Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

Л€У…Р’Жђ

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Оң кайрык

Жыл башталды. Кыргызча балык деп, дегеле момун, унчукпаган жаныбардын атынан аталган балык жылыбыз, кытайча ажыдаар жылы болот экен. Парадокс болбосоң коё кал. Балык ким да, ажыдаар ким? Эмне дебей, ким дей туралы. Кантсе да бири момун, бири тажаал болсо да бул жылдын кожоюндары эмеспи. Кожоюндарга кичине кошомат кылып, балык жылы, башкача айтканда ажыдаар жылы баарыбызга жакшылык алып келсин дейли да. Жылдын кожоюну го балык менен ажыдаар экен, а мамлекетибиздин кожоюндары ким болду? Сөз ушул жөнүндө болсун.

Саясый көзү ачыктын көргөн жарыгы
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү, анын арасында Кыргызстан үчүн да татаал жылдардан болчу ажыдаар жылы башталды. Үстүбүздөгү жылдын Кыргызстан үчүн коркунучу эмнеде - бул коомдун эшилме зымдай чиймеленишкен өнүгүүсү, мисалы СССР - 70 жыл, Акаев - 15 жыл, Бакиев - 5 жыл, Отунбаева - 1,5 жыл, Атамбаев - ?.. Атамбаев өлкөнүн парадигма жана тренд өнүгүүсүн өзгөртүп, тарыхый спиралдын радиусун көбөйтө алабы, бул шекспирдик Гамлеттин суроосу. Мен кырдаалды драмага айлантпайын, өзүңүздөр баамдап алыңыздар, Стандард энд пурс европалык алдыңкы өлкөлөрдүн дээрлик жарымынын рейтингин ылдыйлатса, өткөн жылы АКШнын дүйнөлүк деңгээлдеги алдыңкы экономикасынын рейтинги төмөндөдү. Экономикалык зор депрессия батыштан чыгышты көздөй токтоосуз жылып келатат жана бул ирет биздин чакан, бирок сыймыктуу өлкөбүз оор сыноодон кача албайт. Биз турмак ири Россия 80 - жылдардагы демократия жана либерализм тууралуу жаман эмес идеялардын колдоого алынышы СССРдин кыйрашына алып келген борбордон качма трендге кабылуу коркунучунда турат. Эгер ажыдаар жылында Путин менен Медведевдин командасы демократиялык фундаменталисттердин таасири астында өлкөнүн структуралык өнүгүү кадамын тандаса, анда Россия жүздөгөн майда губернияларга чачырап кетпөөсүнө кепилдик жок. Мунун таасири бир гана Кыргызстанга эмес, жалпы Орто Азияга тийет.
Ажыдаар жылына биз эмне менен кирдик, биринчи - жалпы эл тарабынан тандалып алынган президент А. Ш. Атамбаев, анын өткөн жылдагы президенттик мандатка атсалышкан бардык атаандаштарына берген соккусунун күчү ушунда - жеңилүүгө учураган талапкерлерден дайын жок, бир гана Ташиев чыныгы боксер катары соккуга туруштук берип, саясый рингде калып кетти.
Жаңы жылдын экинчи тренди - бул жаш, динамикалуу, креативдүү - чечкиндүү премьер - министр Ө. Бабанов, шайлоодо парламенттегилердин 99 пайыз добушу менен жеңишке жетишти. Ал турмак аны Бабановдун командасынын аң - таң кылган күчүнүн жана тоталдык басымынын астында оппозициячыл "Ата - Журт" да колдоп жиберди. Бул, албетте өтө чоң картбланш, биринчиден - жаңы премьерди өлкөнү дүйнөлүк экономикалык депрессиядан коргоп калууга, экинчиден - өзүнүн экономикалык менеджердик жана саясаттагы болгон талантын мамлекетти бардык тараптан өнүктүрүүгө жумшоого милдеттүү кылат. Премьер - министрдин жанында өлкөнүн башкы финансисти, Кыргызстандын гана эмес дүйнөнүн каражат агымынын желесин баамдай билген, дүйнөлүк тенденцияны да мыкты өздөштүрүп, териси аркылуу сезип турган мотор - перпетум мобилле Жапаров Акылбек турат. 2006 - жылы Париж клубун Кыргызстандын карызынын түзүмүн өзгөртүүгө макулдаткан, бул, демек карды жылуу кылганга барабар. Жапаров Каржы министри болуп турган чакта биринчи жолу Кыргызстандын ВВПдагы карызы жүз пайыздан 43 пайызга чейин кыскарган. Эгер Бабанов - Жапаров өкмөттүк тандеми көрөгөчтүк менен гармонияда иштеп кете алса, анда биздин мамлекеттин Малайзиянын же Сингапурдун жолуна түшүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүктөр жаралат.
Жаңы өкмөттүк курамда кыргыз дипломатиясынын жаш жүзү, сууну отунсуз кайнатууга жөндөмдүү Р. Казакбаев да бар. Булар башын бириктирген курам турганда эл аралык мамиледе бизди катаклизмдер күтпөйт, ошондой эле кошуна тууган өлкөлөр менен да бир катар суроолордун чечилүүсү толук мүмкүн деп ойлойм.
Жаңы өкмөттүн дагы бир бараандуу өкүлү, ИИМ министри З. Рысалиев. Анын коомчулукта "ЧШ" деген каймана аты бар. Чечмелениши "черныйлардын шору". Акыркы беш жылдыкта өлкөнү акырындык менен ээлеп алган кылмыштуу топтордун желесинен арылтууга болгон аракети акыбетин көрсөтүп жатат.
Өтө керектүү үчүнчү тренд - бул акыры либералдуу фракциялардан куралган классикалык башкаруу коалициясы жана арасында кыргыз саясатынын, финансисттеринин, укук жактоочуларынын ж.б. жолборстору турган "Ата - Журттай" күчтүү оппозициясы бар. Жогорку Кеңеш. Мындай перспективдүү конструкциянын чокусуна жаңы төрага, саясатчы - супердипломат А. Жээнбеков келди.
Ажыдаар жылына мамлекет саясый күчтүн тарыхый идеалдуу жайгаштырылышуусу менен келди. Көңүл бургула, марш дегим келет жана чын дилимден ийгилик каалайм. Алдыдагы рецессия, инфляция, девальвация жана дефолт тобокелчилиги ондонгон глобалдык жана субглобалдык көйгөйлөрдүн сазынан көсөмдүк менен өтүү керектелет. Эл жашоонун жакшы жакка реалдуу өзгөрүүсүн күтөт, бул күтүүлөр жалпы элдик кыжырга алып келүүчү иренжүүгө айлануудан Кудай сактасын. Оомийин.

