"Мистер Х" баяндайт
Саясаттын акесин тааныткан Кыргызстанда саясий темалар ар качан актуалдуу. Баарынан да алар кызыктуу жана күлкүлүү болсо, куудулдардын тамашасы биякта калат. Андыктан саясый тамашалардан окурмандарыбызга тартуулап туруу үчүн саясатчылардын арасында жүрүп, алардын кызыктуу окуяларына күбө болгон "Мистер Х" тин айткандарынан газетабыз сандан-санга жарыялап турмакчы.
Келгиле саясый тарыхыбызды тамашалар аркылуу да таанып көрөлү.


Көксөп тапкан магнитофон
Депутаттар Америкага барганда Дооронбек Садырбаев көп функциялары бар килейген магнитофон сатып алды. "Үйгө барып кинолорумду ушул магнитофондон жаздырып, сактап койбосомбу", деп кудуңдап атат. Чыныгы назик дүйнөлүү чыгармачыл адам, кинолорун кайрадан жаздырып сактап бере ала турган нерсени тапканына, жылдыз алаканына келип орноп калгандай эле кабыл алып, аны сынып калбасын деп коркуп жүк кармоочу жайга да бербей койду. Бир жума кайда барса ошол жакка көтөрүп алат. Салмагы да бир топ. Ошентсе да таштап кой, дегендерге көшөрүп болбойт. Америкага жол Москва аркылуу болгондуктан, кайтып келатышса "Шереметьев" аэропортунда так ошондой магнитофон сатылып атыптыр. Баасын карашса Америкадагы эле баага тең, айырмасы жок. Доке аны көрүп санын бир муштады дейт: "Москвада бар деп айтып койсоңор, мен Америкадан албайт элем, алсам да бир жума көтөрүп азапка калбайт элем", - деп.


Ташиевди тепкиңер келсе футболго келгиле
Камчыбек Ташиев министрлик кызматта жүргөн кезинде футболдун катуу фанаты болчу экен (азыр ал хоббиси калдыбы, же дале барбы билбейбиз). Ушунчалык ойночу эле, башкалар чарчап отуруп калышса да ал чарчачу эмес, топту тээп, кубалап жүрө берчү. Анан оюн маалында бирөө аны бутка тебеби, артка чаап кетеби таптакыр сезчү эмес. Үн - сөзү жок топту гана тиктеп, ал кайда кетсе ошол жакта Ташиев да болчу. Анан бир күнү футболду сүйгөн министр кол алдында иштеген бир жигитке катуу сөгүш бериптир. Ал жигит ызаланып калган окшойт, ким бирөөдөн уккан кеңешине таянып атайын Ташиев футбол ойногон жайга келиптир. Кошулуп чогуу ойноптур, анан жетекчисин аябастан топту талашымыш болуп бутка тээп - тээп алыптыр, ары-бери өтүмүш болуп жонго да чаап алыптыр. Аны Камчыке сезбептир, жетекчилерден куралган "футболисттердин" командасына кол алдында иштеген жигиттин кандайча кошулуп калганына таңданмак тургай, байкаган да жок дешет.


