Саясатчылардын көшөгө артындагы жоруктарынан
Бакиевдин кайран гана 200 сому
Курманбек Бакиев Чүй облусунун губернатору болуп жүргөн маалда бир журналист ал тууралуу жакшы макала жазып койбойбу. Анан губернатор деле адам да, жакшы сөзгө жүрөгү жылып, тиги журналистти ыраазы кылып коюу үчүн кабинетине чакырбайбы. Журналист акча дегенде үзүлүп түшө бербеген, өтө нысаптуу, тартынчаак киши эле. Барат, Бакиев экөө бир далайга сүйлөшүп отурушат, үстөккө - босток айтылган рахматына баш ийкейт, анан кетүүгө убакыт келип жетет. Кетейин деп коштошуп, эшикти көздөй басса, Бакиев "коё тур",-дейт экен. Айта турганы калды окшойт деп, журналист бери басса, столунун тартмасын ачып - жаап кызарат имиш. Ар кайсы сөздү сүйлөмүш болушат да, кайра коштошушат. Журналист дагы эшикке бет алат. Анда губернатор кайра чакырат. Анан дагы тартманы ачып-жабуу, кызаруу. Үчүнчү жолкусунда журналисттин көзү ачылып - жабылган тартманын ичиндеги 200 сомдук банкнотко урунат. Көрсө, Курманбек Бакиев ошол акчаны жылуу макаласы үчүн журналистке ыраазычылык катары бергиси келген экен. Бирок, сыртынан чечкиндүүдөй эле көрүнгөн губернатор журналисттен бетер бирөөдөн пара алып көрбөгөн, бирөөгө пара берип көрбөгөн жүүнү боштун элесин бериптир. Ошол 200 сомду, "Ме, буга чай ичип кой", - деп айтуудан Бакиев тартыныптыр, көрүп, анын эмне кылгысы келгенин билип турса да журналист "Келе, чай ичип коёюн", - деп айтууга батынбай, бирине - бири окшош адамдар, биринин акчаны бере албай бети кызарып, биринин акчаны алалбай көзү кызарып, тартма тынымсыз ачылып - жабылып, коштошуунун кө-өп сөзү айтылып, кете беришиптир. А баягы 200 сом кимге буйруганы белгисиз...


Тапичкечен кабыл алууга барган Раев
Азыркы салт кандай экенин билбейбиз, бирок Султан Раев Маданият министри кезинде министрлердин шеринеси болуп турчу. Ай сайын бир министр калган министрлерди саунага чакырып, болгон чыгашасын өзү көтөрөт. Бир отурганда 50000дей акча агып кетчү экен. Капчыгы калың, креслосу жумшак министр акелер бири - биринин ак шейшепке оронгон келбетин көрүүгө ынтызар бекен, кыздар барат кылыктанган. Алар менен таң - тамаша жаратышып, Кыргызстанды "оңдойбуз" деп атып кетирген нерви менен энергияларын ошентип калыбына келтиришет да, байкуштар. Буларды да түшүнсө болот. Алар тигинтип жыргап чыккыча айдоочулары эшикте күтүп отурушат. Министрлердин арасынан эң эле жумшагы - Раев болсо, эң сөгүнчөөгү, жардамчысы менен айдоочусунун жанын сууруп алып, кайра салып койгону - Нурлан Сулайманов болгон экен. Кеп бул жөнүндө эмес, жумшак мүнөз министрдин кантип тапичкечен кабыл алууга келгени жөнүндө болсун. Бир ирет Раев үйүнөн үстүнө костюм - шымын кийип, галстугун тагынып, чыкыйыптыр да, бутуна батинкесин кийүүнү унутуп, үйгө сүйрөчү тапичкечен кайсы бир чоңдун кабыл алуусуна келип калыптыр. Бутунда тапичке жүргөнүн чоңдун бет алдына келип, отургучка жайгашып отуруп, бутун учкаштырганда гана байкаптыр. Андан ары эмне болгонун айтпай деле койсо болот.


