Токтогул Туманов, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы:

"оппозициянын дооматынан чыйралыш керек"


- Токтогул мырза, кептин башын президент да, спикер да бир эле партиядан болуп, биз сындап жүргөн авторитардык бийликке ыктап калдык деген дооматтар дан баштасак?
- Менимче, кеп бийликте же партияда эмес, адамдын өзүндө болушу керек. Ошондуктан партия менен чектелбей, инсандын кесипкөйлүгүнө, иш билгилигине карасак болот эле. Ушул адаттан алыс болуп, креслого иш билги адам олтурса, иш илгерилейт деген түшүнүккө келсек, баарыбыз үчүн жакшы болмок. Эгер бөйрөктөн шыйрак чыгарган адам олтурса, анда иш экинчи планга калып, саясат менен эле алпурушуп, анын кедергиси тийери баарыбызга маалым го. Мен азыркы спикердин ишке болгон кыянатчылыгын деле байкаган жокмун. Өз ишин татыктуу эле алып барып жатат. Ошондуктан президент да, спикер да бир партиядан экен деп чычалай бериштин кажети да, ыгы да жок экенин айтып койгум келет. Асилбек Жээнбеков парламенттин кадырын көтөрүү үчүн жан үрөп иштеп жатат.
Ошондой эле Алмаз Шаршенович президент болгону биздин партиядан чыккан. Аны түшүнбөгөндөр барып-келип эле дагы деле партиянын жетекчисиндей кабылдап, бизди көзөмөлдөп аткандай сезе беришет. Мен ушул жерден эмне үчүн бир партиядан эки лидер же иш билги чыгаан инсан чыкпашы керек деген суроо салгым келет. Партияларда бир эле лидер кызматка барып, башкалар жогорку кызматтарга барбасын деген мыйзам, шарт түзбөгөн жагдай да жок го. Анан эмне эле ошону кеп кыла бергендерин түшүнө албайм.
- Балким, бул дооматтардын баары оппозициянын ич күйдүлүккө алдырып айтып жаткан дооматтарыдыр?
- Негизи оппозициянын табияты ошондой. Бийликтин катачылыгын айтып, тескеп, аша чапкан жерлерин ошол замат сындап турушат. Ошондуктан алар айтты деп терикпей тескерисинче, алардын мисалынан дооматынан чыйралып иштешибиз керек. Кемчиликктерге көңүл бурулуп, оңдоого далалат жасалса, мамлекетибиз жакшы жолго түшүп, эл эле утат. Оппозиция да, бийлик да элге кызмат кылган болушат. Мындай нерсе жакшы жөрөлгөнүн башаты болуп берет.
- Бүгүнкү күндө президенттин катачылыгына көз жумбай, эркин депутат болуп, сөз кайтарууга кудуретиңиз жетеби?
- Кандай маселе болбосун, мага күмөн саноо туудурган жагдайлар болсо, ачык айтам. Мен табиятымдан ушундаймын. Ушул жерден айталбай калдым. Мококтук кылып койдум деп өзүмдү өзүм эч качан жемелебейм. Сөздү учурунда айт деген принципте жашайм. Туура эмес нерсени байкасам, ушул киши мени жаман көрүп калат экен ай деп ойлонбой туруп айтам. Көз жумп коё албайм. Кайда иштебейин, жеке кызыкчылыгымды эмес, иштин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Бирок, депутат болгону, жаман көрүнгүң келбесе, каршы сүйлөбөш керек деген принцип бар экенин билдим. Бирок, мен андан алыс болуп, душман күтсөм да чындыкты алып чыгууга далаалаттанам.
- Сиз сот тармагындагы реформага салымыңызды кошуп жатканыңыздан кабардарбыз. Айрым учурда катуу да сүйлөп койгонуңузга күбөбүз. Ал сөздөрдү жаныңыз күйгөндүктөн айтып жатасызбы же таасирдүү кишилерге таянып айтасызбы?
