Кыргыз Республикасынын
Судьяларды тандоо боюнча
кеңешинин төрагасы Ш.Ю.Майчиевге
жана мүчөлөрүнө


Урматтуу
Шамарал Юсупович жана
Судьяларды тандоо
боюнча кеңешинин мүчөлөрү!

2011-жылдын август айынан бери ар кандай себептер менен иш аракети токтогон, сот реформасынын негизги кыймылдаткыч күчү болгон Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин кайрадан иштей башташы бизди кубандырат.
Өткөн жылы Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо чийки мыйзамдардын колдонулушу, судьяларды тандоодогу так талаптардын, критерийлердин жоктугу, Парламенттин айрым топторунун өз судьяларын Жогорку сотко өткөрүүгө болгон аракеттери жана башка бир топ кемчиликтер Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин ишин татаалдатып, элдин ишенимин кетирди. Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин ишине Жогорку Кеңештен З.Кудайбергеновго окшогон адамдын көзөмөл жүргүзүп келиши биздин да нааразылыкты жараткан.
Биз, "Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин курамындагы коомдук уюмдар жана "Кыргызстандын сотторун тазалоо кыймылынын" мүчөлөрү сот реформасынын ишине активдүү катыштык. Башында "мыйзамсыз түзүлгөн" Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына, андан кийин, Жогорку сотко акыйкатсыз тандалган, коррупцияга аралашкан талапкерлерге каршы акцияларды уюштурдук. 2011-жылдын августунан ноябрь айына чейин 60тан ашык митинг, пикеттер өткөрүлдү. 11 жолу сиздердин мыйзамсыз чечим кабыл алып жаткан отурумуңарды токтотууга аргасыз болдук. 51 жолу Президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, Жогорку Кеңештин "Сот - укуктук жана мыйзамдуулук" комитетине, фракцияларга, Башкы прокуратурага, Жогорку сотко кайрылуу жиберилди. Кыргызстандын элине 100 миң барак кайрылуу таркаттык. 9 жолу маалымат кабарын бердик. Бир нече жолу сот реформасы боюнча семинар, конференция, тегерек столдорго катышып, өз ой-сунуштарыбызды билдирип келдик. Ар дайым ММКларга, сайттарга чыгып турдук.

Урматтуу
Шамарал Юсупович!

