Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт" фракциясы:

"Карьерамда ийгиликке жеткен менен аялдык бактым ченелүү болду"


Активист, мээнеткеч кыз, турмуштун татаал жолунда эмгекчил адам, мээримдүү эне болуп, депутаттык креслого жеткен Надира Нарматованын турмуштук сабактары, таасири, жашоодо баалаган асыл сапаттары тууралуу ой бөлүштүк.

Балачактагы мээнеткечтик

- Мен тарсылдаган, эркек мүнөз, өтө шок, чындыкты бетке айткан, эркек балдардын жумушун жасаган, атамдын сыймыгы болгон кыз элем. Анткени, мен үй-бүлөбүздө төртүнчү кыз болуп, артымдан үч эркек бала удаа төрөлгөн. Ошондуктан атам мага эркек баладай мамиле жасачу, эч кандай кыймыл-аракетиме тыюу салчу эмес. Эркин өстүм, бирок ата-энеме жакпай турган туура эмес жумуш жасачу эмесмин. Ал түгүл өтө мээнеткеч элем. Талаага иштеп келип, түшкү мээ кайнаткан ысыкта да уктачу эмесмин. Ата-энеме билгизбей айылдын этегинде жашылча айдаган кореецтерге барып иштеп, акча таап келчүмүн. Бир жолу мен иштеп жүргөн кореец атама "жыйырма кап пияз алып кет. Кызыңдын эмгек акысы" десе, атам "кайдагы эмгек акы" деп аябай таң калган. Атам экөөбүз талаага барып айылыбыздагы Сабыр аттуу аксакалдын арабасына пыязды жүктөп алып келе жатып, менин түшкү ысыкта иштегенимди, эч кимге билгизбей эмгектенип тогуз жаш курагымда маңдай тер төгүп үйдүн бюджетине салым кошкондугумду жетине албай досторуна, айыл адамдарына иштермандыгымды, мээнеткечтигимди кубанып айткандары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир күнү менден улуу эжемдин туулган күнү болуп, эмнегедир белгилегиси келди. Эжем "ата-энебизден кантип акча сурайбыз" деп ыңгайсыз абалда болду. Мен алардан акча сурабай эле туулган күн тосуп берем десем "кантип" деп аябай таңкалды. Кореецтерге барып иштеп, акча таап, классташтарына ойдогудай туулган күн өткөрүп берсем ыраазы болгон. Мындай мисалдар менин бала чагымда көп болгон. Азыр да ошол бала кездеги мээнеткечтигиме таңгалам.Мүмкүн бул жөндөмдүүлүк табийгаттын мага берген байлыгыдыр. Анткени, мен жашоомдо чарчоо дегенди анчалык деле байкабай келем. Канчалык иштеген сайын чыйралып кайраттанам. Алдыга карай умтулуп жашайм. Турмушта ар дайым түйүндүү маселелерге жооп таап, өзүм чечем. Ар бир башта жалгыздык бар. Ошондуктан ар кандай кырдаалга дайым даяр тур деген девиз менин принцибим.