- Мага ал тармак тааныш болгондуктан, сот реформасына чын дилимден күйүп, туура эмес, элдин кыжырын келтирген же обу жок тоскоолдук жараткан жерлерин алып, мыйзамдуулук сакталып, учурдун талабына жооп берген реформа болсо экен дегенде эки көзүм төрт. Өзүм да сот укуктук комитетинин төрагасымын. Ошондуктан колдон келип турганда салымымды кошоюн деп далалат жасап жатам. Сот тармагындагы калпыс иштерди туура түшүндүрүүгө, аларды жоюуга аракет кылып жатам.
- Сот тармагын эпке келтирүү үчүн акыркы жолку түзүлгөн комиссия өз кызыкчылыгынан элдин убал-сообун жогору койгон соттор келишине шарт түзөт деп ишенсек болобу?
- Ал комиссия президенттин тапшырмасы боюнча сот тармагындагы реформанын концепциясын иштеп чыгууну колго алышты. Сот реформасында кандай катачылыктарга жол берилди? Ошондой эле баштаган реформанын аягына чыгуу үчүн кандай кадамдарга барыш керектигин аныктаган жыйынтыктуу чечим чыгарат деген ойдомун. Кудай буюрса, концепция март айында сунушталат деп ишеним артып жатабыз. Ошондой эле макулдашуу тобу да сот реформасынын ийгиликтүү жүрүшүнө салымын кошуп, калпыс мыйзамдарды талкуулап, өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча иш алып барып жатабыз. Сотторду тандоо кеңешинде мыйзамдарга каршы иштеген, же болбосо коррупцияга аралашкан адамдар да аралашып калганы боюнча да маселени көтөрүп тазалануу процессин баштадык.
- Эмне үчүн парламентте Жаңыл Алиеванын арызы канааттандырылган жок?
- Мыйзам боюнча 80 добуш алса арыз канааттандырылмак. Ал күнү 86 эле дупутат болуп, 77си арызын кабыл алалы деп добушун берсе, 9 депутат каршы добуш берип койду. Эмне үчүн каршы добуш беришкенин сураганымда айрым депутаттар түшүнбөй каршы добуш берип алышканын айтышса, кээ бирлери жөн эле кызматтан кетирип койбой, мурда-кийин жасаган иштерине жооп берсин, кылмыш иши козголсун деген таризде каршы добуш беришкенин айтышты.
- Сот реформасы аягына чыгышына канча убакыт сарпталат? Жакынкы күндөрү чекит коё алабызбы?
- Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ал тармакты дагы тазалануу процессинен өткөрсөк жылдын аягына чейин бүтүп калабыз. Анткени, убакыт керек. Райондук, облустук, шаардык, ошондой эле жогорку сотту, Конституциялык сотту шайлаш керек деген маселе бар. Ошондуктан көп убакыт сарпталып жатат. Элдер болсо тезирек эле бүтүп коюшубузду талап кылып, айтылган сөздөр ишке ашпай калчудай дооматтарды коюп жатышат. Иштин кечеңдеп жатканына сот реформасы чоң маселе болгондуктан, көптөр ой пикирин айтып, айтор колдогон да, каршы да пикирлер болуп, түрдүү кептер айтылып, реформачыларда биригүү жок болуп жатат. Кээ бир инсандарыбыз сот реформасы менен эле коррупция жолго салынат деген ойдо болуп жатышат. Чынында элдин тагдырын бир эле сот чечпейт. Милиция, финполициялар мындай кылмыш кылдың деп камап, айыпташкандан кийин соттор топтолгон материалдын негизинде гана чечим чыгараарын эстен чыгарып, айрым учурда ыгы жок эле дооматтар коюлуп жатат. Айтор, ал тармакта ача пикир жараткан талаштуу маселелер өтө эле көп. Мен муну менен адамдын укугу соттон эле эмес, милиция, прокуратурадан да бузулуп жатканын айтып жатам. Ошондуктан мындай реформаны бир эле сот тармагына эмес, бардык органдарга жасап, системаны өзгөртүп, органда иштеген адамдардын мыйзамдуулукту көзөмөлдөшүн талап кылып, тартипке салышыбыз керек. Мыйзамды бузгандар жоопко тартыла тургандай абалга келгенде гана баарыбыз күткөндөй жыйынтык чыгат. Коррупциянын өнүп-өскөнү элибиздин аң-сезмин да өзгөртүп койду. Биздин жаштарыбыз бат бутунан туруш үчүн үйгө, кымбат машинеге жетиш үчүн эң биринчи финполицияга, прокуратурага иштегиси келет. Бул көрүнүш мамлекеттик кызматтар бизнеске айланып кеткенин далилдеген коңгуроо болуп жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызматтагы бизнести жоё албасак, элибиздин турмушу оңолбойт. Эң башкысы, коррупциянын кендирин кескен, тамырын кырккан чараларды көрүшүбүз керек.
