Баалуу китептердин башын жуткандар кимдер?
Же Самарбекованын да өз чындыгы бар
Улуттук китепкананын башына түшкөн кырсыктан кийин - китептердин жоголушу тууралуу газеталарга чын-төгүнү аралаш маалыматтар чыгып жатат. Кайсы бир газеталардагы чындыкка жатпаган дооматтарды төгүндөшүм керек болду. Анткени, мен иштеген бөлүмдө китептер жоголду. Бул - факт. Жоголгон китептердин табылып, фонддон кайра орун алышына биринчи кезекте мен кызыкдармын. 34 жылдан бери ушул китепкананын ысык-суугуна кайыл болуп, энергиямды, билимимди, тажрыйбамды аябай иштеп келдим. Өмүрүмдүн 19 жылы раритеттик фонд менен байланышты. Калпыс адам, жарабаган адис болсом мени бул жерге иштетпес эле. Акыл-эс эмгегин талап кылган жасаган төмөндөгүдөй негизги эмгектеримди айтып коюшум керек.

ЮНЕСКОнун "Мурастар тармагы" проектине катышып, "Манас" эпосунун түрдүү варианттары боюнча Кыргызстандагы алгачкы CD компакт-дискти даярдап, дүйнөнүн ири китепканаларына таратылышында эмгегим чоң (2000).
"Сорос-Кыргызстан" фондунун конкурсуна катышып, жеңип алган грантка "Кыргызстандын китеп мурастары, (аннотацияланган түстүү фотокаталог) "Книжные памятники Кыргызстана" (аннотированный цветной фотокаталог) аттуу көрсөткүчтү түзүп, басмадан чыгарган элем (2001).
"Положение о книжных памятниках Кыргызстана" аттуу документацияны алгач түзүп иштеп чыкканмын жана кыргыз тилине которгонмун (2002).
Кыргызстандын Китепкана-маалыматтык консорциумунун "Кыргызстандын китеп мурастары - сактоо жана кеңири колдонууну камсыз кылуу" аттуу корпоративдик долбооруна активдүү катышуу менен, Ата мекен таануу боюнча 25 сейрек кездешүүчү, эскилиги жеткен китептердин электрондук версиясынын даярдалышын камсыз кылдым (2009-2010).
Республиканын ири китепканаларынан, фондкармоочу мекемелеринен 272 документти аныктап, "Кыргызстандын китеп мурастарынын Бирдиктүү фондун" түзүп,каталогун уюштурууну иш жүзүнө ашырганмын (2010).
Баалуу басылмаларды сактоо максатында микрофильмдөө, цифралык форматка өткөрүү багыттарында, фондду сапаттуу толуктоодо эбегейсиз эмгектерди жасадым.
ЮНЕСКОнун "Память мира" программасынын Мурастар тизмесинин улуттук
реестрине кабыл алуусуна кыргыздын алп агартуучусу Ишеналы Арабаевдин жалгыз нускада сакталып калган 2 китебин сунуш кылып, мүнөздөп жазып, Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссияга өткөрдүм (2011). Буюрса кабыл алынып калгысы бардыр.
Мунун баары менин Улуттук китепкананын имиджин көтөрүүгө далалаттанып жүргөнүмдү көрсөтөт деп ойлойм.

