Текебаев салган жолдо жүрбөгөн депутат жок экен


Кипр аталган аралча өткөн кылымдын 50 жылдарында андагы эки улут: гректер менен түрктөрдүн согушунан улам, экиге бөлүнүп кеткен. Түрктөр жашаган аймагын Түркия жардам берип, өзүнчө мамлекетке айлантып коюшкан, бирок гректердин БУУга жазган арызынын негизинде аларды мамлекет катары эч ким тааныбашы керектиги боюнча чечим чыккан да, ошону менен аралдагы жалгыз мамлекет болуп калышкан. Башка өлкөлөрдөн бир гана Түркия менен байланыш түзүшөт. Анан алар өздөрүнчө буюгуп жашай берүүдөн чарчашкан көрүнөт да, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон баштап, биз тарапка көз сала башташыптыр. Өмүрбек Текебаев парламенттин башына келген кезде Түндүк Кипрден дагы "Түндүк Кипр чакан болгону менен өзүбүзгө жараша парламентибиз, өкмөтүбүз бар. Бирок, эч ким бизди тааныбайт. Тууган калк болобуз, түпкү атабыз бир, силер келип бизди колдоп бергиле", - деген мазмундагы кат келет. Бул нерсе Америка, Россия сыяктуу ири мамлекеттердин көз карашы менен эсептелине турган саясат болгондуктан, мурда - кийин бизде да башка мамлекеттердей эле Кипрге "айылчылоодон" айбыкканга аргасыз болгон абал турган экен. Бирок, Текебаевдин негедир эле Кипрге боор толгоосубу, же кызыгуусубу күчөп туруп алыптыр. "Дипломатиялык жактан туура эмес кадам болуп калат го", - деп кээ бирлердин кыйылганына да карабай, "Биздин туугандар, биз колдошубуз керек!" - деп, депутаттарды конокко алып жөнөптүр. Башка мамлекеттердин бул кадамга болоор реакциясынан чочулагандар бекер эле дүрбөлөңгө түшүптүр. Чакан Кыргызстандын чакан Кипрге болгон сапарын ири мамлекеттер байкабай деле калышкан окшойт, эч жактан эскертүү деле келбептир. Ошондон бери Текебаев ачып койгон жол менен Кипрге барбаган бир да кыргыз депутаты жок имиш.


Мыйзамыңды өткөргүң келсе ыйлап бер


Жогорку Кеңештин 3 - чакырылышында шайланган депутат айым Проненко көбүнчө карылар, багуусуз калган балдардын көйгөйүн көтөрүп эле чуркап жүрчү экен. Бир ирет көп балалуу жашаялмет үй - бүлөлөргө берилүүчү пособиенин суммасын көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун талкууга коюптур. Ар бир мыйзамга ак дечү да, көк дечү да депутат табылат эмеспи. Негедир буга көк дегендер көбөйүп бараткан экен, мыйзамы өтпөй калуусунан чочулаган Проненко трибунага чыгып: "Как вы не понимаете, это же пособие для детей…", - деп баратып эле андан аркысын айталбай, бышактап ыйлап кириптир. Орус калкы сезимтал болот эмеспи, бизге кайсы бир көрүнүш жаңы түшүнүктүү боло баштаганда, ал нерсе орус калкынын жандүйнөсүн эчак эле көзөп кеткен болот. Балдар үчүн мамлекеттен бөлүнүүчү каражаттын суммасын көбөйтөм деп, жарыбаган акча менен кызыл чиедей балдарын багууга аргасыз болгон ата - эненин көйгөйүн өзүнүкүндөй кабыл алып, ыйлап жиберген депутат айымды депутаттар түшүнүп, мыйзамын колдоп беришиптир. Көз жаштан кийин.


Атмосфераны эпке келтирүүнү Эркебаевден үйрөн


Абдыганы Эркебаев кайсы өлкөгө барбасын, же кайсы өлкөдөн өкүлдөр келбесин, алар менен сүйлөшүүдө, ошол өлкөнүн белгилүү акын - жазуучуларынын чыгармаларынан цитата келтирип кетчү экен. Сенин улутуңа таандык бир жазуучунун, же акындын чыгармасын башка өлкөнүн, башка улуттун өкүлү саймедиреп айтып атса, сыймыгың артат, көңүлүң көкөлөйт, аны айтып аткан адамга боор толгой да каласың да. Эркебаевдин адабиятчы экени, ошентип башка мамлекеттиктер менен сүйлөшүү жеңил атмосферада өтүүсүнө шарт түзүп берип койчу экен.


Дааратканадагы сөз:


Отура бергиле, ойлонбой...


