Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Таластыктар өзүнчө партия болуп чыгат деп кооптонбой эле койгула"
Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын берип, саясатка баш-оту менен кирээрин, азыркы бийликке күчтүү оппозиция болоорун жар салды. Анда кеп башынан болсун.

- Азимбек Анаркулович, азыр парламентте "Республика" партиясы оппозиция болуп жатат. Ушул кырдаалды Бекназаров пайдаланып кетет го дегендер бар эле. Айткандай эле так ушул учурда оппозиция болоруңузду ачык жарыялап жатасыз. Бул жерде Бабанов менен бирдикте иш алып барып жаткан жоксузбу?
- Жок. Менин оппозиция болуп чыкканыма Бабановдун кылдай да тиешеси жок. Ал болсо парламенттеги оппозиция болоор, а мен элдин арасынан чыккан оппозиция болом. Ө.Бабановдун кандайдыр бир саясый кыймылдарына кирбейм. Мен баягыдай эле жалгыз карышкыр бойдон эле калам. Билем, мага кимдир бирөөлөр кошулгусу келгенин. Мен алардын эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иш кылам. Эгер Бабанов менен бирге болуп, анын саясатын кыйытып аткан болсом, анда коррупцияга катыштыгы бар деген тизмеге же болбосо арзан приватташтырып алган объекттерден атын атабайт элем да. Дагы айтам, менин саясатка кайтып келүүмө коалициянын ыдырашы эмес, июнь окуялары боюнча соттук иштердин алдыга жылбагандыгы, 2010-жылдагы окуялардан кийин элдин ишеними акталбай жатканы ушул кадамга түрттү. Болбосо "сизге ишенип, аянтка чыктык эле. Кана эмне өзгөрдү? Баары эле баягылар, азыр революцияга катышканыма өкүнөм" дегендер көп болду. Болбосо чоң саясатка кайтып келбей эле китеп, илимий иштеримди жазып, ден-соолугумду карасамбы дегем.
Чындап эле -2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин жаңылануу болгон жок. Бакиевдин бийлиги кетсе, азыр кайра Акаевдин бийлиги келди. Мен жаңы адамды көргөн жокмун. КСДПнын өкүлдөрү азыр бийликтеби? Ал партия мүчөлөрүнүн баары Акаевдин кадрлары. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиев. Ал президенттин аппаратын жетектеп, сот реформасын жүргүзүп атат. Андыктан сотко дагы жалаң кайра Акаевдин доорунда иштегендер келип атат. Ал эми КСДПнын штабын болсо Таирбек Сарпашев жетектөөдө. Ал дагы Акаевдин кишиси.
Кыскасы, ар ким өзү каалагандай иш кылып жатат. Парламент Конституция менен эмес, коалициялык келишим менен иштеп, бир топ башаламандыкка жол берип, жыйынтыгы бири-бирине ор казган саясаттан өйдө боло албай, элдин тынч жашоосуна бүлүк салып жатат. КСДПны "Алга Кыргызстан", "Ак Жол" партиясынын кейпин кийгизип, алар кимди айтса, премьер-министрликке ошону шайлап бересиңер деген саясат болуп, көз көрүнө мыйзам бузулуп атканы күзгү саясаттын чордонуна кайтып келүүмө аргасыз кылды. Мен мындан үч ай мурун эгер бийлик ушундай темп менен кете берсе, азыркы бийликке ачык оппозиция болуп чыгаарымды айтып, Алмазбек Атамбаевге досчо да кайрылдым. Бул кырдаалды жөнгө салууга да чакырдым. Бирок, майнап чыккан жок. Ошондой эле асыл ой, ак тилек менен Убактылуу өкмөт баштаган реформалардын ишке ашпаганы, сот реформасы, паракорчулук менен күрөш чабал болуп жатканы үчүн бүгүн аларды сындап, жок дегенде оппозицияга келип жардам берейин деп чечтим.
-Кызматка барбасаңыз кантип жардам бересиз?
