Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



"Мекендештер" мекенинде
Роза Отунбаеванын демилгеси менен резиденцияда уюштурулган "Мекендештер" форумуна чет мамлекетте иштеп, окуп жүргөн мекендештерибиз келип, Кыргызстанды кантип өнүктүрсөк болоору тууралуу ойлорун ортого салып, бийлик өкүлдөрү менен да диалог курууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бийлик төбөлдөрү да мекендештерден мекенди даңазалаган жалындуу сөздөрүн аяшкан жок. Спикер, президенттин аппарат башчысы, өкмөт башчы, баары келип, мекендештер менен жолугушту. Расмий сөздөрү бүткөндөн кийин Роза Отунбаева менен Эмилбек Каптагаевден башкасынын баары эле зуу коюшту. Бул форумда колдоого аларлык сонун идеялар, долбоорлор сунушталды. Ошол эле учурда бийликтин кыйратып жатабыз дешкени менен катачылыгы да айтылып, арай көзү чарай болгон баарлашуулар болду. Айтор, илимге, билимге сугарылган жаштар ачуу чындыкты бетке айтып, кээ бирлери министрлерди да чочулатып, Алласын оозунан түшүрдү. Биз кыйратып жатабыз дегендей түр көрсөткөн министрлер кеткенче шашышты. Өкмөт башчысы "Казакстандыктар Ысык-Көлгө барсак бир да МАИ тоскон жок" деп ыраазычылыгын билдирип жатышат деп корстон болсо, Нурбек Тойчубаев "пешаходдон" баары айдоочунун токтойт деген кепилдик барбы? Эгер МАИлер жок боло турган болсо анда велосипедге атайын тротуар салгыла" деп өкмөт башчысын да сөзгө жыкты.
Идеяга бай жаштардын айткандары аткарылабы - жокпу, аны убакыт көрсөтөтүп, ушундай чоң үмүт менен келген карлыгачтардын тилеги таш каппай, мамлекет башындагылар алардын идеясын, мүмкүнчүлүктү пайдаланып 2014-жылы кайталанаары айтылган форумга келгендерди кепке тартып, аталган иш-чаранын күнгөй-тескейин талкууладык.