Ак мээнеттен чогулган бир жоолук акча

- Атам эл сыйлаган, урмат-сыйга ээ болгон киши эле. Топ бүлөдө чоңойсом да атам менин эркек мүнөздүүлүгүмдү баалап, мага өзгөчө мамиле жасачу. Өмүрү кыска болуп, мен бой тартып калганда эле каза болуп калды. Биздин райондун "Россия" атындагы колхоздун жетекчиси Токтомат Зулпуев ишке жөндөмдүүлүгүмдү байкап, аталык камкордукка алды. Мектепти бүтүрүп жогорку окуу жайга өтпөй калганымда аталган колхозго келип, жаштар бригадасын уюштуруп, музоо багар, бригадир, китепкана ачып, балдар бакчасында от жагар, кароолчу, саанчылардын сүтүнүн калориясын текшергич, жем бергич болуп бир мезгилде алты-жети милдетти аткарчумун, ошондо мен болгону он беш жаштагы кыз элем. Адамдар мага суктануу менен карашчу. Мен ан сайын кайраттанып иштечүмүн. Суткасына эки же үч саат уктачумун. Кийин ойлосом иштей турган адамдын жоктугунан эмес, менин тыным албай так иштегеним үчүн бардык жүктү бала экендигиме карабай тапшырып коюшкан экен. Бул күндөр мени турмуштун ар кандай арабасын тартканга бышырып салган экен. Планды эки эсе ашык толтурчумун. Айлыгымды албай, кошумча берилген премияны гана алчумун. Алдыңкы катардагы жумушчу болуп, он алтыга толо элек курагымда областтык малчылардын слетунда биринчи жолу чоң трибунадан тажрыйбасы мол адамдай эл алдында сүйлөгөнүм эсимде. Жогорку окуу жайга тапшырам деп шымаланып жүргөн мезгилде колхоздун жетекчиси менин айлыгымдын чып-чыргасын коротпой, чоң жоолукка түйүп, чогулушта мага ыраазычылыгын билдирип, келечегиме бакыт каалап, машинеси менен үйгө жеткирген. Ошондогу апамдын кубанычы азыр да көз алдымдан кетпейт. Кыскасы, мен бул турмушта ата-энемди, жакындарымдын эч кимисин түйшүккө салган жокмун. Өз маселемди кичинемден эле өзүм чечүүгө көнүп калгам. Жогорку Кеңештин депутаттыгына уучтап акча кармап базардан келген жокмун. Түштүктөгүү комсомолдук, партиялык, советтик жооптуу кызматтарда иштеп, эмгегим элге сиңип, бааланганы үчүн келдим. Көп учурда элдин бейпилдиги, тынчтыгы үчүн иш алып бардым. Мен жай турмуш өкүм сүргөн жерде эмес, кыргыз-өзбек эли тирешип жашаган жерден добуш алып келдим. Эки элди ынтымакка чакырып, кокус түшүнбөстүк болсо, түшүндүрүп, көп нерсени алдыналууга аркеттендим. Ошол эмгегим бааланып, тиешелүү добуш менен шайлоочулардын колдоосу менен эле депутат болдум. " Алган мандатыма шайлоочуларымдын суроо талаптарын аткаруу менен жооп берип жатам. Элдин алдында жүзүм жарык . Кыска убакытта бир топ жумуштарды аткардым. Аны эл өзү мезгили келгенде баалап алат.

Аялдык бактым ...

