СДПК КПССке, анан "Ак-Жолго" айланып баратат...
Ишенген кожобуз сен болсоң...

Коомчулукта президент Атамбаевдин өлкө башчысы катары кыйратып эч нерсени кылбастыгы, Кудайды оозанып сүйлөп, кээде оюна келгенди оттогону аз келгенсип, "жинди суудан" татып алган күндөрү жумушуна жөн эле келбей коёру айтылып келет. Бул айтылгандарда чындык бар экенине президенттин кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүнөн ынангандай болдук окшойт. Мамлекетте үч бийлик бутагын узурпациялап алганы аз келгенсип, өзүн аппак көрсөтүп, дегеле чаң чугузбай ар нерсенин башын айтты. Парламентти, өкмөттү жөөлөп өттү. Мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылды. АШАнын сүйлөгөнүн карап олтуруп, өлкөнүн, элдин жүгүн мойнуна илген президент эмей эле бир чиновник сүйлөп аткандай туюлду. Бир мисал, депутат Ташиевдин "суу маселесинде Өзбекстан менен согуш оту тутанып кетпейби?" деген суроосуна "андай болбойт, менимче, Каримов суу маселесинде тил табышалы дегенди гана айтты окшойт" деди. Ушул өлкө башчысынын берер жообу беле? Мамлекет коопсуздугуна байланышкан омоктуу маселе суралып атса, кыска жооп менен кутулуп атат. "Окшойт" деп айтканына караганда, өзбек лидеринин айтканы менен деле тааныш эмеспи деген ой кетет. Болбосо Каримов эки өлкөнүн ортосунда конфликт жаралышы мүмкүндүгүн ачык эле кыйытпадыбы. Ал эми депутат Осмонов ЖК депутатынын түрмөдө олтуруусу нонсенс десе, депутаттын түрмөдө олтурганы эмес, уурулардын депутат болуп олтурганы нонсенс деп көпчүлүктүн оозун ачырды. Минтип айтканына биз эмес, депутаттар деле түшүнбөй калышты окшойт. Муну менен ажо эмнени, кимдерди айткысы келди? Мародер деп айыпталып аткан "атамекенчилердиби", же Н.Түлеевдиби? Эгерде уурулардын депутат болуп олтурганы нонсенс болсо, анда депутат экенине карабай аларга кылмыш ишин козготуп, абакка олтургузбайбы? Бүгүнкү парламентте ууру, коррупционерлер жетишерлик эмеспи. Же ажобуз саясый буйрутманы саясый оппоненттерге, кыртышы сүйбөгөндөргө каршы гана береби?

Башмыйзамды
болушунча коргоду

Мындан сырткары, ажо юристтен бетер юридикалык маселелердин тегерегинде жетишерлик эле насаат айтты. Неси болсо да, бийликти узурпациялап алганына жол ачып бербедиби, Башмыйзамды болушунча эле коргоп, жактады. Мурдагы бийлик тарабынан Башмыйзамдын одоно бузулуп, тепселип келгендигин айтты. Ошол эле мезгилде өзү тарабынан Башмыйзамдын беренелери бузулуп атканы жөнүндө ооз ачкан жок. Алыс барбай кечээги өкмөттүн түзүлүүсүн эле алалы. Конституицяга ылайык, өкмөт башчылыкка талапкерди коалицияны түзгөн фракция сунуш кылышы керек болсо, ал Башмыйзамды уруп, ойнобой өзү Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин сунуштады. Тилекке каршы, мыйзамдуулуктан өздөрүнүн жеке керт баштарынын кызыкчылыктарын ойлогон фракциядагылар ооз ачып, "кой" дегенге жарашкан жок. Кезинде өзү "Ак-Жол" партиясын "бардык бийликти өздүктөп алды" деп сындап келсе, жарытылуу, сөз кыларлык иштей албаганына карабай өз партиясына 3 ирет коалицияны түзүү укугун берди. Муну өз бийлигинен пайдаланып, 3 бийлик бутагын узурпациялоо аракетинен башка кандай бааласак болот?! Андан көрө экономиканы көтөрүп, өргөлөгөн өндүрүштү өйдөлөтүп, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгында конкреттүү иштерди жасап, реформаларды кылганга аракет көрүп, өзүнүн өлкөнүн түштүгүндөгү аброюн, салмагын көтөрүү жөнүндө ойлонбойбу? Минтип жөн айтканыбыз жок, ачуу чындык, бүгүнкү күндө түштүк тарапта президенттин кадыры жок. Президент катары таанышпайт, моюндагылары келишпейт. Же Атамбаевге президент катары жалпы элге жарыгы тийбесе да, президент атанып, өзүнүн, СДПК партиясынын алдындагы бийлиги аркылуу кызыкчылыктарын чечип, амбицияларын канааттандырып турса болдубу? Президенттин привилегияларынан пайдаланып жүргөнү эле жетиштүүбү?
Ачыгын айтканда, кылып аткан иши жок президенттен Парламентте экономиканы көтөрүү, эл турмушун оңдоо багытында конкреттүү кадамдар, сунуштар жөнүндө сөз күткөнбүз. Бирок насаат айтып, жөөлөгөндөн башка жарытылуу эч нерсе уга албадык. Анан да сөзүнүн акырында "келгиле, ар бирибиз мамлекет үчүн эмне кылганыбызды ойлонолу" деп бүтүргөнүнө жол болсун! Президент катары биз анын өзүнөн "сиз президент катары Кыргызстан, кыргыз эли үчүн эмне кылдыңыз?" деп сурайт элек. Буга эмне деп жооп берет? Ушул суроонун өзүнө тыңгылыктуу жооп берери күмөн. Анткени, сөз кыларлык иши болбой атса, эмнени жооп берет?!
Монополист партия

