"Мун" сектасында кимдер бар?


(Башталышы 3-бетте)
- Ууланган көмүр тууралуу ким жоопко тартылышы керек?
- 2006-жылдан бери азыр чуу чыгып жаткан жерден көмүр келчү экен деген маалыматты угуп, төбө чачым тик туруп жатат. Бул эмне деген шумдук?! Мен туулуп-өскөн айылга радиоактивдүү 30 тонна көмүр алып келип коюптур. Уулуу көмүр экенин билбегендер 10 тоннасын жагып жибериптир. ӨКМнын кызматкерлери 20 тоннасын алып чыгышыптыр. Учурда тынчы кеткен эл күлүн да алып кетишин талап кылып жатышыптыр. Казакстан алып кетүүдөн баш тартып, айласы кеткенде Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына караштуу калдыктарды көмүүчү жайдан жер издештирип жатышыптыр. Эмне Кыргызстан акыр-чикирлерди төгө турган жайбы? Өкмөт ушул иштерди 4 айдан бери эле жолго салып койсо болот эле го. Эми жабыр тарткан карапайым эл эмне болот. Алардын ден-соолугуна ким жооп берет? Ким медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү мойнуна алат? Өкмөттүн шалаакылыгынан жасалган иш үчүн жоопко тартылышы керек. Анткени, уулуу көмүрдү мамлекетибизге киргизүү, өзүнүн калкын кырганга барабар иш десек болот.
- Бирибиз казинолор жабылды десек, кай бирлер жумушсуз калдык деп капаланып жатышат. Сиздин көз карашыңызда казинолор биротоло жабылышы керкпи же көлгө көчүрүлүшү керекпи?
- Мен казинонун көлгө көчүрүлүшүн эмес, биротоло жабылышын колдойм. Экономикабызга чоң киреше алып келгени менен андан жапа чегип, турмушу бузулуп, көчөдө калып, жанын кыйып жаткандарды эстешибиз керек. Акчадан мурун улуттун маселесин жогору коюшубуз керек. Көлгө көчүрүп, борбордон алыстатып салдык. Кыргыздар кирбейт. Башка улуттар эле ойнойт деген болбогон сөз. Борбордо болгондо тескей албаган, көлгө көчсө кантип көзөмөлдөйт элек. Ошондуктан "эсибиз барда этегибизди жаап", кылмыштуулук күчөп турганда акылга келишибиз, акчадан улуттубуздун келечегин жогору коюшубуз керек. Мен казинонун айынан үч жолу машинесин уттуруп жиберип, уятынан муунуп өлүп алган жигитти билем. Мындай оор трагедияларга чекит коюу үчүн сөзсүз казинолорду жабышыбыз керек.
- Кээ бир инсандар Афганистандан Американын солдаттары, бизден авиабаза чыгып кетсе, Кыргызстан террористтердин уюгу болуп, кооптуу аймакка айланып калат деген ойлорун айтып жүрүшөт. Бул маалымат канчалык деңгээлде жөндүү?
- Эгер Афганистандан алып чыгып кетсе, кырдаал орлоп кетиши мүмкүн. Анткени, террорчулардын баары тып-тыйпыл болуп калган жок да. Менин маалыматым боюнча террорчу уюмдардын айрымдарын атып, камакка алышкан менен алардын жакындары террористтерге кошулуп кеткен да фактылар бар. Кыскасы, 20 жылдан бери колунан курал түшүрбөй тынч жашоо эмне экенин билбей калган террористтер америкалыктар чыгып кеткенден кийин кайсы мамлекетти көздөй багыт алат? Же Афганистанда эле калып, өз мамлекетин курчоого алып, өз мыйзамдары менен жашап калабы же Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстанга келип, Ислам Халифатын курабыз деп чыгыбы деген кооптуу жагдай бар. Ошондуктан ал эле, бул эле дебей, азыртадан коопсуздугубузду бекем сактагыдайи машыгууларды өткөрүп, чек араларыбызды бекемдешибиз керек.
