"Рамазан айында ыймандуулукту даңктаган клипти элге тартууладым"
Ырчы, жаштардын сүймөнчүлүгү болгон Эрлан Андашевди рамазан айында кепке тартып, жаңылыктарын, чыгармачылыктагы ийгиликтерин бөлүштүк.

- Эрлан, көрүнбөй кайда жүрөсүз?
- Чыгармачылыгым менен эле алек болуп, азыр үй-бүлөм менен кереметтүү Ысык-Көлдө эс алып жүрөм.
- Кандай жанылыктарыңыз бар?
- Күзүндө жеке концерт берели деген үмүт менен жаңы ырларды жаратып жатам. "Сүйүп калдым, кантейин" деген ырыма клип тарттыруу максатында үйлөнүүнү пландап аткан жаштар арасында кастинг жарыяланган. Катышам дегендердин катынын көптүгүнөн быйыл күздө көп жаш кол кармашат го деген ойго кептелдим. Ошондой эле "Сүйбөс болдум" деген ырды жаздырып бүттүм.
- Жаңы клип тартыпсыз, "Кудай экен" деген ырыңызга. Бул идея качан жаралды эле?
- Бул ырды досум Турдакун менен дуэт ырдагам. Негизи ыр кышында эле жазылган жана кышында клип тарттырып, рамазан айында элге тартуулайлы деп тилек кылганбыз. Ошол тилегибизди орундаттык. Ырдын мааниси адамзатты ыймандуулукка чакыруу жана Кудайга болгон сүйүүсүн күчөтүү. Ар бир адам ааламда Кудай бар экенин сезип, туюп жашашы керек.
- Намаз окуп калдыңызбы?
- Беш маал намаз окубасам да жума намазды калтырбастан барам. Жүрөгүмдө беш маал намаз окуюн деген каалоом бар. Даярдык көрүп жатам. Себеби, бир окугандан кийин таштабай окуш керек.
- Эмне үчүн кышында тартылган клипти эми гана эл сынына коюп жатасыздар?
- Клипти белгилүү клипмейкер Павел Курганский тарткан. Жайдын ысыгында, кыштын суугунда тартылган клипти көргөзөлүү деген ойлор менен тартканбыз. Ысык жайда тердеп аткандар кышты сагынат го деп ойлойм. Ошондой эле рамазан айында кыштай аруулукту тартууласак деп ниет кылып, бир өзгөчөлүк издегенбиз.
- Мындан ары жалаң диний ырды ырдайсызбы же?..
- Жүрөк каалаган учурда ырдап турабыз. Бирок, өзүмдүн стилимдеги эле ырларды ырдаймын. Рамазан айына атайын арнаган ыр болчу. Мындан ары репертуарыма ыйманды даңктаган ырлар жана дин жөнүндөгү ырлар да кошулат.
- Орозо кармадынызбы?
- Бул күнгө чейин эле орозо кармап келгем. Орозо кармоону карызым, жараткан алдындагы парзым деп билем. Жайдын ысыгында бир аз кыйналганым менен кийин көнүп кеттим.
- Жарамазан айтасызбы?
- Жарамазан айтайын деген оюм деле жок.
- Жоолук салынып жүргөн кыздар жагабы?
- Кыргыз кыздары жарым жылаңач болуп, киндигин көрсөтүп жүргөндөргө караганда жоолук салынып, жүрөгүндө ыйман ыроологондорду жогору коём. Анткени, көбү динге жакын кыздар, ал эми дин бар жерде жаман иштер жасалбайт деп ишенем.

- Мечитке жумасына канча ирет барасыз?
- Жумасына бир жолу жума намазга барып турам. Көбүнчө Көк -Жар конушундагы мечитке барам.
- Алкоголдук ичимдиктерге кандайсыз? Диний ырларды ырдап, сыра ичкен адамдардан эмессизби?
- Алкоголдук ичимдиктерге такыр жолобойм жана башкаларга да ушуну каалайт элем. Жинди суу адамды жакшылыкка алып келбейт. Тилекке каршы, Кыргызстанда арак ичип жаткандардын саны көбөйгөнүн байкадым. Тойлорго ырдаганы барганда, бир да той ичимдиксиз өтпөй калды.
- Орозо айында кандай кайрымдуулук иштерин жасайсыз?
- Чынымды айтсам, кайрымдуулук жөнүндө ойлонгон жокмун. Бирок, орозо айы бүткөндө кан чыгарып, куран окутуп, жарымын таратып берет окшойм. Өткөн жылы да ушундай жасаганмын.
- Айттайсызбы?
- Сөзсүз түрдө айттайм. Кошуна, тууган жана досторумдун үйүнө барып сөзсүз айттайбыз. Айттаган мага аябай жагат.
- Кандай дагы пландар бар?
- Азыркы күндө эс алуудан кийин чыгармачылыкка толугу менен киришем. Продюсерим менен мурда эле жарым жылга план түзүп койгонбуз. Кудай буюрса, ошол пландарды ишке ашырганга аракет кылам.

Нуркыз