- Кызматка барбай элдин арасында туруп, элдин көйгөйүн, алардын катачылыгын айтып, жардам берем. Күчтүү оппозиция болуп, көзгө сайып турбаса, бийлик ыңгыранып жакшы иштебесине көзүм жетти. Күчтүү оппозиция болбосо мыйзамдарды уруп-ойнобой каалагандай калчай беришкенине чыдабадым. Бир кездеги досторум, идеялаштарыма мына ошентип жардам берем. Баса, бул убакытка чейин бир канча жолу сунушталган кызматтын бирине да барган жокмун. Мага кызмат эмес, элдин тынчтыгы кымбат.
- Азимбек Анаркулович, сиз бүгүн берки жээкте болуп, мага аргасыз эле досторуңузду сындап аткандай туюлуп жатат. Мына ушундай бийликтин орношуна, мамлекеттеги абалдын кооптуу экенине өзүңүздүн да жоопкерчилигиңиз бар экенин сезесизби?
- Кантип сезбейм. Чоң күнөөм болбосо да моралдык күнөөм бар. Эгер мен күнөөлүү болсом мени суракка алышсын, башкалары күнөөлүү болсо башкаларын суракка алышсын. Мен качпайм. Суракка чакырса, бүгүн да барууга даярмын.
- Бүгүн, түндүк-түштүк болуп эле бөлүнбөстөн региондордун партиясы ачыла баштады. Бабановду да таластыктар колдоору айтылып жатат. Бул нерсенин жыйынтыгы араң турган элди ого бетер толкутуп жибербейби?
- Антип эл бөлүнүп аткан жок. Саясатчылар өзү "мен түштүктүн, сен түндүктүн өкүлүсүң" деп бөлүнүп жатышат. Айтайын дегеним, таластыктар өзүнчө партия болуп чыгат деп кооптонбой эле койгула. Бүгүн Бабановду колдоп жатышса, эртең Болот Шер барат дагы Бабановду кууп чыгат. Кыскасы, андай бөлүнүп алып, бийликке муштум түйөбүз деген ой таластыктардын оюнда деле жок болсо керек.
- Сиз көптөн бери өкмөт да отставкага кетип, парламент тарап жаңы шайлоого барышыбыз керек деп келе жатасыз. Мындай жол менен саясый кризиске кептелип калбайбызбы?
- Учурдагы саясый кризистин өзөгү парламенттин өзүндө жатат. Азыркы өкмөт Жогорку Кеңештин продукциясы болууда. Бабановду ушулар бекиткен жана азыр "кет" деп жаткан да өзүлөрү. Өкмөттү кетсин дешкени менен экономикага түз дагы, кыйыр дагы тиешеси бар "Ата-Мекен" фракциясынын өкүлдөрү азыр өкмөттө болсо, "Ар-Намыс" фракциясынын өкүлү өлкөнүн каржысын кармап турат. Ошол эле КСДП партиясынын өкүлдөрү да бийликтин башкы бутактарын чоюп жатышат. Эмне үчүн азыркы абалга кептелгенибизге бир гана Бабанов күнөөлүү болуп, алар суудан кургак чыгышы керек? Мына ушундай жагдайга шарт түзгөн Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таратышы үчүн аракетимди кылам. Ыгы келсе, парламент тарасын деген кыймылдардын демилгесин да колдойм. Бийлик талашкандан башканы билбеген парламенттин кимге кереги бар? Мыйзамда андай эмес деп чычалашпасын. Мен илимий даражага ээ болгон юридикалык илимий ишимди жактаган кандидатмын. Ошондуктан мыйзам чегинде парламент өзүн-өзү таратсын деп айтып жатам.





Мукар Чолпонбаев, кыргыз оппозициясынын мүчөсү:
"Бекназаров бизге кошулаардан мурун Убактылуу өкмөттөгү иштерине жооп берсин"
Мукар мырза менен "кыргыз оппозициясы" деген уюм түзүлгөнүн, ал кандайча иш алып бараарын, кимдер менен иштешээрин, тактикасы кандай болоору тууралуу сүйлөштүк.