- Бүгүнкү күндө Жусуп Бакиев атындагы фондду "Мун" сектасы каржылаган деген сөз чыкты. "Мун" сектасы Кыргызстанга качан жана кимдер аркылуу келгенинен кабарыңыз барбы?
- Кабарым бар. Кыргызстанга 1990-жылдары эле келе баштаган. Алар мамлекетибизде ички-тышкы саясатта чоң роль ойногон адамдарды колго алып, кээ бирин чет мамлекеттеги "мун" сектасынын чоң жыйындарына алып барып келгендерин билем. Негизи "Мун" тотолитардык секта. Аны кореянын жараны христиан динине жамынып ачкан. Өзүн Кудайга теңейт. Түштүк кореяда ал сектанын иш-аракети мыйзамсыз экени аныкталып, мамлекетинен кууп чыгышкан. "Мун" сектасынын жетекчилиги азыр АКШда жашайт. Ал жакта да аны жайылтууга тыюу салынган. Анткени, ал сектага киргендер жетекчиси кимге үйлөн десе ошого үйлөнөт, ошондой эле бар байлыгынын баарын сатып, ошол сектага берет. Кыргызстанда дагы "мун" сектасынан жабыр тарткандар бар.
- Кимдер "мун" сектасынын жыйынына барып келгенин айта аласызбы?
- Негизи чоң кызматта иштегендер. Ошондуктан аттарын атабай эле коёюн. Учуру келгенде көп мамлекеттик кызматкерлерди чет мамлекетке алып барып, сайрандатканы белгилүү болот. Ал секта мамлекеттеги таасирдүү кызматкерлердин ишеничине кирип, ошолор аркылуу өз кызыкчылыктарын акырындык менен элге жайылтышат. Мен иштеп жүргөн мезгилде ошол сектанын мүчөсү корей жаранынын мыйзам боюнча Кыргызстанга жашаган убактысы аяктап, мамлекетибизден чыга турган мезгил келгенде калуу үчүн жогорку кызматтагы эмне деген адамдарды салып, жандалбастаганын билем. Ошондуктан мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирген, элдерди козуткан мындай секталардан абайлашыбыз керек. Булар ар кандай схемаларды жамынып алып, диндин популярдуулугун пайдаланып, жанагы экстремисттик-террористтик уюмдардай эле өздөрүнүн идеологиясын жайылтып жатышат. Ошондуктан мамлекет терең изилдеп, бөгөт койбосо, сүйүктүү мекенибизди заматта талкалап салышат.
- Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген секталарды чыгарып жиберүүгө мүмкүнбү?
- Толук мүмкүн. Бирок, ал ишти колго алуу үчүн саясый эрк жана мекенчилдик, патриоттук сезим керек.
- Кайсы тармак колго алып, тийиштүү чара көрүшү керек?
- Буларды мамлекеттен чыгарууга жалаң эле күч органдары эмес, мамлекеттик саясат болуп, мамлекеттик деңгээлде чара көрүп, президент, өкмөт, парламент баары бир жакадан баш, бир колдон жең чыгаргандай кийлигишүүсү керек. Ошондо гана мындай маселелерге чекит коюлат.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева




Эки кочкордун башы бир партияга бирикпейт...


Кыргызстан жазды саясый активдүүлүк менен тоскону калды көрүнөт. Дыйкандар жазгы айдап-себүү иши менен баш оорутуп, жазды күтүп жатса, саясатчымын дегендин дагы бир тобу кантип толкундоолорду жаратып жиберсек деп жазды эңсөөдө. Жакында эле парламенттеги оппозициялык фракция лидери Камчыбек Ташиев "Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын бириккендигин жар салды. Азырынча кимдин байрагы менен чыгары белгисиздигин, партия жаңыча аталышы мүмкүндүгүн, бирок баары бир "чыгарын" айтты.
Скептиктер болсо Камчыбек Ташиев менен Адахам Мадумаровдун камыр-жумур болуп жуурулушуп, оппозиция айдыңында натыйжалуу иш алып барышынан күмөн санап турушат. Буга себеп бар. Эске салсак, президенттикке ат салышууда шайлоочулардын суроосуна жооп узата Ташиев "мен Адахамдан айырмам - Бакиевдерден акча алган жокмун" дегени. Муну А.Мадумаров деле унутпаса керек. Лидерлик энергия экөөндө тең ашып-ташып турганын эске алсак, бул экөөнүн тандеми "чарт-чурт" жарылаары толук мүмкүн.
Камчыбек мырза жакында жаңы саясый элдик күч болушарын, колунда бийлик болбогону менен, жөнөкөй элдин колдоосу бардыгын жар салды. "Эл үчүн" деген сөздүн тарпы чыгып, анын кезектеги "жөнөкөй эл артыбызда турат" дегенине көптөрдүн итатайы тутулары турган иш.
Же өз элине каршы ок аткан бакиевдерден да бул ирет колдоо күтүп, алардын ишеничин "от души" актайын деп турган кербезиби? "Акыр-аягы келип Бакиевди биз алып келебиз мамлекетке!" - деп тамагы буулуга сүйлөгөнүн калайык-калк көгүлтүр экрандан өз көзү менен көрбөдү беле.
Ооба, бул эки эрендин түштүк жергесинде өз кадыр-баркы бар. Бирок, июнь окуяларында кагылышты өзүнүн кайраты, акылмандыгы, сабырдуулугу менен токтоткон кең пейил, мекенчил сезими курч, кыйынчылыкты көтөрө билген түштүктөгү элибиз деле митинг, куру кыйкырыктан тажап, Кыргызстанда саясый туруктуулук орношуна кызыгдар. Андыктан, азыр Ташиевге окшогондор элди пайдаланбаса, элди козутпаса. "Чапкан сайын көз чыга бербейт", андыктан эл азыр өз кызыкчылыгын көздөгөн, бийликке таарынган саясатчылардын кол жоолугу боло бербесин эсине алып койсо ашыктык кылбайт...

А.ЖАМАЛОВ, Бишкек шаары




отставкачылар


Жогорку Кеңештин 8-февралдагы пленардык жыйынында радиоактивдүү көмүр тууралуу маалымат угулуп, анда Ө.Бабанов менен К.Ташиев бири-бирин отставкага кетишин талап кылды.
К.Ташиев Ө.Бабановду уулуу көмүрдү өз кезегинде Кыргызстандын аймагынан алып чыкпагандыгы үчүн күнөөлөдү. "Ө.Бабанов ууланган көмүр 20-ноябрда алынып чыгарылат деп элди алдады. Бирок ведомство аралык комиссиянын катында 29-ноябрь деп жазылып жүрөт. Ошондуктан, сиздин айткаңыз калп. Сиз бул көмүр уулу экендигин мурда эле билгенсиз, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди К.Ташиев.
"Эгерде мен күнөөлүү болсом, премьер-министрдин кызматынан отставкага кетүүгө даярмын. Бирок эгерде Ташиевдин айткандары далилденбесе, ал мандатын тапшырып кетсин", - деди Ө.Бабанов.


Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев Энергетика министринин командасы такыр иштебей жатат деп билдирди.
"Учурунда "Камбар-Ата-2" ГЭСи туура эмес курулуп жатат - деп айткансыз. "Камбар-Ата-2" ГЭСи саясый буйрук менен жасалганбы", - деп сурады Н.Түлеев энергетика министри Аскарбек Шадиевден.
"Камбар-Ата-2" ГЭСи курулгандан мурун Датка-Кемин подстанциясы курулуш керек эле. Азыр биз күнүгө Казакстандын Чимкент, Жамбылдан электр энергияга чектөөлөрдү алып жатабыз. Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга 300 млн доллары каралган болчу, бирок 100 млн акча королгон. Көпчүлүгү мурдагы бийликтегилер тарабынан уурдалган", - деди ал.
Буга байланыштуу Н.Түлеев Энергетика министри А.Шадиев отставкага кетишин талап кылды. "Өзүңүз эле отставкага кетүү боюнча арыз жазып берсеңиз, элдин баары сүйүнүп калат эле", - деди депутат.