Бакыт Бакетаев, саясатчы




Сол кайрык
Саясый "көзү жабыктын" көрбөгөн божомолу
Жарымпаашадан жасалган жалгыз пааша
Ажыдаар же балык жылына биз эмне менен кирдик?
Алгач кандай президент менен киргенибизге келели.
Жалпы эл шайлаган жалгыз татыктуу президент менен эмес, Мадумаров, Ташиевдин түштүктөгү добуштарын түлкүлүк жол менен уурдаган, кээ бир жерде, түлкү болуудан да эринип, кадимки эле кокон зордук менен тартып алган бир мамлекеттин жалпы добушун эмес, бир ыптасынын гана колдоосуна ээ болгон А.Атамбаев аттуу президентибиз менен кирдик. Албетте, "эшегине жараша тушагы" демекчи, берки экөө деле Атамбаевден ашып түшкөн лидер эмес болучу. Алар деле мамлекеттин жалпы лидери эмес, Атамбаев сыяктуу эле мамлекеттин бир ыптасынын гана колдоосуна ээ болушкан. Андыктан, "жоктон көрө жогору" деп, жалпы мамлекеттин биримдиги деп жарымпаашалардын бирөөсүн жасалма пааша кылууга туура келди. Берки экөөсүнө караганда Атамбаев бир аз да болсо, айталы алар 15%, Атамбаев 62% эмес, алар 30% Атамбаев 40% менен болсо да утту дегенибиз чындыкка туура келмек. Бирок, ошол чындыктан да баш тартууга туура келди. Себеби, мындай картина экинчи турдун болушун камсыздамак. Ал эми экинчи тур дегениң, түндүк-түштүк кыргыны дегенди эле түшүндүрмөк. Ошону берки эки азаматыбыз эстүүлүк кылып түшүнүштү окшойт, А.Атамбаевге каршы көп деле чырылдап каршы чыгышпай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тынчып калышты. Биз 62% менен жеңгенбиз деп мурдубузду Муз Океанына каратып алып дердеңдебей андан көрө, ошолордун тынчып калганына шүгүр дейли.

