Кайрадан "Карала"
Сүймөнкул "Караланы" мингенде аман калмак
Жылкыга болгон кызыгуум артып, атама колхоздон бир бээге бир тайды алмаштыртып алгам. Мына ошондон тартып жылкы баласынын сырларын үйрөнүүгө белсендим. 1971- жылы ноябрь айында Нарын шаарынын ат майданына капыстан барып калдым. Себеби, дал ошол жерде аламан байге өтүп жаткан экен. Бир маалда ат майдандан жердешим, байкем Шайымбет Керимбаев жолугуп,"мобул үчүнчү келген күлүк, сен тай кезде минип жүргөн ат" десе болобу! Мен атты тааныбай калыптырмын. Ошондо бала кезимен ынак болуп калган атты кучактап, мал болсо да учурашып, көзүнөн өптүм. Кыскасы, күлүк менен ошентип коштоштум. Арадан көп өтпөй аскерге кеттим. Атам болсо энем катуу ооругандыктан Фрунзе шаарына алып келиптир. Айылда мал караган киши жок болгондуктан, энемдин саап ичкен уюн, кайсыл бир көрө албаган адамдар тилин тешип, трос менен шыйрагын байлап, кыйнашыптыр. Энем сезген окшойт, бир күнү эле "айылга кетишим керек" деп тез эле ооруканадан чыгып кетти. "Мал деген боор эт менен тең" деген сөз чын экен. Энем саап ичкен уюнун абалын көрүп, катуу кейип, жүрөгүнө катуу тийиптир. Ошондон көп өтпөй эле мурдагы оорулары да козголуп, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Атама болсо балдар-кыздары "кой-ай" дегенине карабай башка аял алып беришет. Бирок, энеме көнүп калган кишиге кийинкиси жакпай калат. Ошентип, беш сапар үйлөнөт. Анткени, атамдын жылкыларына кызыгып эле, күйөөсү бар аялдар деле турмушка чыга беришкен. Алардын айрымдары атамдын жылкыларын саттырып, кол үзүп кете беришкен. Бул ортодо Үмөталиев деген сынчы-профессордун көзү өтүп кетет. Мына ушул кишинин аялына атам баш кошуп калат. Бир сөз менен айтканда, аракты ичкен, оозду боёгон, шляпа кийген айым атамдын жанында пайда болот. Малдарын саттырып, арак иче берген. Мына ушундай кыйчалышкан турмуш өтө берет. Бир сапар атам жылкымды көрүп келейин деп тоого барса, айгыр атамды качырып, кол салат. Менин оюмча, пайда батасы жок үйүргө кол сала бергендиктен, "Камбар Ата" пири чыдабай өчүн алдыбы деп калам. Ошол эле маалда атамдын минип жүргөн жээрде атын айылдаштары атып кетип, чагылган тийди деп коюшат. Атам үйгө келип, "мага "Камбар-Ата" кол салды, мен туура эмес кылыптырмын" таризинде капаланып, эртең менен эле оордунан турбай калат. Бул сырдуу окуядан кийин менин жылкыга болгон мамилем күчөп, муну илимий калыпка салууга мени мажбурлады.
Жогоруда бир нерсени айтпай кетиптирмин. Дегеним, ал кезде мен Москвада аспирантурада окуп жүрчүмүн. Бир курдай еврейдин диссертация коргоосуна катышып калдым. Ошондо ал кыргыздын ат оюндарын, кыз куумайын, кыздарыбыздын сулуулугун даңазалап айта баштады. Ошондой эле киного тартылган күлүк аттарыбыз тууралуу да бир топ сөз козгоду. Бирок, "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Караш-Караш" жана Тбилисидеги документалдуу киного тартылган "Карала" күлүк тууралуу эмнеге айтпайсыз? деген суроону кабыргасынан койдум. Тилекке каршы, суроомо жооп