Өтө салабаттуу көрүнүп, токойдон эки аюу чыга калса да солк этпечүдөй кабелтең тартып, учурашкандарга ооз учунан жооп берип, журналисттерге кадыр - баркын көтөрүп, бир ооз сөзүн аяп артынан аёосуз чуркаткан бир саясатчы байке бар. Ошол киши бир күнү кайсы бир жерден катуу чакырык алганбы, адашып аялдар дааратканасына кирип алыптыр. Андай убакта жакшы эле чуркайт экен. Чуркап кирип барса, эки кыз отуруптур. Ал даараткананын кабиналары каалгасы жок эле, ортосунан бөлүнүп коюлган экен. Эркек кишинин кирип келгенин көрүп, чоочуган кыздар ордунан ыргып тура калышса, абдаарый түшкөн саясатчы байке: -Отура бергиле, отура бергиле... - дей салыптыр. Кыязы, той ашка, маараке, чогулушка барган сайын, кирип бараары менен андагылар тура калышса, кичипейилдигин көрсөтүп отура бергиле, отура бергиле, - деп айтчу сөзү эсине жатталып калган окшойт. Сереңдеп тура калган кыздарды көрүп, той - ашка келгендей элестетип кеткен го...


Кыздарга барам деп, кара көө болгон Бабанов


Бабанов студент кезинде текстиль фабрикасында иштеген кыздарга достору менен бармай болуп калышыптыр. Кыздар да жөн кыздар эмес экен, булардын келерин билип, экинчи кабатка чейин тепкичтин кармоочторуна смола сыяктуу жукма кара боёктон аянбастан сүртүшөт да, жарыкты да өчүрүп салышат. Чачтарын суулап тараган жигиттер келишет, караңгы болгондуктан, тепкичтин сүйөнчүсүн кармап, абайлап чыгууга туура келет. Боёк болгон колдорун караңгыда кайдан көрүшмөк эле, ошону менен беттерин да кармашат, кыздар жашаган бөлмөгө жакындаганда жакаларын оңдоп, чачтарын да дагы бир жолу суулап тарап алышат. Анан көрө бер, кыздар каалгасын ачып эле, каткырыктан кыйрап калышат. А биздин жигиттер, эмне болгонун түшүнбөй мокочо кебетелеринде момоюп туруп калышат.



Элдин ырыскысы менен элди коноктогон саясатчы


Бир саясатчы, атын айтпай эле туралы, бараандуу орду бар. Бараандуу ордуна жараша бараандуу үй салган окшойт да. Ошол саясатчы бир күнү маркум кайнатасы менен убагында дос болуп жүргөн, түштүктөн келген үч аксакалды үйүнө чакырып коноктоп коюуну чечиптир. Үч аксакалдын бири айтылуу акын Жеңижоктун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн, белгилүү Асанбек Жакыпбеков эле.Үчөө барышат, айылдан келген карапайым, ак пейил карылар шумдуктуудай жасалгаланган үйдү көрүп баштары бир айланат, анан стол сынып кетчүдөй дүйүм даамга толгон дасторкондун көрүнүшүн көрүп дагы бир айланат. Баштары айланып атып эле, созулуп отуруп калышат экен. Бай адамдын бай жасалгаланган үйү сүрдүү болобу, дасторконго кол созуша албай, момоюшат дейт. Анан бир кезде ээси сыртка чыгып кетет, азыр келем деп. Ал жоктон пайдаланып, карылар түрдүү даамдан ооз тийүүгө өтүшөт. Арасынан бири: "Ой, эмне албай тартынасыңар? Алабыз, жейбиз, бул тигиники (саясатчынын атын атап) дейсиңерби, булардын баары элдики, элдин ырыскысы. Элдин ичинде биз да барбыз, демек, өзүбүздүн ырыскыбыз менен өзүбүздү коноктоп атат", - дей салбайбы да, ошол учурда саясатчыбыз кирип келип калбайбы. Айтылган сөздү ал укту, анын укканын беркилер да баамдашты. Ошону менен ансыз деле кымбат баалуу эмеректер шыкала коюлуп, түрдүү даам болгонуна карабай кунары учкан бөлмөнүн ансайын куту кете түшүптүр. Ансыз да даамга кол созо албай тартынышкан аксакалдар өздөрүн копоол сезишип, ансайын тымпыйып отуруп калышыптыр. Саясатчынын да маанайы ошондон кийин дароо бузулду дешет, кеп -сөзгө келбей, кабагы салыңкы отуруп калыптыр. Мындай абалда канчага чыдашмак эле, бул абалдан чыгуу үчүн коноктор "нан, тузуңар үчүн рахмат", - деп кетүүгө камданып, үй ээси "силерден кутулганыма шүгүр", - деп эптеп алардын артынан каалга жабыш гана керек эле . Иши кылса боло турган нерсе болуптур, дарбазадан чыккандан соң чеке терлерин шыпырган аксакал карылар, артындагы эки кабат заңгыраган үйдөн көтөрө чыккан жүктөрүнөн арыла, терең дем алышып, айылдагы жепирейсе да ичинен жылуулук менен сүйүүнүн жыты жыттанып турган үйлөрүн сагынып калышыптыр.

г.турусбекова