Бул сандарды эмнеге келтирип жатабыз? Анткени биз таза сотторду таза адамдар тандасын дедик. Сизге да биз ондогон жолу жолугуп, өз убагында сунуштарыбызды айтканбыз. Ошол биздин аракетибиз менен өткөн жылы ууру сотторду тандоодон кудай сактап калды деп ойлойбуз.
Жогорку сотко жаңыдан конкурс жарыяланышы туура болду. Бирок Конституциялык палатанын мурдагы талапкерлеринин тагдырынын чечилбей турушу бизди тынчсыздандырып жатат. Президенттен Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайрылган 8 талапкердин Жогорку Кеңешке бекитүүгө жөнөтүлүшүнө биз таптакыр каршыбыз. Конституциялык палатага да жаңы конкурс жарыяланышы зарыл. Анткени былтыр өткөн 8 талапкердин ичинде мурда өздөрүнүн терс жактарын көрсөткөн коррупционер адамдар бар.
Азыркы күнү судьяларды тандоо кайрадан башталгандыктан, Судьяларды тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн иштешине каршы болсок да, мындан ары көмөктөшүп, бирге аракеттүүнү сунуш кылабыз. Сиздердин ишиңиздерге киришип, бир дагы мыйзамсыз аракет жасоо ниетибиз жок. Бирок, пара алуу менен, жогору жактын көрсөтмөсү менен (булар былтыр болгон), тааныштык, достук жана башка шарттар менен айрым бир судьялардын тандалганын байкасак былтыркыдан да чечкиндүү кадамдардын жасалаарын эскертип койгубуз келет. Жогору жактан кысым болсо (айрыкча Д.Нарымбаевден же депутаттардан) коомчулукка дароо билдирүүнү өтүнөбүз.
Сизге белгилүү болгондой, эки революциянын тең болушуна соттордун түздөн-түз тиешеси бар. Биз биринчи жолу гана сот системасын түзүүнүн алдында турабыз. Анткени мурда сотттор Президенттин алдындагы эле орган болуп келген. Эгерде дагы эле баягы ууру, паракор соттор сот системасына келип калса эл бийликти, сотторду, анын ичинде сиздерди да "шыпырып" салуудан кайра тартпайт.
Биз убагында судьялыкка талапкерлер боюнча өз оюбузду билдирип турууга аракет кылабыз. Сизден судьялыкка өтүүгө ниетин билдирген талапкерлердин тизмесин өз убагында жарыялап турууну суранабыз.
Бизге өткөн жылдын август айынан бери жарандар тынбай кайрылып келүүдө. Айрымдарына өз убагында юридикалык жана башка жардамдар берилди. Бирок жарандардын иштерин караган судьялардын соттук эмес иш аракеттери боюнча арыздарын чогултуп келдик. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши ушул мезгилге чейин толук кандуу иштебей келгендиктен арыздарды сиздерге жиберген эмеспиз. Мөөнөтү эми келди деп ойлойбуз. Арыз ээлери айрым судьялардан көргөн запкысынан "бул судьяларды экинчи сотко албагыла" деп түз эле көрсөтүшкөн. Албетте, соттун чечимине бир тарап дайыма нааразы болот эмеспи. Ошондой болсо да көпчүлүк арыздарда айрым судьялардын аттары кайра-кайра (М: А.Ажибраимова, М.Оморова, Г.Суталинова, А.Кудайбергенов, М.Осмонкулов, К.Турганбеков, Э.Токтомамбетов) кайталанып, коррупциянын, мыйзамсыздыктын изи даана байкалып турат. Ошондуктан арыздарда көрсөтүлгөн судьялар жаңыдан талапкер болуп калса арыздарды, тиркелген чечимдерди терең карап, изилдөө менен тыянак чыгарууну суранабыз. Айрым бир судьялардын аттары бир нече кайталанганы да бар. Биз, кезегинде бул судьяларга катуу турабыз.

Урматтуу Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү!

Биз сиздерден сот бийлигинин азыркы мамлекеттик саясаттан четтеп, Кудайды карабай ыксырап, Конституцияга, мыйзамдарга карманып тооп кылбай, судьялык берген антын аткарбай, карапайым элдин эркине каршы турган сот бийлигинин өкүлдөрүн, тоталитардык, авторитардык режимдин, мурдагы үй-бүлөлүк башкаруунун бузуку иштерине түздөн-түз катышып, көмөк көрсөтүп, бийликтин бир сөзүн эки кылбай кылычын шилтеп, балтасын чаап, таманын жалап аткарышкан, мыйзам бузуучулук менен көмөк көрсөтүшкөн, карапайым элдин эркине каршы мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган, төмөнкү аты аталган коррупцияга аралашкан коррупционер соттордун талапкерлиги Сотторду тандоо кенешинде каралбай, колдоого алынбай, бөгөт коюлушун талап кылабыз:

Урматтуу Шамарал Юсупович, жогорудагы арыздар боюнча кыскача гана маалыматтар берилди. Арыздарда аты аталган судьялардын же мурдагы судьялардын кайсы бир инстанцияга судьялыкка талапкерлиги көрсөтүлүп калса арыздарды терең изилдеп кароону, мурдагы кемчиликтерди кайталабоону суранабыз.

"Апрель байрагы"
коомдук бирикмесинин төрагасы

К.Ирсалиев,
"Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары


Т.Искаков,
"Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин ордо кеңешинин төрагасы


К.Дөөлөталиев,
"Кыргызстандын сотторун тазалоо" кыймылынын төрагасы

К.Маматкеримов,
"Таза коом үчүн" элдик
кыймылынын төрагасы

Р.Сарногоев