Бегалы
НАРГОЗУЕВ, коомдук
ишмер:
"кыскартабыз" деген кыйкырыктын баары кыпкызыл популизм!"
- Бегалы агай, сиздер депутат болгон учурда дагы азыркыдай аппаратты кыскартуу маселеси көтөрүлгөн эле. Айрым кесиптештериңиз "азыркы депутаттардай болуп, төраганын фондунан акча алмак түгүл квартал сайын берилип турчу акчалай сыйлыктан баш тартып, биз эмес, аппаратта иштегендер алсын дечүбүз. Үнөмдөлгөн акчага депутаттык үй салынды" дешкендери бар. Ошол чынбы?
- Депутаттык үй бюджеттен бөлүнгөн акчага эле салынган. Бирок, анын сметалык баасынан акча үнөмдөп калдык деп мактанып жатышканын уккам. Баарынан кызыгы, ал үйдүн курулуп башталганына он жылдай болуп, жыл сайын акча бөлүнүп, такыр бүтпөс болуп калган экен. Биздин IV чакырылыш келгенде курулбай токтоп калган курулушту бир жылга жетпей эле бүтүрүштү. Бирок, ал үйдө жашаган биздин кесиптештер азыркылардай болуп ал квартираларды жат бирөөлөргө ижарага берип, акча табышкан эмес. Төраганын фондунан азыркыдай элдин баарына сын таккан, "революционер", уяттуу эле депутаттардын акча алганын да уккан эмесмин. Аппараттын кызматкерлерине квартал сайын берилүүчү сыйлыкты кыскарта баштаганда аларды коргоп чыкканыбыз ырас. Бирок, алар биздин учурда бир-эки эле жолу сыйлык алып, калганын бюджетте каралса да бербей коюшкан. "Депутаттардын командировкаларына жана башка чыгымдарына бюджеттен бөлүнгөн акчадан 10 миллион сомду үнөмдөп, кайра бюджетке бердим", - деп ошол кездеги спикер Айтибай Тагаевдин мактанганын да уккам. Анткени, ошол кездеги президент К.Бакиев "мен президенттик администрациянын бюджетинен мынча миллион сомду үнөмдөдүм, өкмөт менен парламент да үнөмдөшү керек" деп ураан чакырып туруп алган. Бүгүн болсо президент Алмаз Атамбаев "мен президенттик аппараттын бюджетинен мынча миллион сом үнөмдөйм, өкмөт менен парламент да үнөмдөшү керек", - деп демитип турат. Анан баягы кыргыздын жыйырма жылдан бери келаткан "аппаратты кыскартуу" оюну башталды. Эгер аппаратты кыскартуу менен эле кыргыз мамлекетинин иши оңолуп кетсе, алигиче биз "кой үстүнө торгой жумурткалаган" заманда жашап калмакпыз. Жыйырма жылдан бери канчалаган кыскартуу болуп келатат? Бул деген эбак эле тамтыгы чыккан кампанейшина. Биздин чакырылышта ар бир депутатка мурунку чакырылыштардан калган 1 жардамчы, 1 референт, 1 юрист-консультант деп үчтөн киши беришти. Жардамчыбыз иш кагаздарын алып барса, референт менен юрист-консультант депутатка жаңы мыйзам жазууга жардам беришчү. Мыйзам жазуунун техникасы өтө татаал жумуш. Ал жерде депутаттын ойлорун юридикалык тилге буруп, Конституциялык нормаларга ылайыктап, мыйзам жазуунун техикасына салып берүү керек. Анан парламентке түшүп жаткан мыйзамдардын баарын тыкыр изилдеп, казып чыгыш керек. Буга мен кыйынмын деген бир да депутаттын кудурети жетпейт. Иштин сапаты солгундайт. Ошентсе да "президент аппаратын кыскартып атат, биз да кыскартпасак эл эмне дейт?" дешкенинен бирден референтти кыскарттык. Азыр да ошол болуп жатат. Бул деген "кыскартыш үчүн кыскартыш" деген кыргыздын оюну болуп калды. Чыныгы популизм. Андан көрү депутаттардын санын 120 кылбай, мурункудай 35-40 эле кылып коюшпайт беле? Бир нече миллион сомду үнөмдөгөн компанейшинадан көрө миллиарддаган сомдордун башын жеп жаткан өздөрүнүн коррупциялык схемаларын токтотуп, ошол каражаттарды эле элдин казынасына бурушпайт беле? Мунун баары оюн.