- Атамбаевдин коррупцияны жойгонго күчү жетеби же бу сапар дагы сөз болуп, анан аткарылбай калабы?
- Президенттин элдин кендирин кескен, жаштарыбыздын аң-сезимине туура эмес таасирин тийгизген коррупцияны жоём деген аракетин, кадамын колдоого алам. Эгер көтөргөн демилгенин аягына чыкса, сөзсүз жакшы жыйынтык берет. Ошондой эле бийликте тургандар президенттин талабын аткарып, демилгелерин колдоого алып, баш ал десе бөрк албай, мыйзам чегинде, иш алып барып, президентке жардам беришсе, сөзсүз алдыга жылуу болот. Эгер коррупционерлер бут тосушса, анда мындан да жаман абалга кептелишибиз мүмкүн.
- Эмнеге бүгүн Бабановдун фонунда Атамбаев көрүнбөй калды? КТРден деле, радиодон да, үтүктү сайсаң да Бабанов эле сүйлөй турган жагдай жаралды го...
- Менимче, аткаруу бийлигинде болуп, бардык тармакты көзөмөлдөп, кыймылдатып турганы үчүн ишинин негизинде күнүгө теледен көрүнүп жатса керек. Президент майда-чүйдө маселелерге кийлигишпей тышкы саясатты колго алып, сот тармагын, коррупцияны, мамлекетибиздин коопсуздугу тууралуу иштер менен алек болуп жатат го. Ийгиликтүү иштеп жатканы үчүн министрдин орунбасарлары, үлкөн компаниялардын жетекчилери кармалып, туура эмес иштери үчүн жоопко тартылып жатат. Мен бул нерседен улам тазалануу процессине багыт алдык деп айтаар элем. Президенттин мамлекетти тазалап, коррупцияны жоюп, элдин жашоо турмушун көтөрүп, жогорку деңгээлге алып чыгып, башка элдерге таанытам деген кадамы деп кабылдап жатам.
-Американын авиабазасын чыгарбасак, 3-дүйнөлүк согушка себепкер болуп калабыз деп жатышат. Сиз тышкы саясатта кайсыл мамлекет менен бирге болгонубуз Кыргызстан үчүн пайдалуу деп ойлойсуз?
- Мындай пикирлерге таянбаш керек. Анткени, саясатчылар ар кимибиз ар башкача ой жүгүртөбүз. Мен башка мамлекеттерге караганда "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген ойго кошулам. Тышкы саясатта сөзсүз Россияны тандашыбыз керек деген ойдомун. Көз карашыбыз, маданиятыбыз да бири-бирибизге тааныш. Дүйнөлүк саясатта кандайдыр бир орунду ээлөө үчүн Россия жакын деп айтаар элем.
- Оппозицияда ич күптүсү барлар, жеңишке жетпей калган топтор биригип, бүгүнкү күндө жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп, бийликтин жүрөгүн оозуна кептейбиз дегендер бар...
- Менимче, алар деле Кыргызстан үчүн, мамлекетибиз үчүн күйгөн, элдин эртеңине кайдыгер карабаган адамдар. Ошондуктан элдин тынчын албай, стабилдүүлүктү колго алышат деген ойдомун. Анткени, саясат үчүн реванш алып, бөлөм-жарам дегендер болсо, мамлекет жок болуп, элдин убалына калышат. Кыргызстан 20 жылдан бери өнүкпөй эки революциянын кесепетинен артка чегинип, жатканын алар да сезип жатышса керек. Ачууга алдырбай акыл-эс менен бир пикирге биригишет деген ойдомун. Эгер мен эле мен деп амбициясын тыя алышпаса, анда алар элдин лидери эмес, душманы болуп калышат. Ошондуктан ар бир саясатчы жети өлчөп бир кескендей чечимдерди кабыл алышы, эл алдында жоопкерчилиги чоң экенин сезе билиши керек.
