Гүлнара Кадралиева:
"режиссердун сунушун кабыл албай койгонум үчүн..."
Өткөн санда актриса Гүлнара Кадралиеванын интервьюсу жарыяланган. Жаш актрисанын карьерасына чекит койгон режиссерго болгон кызыгуу окурмандардын көпчүлүгүндө жаралыптыр, редакцияга суроо узаткан окурмандардын телефон шыңгыры көбөйдү. Гүлнара Кадралиева элдин эсинде Зулайкага айланып калыптыр, "Кожожаштагы" Зулайка азыр кайда?", "Ал барбы? " (Бул кандай маанидеги суроо экенин биз да түшүнбөдүк), "Ким ага бут тосуптур?", "Ушунча жыл эмне менен алек болду, киного тартылбаса?" ж.б. у.с суроолор. "Ушундай нерсени табышмактатпай ачык жазсаңар болбойбу, кийинкилерге сабак болсун", - деп догурунгандар да болду. Карап көрсөк, биз адамдар, бир көкөлөгөн адамга чаң жугузбай көкөлөтүп жиберебиз, бир тебелегенди баарылап тебелеп киребиз. Таланттуу адамдын талантына сөз тийгизбейбиз, бирок адам бир гана таланты менен күзгү болуп калса эмне. Андан башка да адамдык жүзү деген болот. Өткөндүн ар бир катачылыгы калкып чыгып турбаса, кийинкилер сабакты кайдан алат? Жакшы эле бул тууралуу кеп кылбаганга, маркум болуп кеткен адамдардын ысымын атабаганга аракет кылдык, бирок окурмандардын суроосу дал ушул нерсени көздөп туруп алды.


- Гүлнара эже, окурмандардын суранычы боюнча сизге айтуу жеңил болбогон теманы баштоого аргасыз болуп калдык. Бир кездеги сиздин тагдырыңызга кабылуу алдында турган актрисалар бардыр, бир кездеги атактуу режиссердун кылган кылыгын кайталоого камынып турган режиссерлор да кездешеттир, аларга сабак болсун. Бардыгын ачык жарыяласак кандай болот?

- Андан бери 20 жылдан ашык убакыт өттү. Ошол учурда, кино дүйнөсүнө болгон сүйүүм күчөп турган маалда, мага кинонун эшигинин жабылып калышы анык трагедия болгон эле. А азыр убакыт дарылап койдубу, анчалык деле ызаны жарата бербейт.

- Төлөмүш Океевге дагы бир сыймык алып келген "Ак илбирстин тукумуна" кандайча тартылып калгансыз?

- Зулайканын ролуна Гүлсара Ажыбекова тандалып алынган экен. Кийин бир себептер менен кайрадан кастинг жарыялап башташканда мен туш болуп калдым. Биринчи билген эмесмин, кимге ылайыкталган роль мага туш болуп калганын. Билгенден кийин Гүлсара эженин алдында өзүмдү ыңгайсыз сездим. Анан эле бир жерден эже менен кездешип калдым. "Эже, мени кечирип коюңуз, сизге ылайыкталган ролго мен бекилип калдым. Алдыңыздан өтүп кеткендей болдум окшойт", - десем, эже анчалык нааразычылыгын билдире берген жок. Мен ойлогом, мени жаман көрөт болушу керек деп. А ал бир ооз гана: "Эч нерсе эмес. Мен сага капа болгонум жок, сага да жаштар бутуңду тебелей турган убакыт келет", - деп жай үнү менен айтып койду. Анда бул сөздүн маанисин тереңдеп түшүнө бербеген экенмин, азыр эже эмнени айткысы келгенин билип отурам.

- Төлөмүш Океев менен мурда тааныш белеңиз, же ошол тасма аркылуу бет келиштиңиздерби?

- Башта таланттуу режиссер катары таанычумун. Ал кишини кимдер гана тааныбайт. "Кызыл алма", "Бакайдын жайыты", "Отко таазим", кандай гана жогорку чеберчиликте тартылган тасмалар, ошондой тасмалардын өзөгүн түзгөн киши менен иштешүү алгач мен үчүн чоң сыймык болгон. Мен анда жашмын, ВГИКти аяктап келгениме аз гана убакыт болгон, бардык нерсе талантыңа, өзүңө көз каранды деген көз караш менен жашап жүргөм. Кино дүйнөсүндө камеранын көрүнбөгөн тарабында түшүнүксүз мыйзам менен тапталган жашоо бар экендиги капарыма да келген эмес.

- "Кожожаш" эпосунда Зулайка Кожожаштан кийинки эле каарман эмеспи. А бирок тасмада Зулайкага караганда Айкенин образы кенен берилип калган...?

- Сценарийде деле Зулайканын образы чоң болчу. А бирок көп эпизоддор алынып салынып, жыйынтыгында жөнөкөй каарманга айланып калды.

- Эмнеге алынып салынды?

- Кыргызча жакшы сүйлөй албаганым минус болду. Мен төрөлгөндөн бой жетип, турмуштун ак - карасын таанып калганга чейинки учур СССРдин заманы болуп турду. Ал кезди билесиңер, борбор шаарда жападан жалгыз №5 мектепте гана окуу кыргыз тилинде жүрчү. Орус бала бакча, орус мектеп, анан Москвадагы жогорку окуу жайы… Туугандарымдын баары шаардыктар, кайдан кыргызча үйрөнөт элем? Кыргыз тилин жакшы билбей чоңоюп калганыма мен эмес, ошол кездин саясаты күнөөлүү болуп жүрбөсүн?.. Эпизоддордун алынып салынышына бул сыртка чыгарылып, бетке кармалган бир себеп болду, андан башка да көшөгө артында жашырылган себеп бар болчу.