- Мукар агай, ушунча убакыттан бери унчукпай жүрүп, Бабанов ээрден оодарыларда чок баскандай "кыргыз оппозициясы" болуп чыгып калганыңарга эмне себеп болду?
- Биз качантан бери эле мамлекетибиздеги ичибиз жылыбаган иштерге нааразы болуп, мыйзам бузууларга кыжаалат болуп жүргөнбүз. Укмуштай укук берилген парламенттеги оппозиция деле бийликти тескеп, анын катачылыгын айтууга анчалык деле жараган жок. Бийлик башындагылар кыйкырып ачуу чындыкты айтып турган киши жок болгондуктан каалагандай калчап, өз билгендерин жасап, айтор, Кыргызстан 120 депутат кандай калчаса, ошондой калчана баштады. Ал аз келгенсип президент, өкмөт башчы тарабынан берилген бир да убада ишке ашкан жок. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, булар деле эски бийликтен айырмасы жок болуп бара жатат. Аргабыз кеткенде элдин көйгөйүн айтып туралы деп 27-августта сүйлөшүп, эми өзүбүздү ачык оппозиция деп жарыяладык.
- Кимдер менен иштешесиңер? Балким, өзүн ачык оппозициямын деп жарыялаган Бекназаров менен биригет чыгаарсыңар?
- Чынын айтсам, азыр андай биригүү тууралуу сөз жок. Азимбек Бекназаров бизге кошулаардан мурун Убактылуу өкмөттөгү жасаган иштерине жооп бериши керек.
- "Күнөөм болсо жоопко тарткыла. Мен даярмын" деди го?
- Аны да тартчу убакыт келет. Азыр сааты чыкпай жаткандыр да.
- Өзүңөрдү оппозиция атап, чоң күрөшкө чыгып атканыңар менен Кубатбек Байболов "азыр оппозиция жок. Баары "демогогдор", чачылып кеткенден кийин жыйналышы кыйын, мурдагыдай күчтүү оппозиция чыкпайт" дегендей оюн кыйытыптыр го.
- Эгер Байболов өзүн күчтүү сезсе, бизге алымсынбаса, анда Кыргызстан менен иши жок болуп, Америкага президент болуп алсын.
- Бул убакка чейин тыптынч жүрүп, бүгүн эле өзүңөрдү оппозиция атап калганыңардан улам артыңарда Өмүрбек Бабанов турабы деген ой жаралып жатат.
- Биздин артыбызда эч ким жок. Биз кыргыз патриоттору чогулуп атабыз. Биз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин таламын көтөрүп чыгып жатабыз. Болгону өзүбүздү кыргыз оппозициясы деп жарыялап чыккан мезгилибиз, Бабанов кызматтан чегинген учурга туш болуп калды. Биз бирөөнүн ырын ырдамак түгүл Бабановго, Жогорку Кеңешке, Президентке да каршыбыз.
- Бүгүн "Республика" партиясы да оппозициялык партия болоору ачык эле айтылып калды. "Кыргыз оппозициясы" деген ат менен чыгып аткандан кийин ичиңер кең болуп, кошулам деген кишини кучагыңарга батырасыңарбы?
- Бабанов мамлекеттик чиновник болуп жүрүп, кызматынан эми гана чегинээри айтылып жатат. Кечээ бийликте туруп, бүгүн эле бул жээкке өтө качканы туура эмес болуп калат го. Чынын айтсам биз атап айткан "кыргыз оппозициясында" Бабанов же "Республика" партиясынын бири менен да сүйлөшүү болгон жок.
- Эми күрөшүүнүн кандай жолун тандайсыңар? Балким, мурдагы адат менен митингге чыгаарсыңар?
- Азыр кандай күрөшүүнү баштаарыбыз тууралуу ойлоно элекпиз. Алгач Курултай чакырабыз. Анан ошол жерден чоң талкууга алып, Курултайдын жыйынтыгына жараша иш кылабыз.


Бетти даярдаган
Чынайым Кутманалиева