Буйволдун мүйүзүнүн касиети күч экен
Мен сиздердин гезиттен "Гуаша" массажы жөнүндө окуп, аябай кызыгып калдым. Убакыт таап, Дамира айым менен алгач баарлашып көп нерсени түшүнүүгө аракет кылып, андан соң бетиме массаж алдым. Буга чейин көп эле сулуулук салондорунан бетиме массаж алып жүргөм. Айрымдары 20 мүнөт эле массаж жасап чөнтөгүңдү кагып алышат. Дамира айымдын массажынын өзүнчө касиети бар бейм, бир саат кенен уктап кетиптирмин. Ушундай эс алдым. Жумуштан чарчаганда кыжаалат боло берчү жагымсыз абалдарым бир заматта жоголду. Азыр 7 массаж алдым, бетим 25 жаштагы курагымды элестетип жатат. Мени дагы кубандырганы, биздин кыргыз айымдары ушундай массаждын ыкмаларын үйрөнүп алганында. 8-март алдында кесиптештеримди сулуу болуп таң калтырайын деп жатам. Буйволдун мүйүзүнүн касиети күч экен.

Салима Алтаева финансист

Дамира Акматбекова
белгилүү массажист:
"Гуаша массажы менен арыктаса болот"
- Дамира Керимбековна, арыктаса болот бекен?

- Арыктаса болот. Буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластиканын жардамы менен денедеги уулуу заттарды, шлактарды, майларды "гуаша" менен бирдикте опоңой арылтуу касиетине ээ. Адам дене түзүлүшүнүн арка жагында "цзинло меридиандары" жайгашкан ошону менен бирге ички органдардын рефлекторлуу точкалары жайгашкан. Организмден ашыкча пайдасыз заттарды тазалоо системалары да дээрлик дене түзүлүштүн арка жагында жайланышкан. Организмден суюктуктарды бөлүп чыгаруучу эң негизги каналдар да дене түзүлүштүн арт жагынан орун алган жана уу заттарды бөлүп чыгаруучу бөйрөк менен түз байланышкан. Мына ошол байланыш "акупунктуралык" точкалар "Ци"энергиясын өткөрүүчү эң негизги каналдар болуп эсептелинет. Анын натыйжасында организмдин бардык кан айлануу системалары стимулдашат, ички органдардын кан менен камсыздалышы күчөйт, өпкөнүн иштеши жакшырат. Пластиканын жардамы менен сүрүлгөндөн кийин, кабырга, омурткалардын арасы, кыр аркаларда көк-ала пайда болот, ошол көк-ала шишиктерге карай ички органдын оорулары аныкталат жана канча күн массаж керек экендиги айтылат. Эгер дене мүчөсүнүн эки далысы көбүрөөк көгөрсө, анда адамдын өпкөсүндө оору бар дегендик. А эгерде эки далынын ылдый жагы көбүрөөк көгөрсө өт, боор ж.б. төмөнүрөөк жактары карайса бел, табарсык жана "женский" жактарындагы дарттар билинет. 7 массаж алгандан кийин айымдардын курсагын жоготуп беребиз. Денедеги майларды кадимкидей эзип жогото алабыз.

Ж.ШАБДАНБЕКОВА