Азамат Сыдыков, пианист
"Чындыктан эмнеге коркушум керек?"
- Азамат, форумдун чакыруусун кандай кабылдадың?
- Башында мени эмнеге чакырды деп түйшөлдүм. Барышым зарылбы же жокпу деген ойдо баш катырдым. Мен пианист болсом ал жерге барышым керекпи же жокпу дедим. Анан эмнеси болсо да барайын деген чечимге келдим. Бишкекке келип шаар араладым. Аянттагы 7-апрелде каза болгон балдардын тизмесин окуп алып, жүрөгүм ооруду, алардын жаштыгына ичим ачышты. Менден да жаш балдар октон да, оттон да качпай каза болушканын көрүп аядым. Анан алар октон, оттон жалтанышпаса мен эмнеге чындыкты айтуудан тайсалдашым керек деген ойго келдим.
- Туура. Көп маселени кабыргасынан койдуң. "Акыл жаштан, асыл таштан" демекчи сенин таасирдүү сөздөрүң, кыргыздын уучу куру эмес экенин дагы бир ирет далилдеди. Бирок, кээ бир ачуу сөзүң Маданият министрине катуу тийип калган жокпу?
- Мен укмуштуудай ойлорду айттым деп деле ойлобойм. Болгону эмне ойлосом ошону жана жакынкы аралыкта көргүм келген нерселерди айттым. Мен 26 эле жаштамын. Ушул жашымда эле көп өлкөлөрдө болдум. Дүйнө таанымым кеңейди. Өтө акылдуумун дебейм. Бирок, башка мамлекеттеги жакшы нерселер да Кыргызстанда болсо деген ниетте болгонум үчүн ачуу чындыкты айттым. Мен бирөөнүн нанын жеп, бирөөнүн ырыскысын тартып алган жерим жок. Кыргызстан - жаштардын өлкөсү экенин, ошол жаштардын башын бириктирген, ыплас иштерге аралаштырбаган мамлекеттин идеологиясы болсо, биз да башка мамлекеттерди акылыбыз, талантыбыз менен багындырсак деп тилек кылганым үчүн айттым. Туризм менен маданият министрин аралаштырып койгону, ал министрдин күнөөсү эмес, ал министрликтерди реформа жасайм дегендердин күнөөсү. Ошондуктан, маданият тармагындагы чала кайым иштерди министрге карасанаганымдан айткан жокмун. Кыргызстан үчүн күйгөнүмдөн, олдоксон көрүнүштөргө жол берилип жатканынан улам сөз кылдым. Мен министрлик кызматты "сервис" катары кабылдайм. Ал кызматты аткаруучу. Ошондуктан амбицияга алдырган жерим жок. Болгону ыгы келип турганда, өкмөт биздин үндү угайын деген учурдан пайдаланып, Манас атанын эстелигин купулга толтурбай жасагандан көрө, Кытайдын арзан темири менен эле мыктылап жасап, арткан каражатка үч самолёт балдарды чет мамлекеттен окутса, ошолор баралына жеткенде Кыргызстандын атын алыска, даңкын далайга жеткиришмек деген оюмду билдирдим. Ошондой эле, революцияга катыштым деп колунан келбеген тармакты эле жетектеп, ишти жөндөй албай же башкага өткөрүп бере албай чайналган кызматкерлерди туура көргөн жокмун. Мен пианистмин. Эгер мени каржы тармагын жетектесе десе, эки өмүрүмдө да макул болбойт элем. Анткени, мен колумдан келген гана ишти кылам. Келбегенинен баш тартам. Кызматка барам деген амбицияларды жыйыштырып, революцияны колко кылбай ар кимбиз колубуздан келген ишти жасасак жакшы болот эле. Кемчилиги жок ийгилик болбойт. Мен деле кээде колум тайып кетип, катачылыкка жол берген учурларым болот. Ошол учурда катчылыкка жол бердим деп интернеттеги пикирлерди окуп алып чөгүп кетпейм. Кайра чыйралам. Элдин анализине, ачуу чындыкка баш ийием. Актана албайм. Андан да көгөрүп машыгам. Министрлер да ушундай болушу керек.
- "Мекендештер" форумунан жан дүйнөңө азык болчу бир нерсе алдыңбы?
- Баарыбыз асыл оюбузду, ак тилегибизди ортого салганга чоң мүмкүнчүлүк болду. Азыр технология өнүгүп, аң-сезимге революция кылып жатышат. Америкада маалымат жана идея өтө кымбат турат. Муну мен форумга катышкандардын басымдуу бөлүгү жакшы идеяларды айтышты. Өкмөтүбүз колдонсо деп айтып жатам. Эгер колдонбосо дагы башка мамлекеттерге тарттырып жиберет.