Кыргызстандын үч адамдан турган "делегациясы"
Бир ирет Акаев бийлик бутагынын чокусунда турган кезде Малайзиядан чакыруу болуп, бирок президент кайсы бир себептер менен баралбай калып, анын ордуна ал кездеги спикер Усуп Муканбаев бармай болот. Спикер Жогорку Кеңештин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бакетаевге делегация даярда деп тапшырма берди. Ал узун тизме түздү: оператор, журналист, котормочу, сакчы ж.б. Баары биригип он бештей адам. Аны көрүп Муканбаев чалкасынан кетти, "эл кыйналып атса, бюджет очорулуп туралбай атса, а биздин ушунча адамга каражат кетирип, саякаттап сайрандаганыбыз туура болмок беле", - деп. Тизмени колуна алды да, чийип атат, чийип атат. Аягында үч адам калды: спикер өзү, каржы министри, анан Бакыт Бакетаев. Үчөө ээрчишип алып, Кыргызстандын делегациясы болуп, кадимки рейстик самолет менен жөнөп калышты. Ал жерге барышса ар кайсы мамлекеттен биринен президенти, айрымынан спикери келишиптир, болгондо да өздөрүнүн жеке учагы, толгон - токой кайтаруучу, журналист, операторлору менен. А булардын колунда экиден чемодан. Биринин моюнунда салпылдап асылган камера да бар. Кызыл килем төшөлүптүр, эки четинде ардактуу кароолчулар турат. Кыргызстандын үч адамдан турган делегациясы кетип баратты. Бирөө кол берсе тигилер чемоданын жерге коё коюшуп учурашышат да, кайра көтөрүп жол улашат. Ошентип атып жетчү жерине жетишип, жайгашып калышат. Бир убакта чакыруу келет, бардык мамлекеттердин протоколдук башчыларын чакырып жыйын өткөрөбүз деген. Кыргызстандан Бакетаев барат да, катышып кайра келет. Көп өтпөй кайтаруучулардын башчыларын чакырып келишет. Дагы Бакетаев барат. Анан котормочуларды чакырышат. Дагы Бакетаев жөнөп калат. Бир кезде журналисттерди атап калышат. Бакетаев кирип барса, анда тизмелеп отургандар дуу күлүшөт: "Аты - жөнүңдү айтпай деле койсоң болот. Кыргызстандан Бакетаев келди", деп. Күлкү болгону менен Кыргызстандын канча каражаты үнөмдөлгөн. Акырында чыдабай кетишкенби, тартиптүүлүгүн ары көздөй таштай салышып, малайзиялыктар сыр катары сурашыптыр кыргыз делегациясынын өкүлдөрүнөн: "Силер кандай мамлекетсиңер? Төрт - беш адамдын милдетин бир адам аткарчудай элиңер ушунчалык азбы, же вундеркинддердин өлкөсүбү?"


Садырбаев Келдибековду сабаганда…
Доке парламенттин бир отурумунда трибунага чыгып сөз сүйлөп, анан берки жактагы залга чыгыптыр эс алганы. Кызыл чайдан ичип, чоң экрандан кесиптештеринин кантип кызыл чеке болуп кыжылдашканын карап коюп отурган эле. Бир убакта Акматбек Келдибеков сөз алып, Садырбаевдин эмелеки кебине каяша айтып кириптир. Доке укту, бирок унчукпады. Анан Келдибеков да чай ичилчү залга чыкты. Дооронбек Садырбаев: "ай, ука, сен эмне дедиң, кайталап койчу?!" -деп кыйкырса, анын көрүнүшүнөн ачуусу келип турганын баамдай салдыбы "Ал менин пикирим", - деди да артка кетенчиктеп алды. Доке таягын көтөрүп: "Пикириңди көрсөтөм сага! Токто! Токто дейм!" - деп кубалап калды. Келдибеков "койдум, койдум", деп колун көтөргөн бойдон коридорду жаңырта тарпылдап чуркап качып калды, дейт. Акматбек Келдибеков чоң муштум, орой депутат катары таанымал болгону менен көкүрөгүндө кыргызга тиешелүү улууга урмат сапатын сактап калганын так ушул "койдум, койдум", деп Докенин таягынан коркумуш болуп качып бергенинен эле билүүгө болот экен.


Урматтуу оператор, Шайлиеваны тартып койсоңуз…
Отурум болуп атат парламентте. Токон Шайлиева сөз алып, трибунага чыкты. "Урматтуу президент! Урматтуу депутаттар!" - деп сөзүн баштап баратып караса, оператор өзүн эмес, башкаларды тартып атыптыр. Күтөт, күтөт, жок, оператордун Шайлиеваны тартайын деген ою да жок. Камерасын трибунаны көздөй бурбайт. А депутаттар депутат айымдын сөзүнүн уландысын күтүп атышат. Унчукпай күткөндөн операторду өзүнө карата албашын билип "Урматтуу оператор!" дейт Шайлиева. Оператор бери карайт. Көзү камеранын күзгүсүндө турса, көзү менен кошо камерасы да трибунага тигилди да. Көөнү жайлана түшкөн айым "менин айтайын дегеним", деп сөзүн андан ары улантып кетиптир.