- "Роль алгың келсе режиссердун төшөгүнөн өт", деген сыяктуу себеп эмеспи?

- Балким ошондой…

- Кино дүйнөсүн сүйгөн болсоңуз, сүйүүңүз үчүн курмандыкка бара алган жоксузбу?

- Тарбиям андай эмес болчу. Андай нерсени акылыма сыйдыра алган жокмун. Бизди "Билбеген нерсеңе мурдуңду салба, билген нерсеңди аткар, жеңил жолду издебе, эмгегиң, талантың менен ийгиликке жетиш", - деп тарбиялашкан. Өзүм жаш болсом, тарбиям тигиндей болсо, мындай кылыгым келечек карьерамды омкоруп кетерин, өзүмө өзүм кандай оор жол камдап атканымды деле элес алган жокмун да. Мен табияттан көкүрөгүмө сиңген мүнөз менен кеттим.

- Ал адам сизден канча жаш улуу?

- Так айырманы айтпай эле коёюн, анын баласы мени менен тең болчу. Ушундан улам эле курагыбыздагы айырма канча экени белгилүү болор. Кино тартылып аткан маалда баласы барган, курдаш болгондуктан, көз карашыбыз да окшош эле, сүйлөшүп калчубуз.

- Сунушун кабыл албай койгонуңуздан кийин сизге карата "чабуулун" сьемка бүтө электе эле баштагандыр?

- Бир ирет Зулайканын сууга секирем деп турган жерин аткарууда бир сааттай суунун ичинде тургузуп койгон. Жинин, кегин ошентип алгысы келгенби, билбейм. Муздак сууда бир саат турганга ички органдарыма катуу суук тийип, кийин көпкө дарыланып жүрдүм.

- Сизди кинодон четтетип салганын кийин кантип билдиңиз?

- Ар кандай сөз болот. Адамдар бар жерде бир нерсени жашыруу мүмкүн болбосо керек. Андан мурун деле угуп жүргөм, уккандарымды толук тастыктап берген ыраматылык Тынччылык Разаков болду. Ошол кезде "Нокдаун" тасмасын тартууга камынып жүргөн. Оштон самолёт менен чогуу учуп калдык. "Мен сага башкы каарманды берейин дегем, бирок киностудиянын жетекчилигинен Кадралиеваны тарткан кадрлар өтпөйт деген көрсөтмөнү баарыбыз алганбыз", - деди. Жашырганда эмне, жаман болдум. Тынччылык айтты: "Бир аз чыда, Гүлнара. Бул адам өмүр бою эле кыргыз киносунун тагдырын чечүүчү болуп тура берет дейсиңби. Пенсияга кетет, жетекчилик алмашат. Мына ошондо жалаң гана сени тартабыз", - деп. Бирок, тилегине жетпей, ошондогу сүйлөшүүдөн 2 - 3 жыл өтпөй каза болуп калды. А "Нокдаунга" казак актрисасын тартты. Ошондон кийин тасмаларга тартылбай, эл мендей актриса бардыгын деле унутуп койду. Мындан бир - эки жыл мурун, жумуштарым менен бир жерге барып калсам, анда иштеген кыз мени карап бүшүркөйт: "Мен сизди бир жерден көргөнсүп аткам", - деп. "Кинодон көргөндүрсүң, Зулайканы аткаргам (ушул жерден бир нерсени кошо кетели, 20 жыл илгерки Зулайка бүгүнкү күндө да дал ошол келбети, көрүнүшүндө. Убакыт кебете - кейипке өзгөртүү киргизе турган мыйзамын бул актрисага колдонууну унутуп калса керек, - ред.)", - десем, кыз чочуп кетти: "Сиз дагы деле тирүүсүзбү?! Мен Зулайканы аткарган актриса өлүп калган болушу керек деп ойлочумун", - дейт. Мына, ушундай кызык нерселер да болуп турат.

- Өзүңүз кинолорго тартылууга аракеттенип көрдүңүз беле?

- Кастингге көп катыштым, биринен да чакыруу болгон жок. Анткени, ошондой кырдаал жаралган. Менин карьерама крест коюлган болчу. Ийгилик алып келбеген кастингдерден тартылып алынган сүрөттөр менде көп.

- Айтканына макул болсом болмок экен деп өкүнгөн учуруңуз болгонбу?

- Сунушун кабыл алып, Зулайканын көрүнүктүү образын жаратып, андан ары кинодон киного тартылып, атак - даңкка жетишкеним менен абийир сотун кайда катат элем? Баары бир артымда "бул ушундай жол менен ийгиликке жетишти" - деген сөз калмак. "Шибегени капка ката албагандай" эле, мындай нерсени кантип жашыра аласың. Кинодон карьера жасай албадым, алган билимимди толук кандуу колдоно албадым, мейли, бирок мен абийиримдин алдында уятка калган жокмун. Өткөнүмдү кенен карай алам, анткени анда адамдардан уялта турган эч нерсе жок. Билген адамга өзүңдүн денеңди атак - даңкка алмаштырып, ким бирөөнүн көмөгү менен ийгиликке жетүү эмес, балдарыңдын көзүн тайсалдабай карай ала турган болуп, таза жол менен кара жумушта иштеп, жашап өткөн жашоо бакыт. Азыр деле кеч эмес, мындан ары тасмаларга тартылсам деле болгон көрөңгөмдү ачып алууга убакыт жетет.

Маектешкен
Г. Турусбекова