Нурлан Насип маякчы карындашына эмнени айталбайт?
Кыргыздын мукам үндүү ырчысы Нурлан Насип эми "Айталбайм" деген ырын тартуулаганы турат. Бул ырчы мырза эмнени айталбады экен?- деген суроого жооп издеп кала беребиз окшойт. Ошондой эле "Маякчы карындаш" аттуу клибин 2-сентябрь күнү кыргыз элине УТРКнын "Муз -Обо" теледолбоорунан көрүп, бул мырзанын талантына тамшанып, үнүнө суктансаңыз болот.


Алтынай Нарбаева Европа өлкөлөрүндөгү фольклордук эл аралык фестивалга катышат
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңңирген артисти, белгилүү ырчы Алтынай Нарбаева чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү эмгектенип келет. Жай саратанына карабай Россиядагы боордошторубузга жагымдуу маанай тартуулап келген Алтынай Нарбаева, аз күндө Европага сапар алганы турат. Себеби, жакында Европанын бир нече өлкөлөрүнүн ортосунда фольклор жаатында чоң эл аралык фестиваль өтөт. Ошол сынакта Алтынай айым Кыргызстандын намысын коргойт.


Кыргыздын кымча бел кызы Айя 30жашта
"Билинбестен жеттип
келип колдон алды,
Алыкулдун ак боз атчан
30 жаш" - деген
ыр саптарында айтып тургандай, кечээ эле жапжаш сулуу Айя мына бүгүн 30 жашка толуп олтурат. Туулган күн өздүк майрам жылына бир келүүчү деп, бул сулуу да майрамды борборубуздагы караоке-клубдарында тосуптур. Кечеде эң кызыктуусу болуп, алган белеги эсептелди. Эмне алды десеңер, агасы ага бриллиант менен жасалгаланган зер буюм топтомун белек кылды.


Элина Абай кызы эми Алай
ханышасынын ролун жаратат
Көптөгөн кино тасмалардан көрүп жүргөн актриса Элина Абай кызы эми Алай ханышасы Курманжан Датканын жаш кезин ойнойт. Ал эми жолдошу болуп, Алымбек Датканын ролун Азиз Мурадилаев деген актёр мырза ойнойт экен. Элинаны көбүнчө Э. Абдыжапаровдун кино тасмаларынан байкачубуз. Эми бул ролду да мыкты чеберчиликте ойнойт деген ишеним бар. Болгону ийгилик гана каалайлы.


Даниэлден "Садагамдын" дагы бир варианты иштелип чыкты
Жаш талант Даниэль өзүнүн репертуарындагы "Садагам" аттуу ырынын дагы бир вариантын иштеп чыгыптыр. Эми бул варианты кандай бааланарын биздин үналгылардан угуп сындасак болот. Талантына таазим, күйөрмандарын сагындырбай чыгармачылыгына кайра тез киришсин деп тилек кылабыз.


Жанетта Бобкова Түркмөнстандагы фестивалга катышып келди
Ырчы Жанетта Бобкованы жеке эле Кыргызстанда жакшы көрбөстөн, чет жерден да талантын урматтап сыйлагандар бар экен. Мунун далили Түрк эли кыргыз ырчысын фестивалга чакырганы. Бул фестиваль Туркменистандын Мары шаарында өттү. Мары шаарындагы фестивалга 10 өлкөнүн ырчылары чогулган экен. Жанетта эжекебиз партиоттук темадагы өзүнүн репертуарындагы "Кыргызстан" аттуу ырын жаңырта ырдаптыр.


Мирбек Атабеков репертуарын толтурууда
Кыргыз кыздарынын жүрөгүн ээлеген, бирде сагынса, бирде суранган жаш ырчы Мирбек Атабеков өз репертуарын ыр-клиптерге толтуруп жаткан кези экен. Кечээ эле "Суранам" деген ырын ырдаса, бүгүн клип тартып, эми Гүлнур Сатылганова менен ырдап дегендей. Бул мырзабыз күз мезгилиндеги концертине даярдык көрүүдө. Кийинки ийгиликтерин чыдамсыздык менен күтөбүз.


Сыймык Бейшекеев туулган күнгө чакырат
Көп кырдуу талант, кыргыз элибиздин сыймыгы, атына заты жарашкан ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев агабыз жылдагыдай досторун жана күйөрмандарын өз туулган күнүнө чакырат. Кечеде коноктор Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Аскат Мусабеков жана башка чыгаан таланттар болушат. Кече филармонияда 1 гана күн болот.


"The Dreamers" тобу өз күйөрмандарын чайга чакырат
Рок дүйнөсүнүн өкүлдөрү болгон, кыргыз шоу-бизнесинде өз ордун тапкан мыкты жигиттерден турган "The Dreamers" тобу "Дасторкон үстүндө" акциясын өткөрүп жатышат. Бул акциянын шарты төмөндөгүчө: Эгерде ушул топтун ырларына кызыгып же маалымат билгиңер келсе, анда Facebook же Odnoklassniki маалымат булактарынан жакшы каалоо-тилектерин арнаса, ошол киши топтун репетициясына күбө болуп, алар менен бирге бир дасторкон үстүндө чер жазышып, сүйлөшүп олтурганга мүмкүнчүлүк алат. Акция 30-октябрга чейин уланат.


Бетти даярдаган Нуркыз Ордобаева