Ачылованын мурду жана Делинин жыты
Депутаттар Индияда жүрүшөт. Ал жакта чоң меймандарды Индиянын өзүндө чыкчу кичинекей машиналар менен тосот экен. Бул укмуш да, чоң меймандар анан кичинекей машиналар. Алардын машиналарында кондиционер жок, анткени айнеги да жок. Депутаттарды экиден ар кайсы машинага бөлүп кетишет, Рахат Ачылова бир депутат мырза менен чогуу түшөт. Делинин айрым көчөлөрүнүн жыты ушунчалык сасык экен, чыдоого мүмкүн эмес. Ачылова бет аарчусуна атырынан сээп, аны менен мурдун бекитип жүрүп отурат. А жанындагы депутат мырза шаардын жытына көңүлү айнып атса да билмексен боло чыдап, мурдун бекитмек тургай бешенесин тырыштырып да койбойт. Рахат Ачылова "сага да жыттанып атабы?" дейт, тигинин жайма - жай отурганына таңданып. "Эмне жыттанышы керек эле? Эч нерсе сезилген жок", деп ийнин куушуруп коёт. Ачылова бир кесиптешин карап, бир мурдун кармаган бойдон мейманканага жетет. Бул тууралуу депутат мырза дагы бир депутат мырзага айтып берет. А эртеси күнкү сапарда экинчи депутат Ачылованын жанына отуруп калат. Бул жолу да саңырсыган көчөлөрдөн өтүшөт. Ачылова дагы бет аарчусун мурдунан түшүрбөйт. А жанындагы мырза кең - кесири отурат. Ал турмак оозун болушунча ачып эсинеп да коет. "Сага жаман жыт жыттанган жокпу?" - дейт бир кезде чыдабай кетип. "Жаман жыт дейсиңби? Жо - ок!" - терең - терең дем алып коёт. Ошентип депутат мырзалар арасындагы жалгыз айымды тамашага салышып, жаман жыт мурдумдабы, же шаардабы деген бүдөмүк ойго кептелтүүгө болушунча аракет жасашкан экен.


Чучук кармаган кыргыз
Дүйшөн Чотонов кайсы бир ирет Америкага баратканда учакта уктап кетип тамактануучу убакты өткөрүп жиберет. Он саат асманда учат, анан андан ары мейманканага жетип жайгашканча дагы бир далай убакыт өтөт. Курсак курулдап болушунча ачат. Эмнеге экени белгисиз, чемоданына бир бышкан чучук салып алган экен. Мейманканага жайгашканда түн бир оокум. Тамак эми таң атканда берилет. А ага дейре кыргыз саясатчысынын чыдамы жете турган эмес. Эптеп ашказанды алдабаса болбойт. Бычак да жок экен, баягы чучукту колу менен эле тең экиге бөлүп бурдап сугунуп кирет. Майы колу ылдый агат, аарчыганга дарманы жок. Тамеки да тартып атат, чучук да жеп атат. Бир кезде эле мейманкананын кызматкери эшикти такылдатпай ачып кирип келет экен. Көрсө Чотоновду тамеки тартылбай турган номерге жайгаштырышып, түтүн чыкканда сигнал болуп, кызматкер текшерүүгө келген экен. Эшикти ачса эле классикалык көрүнүш: ак көйнөк кийген кыргыз, эки колунда эки чучук, колу ылдый агылган май. Саамга тиктеп туруп, эч нерсе дебестен кандай байкоосуз келсе, ошондой байкоосуз кызматкер чучук жеген кыргыздан качып кетиптир.

Г.ТУРУСБЕКОВА