Муканбаев мыйзамга каршы болгондорду чет өлкөгө айдачу


Усуп Муканбаев спикер болуп турган чакта, бир күнү үч - төрт депутатты бир жумага чет өлкөгө жөнөтүүнү каалап, чырылдап калыптыр. "Кандай кылсаң да, ушуларды чет өлкөгө чыгара тур", - дейт эл аралык бөлүмдө иштегендерге. "Кантип чыгарабыз, кезекте чет өлкө дегенде көздөрү төрт болуп толгон депутаттар турганда", - дешет алар. Тигилердин башка депутаттардын кезегин оңой менен бербешин түшүнгөн спикер ошондо сырын ачыптыр: "Бир жуманын ичинде бир мыйзам добушка коюлат. Мен чет өлкөгө барып келсин деген депутаттар ал мыйзамга каршы болуп атышат. Мыйзамдын өтүшү мага керек, ошого берки депутаттардын бир жумага чейин кереги жок болуп атат". Мейли деп кетиришет, мыйзамга каршы болуп аткандарды. Кайдан мындай кезексиз бакыт учуп түшкөнүн аңдабаган депутаттар сүйүнгөн бойдон барышат, эс алышат, кайра кайтышат. Келип өздөрү каршы болгон мыйзамдын өтүп кеткенин угуп, күтүүсүз бакыттын келген жагын билип, баштарын муштап отуруп калышыптыр.


Келдибеков менен Мукашевди ким эшикте калтырды?


Иранга ошол барышта президенттин кабыл алуусуна чакырылышат. Алардын протоколу боюнча президентке бештен ашык адам киргизилбейт экен. Чубуруп бараткандарды кайтаруучулар алдын тосуп, алдыда бараткан бешөөнү киргизет да, калганына эшикти жаап коюшат. Спикер президенттин кабыл алуусунун убактысы келгенче өкмөттүк аппарат менен сүйлөшүп калат. А берки төртөө: Кыргызстандын Ирандагы элчиси Абаз Атаханов, эл аралык бөлүмдүн башчысы, дагы эки депутат сыртты терезеден карашса, кирбей калган депутаттар аркы - терки басып жүрүшөт дейт. Жүздөрү каардуу. Айрыкча Келдибеков менен Мукашевдин каарынан үрөй уччудай. Анан ойлонушат "азыр биз президентке кирип, булар ушул бойдон сыртта калышса, биз чыгаарыбыз менен ошол жерден эле тепкиге алышып, өлтүрүп коюшат. Кебетелери ошентип турат. Кой, Иранда өлбөй, үйгө жетели. А үйгө аман жетүү үчүн буларды кандай болбосун киргизиш керек". Атаханов эшик тоскондорго түшүндүрө баштайт, "биз кыргызбыз, бизге протокол маани бербейт. Канчообуз келсек ошончобуз киришибиз керек. Кирбей калсак чыр - чатак да чыгат", - деп. Эшик тоскуч көжөрүп болбойт. Анан эл аралык бөлүмдүн башчысы эпчилдик кылып, Султанов отурган кабинетке баш багып коёт да, анан айтат: "Султанов айтты, эгерде депутаттардын баары кирбесе, анда ал да президентке кирбейт экен". Ирандыктардын көздөрү чанагынан чыкчудай боло түшөт да, эшикти ачып жиберишет. Жулунган кыргыз депутаттары босогодон эле айкырып киришет: "Атаханов, бизди эмне 10 мүнөт күттүрүп койдуң?!" Алар кайдан билишсин, күтмөк тургай таптакыр кирбей калуу да коркунучу болгондугун. 10 мүнөткө ушунча ызылдаган депутаттар чын эле кирбей калышса, тиги бешөөнү тепкилеп өлтүрүшмөк экен.