бере албай койду. Анткени, этно-социология, этно-методология" ыкмаларынын негизинде батыш өлкөлөрү, еврейлер, орус шовинисттери нейролингвистикалык программа түзүү менен бирге күлүк аттардын эмгегин пайдалануу менен неофашизм саясатын колдонушат экен да көрсө. Маалымат катары айтып коёюн: 1964-жылы Кыргызстандан чыккан "Карала" аттуу күлүк Тбилисиде өткөн "Приз Реки Сыр-ДАРЬИ" аламан байгесине катышып, биринчиликти жеңет. Тилекке каршы, "Каралага" биринчи орун деген диплом берилгени менен экинчи дипломго экинчи орун деп жазып коюшат. Бул Советтер Союзуна каршы жүргүзүлгөн орус шовинисттеринин, еврейлердин, батыш өлкөлөрүнүн тымызын жүргүзгөн кадр саясаты болгон. Себеби, алар союз өлкөлөрүнүн күлүктөрүнө биринчи орунду ыйгаргылары келген эмес. Тактап айтканда, бул жоон топ союзду чачырата албай айлалары алты кетип жатат. Нейролингвистика, поралингвистиканын ыкмасынын негизинде карай турган болсок, ошол үчүн аламан байгенин аты дагы "Приз Реки Сыр-ДАРЬИ" (муздак согуш) деп аталып жатпайбы.
Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну Шабданалиев Мансурбек аттуу адам "Караланы" кулун кезинде кошунасынан бир бээге сатып алат. Баласы Камчыбек ошол кезде бир жашта болгон. "Каралага" алгач Мансурбек атанын жубайы, саяпкер Калиман Шабданалиева кызыгып калат. Анткени, "Карала" жаңы туулганда эле, кадимки "Манас" эпосундагы легенда катары айтылып жүргөн күлүктөрдүн бириндей энесинин үстүнөн ары-бери секирип жатканын байкап, бул кулунду сатып алуу сунушун күйөөсүнө айтат. Ошентип, кулун Мансурбек ата менен Калиман апанын колуна тийет. "Карала" жаңы келгенде эки көзү көрүнбөй, котур болуп келет. Калиман апа "Караланын" көзүн жалгыз жоолугу менен сүртүп, кралин менен жууп, бир айдын ичинде айыктырып алат. Аз убактан кийин эле "Карала" турпатына келет. Бирок, байгеге чабууга даяр боло электе эле саяпкерлер "Караланы" байма-бай сурай берип, акыры алып кетишет. Калиман апа "аттын сырты айыкканы менен ички органы айыга элек" десе да кой-айга келбей, байгеге кошуп ийишет. Толук кандуу айыкпаса дагы "Карала" марага биринчи келет. Атты Миллиардбек аттуу бала чаап жүрөт. Тилекке каршы, бул чабандес ооруп кайтыш болот. Ошондо жаныбарым "Карала" Миллиардбектин мүрзөсүнө көзүнө жаш алып, кишенеп келгендигин чабандестин байкеси Турар Султанов айтып берди. Андан соң атты бир сапар Казакстанда Эмил Факирдинов жайдак чаап, биринчи келет. Баш байгесине төө утуп алат. Ошол төөнү Мансурбек ата элге союп берип, этин таратат. Жергиликтүү жашоочулардын бири Күмүшбек аксакал ошондо төөнүн этин биринчи жегендигин айтат.
Бир сапар Грузияда союздун биринчилиги үчүн аламан байге өтмөк болот. Кыргызстандан "Караланы" алып барууга токтолушат. "Караланы" Калиман апа таптап, өзү узатат. Узатарда саяпкер апа күлүктүн мойнунан кучактап алып, эки саатча сүйлөшөт. Мал да болсо "Карала" оозун эки жакка кыйшаңдатып, көзүнө жаш алган экен. Демек, күлүк ар дайым Калиман апанын кароосунда, таптоосунда болгон.

