Рита Карасартова:
"Кыргызстандагы эң таза делген Өмүрбек Текебаев да ишеничти жоготту"
Чындык, акыйкаттык деп чырылдап жүргөн айымдардын катарын толуктаган Рита айым менен мамлекетибиздеги абал, саясый интригалар, түзүлмөкчү болуп аткан техникалык өкмөт тууралуу ой бөлүштүк.

- Рита эже, саясатчылар арасында коюлган дооматтарга катуу намыстангандыктанбы же саясатчыларыбыздын деңгээлиненби айтор, мурда "асынып өл" десе, эми "атынып өл" деген жаңы термин кирди. Мындай орой сөздөрдүн коомчулукка ачык эле жарыяланышы эмнеден кабар берет?
- Менимче, мындай кооптуу ой жараткан пикирлердин эл алдында ачык айтыла башташы байлардын, бандиттердин бийликке аралашканынан кабар берет. Мына ошондуктан, элди кооптонткон ушундай чуулгандуу жагдайларга жол берип жатышат. Саясаттын чордонунда болгондуктан эл эмне дейт, ашыкча кеткен жокмунбу деп амбицияга алдырбай сактанышса болмок. Тескерисинче, мындай аракеттер аркылуу элдин колдоосуна ээ болом деген ой менен чындык мен тарапта дешкенсип, көп учурда ойлонбой сүйлөшүп, анын запкысын чегишет. Өкүнүчтүүсү, элге үлгү болчу адамдар нак жүзүн көрсөтүп, коомго коркунучтуу адамдай таасир калтырып жатышат. "Медалдын эки бети бар" дегендей мен сөз кылган нерсе жаман жагы. Ал эми экинчи бети, башкача айтканда жакшы жагы элге аппак болуп көрүнүп, кооз сүйлөгөн адамдардын да былыктары чыгып, эл кимдин ким экенин көрүп атканы. Анткени, мурун сырты жалтырак, ичи калтырактардын көбүн мыкты, кыраан деп билишчү. Азыр алардын кыраан эмес экени, алар да пендечиликке салып койгон учурлары бар экени, эч ким суудай таза эместиги байкалып калды. Кыскасы, саясатчылардын ар биринин кыймыл-аракети, кандай ой жүгүрткөнүнө чейин эл көз салып, өткөндө мындай дегенсиң, эми ал ойдон кайтып калыпсың, принцибиң барбы деп тескей турагн абалга жетип калды. Бул парламенттик башкаруунун артыкчылыгы. Атаандаштыктын айынан парламенттеги партиялар бири-бирине компраматтарды чогултуп, аёосуз күрөшүп, чоң сыноодон өтүп жатышат. Мындай жолду Кыргызстан эртеби-кечпи басып өтмөк, ошону басып жатат. "Көч бара бара түзөлөт" демекчи акырындык менен бүгүн чоң көйгөйгө айланып жаткан жагдайлар өз жолуна коюлат. Эгер парламенттик система эч бир катачылыгы жок курулуп калса, анда жомок болуп калмак. Жомокто гана ким эмне ойлосо ошол аткарылат. Чыныгы жашоодо катачлыктарга жол берилип, кайра оңдолуп, убакыттын өтүшү менен гана калыпка салынат. Мен да тилегимде корея кереметтериндей абалга жетсек, мамлекетибиз аксабай, эртерээк өнүксө дейм. Бирок, саясатчыларыбыздын деңгээлинен улам жомоктогудай абалга кечирээк жетебизби деген ой басымдуулук кылат.
- Айрымдар өкмөттү биротоло кетириш керек дешсе, кээ бирөөлөр өкмөттүн 80 пайызы калышы керектигин айтып жатышат. Жыйым-терим маалында мамлекетибизде чалды-куйду иштердин орун алышы саясый кризиске алып келип койбойбу?
- Негизи кандай кризис болсо да анын жакшы жана жаман жагы болот. Айтайын дегеним, баары белен боло берсе, эч ким башын иштеткиси келбейт. Абал оор болсо, сөзсүз кырдаалдан чыгуунун жолун издеп, адам өзү күтпөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылып, башка нерселерди жаратат. Ошондуктан, саясый кризиз, экономикалык,социалдык кризиз деп коркпошубуз керек. Балким, мына ушундай жагдайлар элдин турмушу оңолгудай кыргыз кереметине жол ачып аткандыр. Биз эмнегедир жаңы адамды эле күтүп, издеп, убаралана беребиз. Алар келген күндө деле баягы эле жыйынтык болот. Ошондуктан эскилерди гана эскертүү менен иштетип, кетирген катачылыктарын мойнуна коюп, талапты катуулатсак сөзсүз жаңы адамдан күтүп аткан ийгиликти тажрыйбалуу адистер берип коюшу толук мүмкүн. Мындай ойго жаңы келген адамдар мамлекетти жакшы жагына өзгөртсө Кыргызстан алдына киши салбаган өнүккөн мамлекет болуп калмак. Жаңылар деле ойдогудай жыйынтык бере албаганынан улам, убакытты текке кетирбеши керек го деген ойдомун. Азыр да Бабановду дүйнөдө жок жаман кишидей сүрөттөп жатабыз. Бирок, ким андан мыкты иштей алат деген суроо жоопсуз калып жатат. Анткени, Кыргызстандагы эң таза делген Өмүрбек Текебаев талап-тоноого катыштыгы бар дегендин өзү кандайдыр бир ишеничти жоготууга алып келип жатат. Ошондуктан жоолук алмаштыргандай улам жаңы бир кишини алып келе бербей системаны мындан ары өзгөртүшүбүз керек. Анткени, кайсыл системаны колдонгондо урдагандар, тоногондор, өлтүргөндөр жок болот деген ойдун тегерегинде акыл калчап, бирге иштесек сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетебиз. Мына оңолбойт деген сот ситемасы бир кадам болсо да алдыга жылды. Ошон үчүн элге пайдасы чоң системалардын иштешине шарт түзүшүбүз керек.