"Слово Кыргызстана" газетасы көлөмдүү макаланы жарыялаганы менен, китепкананын үнүн угуудан караманча баш тартты. Бул алгачкы макала орус тилинде, кыргыз тилинде жооп берейин, калгандары кыргыз тилинде айтылат.
"Слово Кыргызстана" газетасына (24-авг. 2012-ж.) "Кому опостылел" "Апостол"" макаласы жарыяланган. Бул макалада туура эмес маалыматтар берилгендиктен өзүмдүн түзөтүүлөрүмдү, тактоолорумду бергим келди.
2010-жылы октябрь айында Улуттук китепкананын "Мир русской культуры в Кыргызстане" аттуу көргөзмөсүнүн ачылышына экс-президент Р.Отунбаева жана Россиянын ошол кездеги атайын өкүлү В.Рушайло келишкен. Мына ошол көргөзмөгө макаланын автору М.Китембаева ырастагандай эски славян китептери "Острожская библия", "Апостол" коюлган эмес. Муну коюлган китептердин тизмеси аныктайт.
М. Китембаева бул китептерди электрондук каталогго чагылдырбаптыр, деп күнөө коёт. Кызматкерлердин өнөкөт жетишсиздигинен башка коллекциялардын китептери деле чагылдырылган эмес.
Ырас, мен катачьшык кетирдим, китептер кайда деген корреспонденттин суроосуна, алардын жоголгондугу жөнүндө түз айта алган жокмун. Россия китепканалары менен алмашып жатабыз, деп айтканым чын. Бирок китепканада чындыгында алмашуу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес. Бул жөнүндөгү ар кандай суроолорго жетекчилигим менен кеңешпей туруп комментарий берүүгө акым жок болчу.
"Книжные памятники Кыргызстана" аннотацияланган түстүү фотокаталогун "Сорос Кыргызстан" фондунун конкурсунда жеңип алган грантка даярдап, басып чыгарган элек.
Газетага 1564-жылы басылып чыккан "Апостолдун" эмес, башканын сүрөтүн бериптир. Мен Улуттук китепканада 1978-жылдан бери иштеп жаткандыктан, А.Д.Чыныбаеванын 1992-93-жылдары сектор башчысы болуп иштегенин жакшы билем, 80-жылдары бул киши иштеген эмес. Бул кишинин "китептер жашыруун болуп, катуу кайтарылчу",- дегени мени таң калтырат. Ал кезде да, азыр да бардык китептер бүткүл каталогдордо чагылдырылган. Ушулбу, жашырууну? Кайдагы кайтаруу фонд окуу залында шкафтардын далдасында эле жайгашкан, "жети кулпунун артында" деп ушуну айтабы?
1993-жылы А.Д.Чыныбаева мага эки гана коллекциянын китептерин өткөрүп берген, бул кабыл алуу-өткөрүп берүү акты менен далилденет.
"Дело № …" газетасынын корреспонденти Егор Орловдун "Прощай "Апостол" (12 сент. 2012) макаласында да бир топ туура эмес маалыматтар жазылган. Алардын ичинен эң негизгиси - Улуттук китепкананын директорунун "жоголгон китептер сейфте сакталчу" деп айтканы болду. Бир дагы китеп сейфте сакталган эмес. Башка китептердей эле темир стеллаждын полкасында турган. Алардын полкадагы ордун мен Е. Орловго көрсөткөнмүн, фотоаппаратка тартып да алган. Мен Ж .К. Бакашовага "сиз эмне үчүн китептер сейфте сакталчу", деп айткансыз?- деген суроону бердим. "Корреспонденттер ушинтип эле туура эмес жаза беришет. Антип айткан эмесмин",-деди. Бул сөз 7-8 кызматкердин көзүнчө болду. Жалган маалымат кимисинен кеткени белгисиз бойдон калды.

"Слово Кыргызстана" газетасынын 14-сентябрдагы номериндеги "Апостол" + Библия + ???" деген макалада китепкананын дагы бир мурдагы директору Р. Ж. Иманкулова пикирин бөлүшкөн. Ал кишинин Улуттук китепканада эмгеги чоң, аны мен баалайм. Болгон фактыга реакциясы түшүнүктүү.
Макалада санап айтып жаткан китептер турат сакталып, биз китептерди таратып жаткандай сүйлөптүр.
Бир дагы кызматтык инструкцияда баалуу раритеттерди күн сайын текшерип туруу керек, деп жазылган эмес, ошентип туруу да мүмкүн эмес. Отчеттордо ошол китептер боюнча эмне иштер жасалып жатканы жөнүндө айтылат (чаңын тазалоо, электрондук каталогго киргизүү, цифралык форматка өткөрүү, окурмандарга берүү-алуу ж. б. толгон иштер бар).
Р. Ж. Иманкулова иштеген мезгилден ушул азыркы учурга чейин ошол баалуу деп эсептелген китептердин баары эле полкада ачык турат.
Тынымсыз алмашылып, бөлүмгө иштегени келип-кетип жаткан кызматкерлердин баары ошол китептер менен ар кандай иш жүргүзүшөт. Иш ошондой уюштурулган. Директорлор иштөө технологиясын башкача, тиешелүү деңгээлде уюштуруп коюшса болмок, алар көрөгөч жетекчилер да.
Р. Ж. Иманкулова "сейрек кездешүүчү фонд пайда табуунун каражатына айланган"- дептир. Мунусу да чындык эмес, далилдей албайт. Мен ал кишиден кем эмес патриотмун, пайда табууга жол беришим мүмкүн эмес.
Р. Жумабаевна 2007-2009-жылдары азыркы директорго кеңешчи болуп иштеген эле. Китепкананын абалын, иштерин ошол кезде жөнгө салып койгонго мүмкүнчүлүгү бар болчу. Үч жыл өткөндөн кийин, бүгүн ызырынганынын эч кимге пайдасы жок.
Ар бир иштеп кеткен жетекчи мүмкүнчүлүгүнө жараша кызмат кылышты. Бирок директорлор өздөрүнүн раритеттик фондго болгон мамилесин идеализациялап (тиешелүү шарттарды түзүп коюшкансып), азыркы иштеп жаткандарды караманча каралоодон мурда, китепкананы кандай абалда таштап кеткендерин да ойлоолору керек болчу.
Жалган маалыматтарды массага таратуудагы максатыңар эмне?! Тиешелүү органдар иштеп жатышат. Жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй туралы.

Мени билген-билбеген замандаштарыма менин үнүмдү жеткирип коюуңарды суранып,