Нарынбек Касымалиев илими боюнча социология илимдеринин кандидаты, доцент

"Караланын"
тагдыры кандай болгон?

Дегеле, "Карала" тулпардын таржымалы тууралуу не бир укмуш маалыматтар бар. Күлүк бир гана Кыргызстандын аймагында эле эмес, чет өлкөдөгү аламан байгелерде да биринчиликти берген эмес. Бул "Караланын" алган дипломдору менен тастыкталат. Муну менен катар аталган тулпар " Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Караш-Караш" киносуна жана башка республикаларда документалдуу тасмаларга тартылган. Белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов да "Караланы" көп минген. Бирок, киного чогуу тартылышпаптыр. Эгер Сүймөнкул "Сүлүккаранын" ордуна "Караланы" мингенде сууга акпай, ден-соолугун сактап калмак дейт Калиман апа. Себеби, "Карала" суунун түбү көрүнбөгөн иримден түптүз сүзүп чыкчу экен. Өз учурунда тулпарга кызыккандар өтө арбын болгон. Бир сапар Мансур атадан жакын тааныштары сурап кетип, улакка салып, буттарын жараат кылышып, абдан кыйнашат. Ошондо күлүк үйүнө качып келет. Аттын кебетесин көргөн Калиман апа көзүнө жаш алып, кайрадан дарылап чыгат. Көп өтпөй эле режиссер Болот Шалтаев Мансур атадан амал менен "Караланы" сатып алып, ашка соёт. Сойгон учурда күлүктүн ички органдары көөдөн тарабында болсо, далысынан канат чыгат. Буга зээни кейиген Калиман апа эртеси күлүктүн жем баштыгын Мансур атанын колуна карматып, "Караланын" башы менен терисин, төрт шыйрагын сурап келүүсүн өтүнөт. Тилекке каршы, сатып алган тарап, мурдагы малдын ээсинин сунган колун суутуп коёт. Көрсө, Калиман апа "Караланын" баш терисин, шыйрагын катырып, тулпардын сөлөкөт турпатын жасап, эң кенже баласы Соодонбек чоңойгондо көрсөтмөк экен. Жыйынтыктап айткан да "Карала" менен саяпкер Калиман апанын чиеленишкен сырларынын негизги мазмуну ушундай. Бирок, бул узун сабактын башталышы гана. Бүгүнкү күндө социолог Нарынбек Касымалиевдин демилгеси менен "Караланын" музейин ачуу боюнча иш-аракеттер башталды. Учурда, Күн-Туу айылынан музей үчүн беш сотых жер участогу бөлүнүп, "Карала" тууралуу кино тартуу боюнча "Кыргызфильмдин" генералдык директору Таалайбек Кулмендеев менен да сүйлөшүүлөр жүрдү.



"Караланы" таптаган
Калиман апа

"Караланы" таптаган Калиман апа бүгүн да арабызда. Ал киши Саякбай ата менен таяке-жээн экен. Андыктан, аталган күлүк тууралуу саяпкер апанын өзүнөн да тактап сурап билдик.
- Калиман апа, "Карала" күлүктөн тукум калганбы?
- Бир ирет "Карала" мамыда байланып турган жеринен бээ минип бара жаткан аксакалдын шилисинен тиштеп жерге аяр түшүрүп, бээни айдап кетет. Ал аксакал Мансур атага келип, "мындай жылкынын барынан жогу жакшы" деп даттанат. Ошондо Мансур атанын аргасы түгөнүп, күлүктү бычтырып салат. Ошол үчүн "Караладан" тукум жок. Балким болгондур аны Нарынбек иним изилдейм деп аракет кылып жүрөт.
- "Карала" абдан акылдуу жылкы болгондугу айтылып жүрөт. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Эми анын кылыктарын айтып олтурса өзүнчө узун сабак. Ал китеп болуп чыгат. Ошол жерде кенен айтылат. Мынчалык сурап калгандан кийин бир-эки кылыгын айтып берейин. Бир күнү "Караланын" ээри алынбай, түнү менен калып калат. Эртең менен Мансур акырды тазалап жатса, "Карала" Мансурду буту менен жылдырбай басып алган экен. Эмнеге ээрди албай, унутуп койдуң дегенсип таарынса керек. Жаны кыйналганда такай көзүнө жаш алчу эле. Айтмакчы, совхоз күлүккө каалаган жерине оттогонго жеңилдик берген. Ошондуктан, аны сылап-сыйпап багууга мүмкүнчүлүк алганбыз.