-Азыркы парламент кетирип жаткан демилгесинин аягына чыгабы? "Ата-Мекенчилердин" жана башка депутаттардын машинеден, үйдөн баш тартканга кудуреттери жетеби? Же популисттик кадам болуп көп сөздүн бири болуп калабы?
-Бул бүгүнкү бийликтин кызыл кулакчылыгы эле болуп калды. Эсиңерде болсо былтыр да биринчи коалиция жаңы эле түзүлгөндө ушинтип "машинеден, квартирадан баш тартабыз" деп кыйкырып чыгышкан. Кана, кимиси баш тартты? Бир жылдан ашык убак өттү, бирөөсү да андай кадамга кудурети жетпеди. Кийин уксам ошол кыйкырган популисттер эң биринчи болуп, машина, квартира талашып, жакалашканга чейин барышыптыр. Эл көзүнчө апакай болуп кыйкырып алышат да көшөгөнүн артында кызыл-чеке болушуп машина талашышат. Азыр деле ошондой демилге көтөрөрдөн мурун, ошол популисттер биринчи үлгү көрсөтүп, өздөрү ачык түрдө машинанын, квартиранын ачкычтарын сессияда спикерге тапшырып бербейби? Эл уккан кулагына эмес, көргөн көзүнө ишенет. Анткенге бул популисттердин эрки жетпей келатпайбы. Ошондуктан булардын бүгүнкү кыйкырып жаткандары "кыздын сыры төркүнүнө маалым" дегендей баягы эле популисттик кадамдар.
-Макул, референттерди, бири-бирин кайталаган кызматтарды кыскарталы. Бирок милицияларды кыскартсак кылмыштуулук мындан да күчөп кетпейби?
- Эң эле укуксуз, бирок иштин баарын жасаган ошол референттер сыяктуу аппараттын кызматкерлери кыскартылат да кайра иш аксай баштаганда акырындап кошумча штаттарды ача башташат. Бул кийинки компанейшинага чейинки көз боёмолоо. Эмесе ушул аппаратты 2008-2009-жылдары биз эки жолу кыскартып салган элек. Кийин булар 2010-жылы бийликке келгенде кайра баарын көбөйтүп алышты. Эми өздөрү чойгон аппаратты өздөрү кыскартабыз деп төштөрүн койгулап жатышат. Ал эми милицияны кыскартабыз дешсе, анда жыргаган экенбиз. Бир ууч чоңдор өздөрүн сакчылар менен ороп алып "биз коопсуздукту камсыз кылдык" деп көкүрөгүн каккылап жүрүшпөйбү. Азыркы режимдин лөктөрүн булар жамандап жүргөн, мурунку эки режимдин тең лөктөрүнөн эки эсе көп сакчылар кайтарып калышканын элдин баары көрүп, кеп кылып жүрүшпөйбү. Анткени, булар өз элинен чочулашат, коркушат. Мурунку режимдерде шаардын мэрин атайын бир джипте толтура куралчандар кайтарып жүргөнүн көрдүңөр беле? 2010-жылдагы көңтөрүштө жардам беришкен УКТнын(уюшкан кылмыштуу топтордун) кээ бир өкүлдөрүн жылуу-жумшак сыртка чыгарып жиберип, анын ордуна жаңы УКТ түзүп алышканын эл көрүп-билип эле турбайбы. Анан биз УКТ менен күрөшүп жатабыз деп жар салып жатышат. Булар өздөрүнүн эле коопсуздугун камсыз кылып алышканына эле жыргап жүрө бербей, элдин коопсуздугун камсыз кылып алып, анан милицияны кыскартабыз дешсин. Антпесе азыр көчөнүн баары бандит болуп кетпедиби. Албетте, кылмыштуулук өсөт да.