Жогоруда СДПК партиясынын бийликти узурпациялап алгандыгын жөн айткан жокпуз. Тилекке каршы, ага омоктуу негиздер бар. Ишенбесеңиздер, өзүңүздөр карап көрүңүздөр. Партиянын лидери А. Атамбаев өлкөнүн президенти. Экинчи мүчөсү А. Жээнбеков - Жогорку Кеңештин төрагасы. Жаңы өкмөттүн 21 мүчөсү болсо, алардын 8и СДПКнын өкүлдөрү. Премьер-министр формалдуу түрдө СДПКнын мүчөсү болбогон менен Жантөрө мырзанын ким чоң кызмат берсе, ошонун камчысын чабары белгилүү. Мурдагы эки бийликтин отун жарып, от жаккычы болуп жүргөн Жантөрө мырза СДПКнын лидеринин кареги менен тең айланып, анын баскан жерлерин мизилдете "шыпырып" турары айтпаса да түшүнүктүү. Бул жагынан ал СДПК фракциясынын жетекчисин да артка калтырат. Тегирменчи филолог ундун чаңын кагынганча ал эшиктен кирип, ажонун көңүлүн алып, ун жегич чычкандар батпай турган тешиктен чыгып кетет.
Мындан тышкары Башкы прокурорду, Жогорку Соттун төрагасын, Коргоо министрин, МУККнын жетекчисин, Чек ара кызматынын жетекчисин, элчилерди да СДПКнын лидери - ажо А. Ш. Атамбаев дайындайт. Же реалдуу бийлиги, таасири бар кызматтардын бардыгын ушул партиядагылар ээлеп алышты десек болот. Республикадагы үч бийлик бутагынын, күч органдарынын чокуларында СДПКчылар отурушса, башка эмне деп айтабыз? Бул жагынан аталган партия Атамбаев кезинде өзү "бийликти узурпациялап алды" деп жүргөн Бакиевдин "Ак-Жолунан" айырмасы болбой, атүгүл аны артка таштап баратат.
Президент катары конкреттүү иш кылгандыгы мындай турсун, президенттигин көрсөтүп, айрым чечим, тандоолорго көз салып, пикирин айтып койсо сүйүнбөйт белек. Алмаз Атамбаевдин Рамазан Дырылдаев айткандай, такыр эле экономика менен иши жоктугун ушундан билели, өкмөт мүчөлөрүнө байланыштуу лам деп ооз ачып койбоду. Министрлик орундарга кандай адамдар келип аткандыгы менен кымындай иши жок окшобойбу. Болбосо, социалдык өнүгүү министрлигинин башына тармак боюнча эч кандай түшүнүгү жок гезитчинин барганына бир сөзүн айтпайт беле. Бүгүн ал эмне иш кыларын билбей, кол алдындагылардын көзүн карап, министрликте иш жылбай турат дейт ал жердегилер. Эми ушундай жетекчи менен кантип иш жылып, иш илгерилесин. Айыл чарба министринин башына болсо, бөлүм башчынын орун басарын алып барып коюшту. Депутат агасынын амири менен олтуруп калганын өзү деле билбей калды окшойт. Жаңы министр Чыңгыс Узакбаев милдетин аткарууну мындай коёлу, дурустап сүйлөй албайт экен деп, министрликтегилер жерге түкүрүп жүрүшөт. Анан президенттин Парламентте "тууганыңарды, жакыныңарды министр кылбагыла" деп айтканына жол болсун! Эмне, депутаттын бир тууганы министр болгонун эми угуп, билдиби?! Кара күчкө салып, кыйытып айтып койгонуна баракелде!