Спикерге эми саяпкер керек
Экинчиден, спикерибиз кандай болду? Эми бул спикерибиз аман эле болсун. "Кой аксагы менен миң" демекчи каракулжалыктар арасында "Шарип аксакалдын тыңчыкма уулдарынын арасынан бирөө бандит болуп көчөлөп кете жаздаганда башка уулдары тың экен, оңдоп - түздөп адам кылып, катарларына кошуп алды", деген кеп бар. Эми ошол оңдолуп-түздөлүп, арага кошулган кайран Парламенттик республиканын башында кантип туруп берет десең? А.Келдибеков деле президиумдан Текебаевге жулунуп, Ташиев досу экөө муштумун көтөрө чуркаган депутаттар эле бир кезде, спикер болгону Акматбегибиз өзү да өңдүү-түстүү неме, зыңкыйган жигит болду эле, кеңешчилеринин кеңешин айттырбай аткаргандыгынын артынан. Балким, саяпкери келишсе, Асилбегибизден де асыл тукум тулпар чыгып калар. Ал эми кеңешчиси кандай болорунан да көз каранды. Келдибековго Кадырбековдой кексе кеңешчи туура келгендей, Асилбегибизге да акылдуу кеңешчи болсо, жөндөп кетер, бирок, андай болбой калсачы, же кеңешчиси жөндүү болбой, болсо да Асилбегибиздин ары жагында такыр мыдыры жок бирдеме болсо не болобуз? Аны да ойлонуш керек. Андыктан кандай спикер болорунан мурун кандай саяпкер болор экен, жакшы саяпкерлүү, тагырак айтканда жакшы кеңешчилүү болсо экен дегенде эки көзүбүз төрт болуп турган чак.

Биттин ичегисине кан куяр башбакан
Үчүнчүдөн, кандай премьер-министрлүү болдук? Бул бийликтин эки тизгин бир чылбыры, премьер-министрде болуп турган бүгүнкү Кыргызстанда өзгөчө маанилүү маселе. Байболов айтмакчы "куйругуна калбыр байлайын десең, куйругу да жок" дегендей суудан кургак чыккан, суурулган шылуун, биттин ичегисине кан куюп, жердин тешигин жамаган, "шайтандын чоңунан кичинеси..." демекчи, накта шудуңдаган куйругу жок жаш шайтанча премьер-министрлүү болдук. Мунубуз бул кебетеси менен Кыргызстанды же бар кылат, же сатып жок кылат, бир Кудай билбесе, биздей карапайым журналисттер көзү ачыктык кыла албайбыз. Бирок, мынчалык коркунучтуу адам экенине карабай, негедир башкы түбөлүктүү оппозиционерибиз Текебаев баш болуп бул жаш шайтанчага ишеним көргөздүк. А түгүл жаңы оппозиция болгон "Ата Журт" партиясы да жаңы өкмөт башчыны жапырт колдоп жиберишип оозду ачырышты. Анчалык добуш алгыдай, кандай сыйкырдуу таякчасы бар экенин ким билет, бирок, жаш башбакан мынча добуш алдым деп дердеңдебей, сыйкырдуу таякчасын өлкөнүн өнүгүшүнө жумшасын, өзүнүн чөнтөгүнө кымырбай деп тилек кылат элек. Болбосо, 113 добуш алдым, мен түбөлүктүү премьер-министрмин деп каалаганын кылып, кааласа, коррупционерлер менен коюндашып, криминалдар менен моюндашып жүрө турган болсо, кел-келдин кет-кети деле бат эле. Анна, Акматбек Келдибеков деле учурунда 103 депутаттын колдоосу менен келди эле, 13 депутаттын колдоосуна ээ боло албай "Камчы Көлбаевдин караанына 10 метр жакындады, 5 метр жакындады" деп атып Көлбаеви менен кошо көмөлөндү.

Төрт кочкордун башын кантип кайнатабыз?
Төртүнчүдөн, жаңы өкмөттүн курамы кандай болду? Мурда үч партиянын, үч кочкордун башын бир казанга кайнатабыз дедик эле, бул жолу эми төрт кочкордун башын кайнатканы калдык. Кайнайбы десең?.. Башканы кой башбакан Өмүрбек Бабанов менен Акылбек Жапаровдун баштары бир казанга кантип кайнар экен? Жолуккан жерден бул эки жаш кочкорчо сүзүшө кетишчү эле дейм да. Болгондо да көздөн далдоо жабык короодо эмес, жалпы журналисттердин көзүнчө рингде сүзүшкөндөй эле ачык эле сүзүшө кеткендерине күбө болгонубуздан эсибизге жара чыкпаса көп деле өтө элек. Эми ошол эки кочкордун бири башбакан, бири Каржы министри. Бири тубаса финансист болсо, экинчиси тубаса бизнесмен. Экөөнүн тең мелжеген жери акча. Акчаны көргөндө экөө тең сүзүшүүгө "стойкага" тура калчудай абалда.
Башкы акчапороздорубуздун абалы бул болгон соң, өкмөттүн башка майда министрлери жөнүндө айтуу да коркунучтуу. Андыктан ажыдаар жылында айыгышкан күрөштөрдөн Кудай сактасын эле дебесек. Кудай да сактансаң сактайт дейт, андыктан азыркы абалыбыздан абайлайлы дебеске чара жок. Деги эле жакшылыгынан берсинчи Кудай! Оомийин!

Ырыс Жума



Л€У…Р’Жђ


кыргыз тилиндеги гезит "Арена kg"
а ­е¦Є.НҐй«