-Өзү кыскартуу адилеттүү, калыс жүрөрүнө ишенесизби? Коомчулукта кесипкөй, иш билги инсандар кыскартууга дуушар болуп жатат деген кооптуу пикир да жаралып жатат?
-Анткени андай иш билги адамдар таза болот да, өзүнүн кесипкөйлүгүнө ишенип, ортого адам салганды билбейт. Кыскартууну деле ушул иштерди жасап жаткан бийлик өкүлдөрү жүргүзөт да анан кайдагы адилеттүүлүк жөнүндө сөз болсун.
-Мурдагы бийликте деле "кыскартуу болот. Бюджетти үнөмдөйбүз деген пландар түзүлүп, жыйынтыгында бирин жойсо, кызматы жок калгандарды сооротуу үчүн экинчисин түздү" деген дооматтар айтылчу. Бул сапар да бийлик ошол эле ыкманы колдонуп койбойбу?
- Биздин IV чакырылышта, мурунку III чакырылыштан мураска калган 20 комитеттин ордуна 12 комитет түзөбүз, деп бир чечилди, ошол бойдон калды. Ал эми бизден кийин келген булар 12 комитетти 16 га чейин чоюшту. Эми бир жылдан кийин кыскартабыз, 10 эле комитет калтырабыз деп жар салышты. Анан жаңы кыскартууда кызматы жок калган депутаттарды сооротобуз деп жатып, дагы үч комитет кошуп комитеттердин санын 13 кө жеткиришти. Баарынан кызыгы, бүгүн кыскартууну туу кылып кыйкырып жатышкан "Ата-Мекен" фракциясы "Турат Мадылбековду кызматсыз калтырбайлы" деп соодалашып жатып, ага 13- комитетти ачып, аны комитетке төрага кылып жаны тынышты. Мына булардын чыныгы жүзү. Ошондуктан "кыскартабыз" деген кыйкырыктын баары кыпкызыл популизм!
-Сиздин пикириңизде кайсы министрлик, агенттик ашык?
- Көп, мисалы экономика министрлиги биздин Кыргызстандын бүгүнкү шартында кандай зарылдыгы бар? Ал министрликтен реалдуу эмне күтүүгө болот? Көп сөздөн башка ал жерде реалдуу жумуш жок. Айткандары аткарылбайт. Алардын азыноолак функцияларын биздикиндей кичине мамлекетте башка министрликке кошуп, мисалы бир кездегидей Экономика жана каржы министрлиги деп, Сариевди ошол жерге министр кылып койсо деле болмок.
- Бюджетте иштегендерди кыскартып, 800 миллиондон ашуун каражатты үнөмдөп калабыз, дегенибиз менен социалдык чыңалууну жаратып албайбызбы?
-Эми 3000 дей кишини кыскартып, жумушу жок калтырып, Россияга, Казакстанга гастарбайтер кылып жөнөтөлү деп жатышса керек. Ал жактан биздин эмгек мигранттары жылына Кыргызстандын бир жылдык бюджетине тете - бир жарым миллиард доллар акча жөнөтүп жатышпайбы? Анан алардын ата-энесине, бала-чакасына салып жаткан акчаларына салык киргизишип, почтадан кармап турабыз, деп кыялданып жатышса керек. Мунун баары албетте социалдык чыңалууну жаратат. "Эл башылары элден бирди көрөрдө ушинтип өз элине кас болот" деген ушулар болду.
- Өкмөт да, парламент да кандай кадамга барса, эч ким жабыркабайт?