Африкалык кызга эркектигин далилдегиси келген депутат
Тактап айтпай эле коёлу, бир чакырылыштын депутаттары Африка өлкөлөрүнө иш сапарына барып калышат. Бардыгы эле өз нугунда кетип бараткандай болгон, анан эле түнү, уктаарга келгенде, азыр саясат айдыңынан көрүнбөй калган, бирок аты элдин эсинен чыга элек бир депутат уктабай чыр салып кирет. "Мага негр кыз таап бергиле!" - дейт. "Ай, негр кызды эмне кыласың?" - дешет оозу ачылган кесиптештери үймөлөктөшүп. "Кыргыздын күчүн негр кызга таанытып, кыргыз деген улут кандай болоорун көрсөтүп кетишим керек!" - дейт анда тиги. Андай айтышат болбойт, мындай айтышат болбойт, кыргыздын атын чыгаруунун башка деле жолдору бар деген акылга көнбөйт. Анан арасынан жашы улуу бир депутат: "Негр кызга го чыдайсың, а бирок ага чейин ичилчү аракка чыдай алаар бекенсиң? Ал кызды кучактап жатуу үчүн кеминде он бөтөлкө арак ичүүгө туура келет", - деген экен. Башында тамашага чаргытып, кесиптештери каткырып атышса, аягында урушуп - талашканга чейин барышат. А бирок, акырында негр кыз кыргыз депутаттары жайгашкан мейманканага келгенби, же келген эмеспи, жада калса мистер X да ачык айтпай, күлкүсү менен кутулуп кетти. Бул эми ошондогу депутаттарга, анан Кудайга гана дайын. Депутаттар ушинтип кыргыздын атын саясаты, мыйзамы менен гана эмес, эркектик күчү менен да чыгаргысы келет тура, эй.


Дааратканадагы сөз: "Отура бергиле, ойлонбой..."
Өтө салабаттуу көрүнүп, токойдон эки аюу чыга калса да солк этпечүдөй кабелтең тартып, учурашкандарга ооз учунан жооп берип, журналисттерге кадыр - баркын көтөрүп, бир ооз сөзүн аяп артынан аёсуз чуркаткан бир саясатчы байке бар. Ошол киши кайсы бир жерден катуу чакырык алганбы, адашып аялдар дааратканасына кирип алыптыр. Андай убакта жакшы эле чуркайт экен. Чуркап кирип барса, эки кыз отуруптур. Ал даараткананын кабиналары каалгасы жок эле, ортосунан бөлүнүп коюлган экен. Эркек кишинин кирип келгенин көрүп, чочуган кыздар ордунан ыргып тура калышса, абдаарый түшкөн саясатчы байке: "Отура бергиле, отура бергиле..." - дей салыптыр. Кыязы, той - ашка, маараке, чогулушка барган сайын, кирип бараары менен андагылар тура калышса, кичипейилдигин көрсөтүп "отура бергиле, отура бергиле", - деп айтчу сөзү эсине жатталып калган окшойт. Сереңдеп тура калган кыздарды көрүп, той - ашка келгендей элестетип кеткен го...


Кыргыз депутаттары "голубойбу?"
Парламенттин Европага болгон иш сапарын мындай кызык окуя коштогон экен. Депутаттарга сапар төлөмү акчалай берилип калат. Өзүнүкүнө айланып калган акчаны үнөмдөгүсү келген депутаттар (каражат мамлекеттики болуп турганда, үнөмдөөрүн бир Кудай билет эле), барган жеринде мейманкананын бир кишиге ылайыкталган бөлмөсүн экиден болуп алып башташат. Европалык стандартта бир кишилик номерге эки киши баткыдай керебеттер коюлганынан пайдаланып, акчаны азыраак төлөгүсү келишет да. Баргандар шагыраган эркектер, анан да экөөсү бир номерге жатып атат. Чет элден келген депутаттарга бул нерсе өөн көрүндү, тамактанууга ашканага түшкөндө кыргыздарды баары чоочуркай карашат, жапайы айбанатты көргөнсүп жанына жакындабай алыстан айланып өтүшөт. Көрсө, бир номерге экиден эркек жаткан кыргыз депутаттарын алар "голубой" экен дешиптир, эл өкүлдөрү бири калбай "голубой" болсо, эли кантти экен дешип таң калышыптыр. Алар кайдан билсин, депутаттарыбыздын "потенциалы" нормада, а акчага болгон "потенциал" бир тарабына кыйшайып кеткенин...