СДПК келгени экономика эңшерилди

Саясаттан тышкары, калыс делген соттук бийликтин мүчөлөрүнүн бардыгын СДПКга жан тарткан сотторду тандоо кеңеши иргеп, анан аларды ажо элегинен өткөрүп атат. Соттук кеңеш Жогорку Соттун судьялык кызматтарына 32 адамды тандап алып, президентке сунуш кылды эле, СДПКнын лидери алардын өзүнө жаккандарын алып калып, жетөөсүн кайра артка айдады. Сотторду тандоо кеңеши президенттик администрация менен биргеликте судьяларды тандап, анан аларды президент да иргесе, кайдан көз карандысыз сот бийлиги болот?! Кантип соттордун акыйкаттуулугу жөнүндө сөз кыла алабыз? Азыр республикадагы судьялар деле ИИМдин же ТИМдин кызматкерлериндей СДПКнын штабындагылар жат десе жатышат, тур десе турушат, каштарын силкип койсо, ошого жараша чечим чыгарышат. Антпесе, жеген нандарынан заматта айрылышат.
Эгерде СДПК парламенттик шайлоодо басымдуу көпчүлүк мандатка ээ болсо да бир жөн эле. Бирок парламенттик шайлоодо 7%дын тегерегинде добуш алган партиянын өкүлдөрүнүн минтип өлкөдөгү чоң кызматтардын бардыгын ээлеп, атаандаштарды ар кандай шылтоолор менен куугунтуктап жатышы эч бир логикага сыйбайт. Өлкөнүн экономикалык турмушун оңдоп, түзөп жиберсе да унчукмак эмеспиз. Бирок Атамбаев менен анын партиясы бийликке келгенден бери экономикабыз эңшерилип, артка гана кетип баратат. СДПК фракциясынын лидери жасалма жол менен унга болгон бааны кымбаттатып атса, ага каршы болуп койгонго жарабаган президенттен деги эмнени күтсөк болот? Президент болгондон бери бир да экономикалык документпи, программабы сунуш кылганга жарабады. Кайда, кантип кетип баратканыбыз белгисиз. Аргасыздан алиги "Балгисиз маршрут" көркөм тасмасы эске түшөт... Бабановду кетирип, өз адамын премьерликке алып келди. Өкмөттү өз партиясы курады. Эми өлкөнүн жүгүн мойнуна артып, бардык жоопкерчиликти ала алабы? Же адатынча өкмөткө, коалицияга, бул аздык кылып баратса Башмыйзамдагы ыйгарым, укуктарына шылтайбы?

СДПКчыларга тийбегиле!

Башкы прокуратура "Ата Журт", "Республика" партияларынын айрым активдүү мүчөлөрүнө карата кылмыш иштерин козгоду. Бирок СДПК партиясынын, аларга ыктаган "Ата Мекен" партиясынын көрүнүктүү мүчөлөрүнө байланышкан, коомчулуктун бүйүрлөрүн кызыткан резонанстуу кылмыш иштеринин бардыгы жабылуу бойдон калууда. Атүгүл сот чечими менен үй абагына чыгарылган депутатты кайра алып барып, каматкандан артка кайткан жок. Бул жагынан өтө активдүүлүгүн көрсөткөн Башкы прокуратура, МУКК Бишкек арак-ликер заводун текейден арзан менчиктештирип алгандарга, банктардын уячаларындагы валюталарды каалагандай бөлүштүргөндөргө, марадерлукка катыштыгы бар делгендерге ж.б. келгенде эмнеге унчугушпайт? Анткени, алар СДПКнын башында тургандар, Башкы прокуратураны, МУККны, ИИМди, кала берсе Жогорку Сотту жетектегендер да СДПК партиясындагылар. Ачыгын айтканда, коалициялык өкмөт деген жөн эле элди алдоо үчүн жүргүзүлгөн формалдуу топ окшобойбу. А иш жүзүндө Кыргызстандагы бийликтин эки тизгин, бир чылбыры жалгыз СДПК партиясынын колуна өткөндүгүн кантип танабыз?
Бир сөз менен айтканда, СДПКчылар кадрларды тандап, жайгаштыруу жагынан кадимки эле мурдагы КПССтин өзүнө айланып калды. Айырмасы, КПСС негизинен татыктууларды гана тандачу. Ал эми бийликти узурпациялоо жагынан СДПКдагылар Бакиевдин "Ак-Жолунун" багытына түшүп алды. Парламенттик башкаруу системасына өткөндүгүбүздү эске алсак, СДПКнын жанында "Ак-Жол" шоона эшпей бараткандай. Бакиев көп жагынан жоопкерчиликти өзүнө алып, бийликти өздүктөсө, Атамбаев "мен аппакмын, мен тазамын" деген тейде сырттан туруп, бирок баарын чечип, баарын жайлап атат. Четте туруп бийликти узурпациялоодо...

Т.Эргешбаев