Келдибеков АКШга эт жегени эмес, элдин камын ойлоп барды


2-февралда Вашингтондо МВФ башкы офисинде Кыргыз Республикасынын депутаты, Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Келдибековдун МВФтин аткаруучу мүдүрү Рене Вебер (Rene Weber) жана Дүйнөлүк Банктын аткаруу мүдүрүнүн орун басары Виеславом Щука менен жолугушуу болду.Жолугушуу убагында эки тарап мындан аркы иштерди өнүктүрүү жана Кыргызстанга жардамдарды көбөйтүү жагын сүйлөшүштү.
Акматбек Келдибеков эл аралык уюумдун өкүлдөрүнө Кыргызстандагы саясый жана экономикалык акыбалды түшүндүрүп, мындан ары Жогорку Кеңеш бул уюумдар менен тыгыз байланышта иштейли деген пикирин айтышты. Акматбек Келдибеков МВФ жана Дүйнөлүк банктан жогорку өткөргүчтөгү электролинияларды куруунун долбоорун түзгөнгө жардам берүүсүн өтүнүүдө. Бул долбоор Кырызстан жана Тажикстан аркылуу Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын сатуу боюнча CASA-1000 долбоорунун иштөөсүнө шарт түзөт.
МВФ аткаруучу мүдүрү Кыргызстан бул региондогу жалгыз парламенттик башкаруу системасы болгон демократиялуу өлкө болгондугун баса белгиледи. Ошондой эле Вебер 2011- жылы кеңейтилген кредиттик механизимдин 3 жылдык келишиминин биринчи фазасынын бүткөндүгүн кабарлады. Эки улуттар арасы уюмдар да CASA-1000 долбоорунун өтө чоң мааниси бар экендигин, бул жалгыз гана Кыргызстан үчүн эмес, регион үчүн чоң мааниге ээ деген пикирлерин билгизди. Чет жерге барып ойноп-күлүп келбей элдин көйгөйүн чечип келген Келдибековго алкыш.


Ячейкалардагы 21,47 миллион долларга ким тумшук салган?


Апрель окуясынан кийин убактылуу келгендер башкы банктагы ячейкалардагы миллиондорго ээлик кылып, каалагандай калчаганы, этегинде миллион чырлары чыгып, акыйнек айтышып жым болушкан. Ал күндүн сурагы минтип жакындап калганбы, айтор уюкту бузуп, Башкы прокурор баш чайкоо менен ал ишти чукуй баштады. Бул миллион чырынын чырт этип тутанып калышы, А.Бекназаровдун оппозиция болуп чыга келишинде окшойт.Себеби, ал кездеги Бекназаров, Сариев, Атамбаевдин ортосундагы миллиондор айтышында көп түшүнбөстүктөр болгон. Бекназаров менен Сариев ала чапкын чабуул менен Алмаз Шаршеновичти бир топ эле оодарышкан. Алмаз Атамбаевдин банк ячейкаларына тийиштиги жок болушу керек деген коомчулуктун пикири бар. Анткени, бул акчаларды укканда Алмаз мырза чок кармагандай чочуп кеткен. Ал миллиондорду жогорудагы эки саясатчы жакшы билсе керек. Бул чыр чукула баштаганда июнь окуясын шылтоолоп, формалдуу отчёттор удургуган. Ячейкалардын кайрадан казылышы менен бир топ убактылуучулар чабылып, асты абакка кетчүдөй. Эгер гумандуу карашса...


Сомолёттун ичинде уурдалган акча


Маршрутканын ичинен, базардын тыгылышынан акчасын алдыргандарды угуп жүрөбүз, бирок самолёттун ичинен сумкасындагы акчаны алдырганды биринчи угуп жатабыз. Белгилүү ырчы эжекебиз Саламат Садыкова Оштон Бишкекке учуп келе жатканда уктап кетип, 5 миң долларын алдырган экен. Ой тобоо, чөнтөкчүлөр самолётко чейин жетишиптир...


Өмүрбек Абдырахмановдун согушу эми башталат


Өмүрбек Абдырахманов чындык үчүн партиялаштарынын да көзүн чукугандан кайра тартпачу позицияга келди. Себеби, бала "атамкенчилерден" баштап, анабашчыларына чейин Өмүрбекке өткүндү жаадыргандан башталды. "Ө" лөрдүн согушунан билермандар өлөрмандарга айланчудай. Жакын арада "Ата Мекен" партиясынан өрт чыгып кетиши мүмкүн.


Акмат Бакиев дагы эле ооруканада


Өткөн жумада Акмат Бакиевдин ден-соолугу кескин начарлап, ооруканага жатканын маалымдаганбыз. Акыркы маалыматтарга караганда, экс-президенттин тууганы дале ооруканада дарыланууда. Өпкөнүн сезгенүү илдетинен бир аз жакшы болгону менен боорундагы өнөкөт дарт тынчын алып жатыптыр. Акмат Бакиевдин палатасы азыр атайын кайтарууда...


Жээнбековдон сезденишти


Күрөшчүл Бабырбек Жээнбеков кызматты жок аз эле жүрөт окшойт. Бийликке саламын сакалдан кармап башкача айткан көрнөт. Ак үй , көк үйү "күбүр" болуп кресло дайын болуп калгандай кептер чыга баштады. Жаздагы оппозициянын болжолдонуп жаткан жүрүшүнө дагы бир патриотту садага кылгылары келишкен жок окшойт. Болбосо Бабыр мырза бат эле бороон салып коймок.


Спикердин айланасында Келдибековдун командасы жүрөт го...


Келдибековдун кел-кели кеткен менен командасы азыркы спикерди тейлеп жатат деген кеп төркүнү чыга баштады. Спикер ал командага эмне муктаж болуп жатканына таң берсе болот. Эски шефине отчёттор ушундай кетип жатат Асылбек мырза таштан ооп кетпегей эле.


Мадумаров менен Ташиев


Бул биригүүнү президенттик шайлоодо төшү түктүү саясатчылар бир топ аракет кылышкан. Ак сакал саясатчылар ортого түшсө да, таш ордунан жылган эмес. Эки фигуранын артындагы чоң күчтөр бул тандемди жардан бери оодарып коюшту. Саясый оюнду эми эки лидердин артында турган бычакка саптуулар баштайт деп түшүнүшүбүз керек.