- Популизмди токтотуп, өлкөнү мите курттай жеп жаткан коррупциялык схемаларды өздөрү басып алып жеп жата беришпей, ошол миллиарддаган сомдорду өлкөнүн казынасына бурушу керек. Мурун коррупция деп кыйкырып жүргөндөр бүгүн бийликке жетери менен ошол коррупциялык схемаларды басып алышып, оозуна талкан салып алгандай унчукпай олтуруп калышпадыбы?
- Азыркы бийликтен, парламенттен мамлекетти алдыга сүрөп кете ала турган идеяларды байкадыңызбы?
- Каяктагы идея, каяктагы идеология? Мурун айтып жүргөндөрү бүт сөз жүзүндө гана калды, иш жүзүндө эч нерсе жок. Бизде, Кыргызстанда деги эле элди ээрчиткен идеология жок. Анан кантип улутту, мамлекетти сактап калабыз? 2010-жылдагы парламенттик жана 2011-жылдагы президенттик шайлоодо эмне, социалисттик, социал-демократиялык, либералдык идеялардын күрөшү болдубу? Жок, кыргызбайчылыктын: жердешчилик, трайбалисттик, регионалисттик иделогиялардын күрөшү болбодубу? Ал күрөштөрдүн башында ушул бүгүнкү эл башылары турбадыбы? Анан кантип ушулар улуттук мамлекетти алдыга сүрөп кете алат? Мына, төрт фракция өкмөттөгү министрликтерди бөлүп алышты. Биринчи коалициядан айрымаланып булар эми министрдин орун басарларын, бүтүндөй тармактын бүт звенодогу жетекчилерин өзүбүз дайындайбыз деп жатышат. Анткени ар бир тармактын артында турган коррупциялык схемаларга да көзөмөлдүк кылабыз деп жанталашышууда. Бийлик ресурстары менен кошо каржылык ресурстарына да ички күрөш жүрүп жатат. Мына, "Ата-Мекен" фракциясына Транспорт министрлиги тийди эле, министрди да коюшканы аз келгенсип, орун басарын да сырттан алпарышты. Министр деген саясый кызмат, ал эми орун басары кесипкөй болушу керек да. Баарын алмаштырганы жатышыптыр. Тармак эмне болот? Баарынан кызыгы, өздөрүнүн мурунку идеологиялык каршылашы, мурунку Транспорт министри Нурлан Сулаймановдун кадрларын, досторун кызматка алып келе башташты. Анткени, жаңы министр менен эски министр дос экен. Эски министр бүт схемаларды жандандырып берет деп "Ата-Мекен" жарандык авиация агенттигинин директор орун басарлыгына Нурлан Сулаймановдун көздөй досун кызматка коюшту. Кана, "Ата-Мекендин" принципиалдуулугу? Булар бир кезде сөз жүзүндө антиподдор эмес беле? Анан каяктагы идеологиялар күрөшү болсун?
-Эмне үчүн чиновниктер "Ак Жолду" сындашат да, алар баштаган ишти улантышат?
-Анткени, алардын деңгээли "Ак Жолдон" ашыкча эмес да. Мына, мага келген журналисттер дайыма минтип келишет "биз булардын деңгээлин көргөндөн кийин "Ак Жолду" бекер эле сындап жүргөн экенбиз деп калдык." Мен айтам, "бардык нерсе салыштыруудан кийин байкалат" деп. Мына, медиа айдыңында да мурун гезиттердин баары, анын ичинде силер да буларды колдочусуңар, азыр ким калды? Бир гана бийликтин акырынан жем жеген "Фабула" гезити гана бийликке кошоматтанып колдобосо, башка эч бир гезит колдобой калды. Гезиттер - бул коомдун барометри. Бийлик саясатта болобу, экономикада болобу баягы эле "Ак Жолдун" жолуна түштү. Муну миң чычалап, миң танышпасын эл көрүп, байкап, кеп кылып жатышат. Бул факт. Муну бир ууч гана бийликтин арзыматтары көрбөй турушпаса, калганы бүт көрүп турат.

Суроо узаткан
Перизат Рысманбетова