Максат Кошоев, Кыргызстан достук жана маданият коомунун башкаруу
кеңешинин орун басары:
"Мыйзам жол берсе, эл аралык стандартка жооп берген лаборатория курабыз"
- Максат, Түркияда бизнес жасайт экенсиң. Ал бизнести Кыргызстандан эле өркүндөтсө болбойбу?
- Болот бирок, бул жакта ал жактагыдай мамлекеттик колдоо жок. Түркияда экспорт чоң, маселен беш чоң фирма сууну экспорттойт. Дубайда Түркиянын суусу укмуш алынат. Бизде мамлекеттик стандарт болбогон үчүн мыкты деген сууларыбыз Кыргызстандан эле чыкпайт. Болбосо суу сатып эле Кыргызстан бутуна туруп кете турган жөнү бар. Биздин суулар экологиялык жактан таза, минералдарга бай. Тилекке каршы, эл аралык деңгээлде мамлекеттик стандарт жок. Ал үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген лаборатория курдуруу керек. Мамлекеттик стандарттын жоктугунан тамшанып, мактап ичип аткан "Шоро" Казакстанда сатылса сатылар ал да, контрабандалык жол менен кетиши ыктымал. Мына Таластын төө буурчагын да өндүргөндөргө салыштырмалуу, түрктөр экспорттон көбүрөөк пайда табышат.
Түркияда бизнесмендер эл аралык стандарттарга жооп берген лаборатория курууга жардам берем дешип атат. Ошол лабораторияны Кыргызстанга алып келүүгө жардам берели деп атабыз. Бирок, Кыргызстандын мыйзамдары ал лабораторияны кантип көзөмөлдөйт, кантип иштетээрин аныктаган мыйзамдардын жоктугунан алып келүү жолун түшүнө албай жатабыз.
- Канча жылдан бери бизнес менен алектенесиң?
- 1996-жылы баргам. Магистратураны ал жактан окудум. Азыр чоң компанияны уюштуруп, түрктөрдүн продукциясын КМШ менен Орто Азияга экспорттойбуз. Түркиянын газы, алтыны, нефтиси жок. Дүйнөлүк экономикада 17-орунда турат. Алар экспорт менен ошол деңгээлге жетишти. Географиялык абалы да тогуз жердин тоому дегендей эле. Көп мамлекеттерге жакын. Сооданын борбору. Анан да мамлекет ишкерлерге өзгөчө маани берет. Эгер кайсы бир көргөзмөгө Түркиянын атындагы фирма менен барсаң, өкмөт катышып кел деп 70 пайыз короткон каражатыңды төлөп берет. Биздин мамлекет да экспортту ошондой эле бизнесмендерди колдосо, сөзсүз жакшы жыйынтыгын берет. 24-26-августта чет жерде жүргөн бизнесмендерди чогултуп, бизнес форум өткөрүп, бири-бирибиз менен жакындан таанышып, бизнес чөйрөсүндө жакшы иш жасоого өбөлгө түзөлү. Кыргызстандын кызыкчылыгында иш кылалы деп жатабыз. "Мекендештер" форуму да жаман болгон жок. Т. Эгембердиевге окшогон чоң бизнесмендер акылын ортого салышты. Керектүү көп маалыматтарды алдык.
- Канча жылда Кыргызстанга кайтайын деген оюң бар?
- Азыр так айтуу кыйын. Бул жерде ыгы келсе да, келбесе да өкмөт кийлигишет. Анан саясатташтырып жиберет. Айтор, түшүнүксүз саясый оюндар көп болот. Ошондуктан биз Түркиядан башталган иштерибиздин, баары калыпка салынып калганда келели деген ойдомун.


Таабалды Эгембердиев, ишкер:
"Ордумду тартып алат деген саясаттан алыс болушубуз керек"
- Бажы союзунун күңгөй-тескейин иликтеп чочулап жатабыз. Тескерисинче, бизди ошолор кошобу же кошпойбу, ошонусун билип алып, анан кооптонсок болот эле. Бизди орустар басып алат деп коркпой эле коёлу. Кыргыздар алардан мурун Россиянын базарларын басып алды го.
Мен азыркы абалды табактагы балыктарга салыштырам. Башка мамлекеттен өнүп-өсүп келген азаматтарды кайра ошол табакка батырбай, "менин ордумду алып алат" деп жээриген саясат болуп атат. Биз алдыма киши чыкпасын деген көр пенделиктен алыс болушубуз керек.
Кээ бирлер газ, нефти Кыргызстанда болбогонун айтып өкүнсө, мен Кыргызстанда газ, нефти болбогонуна сүйүнөм. Эгер алар болгондо жалкоолонуп, ышынып ошону гана карап отурмакпыз. Биз канча кыйналсак да чачылып, жыйналып акырындык менен өргө чыгып бара жатабыз. Газ, нефти менен жан баккан мамлекеттер биз бутубузга туруп, жакшы жашоого жеткенде газдары түгөнүп калып, баарын нөлдөн баштап, азап тартышат. А биз алар бакубат жашап атканда оор турмушту баштан кечирип жатабыз.












кыргыз тилиндеги гезит "Арена kg"




Яндекс.Метрика