-Парламенттеги кырдаал канааттандырабы?
- Негизи канааттандырат. Эми парламент деген саясаттын чордону экен да. Кээде саясат менен алпуруша бербей мыйзамдардын иштешине көбүрөөк көңүл бурсак жакшы болот эле.
- Депутаттык кызматтын сыймыгын байкадыңызбы же түйшүгүнбү?
- Эл араласаң Жогорку Кеңештин депутаты деп урмат-сыйга бөлөгөнүн айтсам, сыймыгы чоң. Сыймыкка эле бөлөнүп жүрө бербей, убакытты текке кетирбей иштейм десең эрте-кечти билбей иштесең түйшүгү чоң.
-Депутат болгону мүнөз күтүп, бизден алыстап кеттиң деген дооматтарды кулагыңыз чалып калабы?
- Депутат болгондо мурдагыдай көп адамдарга көңүл бура албай калат экенсиң. Элдин түйшүгү деген баарынан жогору турат экен. Кээде убакыттын тардыгынан аш-тойго үлгүрбөй калган учурлар болот. Ошондо кээ бир ишимдин татаалдыгын түшүнбөгөндөр айтып калышат. Жолуккан жерден шартыңды түшүндүрсөң туура эле кабылдашат. Ошондуктан андай сөздөрдү оюма деле албайм. Негизи депутат болгону өзгөргөн деле жокмун. Мурун кандай болсом дагы деле ошондоймун. Саясатка келгени эки мүнөз күтүп, куйтулукту деле өздөштүргөн жокмун. Ата-энем кандай тарбияласа, ошол эле бойдонмун.
- Саясатта кимдир бирөө мени жаманатты кылып, колдонуп коёт деп кооптонбойсузбу?
- Көп адамдар кайрылат. Колуңдан келишинче мыйзам чегинде жардам бересиң. Балким, сенин чын дилиңден жардам бергениңди кээ бирөөлөр туура эмес жакка пайдаланып, коёбу деп кээде кооптоном. Кудай сактасын, андай кырдаалга туш болбой эле коёюн.

(Уландысы 10-бетте)
(Башталышы 8-бетте)

- Ичимдик ичкенде ырдайсызбы, же ыйлайсызбы?
- Мен спирт ичимдигинен алыс адаммын. Ошондуктан мас болуп да көргөн эмесмин. Кээ бирлер "мурда ичип, анан таштап койдуңуз беле?" дешет. Чынында менин ичимдиктен аллергиям бар. Жашы кезде кызыгып ичип көргөм. Аллергиямдын бардыгы үчүн иче албай калгам. Ошондуктан эс-учумду жоготуп, ырдагыдай, ыйлагыдай абалда да калып көргөн эмесмин.
- Депрессиядан, стресстен кантип чыгасыз?
- Мен өзү депрессияга батып, тунжурап ойлонуп деле калбайм. Көп нерсени жүрөгүмө жакын кабыл албаганга аракеттенем. Ошондуктан депрессияга батпайм деле. Кээде нервиң чарчап, эч ким менен сүйлөшкүң келбей калган учурда жалгыздыкты жактырам. Телефондорду өчүрүп, эс алам. Жубайым да өтө сезимтал адам. Менин кирпигимдин ирмелишинен эле көп нерсени баамдап турат. Ал да обу жок тынчымды албай эс алышыма шарт түзөт.
- Кыргызда жан дос, кан дос, жарма дос дегендер көп. Сизде кандай дос көптүк кылат?
- Кудайга шүгүр, досторум көп. Бирок, чыныгы жамандык, жакшылыгыңды бөлүшө билген. Менин ийгилигиме кубанган досторум саналуу гана. Иште мамилең келишип калып, же кандайдыр бир кызыкчылык үчүн дос болгон досторго да баймын. Айтор, ар тармактан, ар башка чөйрөдөн күткөн досторум өтө эле көп.
