Жүгүнсөң беш жылга өмүр узарат
"Сурья-намаскар"- "Күн менен саламдашуу" деп которулат. Айтылган көнүгүүнүн аталышы билдирип тургандай "Сурья-намаскарды" таң эртең менен, күндүн мурду жаңы көрүнүп, алгачкы нурун чача баштаганда, күнгө карап туруп машыгышат. Бул көнүгүү-хатха-йоганын баштапкы, даярдык көнүгүүсү болуп эсептелет. Йогдор "Сурья- намаскарды" 12 ирет кайталашат.
"Сурья-намаскардын" варианттары көп, ал эми бул китепчеде, биз элдерге 4 жашар баладан тартып, 80 жаштагы чоң ата, чоң энелерибизге дейре жеңил аткара ала турган вариантын сунуштамакчыбыз.

Йогдордун орто жашы -120 жаш деп айтышат. Тарыхта жана бүгүнкү күндө деле 200-300 жашка чыгып, ошол эле учурда ден-соолуктары бекем йогдор белгилүү эмеспи. Кимде-ким Гималайга же Тибетке барган болсо, 100 жашка чыккан адамдарды көрсө таң калбашы деле мүмкүн. Анткени, Гималай, Тибет тоолорунда 100 жаштан ашкан адамдарды көп кезиктирүүгө болот.
Илгери СССР мезгилинде ар бир мекемелерде, өндүрүштүк ишканаларда, отуруп-туруп, басып жүрүп, иштегендер үчүн атайын "өндүрүштүк гимнастика" ("производственная гимнастика") деп аталган китепчелер чыгып, жумуштун тыныгуу, танапис учурунда өндүрүштүк гимнастикалар өтүлүп турчу эле. Бул болсо, жумушчулардын ден-соолуктарын чыңдап турууга мүмкүнчүлүк берген. Ал эми, азыр болсо мындай көнүгүү, тагыраак айтканда өндүрүштүк гимнастика таптакыр жоголгон.
Кыймылсыз, көп отуруп иштеген адамдардын ден-соолугу начарлайт: жамбаш, буттарында, желкелеринде, моюнунда кандын жүрүшү начарлап, туз уюп, энергетикалык каналдар кысылып, энергиянын жүрүшү пассивдешип, баш ооруп, жүк басып, ашыкча салмакка, уйкусуздукка кабылып, муундар, бел, ошондой эле ички органдардын функциялары өзүнүн кызматын жакшы аткара албай организм тез карый баштайт.
"Өндүрүштүк гимнастиканын" жеңил көнүгүүлөрү (5-15мин.) физикалык денени ар кыл жүктөрдөн жеңилдетип, кайрадан жумушка даярдап берер эле.
"Сурья-намаскар" көнүгүүсүн эртең менен жана кечинде 3-5 иреттен эле кайталаса, "Өндүрүштүк гимнастикадан" да зор ырахат алууга болот. "Сурья-намаскар" жашартуунун, өмүрдү узартуунун, ден-соолукту бекемдөөнүн жана физикалык -руханий сулуулуктун көнүгүүсү!
Анда эмесе Европалык акыркы замандын илимий медицинасын изилдеп, далилдеп чыгарган тыянагына, "Сурья-намаскардын " терапиялык эффектисине көңүл буруңуздар!
"Сурья-намаскардын" пайдасы: бул комплекс, бүтүндөй организмге таасирин берет. Көпчүлүк йогдор, "Сурья-намаскарсыз" йоганы элестетүүгө болбойт дешет. Комплекс, дененин булчуңдарын кызытып, жибитип , таңкы аткарылуучу башка көнүгүүлөргө даярдайт. Көнүгүү кезек-кезеги менен ичтин булчуңдарын чоюп, кыскартып олтуруп, тамак сиңирүү органдарын сергитип, боор, ашказан, көкбоор, ичеги жана бөйрөктү массаждап, тамак сиңирүүнү активдештирип, ич катуу менен дисперсияны бошотуп, ички органдардын аралашканын алдын ала сактап, ичтин микро булчуңдарын чыңдап, ич көңдөй органдардагы кандын токтошун жоёт. Кыймыл менен дем алуунун синхрондошунун эсебинен комплекс өпкөнү жакшы вентиляциялап, канды кислород менен байытат да дезинтоксикант катары таасирин берип, мурун менен дем алуу аркылуу пайдаланылган токсиндик газды чыгарат. Ошондой эле жүрөктүн активдүүлүгүн көтөрүп, гипертония менен жүрөктүн тез кагышына каршы күрөшүүгө жардам берип, кол, буттун ысышына таасирин тийгизет.
Омуртка тутумунун ийилүүсү жана биринин артынан бири чоюлган көнүгүүлөр нерв системасын чыңдап, ситематикалык жана парасимпатикалык нерв ситемасын жөнгө салат да, эс-тутум менен уйкуну жакшыртып, баш айланууну жоюп, тынчсызданууну жана нервдин козголушун калыбына алып келет. Андан сырткары эндокриндик системанын аракетин стимулдаштырып жана нормалдаштырат да, эгерде териде ным пайда болгуча көнүгүүнү батыраак темпте тынымсыз бир нече ирет кайталаса, терини салкындатып, анын токсиндерди чыгаруучу фукциясын жакшыртат.
Комплекс гипертрофияга жеткирбей булчуңдун түзүлүшүн жөнгө салат. Жыйынтыгында бездердин стимулдашын жана көкүрөк булчуңдарынын, өзгөчө аялзатынын жоготуп алган ийкемдүүлүгүн жана бюстунун формасын чыгарып берет.
Комплекстин көнүгүүсү курсактын айланасындагы, каптал жагындагы, жамбаш, жоон сандагы, моюндагы жана ээктин астындагы май кабаттарын кетирип, шиштака кийип, белди жана башка кыскан кийимден аркыл ооруу натыйжасынан сактап, таманды чыңдап, жалпак таманды (плоскостопияны) алдын алат.
Көнүгүү менен системалык түрдө машыгууда табигый жол менен токсиндер тери, өпкө, ичеги жана бөйрөк аркылуу жагымсыз жыттар чыгып, анормалдуу коко кекиртектин оркоюп чыгышын кичирейтет.

