Байболов менен Мадумаровдун ич ара сүйлөшүүсү


Экс- башкы прокурор Байболовдун эшигин кыйын күндөр каккылап турган кези . Неден жазды, жаңылды, аны чекист саясатчы өзү билсе керек. "Замы" менен "самды" сайып түшчү согуштун артында бийликтин башы бакыйып турганы, айтпаса да түшүнүктүү.
Кубатбек ушул тапта оппозициянын кемесине түшпөсө да , түшсө да "калтар" өз ишин жасайт. Президенттик шайлоонун алдында Адахан Мадумаров менен Кубатбек Байболовдун ортосунда чоң сүйлөшүүлөр болуп, тарапташтыгын бекемдешкен. Жер тыңшарлар айтпаса да жакында эле бул эки саясатчы аба толкуну аркылуу сүйлөшүп , ички фронттун алкагында саясый кадамдардын башын чечишиптир дейт. Демек, азыркы тапта түндүк лидерлеринен көп нерсе чечилчүдөй көрүнөт. Эгер бул блокко кадимки Катани кошулса, анда бу жазда бийлик тынч уктабачудай.


Молдомуса Конгантиевге карата козголгон иш жанданды


Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айыпты төйнөп, Убактылуу өкмөт сабалган генералды садагага чабышкан эле. Генералдын ал кездеги ден-соолугу кооптонууну жараткандан, козголгон ишти муздай тоңдуруп коюшкан эле. Кечээ сүйкүмдүү прокурор айым Аида Салянова кар канышасына айланып, Конгантиевдин ишин кайрадан козгоду. Аида айым азыр ушул тапта активдүүлүгүн көрсөтпөсө, кресло тайгаланып кетиши мүмкүн. Конгантиев экс- саясатчылар менен бир-эки жерде чай ичип, горизонттон көрүнүп калса , кулактар тикчийип, бийлик "кокуй күн" деп бал уйкудан ойгонуп кетсе керек да.


Атамбаевди оңтойсуз абалга калтырган экс-министр ким?


2012- жылдын бюджетинде Транспорт министрлигинин бюджети 1 млрд. 607 млн. сомду түзөт экен. Жолдорду реконструкциялоо деп эле бул министрликтин бюджети чоюлуп кетсе керек.Тээ башынан эле тендерден май -талкан тапкан бул министрлик коррупциялашканын эч ким тана албайт. Кезинде Ош-Бишкек жолун оңдоп- түзөөдө экс-министрлер Кубанычбек Жумалиев менен Нурлан Сулаймановдордун быкы- чыкылары Чубактын кунундай бүгүнкү күнгө чейин чубалып жатат. 2005 -жылкы ыңкылаптын шааниси менен Нурлан Сулайманов түрк ишкерлерин 18 млн. долларга олтургузуп, "бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок" кылып койгонунун азабын азыр Алмаз Атамбаев тартып жатат. Себеби, ажобуз Стамбулга барганда ал жак дал ушул "косякты" кабыргалата коюп, Атамбаевди оңтойсуз абалга алып келишүүдө. Азыр бул арыздар Аида Саляновада былк этпей, а финпол болсо өрттөлгөн архивден үмүт кылып жаткан кези. Башкы прокурор сабалган генералды эмес, кекиртеги керней болгондорду козгосо болмок деген ой кетпей койбойт экен. Азыркы министр "тендер жаатында кийлигишпейм" деп секин секирип жатат. Министр К. Султанов андан көрө "Авангард- Стилди" гүлдөтсө болду. Борбордун чок ортолорундагы курулуштар айтор министр эле жыттанып калды.


Иран менен Американын согушу 2012-жылы башталат


Америка ушул тапта чоң согушту тутандыруу алдында турат. Эгер "союзниктери" толук колдошсо, 2012-жылы июнь айында Ирандын ядролук "обьектилерине" атака койгону жатат. Азыр Кувейтте Американын 17 миңдей аскерлери жайгашып жаткан кези. Акыр замандын каарын чакырган Америка эми чындап от менен ойнойт окшойт. Бул согуштун кесепети Кыргызстанга тийбейби деген кооптонуу бар экени талашсыз. Себеби, бул жакта Американын жүк ташуучу аба борбору жайгашкан да. Кечээ Кыргызстандагы Иран элчилиги бул багытта өз позицияларын билдирип, биз тарапты сооротушкансыды. Эгер чындап эле бул конфиликт башталып кетсе, Кыргызстан тарапка эпкини тийбейт деп эч ким кепил боло албайт. Алмаз Атамбаев орус падышасы менен бул маселенин айланасында чекилдик кылабы, кеп ошондо.


Коррупция кокодон кирип каяктан чыгып жатат?


Бусурманкул Табалдиев коррупциянын азабынан мамлекет 30 млрд. сом зыян тартканын "эвирика" деп жар салды. Коргонуу кеңешинин ана башчысынын маалыматына таянсак, эки жыл ичинде эле 2400 кылмыш иши козголуп, анын жарымы эле сотко жетиптир. Тактап айтканда, 1300 иш сотко жетпей көмүлгөн. Жогорку сот болсо 1200 ишти карап, анын 70 пайызы кайра иликтөөгө жөнөтүлгөн . Соттордогу бул иштерди кароодо мамлекетке 7,4 млн. сом чыгым келген. Жеген желди чыгарган жагы жок болуп жатпайбы? "Обнаглевших" соттордун көзүн чукуйм" деп Алмаз Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү жакшы фраза менен ачты.


"Атамекенчи" депутаттарга иш козголот


Тагдырдын тамашасы, улуу жеңиш үчүн күрөшүп келген "атамекенчилер" бүгүнкү бийликтин сүрөттөмөсүндө мародерлор болуп чыга келишет көрүнөт. Себеби, жакында эле Башкы прокуратура "атамекенчи" 3 депутат талап-тоноочулукка катышы бар деп тергөө ишин башташты. Кайсыл депутаттар болду экен, деп таң калып жатсак, Райхан Төлөгөнов деген фамилияны эшиттик. Кырк жылда билинчү иштер 40 күндө кайтарыла баштады деп келмебиз ооздон түшүп калды. Эгер Башкы прокуратура бул беренени бетке кармай турган болсо, бүгүнкү бийлик мунарасында олтургандардын баары анда талап -тоноочулар болуп калбайбы. Бүгүн "атамекенчилерге" ушундай атака коюлса, буларда "компрлар" бар да. Айтор, чукумайдын арты ала жазга барчудай. Ырасында Райхан Төлөгөновго карата өтө орчундуу фактылар айтылууда. Эгер бул айыптоолор кеп чындыгына чыкса партия жүзүн жоготот. Текебаевдин саясатты ичтен ирип , "атамекенчилер" бири-бирине кас душманга айланышты. Эгер фракциянын режими курсун өзгөртпөсө "хайвайлар" көп болот. 7-апрелде мүлкүн тарттыргандар ойгонсо айтыш кыйын.