- Бой жетип, Женпедди ийгиликтүү аяктап, иштеп калгандан кийин курбу кыздарымдын баары акырындык менен турмуш кура баштады. Жашоодо мен эч кимди сүйбөдүм, сүйүлбөдүм. Бул тагдырдын тамашасы болсо керек. Мүмкүн мен эмгек менен алек болуп турмушта кыз кылыгы менен алектенгенге убактым болбой жашоону өткөрүп жибергендирмин... Студент кезимде да кечинде иштечүмүн. Кыздардай узун-туурасынан басып, көңүл ачканга убактым деле болчу эмес. Балким, жаштыкты өз нугунда пайдалана албаган ал менин күнөөмдүр. Аялзаты жашоодо эне болуп, бүлө күтүү вазыйпасын аткаруу керек деген милдетти аркалап, Кудай алдындагы жоопкерчилик үчүн бактыма туш болгон адам менен турмуш курууга аргасыз болдум. Бактыма алайлык жигит жолукту. Иш билги, турмушка тыңдыгыма карадыбы же чын эле нике кайып экөөбүзгө буюрдубу айтор, турмуштун кемесине бирге түштүк. Чырактай үч уул, бир кыздуу болдук. Бирок, үч уулдуу болгонубуз менен турмушубуз салкын болду. Мен аялдык милдетимди Кудайдын алдында так аткардым. Балким, азыр менчелик ийилип сабырдуулук менен мамиле жасаган жубайын кадырлап, барктай албаганына өкүнөр. Чачташып урушпасак да, бири-бирибизди жипсиз байлаган сезим ойгонгон жок. Бир үйдө жашаганыбыз менен экөөбүздүн ортобуз алыс болду. Тамак-ашын, кийим-кечегин ырастап бергеним менен эки башка бөлмөдө үч жыл жашадык. Балдар бой тарта баштаганда эмнеге бир келген жашоодо өзүбүздү кыйнап жашашыбыз керек деген ойдо, бири-бирибизге жаман айтпай эле эки бөлөк жашайлы деген чечимге келдик. Азыр ал киши өзүнчө үй-бүлө күткөн. Мен балдарымдын, неберелеримдин кучагында жашайм. Ал киши тууралуу жаман эч нерсе айта албайм. Канткен күндө да чырактай үч уулумдун, бир кызымдын атасы. Мен ага бакыт гана каалайм. Балким, экөбүздүн эки башка жашообузга ишиме өтө берилгендигим, ага үзүлүп түшпөгөндүгүм себеп болгондур. Мүмкүн экөөбүздүн жан дүйнөбүз эки башка болгондур... Кандай болгон күндө дагы экөөбүздүн эки бөлөк жашап калганыбызга бири-бирибизди күнөөлөп, доомат койгон жокпуз. Баарын түшүнүү менен кабыл алдык. Арадан жыйырма жыл өттү. Атабыздан бир тыйын албай балдарды окутуп, үйлөнттүм. Анын турмушуна залакабыз тийбесин дедик. Эримден кетсем да элимден кеткен жокмун. Кайын-журтум менен катышып, жакшылык-жамандыкка барышып-келишип турабыз. Мен дайыма Алай элинин келини бойдон тарыхта калдым. Жалгыздыктын арабасын токтотпой айдап келем. Себеби мен бактылуу эне,чоң эне, таенемин бул мен үчүн чоң эмгектен жаралган бакыт деп билемин.
Убакыттын өтүшү менен юридикалык билим керек экенин туюп, экинчи жогорку билимдүү болдум. Ишиме баягыдан да кызыгуум артып, Алайда жооптуу кызматтарда иштедим. Айылдык, райондук кеңеште депутат болуп жүрдүм. Башкалар акимдикке жете албай жатканда акимдин орун басарлык кызматын өз каалоом менен эле өткөрүп берип, балдарыма шарт түзүп берүү үчүн бизнес да жасадым. Айтор, бул турмуштун баардык сыноосунан аша чаппай, артта калбай акырындык менен өтүп келе жатам.
Телегейи тегиз эч ким болбойт дегендей жараткан мага карьерамда бийиктикке жеткиргени менен турмушумда аялдык бакытты чектеп койгондой болду. Ырас, карегим менен айланган балдарым, тили таттуу неберелерим, жеңилимди жерден оорумду колдон алган үч келиним бар. Ошолордун күмүш күлкүсүн угуп, бактылуу болгонум менен кайсы бир учурда жан дүйнөмдө жалгыздыкты сезем. Жараткандан жакшылыктарды, жакшы күндөрдү тилек кылып жашап келем. Балдарым "апа, биз өз оокатыбызды өзүбүз кылып калдык. Эми сиз болгон тажрыйбаңызды, билимиңизди элиңизге жумшап, бизге сыймык болгон ат жасай турган учуруңуз келди" дегенде анан депутаттыкка аттандым. Кудайга шүгүр, 90 пайыз өзбектер жашаган Ноокаттан көп добушка ээ болдум. Азыр ошол эки элдин тирешин жөнгө салуу максатында улуттук саясат концепциясын жаздым. Бул менин негизги иштеримдин бири.

Душман...