Келгиле,
көнүгүүлөрдү бирге жасайлы

Күнгө карап түз турабыз. Буттардын аралыгы (8-10 эли) далы менен барабар (кээ бир варианттарында буттар бир болот), арка-моюн, баш түз абалда. Колдун алакандарын бири-бирине коюп, көкүрөккө жакын алып келип тийгизебиз. Манжалардын учтары асманга карап турат. Демди толук чыгарабыз.

Жай, жумшак, бир темпте демди тартканча, колдорду асманга көтөрүп, артка карай ийилебиз. Дененин эч бир жеринде чымыркануу, ыйынуу болбошу керек. Көнүгүү бош абалда (расслабленно) аткарылат. Демди тартканда, күндүн нурун бүт денебизге сиңиргендей элестетебиз.
***
Демди чыгарганча, жай алдыга карай ийилип, колдорду төмөн карай түшүрүп, алакандарды жерге коёбуз. Ошол учурда дем толук чыгып бүтөт.
***
Демди тартканда сол бутту артка узун таштап, буттун учун жерге коюп, омуртканы артка ийип, башты, жүзүбүздү асманга каратабыз да демди чыгарбастан кармап, кийинки көнүгүүгө өтөбүз.
***
Оң бутту артка таштап, сол бут сыяктуу алып кетебиз да баш түзөлөт. Демди кармап тура беребиз. Дене түз абалда болушу керек.
***
Тизелерди акырын жерге койгондо буттардын учтары узун сунулат. Алакандар жерге коюлган боюнча кыймылдабайт. Ал эми тулку бойду, тизени бүккөнчө артка карай жылып, башты ылдый салабыз да, согончокторго олтурабыз.
***
Демди чыгарганча алдыга карай денебиз менен жерге тийип-тийбей жылан сыяктуу сойлоп жылабыз. Маңдай, көкүрөк, эки алакан, тизелер, буттардын учтары жерге тийип турат. Бел ийилип, жамбаш көтөрүлгөндөй абалда болот. Ушул позада демди тартпай 5ке чейин эсептөө керек.
***
Демди тартканда башты, көкүрөктү асманга карай бийик көтөрүп, артка ийилип, чыканактарды түздөйбүз. Бул хатка-йоганын "кобра" позасы.
***
Демди жай чыгарганча бир эле учурда тизелерди түздөп, согончокту жерге тийгизип, денебизди көтөрүп, 3 бурчтук сыяктуу абалга келтиребиз. Баш эки колдун ортосунда түз болот.
***
Кайрадан демди тартканда, бул жолкусунда сол бутту алдыга карай колдорго жакын алып келебиз. Башты асманга каратып, көкүрөктү көтөрөбүз.
***
Демди чыгарганча сол бутту оң бутка жанаша алып келебиз да башты төмөн каратабыз
***
Демди тартып, бүтүндөй тулку боюбузду өйдө көтөрүп, белди артка ийип, колдорубузду артты көздөй сунабыз.
***
Демди чыгарганда, денени түздөп алакандарды бири-бирине бириктирип, баштапкы абалга алып келебиз. "Сурья-намаскар" көнүгүүсүн 3-5-7-9-12 ирет кайталап, убактыңызга жана ден-соолугуңузга жараша машыксаңыз болот.