардан бири ош базарды, дагы бири дордойду көздөй кетип жатканда окууга шашкан баласы нан жедиби, жокпу аны менен иши болбой аткан заманда жок дегенде мектепке барганда ашказан оорусуна чалдыгып калбасын деп бир кесе сүт, бир майтокоч менен өзөк жалгап алсын деп киргизгенбиз. Ага катар мектепти оңдоп-түзөө үчүн чогултчу акчаны да тыйганбыз. Ошондой эле мектеп окуу куралдарын сатып алууга тыюу салып, мамлекет эсебинен каржылоону киргизгенбиз. Кулов өкмөт башчы мен анын орун басары болуп турганда үч жылдык программаны кабыл алып, ар бир жылы 30 пайыздан окуу китептерин жаңылоо жөнүндө саамалык баштаганбыз. Кудайга миң мертебе ыраазымын ошол биздин колубуздан келгенине. Жылына 110 млн. сом акча бөлүнүп, кыргыз басмаканаларынан жаңы китептер басылып баштаган. Андай жакшы жөрөлгөнүн баары асманга учуп кетти. Төрөт үйлөрү бекер болуп калган, бүгүн бул да жок.
Азыркы бийлик амалдуу болуп, өтө ыңгайлуу нерсени тандап алды. Айлыктарды эселеп көтөрүшкөнү менен мектеп сабактарын кыскартып, көп айлыкты кыялданган мугалим баягы эле арзыбаган айлыгын алып калды. Мисалы, математика сабагы союздун мезгилинен бери 18 саат болуп келсе, аны 14 саатка кыскартып, мугалимдердин айлыгын үнөмдөө үчүн ушундай саясат ойлоп табышты. Бул эмне деген желмогуздук? Бир карап туруп, мындай нерсе биздин мугалимдерге аш дегиң келет. Анткени, ушул шайлоону мугалимдер буту-бутуна тийбей чуркап жүрүп жасашпады беле. Өзүң отурган бутакка өзүң балта чаппачы деп канча какшадым. Эртең, бүрсүгүнү да ушундай күндөр келет. 3 эсе эмес, 5 эсе көтөрүлсө да, жарытылуу акча албайсыңар дегем. Бүгүн эмне болуп жатабыз дешет. Пейилиңерге жараша болуп жатабыз дедим. Кана ошондо алган 200-500 сомуң. 5-6жылдык тагдырыңды 500 сомго сатканың үчүн Кудайга да капа болгонго укугуң жок. Өзүңдү эле сатпай балдарыңдын ырыскысын да саттың дедим.
- Оппозицияга Өмүрбек Бабанов да кошулуп калышы мүмкүн деген сөздөр бар. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Оппозицияны бийликте турганда туура кылып жатам, бийликтен кеткенде туура эмес болуп калды деп кыйкырып чыккандар оппозициянын кадыр-баркын түшүрүп жиберди. Кечээ бийликте туруп, бүгүн оппозицияга өтө коёруна ишенбейм. Мунун баары соода. Соодалашуу иштеп турганда кыңыр иштерди көтөрбөсөң тынч жүрөйүн, көтөрчү болсоң, анда мен да кыйкырыкты баштайын деген эле аракет. 2010-жылы белгилүү болуп аткан окуяларды бүгүн алып чыгып, башкасын кой көрпө төшөктөрүнөн бери көтөрүп чыгып, уурдалган велосипеддерден бери чыгып жатат. Кандай деңгээлге түштүк. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон эч ким жок. Бишкек Шаардык кеңешине шайлоо башталганы атат. Мэр Иса Өмүркулов ишкерлерди чакырып алып, илгерки эле система менен штаб түзүп, кайсыл жерде кандай ишкананын жетекчиси бар деп эсепке алып, каражаттан жардам бер деп жатат. Калп десин, эртең эле бешөөнү эрчитип барып берейин.

Маектешкен
Э.Аким