Аксерке саясаты

Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
"Ачкачылык жарыялайм"
- Турсунбек мырза, коомчулукта сиз тууралуу жакшы да, жаман да кептер айтылып жатат. Кечээ жакында эле сизди А. Турдубаева деген айымдан 8000 доллар алды деген сөз чыкты, ошол чынбы?
- Ал айым мага кайрылганда башта колумдан келишинче жардамымды берип, анын маселесине көңүл кош караган эмесмин. Бакиевдин мезгилинде "чиновниктерге 70-80 миң долларымды алдырдым" деп ыйлактаган. Ишине жардам берип жатканбыз. Ал ортодо Ал айымга да акчасын берип, алданып калган тараптар да чыкты. Анын да туура эмес, иштеринен кабардар болуп калгандан кийин калытык кылып, ал ишке аралашпай койгом. Бир жума мурун эле Бакир уулу "Турсунбек Акун аферист А. Турдубаеваны коргоп жүрөт" деп сүйлөгөн. Баарынан кызыгы, азыр болсо өзү аферист деген айым мени жамандап, үстүмөн арыз жазганы үчүн ага жан тарткан болуп, "Турсунбек Акун 8000 доллар алыптыр" деген сөз чыгарды. А. Турдубаевага жардам бербей койгонум үчүн кекенип, "Сиз мага жардам берген жоксуз жаманатты кылам" деген. Аны Бакир уулу колдонуп жатат. Мен бирөөдөн акча алмак түгүл 15 жыл тишимдин кирин соруп, айлык албай жашагам. Мага ыгы жок доомат коюп, жок шылтоолордун негизинде, кызматтан алуунун аракетин көрүшсө, мен Акыйкатчы институтунун көзкарандысыздыгы жана кызматтан четтетилбеш үчүн болгон аракетимди жасайм. Ачкачылык жарыялайм. Митинг кылам. Анткени, мен бул кызматтан кетсем эле Акыйкатчы институту эркиндигин жоготуп, бийликтин буйругун аткарган кол жоолук орган болуп калат.
(уландысы кийинки санда)


ИИМдин башчысы 30-40 миң долларга гана эс алабы?
Президент Таластан болсо вице, министрлер да, Таластан болгону бул факт. Ал эми ИИМ башчысы З.Рысалиев жалаң таластыктарды жетекчилик кызматтарга койгону боюнча парламенттин тиешелүү комитети иликтөө жүргүзө баштады. ИИМдин башкы аппаратында жыйырма жетекчилик орунда жалаң таластыктар олтурганын, депутат Тынчтык Шайназаров айтып чыкты. Мындан сырткары, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын көпчүлүгүн таластык кадрлар жетектейт экен. Мындай маалыматтардан кийин ИИМ башчысы таластык же таластык эместигин аныктоо үчүн жетекчилердин өздүк делолорун текшерсе , 20 жетекчинин 4 жетекчиси таластык болбой чыгыптыр. Он алты деген цифра деле оңой эмес го.
30-40 миң доллар менен жогорку кызматтарга дайындалат деген маалыматтарга министр " Эгер менин 30-40 миң долларым болсо, кылмышкерлер менен күрөшпөй, эс алууга чыгып кетмекмин" деп жооп бериптир. ИИМ башчысы эс алууга чыгыш үчүн 30-40 миң доллар керек экен деген ойдо калдык окшойт. Мына сага.....


Спикер кимдин кол булгалаганын байкабай калды
Жума күнкү жыйында депутат Ширин Айтматова микрофондун алдында бир топ турса да , спикер Ахматбек Келдибеков башка нерсени сүйлөп туруп алды. Ширин айым айласы кетип кол булгаласа да карабай койду. Асылбек Жээнбеков спикерге шыбырабаганда Ширин айым тура бермек окшойт..


Келдибеков менен Жээнбеков
13- май күнү түштөн кийин спикер залда олтурган Равшан Жээнбековду сыртка чакырып , жашыруун бир топ маселелерди сүйлөшүшүптүр. Акыркы кездери спикер "атамекенчилер" менен көп сүйлөшө башатаганы байкала баштады. Бул эмнеси?


Генаралдын тактоосу
Өткөнкү саныбызда Артур Медетбеков баласынын ДТПсын "разборка" кылып жүрүптүр деп жазган элек. Урматтуу генерал редакцияга телефон чалып, балдары чет жакта экенин айтып, "мындай окуя болгон эмес" деп билдирди.


Марат Султанов сакчы менен жүрүп калды
Марат Султановдун үйүнүн алдында граната жарылгандан кийин сакчы менен жүрүп калды. Нариман Түлеев да өз балдарын Марат мырзаны кайтарганга сунуштаптыр. Бул окуя боюнча ИИМ тарабынан алгылыктуу иликтөө болбой жатканына Марат мырза тиш кайрап, ИИМ башчысынын ЖКга келишин күтүп жаткан кези. Шамил Атахановго да маселени кабыргасынан коюптур.Сыягы пиар эместигин далилдейт го..


"Бирөөгө ор казба, өзүң түшүп каласың"
Кыргыз элинде илгертен ушундай накыл кеп бар. Экс-башпрокурор Кубатбек Байболов 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго карата бир топ далилсиз айыптарды тагып, аттан оодара тартууга аракет жасады эле, эми өзү көп көп нерсеге жооп берчүдөй болуп калды. Башпрокурорлук милдетти азыраак убакытка аркалап турган учурунда эле "өз көмөчүнө күл тарткан" фактылары депутаттык комиссиянын жыйынтыгында маалым болду. Ошол 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин отурумунда Ө.Бабанов финансы полициясы тарабынан белгилүү болгон "Мегаком" компаниясына караштуу 143 млн. сомдун ордун сыйпалап калган кылмыш иши Башпрокуратура тарабынан жабылгандыгын маалымдаган. Мындан сырткары, Кубатбек мырза кызмат абалынан пайдаланып, "Мегакомго" үч имаратты 1 млн. 700 миң долларга сатууга үлгүргөн. Мындай иштердин кечигип болсо да ачыкка чыкканы жакшы болду. Эми Байболов колу менен кылганын мойну менен тартышы эле калды. Себеби, комиссия жыйынтыгынын аяк ченинде экс-башпрокурорго карата укуктук чара колдонуу сунушу киргизилген...


Байболов Мадумаров менен сүйлөштү дейт
Саясатты эми өзгөртөм деп чоң казатка билек түргөн Кубатбек Байболов жакында эле "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен ачык форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Эки саясатчынын мындай пикир алышуусунда да чоң саясат жаткандай.