"Салам Бишкек"
Кудай буюрса кыргыз маданияты алдыга өнүгүп баратат десек жаңылышпайт болушубуз керек. Анткени күн артынан күн саналып, мыкты тасмалар тартылып, борбордогу кинотеатрларда илинип калганын көрүп, жүзүңдө жылмаюу пайда болот. Ушул күз айларынын биринде элдин сынына коюла турган, "Салам Бишкек" аталыштагы жаңы тасма жөнүндө бир аз маалымат бере кетели деп чечтик.

Кино тасма жөнүндө
Бул кино тасма комедия жанрында тартылганы менен, башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Себеби, тасманын башынан аягына чейин кызыктуу окуялар камтылып, 100% мыкты маанай тартуулай алат. Ошондой эле, бул тасмада башкы каармандардан баштап, эпизодду ойногон адамдарга чейин, өз кесибинин чебери, мыкты улуу муун, жаш актриса жана актёрлор ойношкон. Кино тасмада айылдан келген жаштардын жашоосу чагылдырылып, чоң турмушка аттангандагы кызыктуу окуялары менен коштолот. Үч жигиттин достугу, кыздарга барган жортуулу, керек болсо кыздардын да образын бергендигинде. Жана жеке эле күлкүлүү окуялар менен коштобостон, тарбиялык жагы да өтө чоң. Жаштар борборго келгенде эмне менен алек же кантип жашоосун өткөрөт ошо нерсе да ойго салат.
Бардыгыбыз окууну бүткөндө эле, шаарга окууга же иштейбиз деп аттанат эмеспизби, ошондой болуп үч жигит да үч айылдан шаарга аттанышат. Турмуш үчөөнү жолдон достоштурат. Анан бир батир алышып, жашоосун өткөрө башташат. Кыздарга жолугуп, жигиттен кызга айланышып, күнүмдүк турмушун өткөрүшөт. Ортодо окуя чиеленишип олтуруп, акыры айылга бирден түбөлүктүү жарын жетелеп кетишет.

Продюсери Данияр Эрматов:

- Алгач бул тасманын идеясы кимге таандык?
- Бул тасманын сценарийи негизи 5жыл мурда жазылган. Бирок ана-мына деп жүрүп, Кудай буюруп ушул мезгилге келди. Эми кино тартылды, анан бул кандай кабыл алынаарын убакыт көргөзөт эмеспи. Ал эми сценарийдин идеясы да, жазаганы да режиссер Тынчтык Бугучиевге таандык.

- Эмне үчүн тасманын атын "Салам Бишкек" койдуңар, аты бир аз "Мен сени сүйөм Бишкек" тасмасына уйкашып кетет экен?
- Эч кандай окшобойт. Борборубуз Бишкекке айылдан бардык жаштар качып жатышпайбы, ошол себептен биз ушул көйгөйдү көргөзөлү дегенбиз. Кинонун башынан акыркы мүнөтүнө чейин Бишкекте болгон окуялар. Борбордо болгондуктан атын "Салам Бишкек" койгонбуз.
- Кино тасмада кайсы актёрлорду көрсөк болот?
- Кино тасмада белгилүү куудул-ырчы эжекебиз Назира Жетигенова, ырчы Назира Токонова жана башкалар. Калгандары сыр боло турсун.

- Кино тасмага качан күбө боло алабыз?
- Кино буюрса октябрь айында кыргыз элибиздин сынына коюлат, бирок күнү сыр болсун. Жалпы кыргыз элинин табитиндеги өзгөчө комедия жанрындагы кино болот деп ишенем. Ошондуктан бир аздан соң тартуулайбыз демекчибиз.

- Кызыктуу окуядан эстей кетпейсизби?
- Кызыктуусу бул биздин актер жигиттер кыздын көйнөгүн кийип, кыз болуш керек эле. Ошол эпизодду ойноп атса, бир мас байке келип кыздар таанышып албайлыбы деп атпайбы. Биз күлүп, боорубуз эзилип калды. Бир чети ошол ойногон баланын ушунчалык чеберчилик менен аткарганын байкадык.

Бетти даярдаган
Нуркыз Ордобаева