- Канча баланын атасысыз?
- Бир уул, үч кыздын атасымын.
- Жубайыңыздын кайсыл сапатын баалап баш коштуңуз эле?
- Биринчи, тагдырдын буйругу. Экинчиден, жаш болсо дагы ой жүгүртүүсү кенен, иштермандыгы акыл казынасынын кеңдигине, сени түшүнө билгенине баа бергем. Жубайым өзгөндүк. Ошто өскөн кыз. Жеке ишкер. Мен саясат менен алек болсом, ал үйдүн чоң түйшүгүн жалгыз өзү эле эпке келтирип коёт. Ушундай жарга туш кылган тагдырыма ыраазымын.
- Кандай атасыз? Кандай жарсыз?
- Күйүмдүү ата, сүйүктүү жар болгонум үчүн менин үй-бүлөмдө кадырым чоң болсо керек. Жубайым да, кыздарым, уулум да мага аяр мамиле жасап турушат. Көп учурда алар уктап калганда барып, ойгоно электе жумушка кетип калгандыктан "качан чогуу тамактанабыз? Качан келесиз?" деп телефон чалып турушат. Мен да бош убактымды үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам.
- Сиз атаңызды тарткансызбы же апаңыздыбы?
- Негизи чечкиндүүлүгүм, бетке айткандыгым, тартынбастыгым атамдан келген сапаттар деп айтат элем. Атам өмүр бою органда иштеген. Чынчылдыгы, адамгерчилиги, тазалыгы менен эл арасында ушул убакка чейин урмат-сыйга ээ болгон адам. Ата-энемдин жетишерлик тарбиясынан улам ушундай эрезеге жеттим деп айтат элем.
- Сиз атага тең уулсузбу же артыкпы, же кем уул болдуңузбу?
- Атага тең уул боло албасам керек. Мен үчүн атам ар дайым ыйык. Мага атамдын айтканы, дегени мыйзам. Атамдын деңгээлине жетип, балдарыма татыктуу тарбия берип, аларды түз жолго салып, балдарым мага ыраазы болгондо гана атама тең болбосом да атам ээ болгон бакытка жеттим деп ойлосом керек.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Мектепте, институтта окуганда профессионалдык спорттун түрлөрү менен машыкчумун. Күрөштөн байгелерге ээ болгом. Азыр убакыттын тардыгынанбы айтор, спорт менен машыкпай деле калдым.
- Ырга, бийге кандайсыз?
- Обон созуп ырдай албасам дагы ыр окуганды жакшы көрөм. Бийди атайы үйрөнбөсөм да музыкага жараша ыгы келген жерден эл катары бийлейм. Досторум "жакшы эле бийлейсиң" деп калышат.
- Жашоодо сиздин жакшылыгыңызды көрүп, бирок кайсы бир учурда сатып кеткендерди кечире аласызбы?
- Ооба, кечире алам. Анткени, кечирем деп эле койбостон сөз менен эмес, жүрөгүмдөн биротоло ал жаман нерсени чийип, өчүрүп салууга аракеттенем. Себеби, мага жазгымсыз шарт түзгөн адам кыйналып жатса, ал адамдын ордуна өзүмдү коюп, айкөлдүккө салып, биротоло кечирип коём.
- Сиздин сөз жетпеген учурда муштум менен маселе чечкен учурларыңыз болобу?
- Мен эч качан муштум менен маселе чечкен эмесмин. Бирок, муштум менен маселе чечкендерге туруштук бергенмин.
- Жубайыңызга да муштум түйгөн эмессизби?
- Менин жубайым муштумсуз эле баарын түшүнүп, билет. Ага сөз эле жетет. Ошондуктан кол көтөрүп коркутуп деле көргөн эмесмин. Менимче, адамдын дээринде жок болсо ага кол көтөргөнүң деле жардам бербейт. Муштаганың менен нары жагында жок болсо, муштумдун пайдасы эмес, зыянын тартып каласың. Ошон үчүн эч качан муштум түйбөйм.

Маектешкен
Роза АЙДАРБЕК кызы