Аксаамай
"Баары болот Окей..."

Аксаамай
тууралуу…

Туулган күнү, айы, жылы:
1991-жыл, туулган күнүм сыр болсун.
Кичи мекени: Ош областынын, Кара-Кулжа районунун, Чалма айылы.
Жактырган тамагы:
Лагман.
Зодиак белгиси: Бөйөн
Үйдө сени кантип эркелетишет: "Сүмөлөк"
Эң көп колдонгон сөзүң:
Вай-бай же - ии да.
Эмнеден баш тарта албайсың: көйнөктөрдөн.
Акыркы окуган китебиң: "Талкаланган тагдыр"
Мырзалардагы баалаган сапаты: жөнөкөй, чечкиндүү жана өзүнө ишене билген мырзалар.
Окуган жери: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун "Эстрада жана вокал" бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт.
Учурда: студент, жеке ырчы жана "Aksbaby" тобунун башкаруучусу.

"Кыргыздын кымча бел, сулуу кыздары..." - деп айткан ыр саптарындагыдай кыргызымдын кымча бел, ырчы кызы Аксаамай менен болгон маекти сунуштайм.

- Алгач акыркы жаңылыктарыңдан баштасак. Кантип чыгармачылыктын даңгыр жолуна келип калдың?
- Бул менин бала чагымдагы кыялымдын бири болчу. Негизи бала чакта мен ырчы же актриса болом дечүмүн, анан үйдөгүлөр актриса болушума каршы болушту. Ошентип мен ырчы болууну чечип, азыркы учурда ырчымын. Кийин таанылганда актриса боло аласың дешкен.
- "Аккан арыктан суу агат" деп коёт эмеспи, үйдө ким таланттуу жана сага кимден жуккан?
- Үйдө атакем таланттуу. Өз кезинде атамда тандоо учуру болгондо атакем, үй-бүлөнү тандаган.
- Күйөрмандарыңды кандай жаңылыктар менен кубанта аласың?
- Кудай буюрса жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жатам. Толугу менен монтаж бүтсө эле элге тартуулайм. Андан сырткары өзүмдүн бий тобумду түзгөнү турам. Ага да кастинг өткөргөнү турам.
- Үй-бүлөң жөнүндө да маалымат бере кетсең?
- Үй-бүлөдө биз төртөөбүз. Эки уул, эки кыз. Мен эң эркесимин жана кичүүсүмүн.
- Балалык эң бир кымбат мезгил, аны артка кайтара албайбыз. Сенин балалыгың кайда жана кандай өттү эле? Эстен кеткис элестен айтып берсең?
- Чынында балалык мезгилге не жетсин. Менин балалыгым айылда жана шаарда өткөн. Айылда жүргөндө кызыктуу болчу, шаарга келгенден кийин анча кызыгы жок болуп калды. Ал эми кызыктуу окуя - бул менин мектеп учурумда болгон. Таң эртең экзаменге барам деп, тасмал алганы таекемдикине баргам. Барсам жеңем кийим үтүктөп аткан экен. Мен суусаган бойдон, мага суу деп ваннага кирип кетип чыксам, бир идиште суу туруптур. Аа, ушул экен деп ичип алсам, көрсө ал үтүктүн суусу экен.
- Аксаамай үйдө кандай кыз?
- Эрке, эмгекчил, тың жана шайыр кызмын.
- Продюсер менен иштешесиңби?
- Мурда иштешчүмүн, азыр өзүм жалгызмын. Анткени продюсерим Мырза Айдаралиев эле, анан ал байке кино тартып, мага убактысы аз болгондуктан, өзүм жалгыз болуп калдым. Өзүмдүн көмөчүмө өзүм күл тартып жүрөм.
- Ырларыңдын обонун жана сөздөрүн ким жазат? Көбүнчө сөзүнөбү же обонуна биринчи көңүл бурасыңбы?
- Антип бөлбөйм, болгону элдин табитине туура келеби деп карайм. Ошондуктан сөзү да, обону да мага маанилүү. Мага обонду көп учурда Рамис Алиев деген мырза жаратып берет.
- Эмне үчүн ырчы болдуң?
- Жан дүйнөм менен жүрөгүм каалап турат. Ошондуктан ырчы болдум. Бул менин тагдырым.
- Репертуарыңызда канча ыр жана клип бар?
- Азырынча 3 ыр, 3 клип.
- Эгер ырчы болбосоң, анда ким болот элең же экинчи кесибиң?
- Анда мен котормочу болмокмун англис жана кытай тилдеринен. Кудай буюрса, аны да бирге алып кеткенге аракет кылам.
- Бош убакытты кантип өткөрөсүң?
- Досторум, жакындарым менен өткөрөм.
- Достукка кандайсың? Чыгармачылыкта достук болобу же атандаштыкпы?
- Достук - бул ыйык сезим, ал эми чыгармачылыкта достук жок, болгону жакшы тааныш болот. Ал эми жеке жашоодо достор чыныгы болот.
- Кыз менен жигиттин ортосунда достук болбойт, ал достук бара-бара сүйүүгө айланат дешет. Сенин көз карашың?
- Бар деп ишенем, менин досторумдун көбү жигиттер. Кээ бирлери эле достукту бара-бара сүйүүгө айлантышат. Мага дос болсо түбөлүккө, жигиттин жолу башка.
- Аксаамай сулуунун жүрөгүн ээлеген мырза бар бекен?
- Азырынча жок. Издөөдөмүн.
- Сүйүү жаатында кандайсың?
- Романтик жана кызганчаакмын.
- "Кыздын бараар жери күйөө" деп коюшат, качан аттанасың?
- Кудай буюрса алдыга койгон пландарымды ишке ашырып, анан 2-3 жылдын тегерегинде ойлоном.
- Сайма сайуу, курак куроо деген кыздарга таандык нерселер сенде кандай?
- Тигем, саймага деле анча-мынча шык бар. Ашканада жакшымын.
- Күйөрмандарыңдан алган эң оригиналдуу белегиң?
- Бул жумшак мамалак. Мамалак оюнчуктар менен бөлмөмдү толтурганы турам.
- Алдыдагы пландар?
- Тобумду ийгиликтүү ачып, дагы ырларды жаратуу.

Сиз көбүнчө тандайсыз...
- Күн же түн?
- Күн.
- Мырзалардын сырткы келбети же жан дүйнөсү?
- Экөө тең.
- Ысык-Көл же Дубай?
- Дубай.
- Алма же лимон?
- Алма.
- Достук же сүйүү?
- Экөө тең.
- Чыгармачылык же жеке жашоо?
- Жеке жашоо.
- Жай же кыш?
- Жай.

Маектешкен
Нуркыз
Ордобаева