Темир Бирназаров, режиссер:
"Өздөрүн автобустун
ичинен "таап" алгандар
катуу чычалашты"
"Бир кат жазуу -
бир коржик"
Мектепте окуп жүргөн кезде кат жазуунун чебери болчумун. Кат - сабат жакшыраак ачылып, тамгаларды адашпай жаза ала турган болгонумдан баштап эле кат жазып баштадым окшойт. Жогорку класста окуган балдар атайын мени издеп келишип, кат жаздырып кетишчү. Алгач жөн эле жазып берип жүрдүм, анан курсумду көтөрө баштадым: "бир катка - бир коржик", - деп салдым. Коржиктерин көтөрүп келишет, мен болсо жаза берем. Көбүнүн эле башындагы ысымдары гана өзгөрбөсө чубалган текст бири-бирине коендой окшош. Анан бир күнү ал оору мага да жукту. Кийин ошол мезгилдеги сүрөттөрдү карап отурсам, кара-тору, бетин чакалай баскан, чачтары ийри-муйру өрүлгөн эле кыз экен.
Эмнесин жакшы көрдүм дейм да (тамаша). Отуруп алып дептердин үч - төрт бетин толтуруп кат жаздым да, чуркап барып байкатпай чөнтөгүнө салган бойдон качып кеттим. Ал кыздын атасы мугалим болчу. Эртеси күнү сабактан кийин, "Бирназаров, калчы", - дейт. Тултуюп жерди карап отурам. Өзүм жазган катты колума карматты: "Үнүңдү чыгарып оку", - деп. Унчукпай турам, оку деди дагы. Анча - мынча ачыкка чыгарганга болбой турган жерлеринен айланып өтүп, айрым жерлерин шыбырап окуп, айтор, тердеп - кургап аягына чыгардым. "Өзүң жаздыңбы?" - деди. "Ооба", - дейм. Азыр кызыма эмнеге кат жазасың деп өкүртө урушат го деп тургам. Бирок " Сенден бирдеме чыгат, көп оку, "бок - сакты" жаза бербей", - деп койду.

Көп окуса баш "ооруйт"
Чоң атамдын колунда өстүм. Илгерки кутман карылардан эле. Сабакка кээде жалкоом кармап барбай коём. Мени урушкандын ордуна, мугалимге нааразы болчу: "Бир дем алышта алты күн катары менен окута беришип, баламдын башы да ооруй баштады", - деп. Мен да ансайын башымды кармап, "каардуу" мугалимдердин байкуш курмандыгы кебетеленип, мусапыр кейпине келе калчумун.

Банкты тоношкон "жүргүнчү -
саясатчылар"
"Белгисиз маршрут" тасмасы Кыргызстандын саясаты, элдин жашоосу, мамлекеттин алган багыты тууралуу. Анда ар бир каармандын прототиби бар. Ошол убакта бийликтин жүргүзгөн саясатын мамлекеттин акыбалын сындап айткандарды өлтүрүп, же түрмөгө кестирип жиберип атканда , башкача форма менен каймана мааниде элге түшүнүктүү кылып, көркөм тасма менен бергим келди. Сценарийде башында курчтук менен жазып салган көп эпизоддор бир аз убакыт өтүп, жазгандарымды салкын көз менен карап баштаганымда алынып салынды. Жанагы капчыкты уурдаган жерде "Ой, мен муну билем, бул банкты тоногон", - деп айтылат болчу. Бирок, бул сөз уурунун кимдигин өтө эле айкындап жиберерин байкап, алып таштагам. Ошол автобустагы каармандардын бийлигинин заманында жашап аткандан кийин, чындыкты элге да каймана түрдө жеткирип, бирок өзүңө да зыян ашырбаш керек болду.
"Ала-Тоо" кинотеатрында тасманын бет ачаарын жасаганда, бир топ депутаттар келген. Кийин өкүнүп калдым, аларды чакырбай деле койсок болмок экен деп. Анткени, тасма аяктап, эл ордунан туруп кол чаап жатышканда, депутаттар катарга тизилгендей тизилип залдан чыгып кетишкенде эле буларга жакпай калгандыгын түшүндүм. Ошол тасманын айынан мамлекеттен мага мына - мына берилет деп турган үч бөлмөлүү үйдөн куру калдым. Ар кайсы жактан телефон чалуулар болуп, кекетип - мокоткондор да табылды. Өзгөчө өзүнүн кейипкерин автобустун ичинен таап алгандар катуу чычалашты. Ал эми тасма "Ала -Тоо" кинотеатрында 15 күн коюлушу керек болчу, бир күндөн кийинкисин алып салышты. Бирок, пираттык дисктер аркылуу тасма элге тарап кетти.

"Бардыгын кайрадан баштайлычы?.."
Азыркы учурда "Бардыгын кайрадан баштайлычы" деген тасмабыз тартылып бүттү. Кинонун продюсери - Эмир Сарпашев. Чындыгында бул кинону тартууну ушул жигит сунуш кылды. Ага чейин жеңил кино тартуу оюмда жок болчу. Анан Жыпар Исабаеванын "Адашкандар" деген чыгармасын окуган элем, ошонун негизинде тартууну акылдашып, автор менен бирге сценарийин жазып, тарттык.
Киного абдан таланттуу артисттер тартылды. Мисалы, Марат Козукеев. Бул абдан таланттуу жигит. Кээде сьемка учурунда анын жаратып аткан образына өзүм да кызыгып кетип, токтотпой карап отура берген учурларым болду.
Албина Имашева сыяктуу ж.б. дасыккан актер, актрисаларды айтпаганда да ырчы кызыбыз Азиза, Чыңгыз Мырзаев сыяктуу жаштар жакшы ойношту. Ал эми "Кыргызстандын сулуусу" болгон Назира деген кызыбыз дагы биринчи жолу киного тартылып жатканына карабай, ролун мыкты ойноду. Албетте, кыйынчылыктар болду, бирок баарын жеңдик деп ойлойм.