Ташиевди кайсы кыз тоготпой койгон?
Жаш кыз Камчыбек Ташиевдин Жалалабат шаарындагы кафесине жумушка кирип калат. Ал кезде азыркы атактуу депутатыбыз саясатка анчалык аралаша элек кези. Бир көргөн адамдын сугун арттырган кызга Ташиев мырза эркектик мамилесин көрсөтпөй, карындашындай көрүп жүрөт. Анан эле күтпөгөн жерден кырдаал өзгөрүп, Камчыбек мырза депутат болуп, Бишкекке келе берет. Артынан эле тиги кыз да келет. Тагдырдын тамашасын кара, кыз эми Бакыт Төрөбаевдин тамактануучу жайына жумушка орношот. А Ташиев менен Төрөбаев жакшы мамиледе экен. Бир күнү адаттагысындай саясаттагы досунун кафесине тамактанганы барган депутат өзүнүн илгерки кадрын көрүп, мына ошондо гана эркектик сугун артып калыптыр. Кызга тийише сүйлөп, жигиттик мамилесин баштады дейт. Бир күнү кыздын курбусун чакырып, ага "подход" түзө коюп, сулууну мени менен жолугуштуруп бер дейт. Курбусу курбусунун кулагын кызартып атып, жумуштан кийин жолугушууга макулдатат. Бул убакта Ташиев дагы бир досу Курсан Асановду машинасын айдаттырып алып, кафенин маңдайында бийкечин күтүп туруп калат. Жумуш убактысы аяктар маалда кыз курбусуна айтат экен: "Сен барып тигилер менен отура тур, мен жумушумду бүткөрө коюп чыга калам". Курбусу саясаттын көрүнүктүү мырзалары отурган машинага отуруп, ал да тигилер менен кошулуп күтө баштайт. Кыз кафеден чыкса эле маңдайында машина турат, рулда отурган Курсан Асанов дароо көзүнө чалдыгат. Жалалабатта иштеп жүргөнүндө Асанов күн сайын кыз иштеген кафеге келчү, жакшы тааныйт. Анан дагы Ташиевди агасындай көрүп калганга ага - карындаштык мамиленин чегин бузуп өтүш кыйынчылык туудурат. Тигилерди тигилип карап алгандан кийин, ары жактан келаткан таксини токтотот да, алардын көз алдында кете берет. Аны көрүп Курсан Асанов рулду чапкылап боору эзилгиче күлдү дейт: "Н…. бизди алдап кетти", - деп. А Камчыбек мырза мурда - кийин бир да кыз кебетесине болбосо да, саясаттагы атагына, чөнтөгүнүн салмагына карап, каршы кебин айтпай келгенге көнө калганга эки ийни ылдый салбырай түшүптүр: "Мени тоготпой койду", - деп. Бул эми эркектердин эркекче жашоосу эмеспи. Ташиевдин өз кол алдында иштеп жүргөндө агалык камкордуктан ары өтпөгөн мамилеси кыздын башка жерде иштеп баштаганда өзгөрүшү "жакшы карышкыр өз короосуна тийбейт" деген макалдын чагылдырылышы экени калп эмес. Чын эле чыныгы мырза жигиттер кол алдында иштеген кыздарга эркектик эмес, агалык гана көз карашын таштайт.

Бетти даярдаган Үмүт Баян