- Кыргызстан бүгүн автоавария боюнча дүйнөдө биринчи орунда тураары айтылып жатат. МАИлерди жолдон алып, видео көзөмөлгө ишеним артсак, бул көрсөткүч андан да күчөп кетпейби?
- Негизи Кыргызстанда чоң проблеманын бири коррупция. Мен коррупцияны жоюунун жолу катары автоматташтырылган системаларды колдойм. Эгер ал айтылгандай иштесе. Анткени, автоматташтырылган система иштейт деп ишеним артканыбыз менен көп учурда сол чөнтөккө салып койгон жагдайлар орун алып, канча миллиондогон акчалар жумшалса да жакшы жыйынтык бербей калат. Ошондуктан ким кандай эреже бузду, ага канча сом айып төлөдү дегендин баары ачык болушу керек. Айтайын дегеним, ошол эреже бузганы үчүн айыпты карапайым адам төлөшү мүмкүн. Ал эми чечим чыгарган кишилер же атка минерлер көнгөн адатын карматышып, компьютерден алдырып жакшы системанын да таш талканын чыгарып салбайбы деп ойлонуп жатам. Мына ушундай ачык - айкындуулук болуш үчүн өкмөттүн деңгээлинде электрондук өкмөт боюнча команда түзүлсө жакшы болот эле. Тилекке каршы, биздин атка минерлерге бүгүн мамлекеттин абалын оңдоо эмес, бирин-бири буттан тарткан саясат пайдалуудай сезилип жатат.
- Балким, КСДП түзөлү деп сунуштап аткан техникалык өкмөт ушундай идеялар менен иштейттир...
- Эгер дирижёрлорунун оозун карабай, чыныгы атуулдук милдеттерин сезип иштешсе, "май кармаган бармагын жалаптыр" деген ойдон алыс болушса, электрондук өкмөт түзүп иш алып барышса, албетте, оор абалдан чыгып кете алат. Азыр акча жок деп куу чөп менен ооздорун аарчып жатышат. Чынында ар бир тармакта миллиондогон акчалар бар. Болгону ачык-айкын иштегенге, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгонго булардын эрки, күчү жетпей жатат. Мына ачыктыкка багыт алабыз деп бир топ министрлик олчойгон суммаларды жумшап, автоматташтырууга өткөн болду. Бирок, ар ким өз чөнтөгүнө иштегендиктенби, жакшы жыйынтык бере элек. Керек жерден иштетип, керек эмес жерден токтотуп коюп жатышкандай.
- Мына ушул жагдайдын баарын өкмөт башчысы болот деп аталып аткан инсандардын кимиси өкмөт башына келсе, ишке ашыра алат?
- Баары эле башында кыйратам, түкүндөй программаны ишке ашырам деп билек түрүнүп киришип, жыйынтыгы курсак тоёрлук деле майнап чыкпай калат. Ошондуктан аты аталгандар эле эмес, менимче саясый эрки бар адам келсе гана иштеп кете алат. Биз бүгүн өкмөт башчы деп бизнесмендерден башканы элестете албай калдык. Алар көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгына жеке кызыкчылыгын аралаштырып жиберип, баштап аткан жакшы иштеринин да дайыны чыкпай калып жатат. Анын кесепетинен мамлекетибиз аксап, алдыга жылчу жерден да артка кетенчиктеген абал жаралууда. Ошондуктан, айыптуусун, элдин ырыскысына беш колун бирдей салганын жазалап, мамлекет үчүн чын жүрөгүм менен иштейм деген ураанды күчкө салып, мамлекеттик кызматкерлердин аң-сезимине киргизишибиз керек. Антпесек өргө чыгышыбыз күмөн.
- Саясаттын курчуп кетишине өкмөттүн чалакайым иштегени себеп болдубу же депутаттардын обу жок кийлигишүүсүбү?
- Менимче, упай топтоо, бирөөнү буттан чалуу саясатынан эле өйдө боло албай жатат окшойбуз. Болбосо ошол өкмөттү өз колдору менен түзүшпөдү беле. Анда жакшы, эми жаман болуп калыптырбы? Депутаттардын да орунсуз жоруктары үчүн жооп бериши керек. Эл өкүлү десе эле оюндагыларын оттой береби? Депутаттар ал-бул дей бербей, мамлекетибизди өргө сүйрөй турган мыйзамдарды жазып, элдин турмушунун оңолушуна шарт түзүшсүн. А бизде болсо эл өкүлү делгени менен укмуштай деле иштерди жасай элек. Ага, буга, тигиге асылуу менен убара. Эгер бул адаттарын таштабаса, эл эртең эле мындай парламенттин кимге зарылчылыгы бар деген талап менен чыгышат. Ошондуктан кеч болуп кала электе өздөрүн тараза ташка салып, ушундай өкмөттүн түзүлүшүнө биз да күнөөлүүбүз деген жоопкерчиликти сезиши керек. Эгер Жогорку Кеңештин жазган мыйзамдары чийки болсо, өкмөт кантип жакшы иштейт? Биз да катачылыкка жол берип койгон жокпузбу деп ойлонушу керек. Ошондой эле Бабановду эптеп ээрден оодардык деп сүйүнбөй, кайсыл жеринен кандай катачылыкка жол берди? Кайсыл министрлер татыксыз иштеди деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп, жаманын кетирип, мыктысын алып калууга коомчулук да салым кошушу керек.

Чынайым Кутманалиева