Малика Ильяздан кол үзөт
Көптөгөн ырлардын обонун жазган аранжировщик, мыкты ырчы Ильяз Абдыразаковдун жеке турмушу, чыгармачылык жолу чагылдырылган "Азап" кино тасмасы тартылып, борборубуздагы Тарых музейинде 16-сентябрда ачылышы болгон. Ал эми, бул тасма жөнүндө режиссёр-постановщик Аалам Сарыбаев менен маек курганбыз.

"Азап"

Жанры: мелодрама
Башкы ролдордо: Ильяз Абдыразаков, Гүлназ Нуралиева, Бактыбек Мамытов, Аскат Эрбаев, Өктөм Сапар уулу жана башкалар.
Продюсери: Аалам Сарыбаев
Оператору: Канат Алыбаев
Тасма жөнүндө:

Белгилүү болгон жаш ырчы - аранжировщик Ильяз Абдыразаков бир гезитке интервью-акциясына катышканы келет. Ал жерден аны кумир тутуп жүргөн күйөрман кызы "Жылдыз менен бир дасторкондо" аттуу акциянын жеңүүчүсү болуп, Ильяз менен жолугушат. Ал жерден жылдыздары келишип калат. Ошентип, экөө кыз-жигит болуп кезиге башташат. Ортодо ар кандай тоскоолдуктар болот, бирок алардын сүйүүсү баарын жеңе баштайт. Малика менен Ильяздын сүйүүсүнүн так кызыгына киргенде, Малика Ильяздан кол үзөт.Себеби, бул кыздын оорусу болот. Ал эми аягы сыр боло турсун.

- Бул тасманын идеясы кимге таандык?
- Бул тасманын идеясы Самаган Акматовго таандык. Ал "Азап" деген ыр тууралуу, Ильяздын жеке жашоосу жөнүндө кино тартпайлыбы деп калчу. Убакыттар өткөндөн кийин "АКЦЕНТ" деген 4 баладан турган студия ачтык. Ошентип кинону баштап калдык.
- Тасманы тартыш үчүн канча убакыт талап болду?
- Тасманы тартыш үчүн туп-туура тогуз ай талап кылынды. Өзүбүздү кыйнабай шашпай иштедик.
- Эмнеге кино тасмада ырчы Ильяздын жашоосу чагылдырылган? Башка ырчылардын деле жашоосун чагылдырса болот эле го?
- Албетте болот, бирок бизге Ильязды жеке ырчы катары жана жеке жашоосу кызык болгондуктан чагылдырып көрөлү дедик. Анткени, Ильяз өзү бир сырдуу жана башка ырчылардан бөлөк, анын жан-дүйнөсүн сезиш өтө эле оор. Мүнөзү жоош, сырдуу, жөнөнкөй жигит.
- Үн коштоо жагында бир аз айырма бар, эмне үчүн актёрлор өзүлөрү сүйлөгөн эмес?
- Маликанын ролун ойногон Гүлназ Нуралиева орус жергесинде төрөлүп-өскөндүктөн тилинен бир аз айырма болуп, кыйналды. Маликанын ордуна корей улутундагы, Бүбүсара Бейшеналива атындагы Искусство институтунун студенти Зарина Цой үн коштоду.
- Тасманын аягы бир аз адамды ойго салат экен, эмне болуп бүтөт?
- Эгерде ойго салбаган кино болсо, анда "Азап" деп аташтын кереги жок болуп калмак. Негизи биз сценарийди Ильяздын "Азап" аттуу ырынан алып жазганбыз. Сценарий Болотбек менен Нургазы деген балдарга таандык. Ал эми аягын тасманы көргөндө түшүнүшөт демекчимин.
- Кино тасманы тартып жаткандагы кызыктуу окуядан эстей кетпейсизби?
- Кызыктуу окуялар көп эле болду. Элдер кино тартып жатып кеч кирип кетпесе экен десе, биз таң атпаса экен деп калган күндөр болду. Анткени биз тасмага түнкү кадрларды тартып бүтө электе эле күн чыгып кеткен учурлар болду.
- Алдыдагы пландар?
- Буюрса пландар көп. Ага өз убагында күбө болосуздар дейт элем.
- Бул тасма канчанчы тасмаңар?
- Бул тасмага чейин ар кимибиз ар тарапта иштечүбүз. 4 баланын бири Канат Алыбаев деген оператор жигитибиз "Талас-Бишкек", "Гу Жун Пьёго кантип турмушка чыкса болот?", "Кызыл көйнөкчөн-2" жана башка кинолорго өз салымын кошуп келген. Нургазы Калдаров деген жигитибиз кыргыз кинолорунда ассистент режиссер болуп иштеп жүргөн. Самаган Акматов клипмейкер жана монтажер болчу. Баарыбыздын жеке биринчи тасмабыз.
- Ал эми казак жылдызы Кайрат Нуртас менен иштеш оор болгон жокпу? Канча убакытта макулдугун берди?
- Оор болгон жок. Биз Бишкекте туруп Кайратка Астанага байланышка чыгып кинобузга катышып берүүнү сунуштадык. Каршы болгон жок. Болжолдошкон күнү ал Астанадан Алматыга келди. Жолугуп түшүндүрүп бердик, ал эми Кайрат кыйнабай эле, мыкты ойноп берди.
- Сыр болбосо тасмага толугу менен канча каражат кетти?
- Азырынча айтпай эле туралы. Ал сыр боло турсун.


Бетти даярдаган Нуркыз Ордобаева