Султанов кредит үчүн Иранды кабыл алган


Марат Султанов спикер болуп турган кезде Ирандын элчиси келип, Ирандын спикери депутаттар менен Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, деги эле Орто Азиянын өлкөлөрүн кыдырып, өздөрүндө болуп аткан окуяны түшүндүрүп бергилери келип аткандыгын айтат. Султанов ойлонуп көрүүнү убада кылып аны узатат. Анан биздин Жогорку Кеңештин ушул сыяктуу иштер менен алектенчү кызматы Казакстандагы кесиптештерине чалат, "Иранды кабыл аласыңарбы?" - деп. "Жок", - дейт Казакстан, - "Биз ОБСЕге азыр төрагалык кылганы турабыз, ошондуктан кабыл алалбайбыз". Тажикстанга чалат, алар да "Жок, кабыл албайбыз, андан да башка иштерибиз көп", - дешет. Өзбекстандан "Америка менен мамилебизди ансыз да бузуп алдык, аларды кабыл алсак ансайын жаман жагына оойт", - деген жооп келет. Түркмөнстан себебин айтып убакыт коротпой, жөн гана "Жок!" - деп коёт, "Бул бизге ылайык эмес!" Буларды Султановго жеткиришет, а спикер башын кашып айтат: "Жакын арада Ирандан 80 миң доллар кредит келмек, аны алыш үчүн кабыл алыш керек". Кесиби финансист да, каражат маселесин унуткан жок. Биздикилер ошентип кабыл алмай болушат. Бул тууралуу уккан Американын элчиси дароо келди. ТИМдин министри Жекшенкулов болчу, ал чыйпылдап, чуркап эле калды. Россия да ыраазы эместигин көрсөттү. Бирок, булардын нааразычылыгынан да 80 миң доллар өйдө болуп аткан. Кандай болгон күндө да кабыл алып, кредитти которуп калыш керек. Ирандыктар келди, айтчусун айтышты, кайра кетишти. Анан биздин депутаттарды өздөрүнө чакырышты. Ал кез 2007 - жыл, Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаал аябай курчуп турган. Израиль ракеталарын Иранга каратып, согуш кайсы күнү башталып кетишин эч ким төлгөлөй албай турган абалга кептелген. Анан так ошол абалды утурлап 12 кыргыз депутаты Иранга баратат дейт. Самолётко жайгашып отурушкандан кийин, бардыгына эл аралык бөлүмдүн башчысы гезит беттериндеги Ирандагы абалды чагылдырган макалалардын тиркемесин таратып берет. "Силер бизди каякка алып баратасыңар?!" - ордунан обдулушат депутаттар. Бирок кайра ойлонууга кеч болуп калган, учак эчак эле булуттуу асманда учуп бараткан. Ал сапар Кудай жалгап тынч болду, бирок депутат байкуштар бул жакта калган сүйүктүү креслосунун санаасын тартып, ээси кайтпай калса, ага ким отурат, деген ойго мээлерин чулгап, колдору жакасынан түшпөй барып келишти.


Кипрдин президентин Садыр Жапаров ыйлатканбы?


Садыр Жапаров Кипрдин президенти Рауф Денкташты ыйлатканын көпчүлүк билбесе керек. Ооба, кыргыз депутаты Кипрдин президентин ыйлаткан. Түндүк Кипрдин президенти Кыргызстанга келип, эки жакты көрүп, таанышкандан кийин, айрым саясатчылар менен чай үстүндө отуруп калат. Арасында Жапаров да бар. Денкташ: "Биз менен мамиле түзгөн силерге рахмат. Силер менен катышканы бизде сыртка болгон дагы бир жол ачылды", - деп кыргызга ыраазычылыгын айта баштайт. Анда Жапаров тост алып, минтип сүйлөптүр: "Илгери жоокерчилик заманда, бир баатыр согушта жеңилүүгө учурап баштаганын сезет да, жоокерлерине артка чегинүүсүн айтат. Өзү баласын алдына өңөрүп алып, атты чаап баратса, бир тууган иниси бир буту жок жарадар болуп жатканын көрөт. Инисин алып кетейин десе, алдында баласы бар. Албайын десе бир туугандык жүрөк кыйбайт. Баласына аттан түш деп айталбай, "Бир атанын балдары бир атка минишсин!" деп уран чакыра баштайт. Ал сөздөн кийин баласы атасы эмне айткысы келгенин түшүнүп, аттан секирип түшүп кетет. Силер бизге бир туугансыңар, балабызды болбосо да, силерди өңөрүп алып жүрүү биздин милдет". Аны уккан президент кадимкидей көзүнөн салаа - салаа жаш куюлуп ыйлаптыр. Кипрди биз өңөрсөк, бизди ким өңөрөт?