Келишпес душмандарым деле жок. Болгону саясатта айрым учурда ачуу чындыкты кимдир бирөөгө багыттап айтып койсоң, ошол адам заматта сенин келишпес душманыңа айланып калганы өкүндүрөт экен. Жаныңда дос болуп, ашыңды ичип, сырыңды угуп анан өзүңө каршы чыккан аракеттери заматта жүзүн үйрүп душманга айланган адамдардан корком. Мен байлыкка, бийликке карап эмес, адамгерчиликке карап мамиле жасаймын. Ошондуктан мен мамиле түзгөн адамдардын көпчүлүгү түбөлүктүү мамиледе болушат.

"Президенттин эмес, Раззаковдун сүрөтүн илем"

- Мен эмне үчүн президенттин эмес, Исхак Раззаковдун сүрөтүн илип алдым. Анткени, мен президенттерге караганда ал кишини түбөлүк өйдө көрөм. Дайым ал кишинин таамай айткан сөздөрүн, ал киши тууралуу жазылган макалаларды, китептерди окуп, Исхак аганын асылдыгын, иш билгилигин, жан дүйнөмө сиңирип алууга аракеттенем. Анткени, Исхак Раззаковдо чыныгы адамдык сапат, ак жүрөктүүлүк, бардык эле адамда боло бербейт. Ошондуктан мен тигил же бул саясатчыны карап эмес, Исхак абамдын айткандарын, окуп түздөнөм.

"Жаран катары конституцияны, адам катары куранды сыйлайм"

Ыйык куранды иш үстөлүмө коюп олтурганымдын себеби - мусулманмын. "Качкан да Кудай дейт, кубалаган да Кудай дейт" дегендей биз пенделер көп учурда башыбызга оор иш түшкөндө гана Кудайды эстейбиз. Мен ыйык куранды дайыма эстеп, окуп жүргөнүмдүн себеби, саткынчыларга, жалган айткандарга, ушак сүйлөгөндөр менен байлыкка, мансапка карата кулпунуп, мүнөзүн өзгөртүп тургандар менен күрөшүү үчүн окуп турам. Себеби, көзүң менен көрүп, акылың менен сезип турсаң да, сени жаманатты кылууга далалат жасаган адамдар бар экенин да билем. Ыйык куран мен бала кезимден эле жашоодогу тазалыкты, аруулукту, адамкерчиликти баарынан жогору койгонго, чындык улуу экенин үйрөттү. Мен ыйык курандын чоң сабагына 9 жашымдан баштап сугарылдым. 103кө чыккан молдо абабыз ыйык курандын хадистерин көп айтып берчү. Кичинемден эле молдо абанын эшигиндеги чөптөрүн оруп, карларын күрөп жүрүп, курандын жол -жоболорун, 5 убак намазды кантип окуш керек экенин жан дүйнөмө сиңирип алганмын. Жаран катары конституцияны, адам катары ыйык куранды сыйлайм.

Теспенин касиети

Таспенин мааниси өтө чоң. Мен муну кооздук үчүн эмес, касиети үчүн иш бөлмөмө коюп алганмын. Дайыма эртең менен жумушка жөнөөрдүн алдында убактымдын жетишинче кайталап тарта берем. Анткени, дайыма беш убак намаз окуганга шартым жок болуп калат. Көбүнчө эртең мененки багымдат намазын гана окуп, жараткандан жакшы тилектеримди суранып, теспе тартууга үлгүрөм. Орозо учурунда сөзсүз мусулмандык парзымды аткарып, беш убак намаз окуп, орозо кармап, сүмөлөк жасайм. Кээде уйкум качып, түн уйкум бөлүнүп кыйналганда беш убак намаздан да күчтүү такажук деген намазын окуйм. Жалгыздап жол таппай калган мезгилде ыйык курандын сүрөөлөрүн окуп, көп жолудан теспе тартып кайталайм.Жашоодо менин таянчым куч-кубат берип алдыга сүрөп турган Алланын гана керемети деп билемин.

Чынайым
Кутманалиева