Чолпон Баекованын гүлдөрүнө ким тийди?


2010 - жылдын 7 - апрелинде Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, талоонго учурап турган маалда бир адам Чолпон Баекованын кабинетине кирип калат. Ал адам ошол жерде иштеген кызматкер. Караса сейфи ачык, кагаздары чачылган, стол - отургучтары тоголонгон. Жайнаган кагаздын ортосунда туруп, Баековага телефон чалат: "Чолпон эже, кабинетиңизди "көңтөрүп" кетишиптир, сейфиңиз ачык, кагаздарыңыз чачык". Ал антсе, телефондун ары жагындагы депутат айым "Иним, гүлдөрүм эмне болуптур? Гүлдөрүм аман - эсен турабы?" - деп сураптыр. Кабинетинин ичин толтура карапада өскөн гүлдөр менен кооздоп койчу экен. Баарынан кызыгы, турган нерсени талкалаган талоончулар бажырайып ачылып турган гүлдөрдүн бирине да тийбептир. Сыягы, биздин талоончулар табиятты урматтагандардан окшойт. Гүлдөрүнө эч ким тийбегенин уккандан кийин Чолпон Баекова калган нерселерге кейибептир деле. Сыртынан миң ирет салабаттуу, сүрдүү көрүнгөнү менен бир кездеги Конституциялык соттун төрайымы ички дүйнөсүндө назик аялзаты бойдон сакталып калганы ушул бир ооз сөздөн билинип калбадыбы.


Эркебаевди күтүп ээси оогон "Түрк аба жолдору"


Эркебаевдин спикер кези. Аэропортто депутаттар Түркияга учууга камынып атышыптыр. А Эркебаев кечигип атат. Уча турган убак да болду, спикердин карааны көрүнбөйт. Узатуучу балдар учкучка чуркап барышат, "спикерибиз кечигип атат, күтө тур", - деп. Түрк учкуч баш чайкайт: "Спикериңди да, президентиңди да билмиорым. Биз түрк хава еллары, учуш тарифи бар. Убакыт болсо капили капатиоруз ве учуиоруз", - деп туруп алат. Айлалары кеткен балдар диспетчерге чуркашат, "Түрк аба жолдорун аба ырайы начар деп кармай туруңуз", - деген өтүнүч менен. Анан убакыт жетсе эле эшигин жаап учууга камынып аткан учкуч өзү да билбеген тейде спикерди күтүп калат. Эркебаев келет, самолётко отурушат. Негедир эле самолёт учууга камданбайт дейт. Отургандар ары - бери карап, кыжалат боло башташат. А сыртта узатып тургандар эптеп эле буларды көздөн далдоо кыла салып, үйлөрүнө кеткилери келип, чыдамдары кете баштайт. Анан гана диспетчер эстерине түшөт. "Аба жолдорун" абага чыгуусуна уруксат бере бер", - деп кайрадан диспетчерди эскертүүнү унутуп коюшкан экен.


Байболовду Африканын арстандары кызыктырганбы же…


Бир ирет Жогорку Кеңешке чакыруу келиптир, Англия, Франция жана Африкага. Депутаттар арасынан кимдер бара тургандыгы талкуулана баштайт. Көпчүлүгү Африканы угуп эле баш тартышат, "Африка бар экен, мен барбай эле коёюнчу", - деп. Бир гана Байболов тескерисинче: "Англия менен Франциянын кереги жок, мага Африка болот. Африкага барган кезиңерде мен бул жактан учуп барам", - деп кара терилүүлөрдүн өлкөсүнө барууга дилгирлиги катуу ашынган дейт. Аны көрүп, калган депутаттар да барууга макул боло башташыптыр. Ушул жерде бир кызыгуу туулат: Байболов Африканын эмнесине анчалык ашык болду экен? Балким, бул табышмактын жандырмагы биздин гезитибиздин өткөн санында бар болуп жүрбөсүн?..
Байболов Африканын атактуу коругундагы тамакты тоё жеп, келгендерди бир көзүн араң ачып карап койгон арстандарын көрүүгө куштарланды бекен? Балким, балким…

Үмүт Баян