Жеңиштин урматындагы мелдештер
Ош областынын Ноокат районунда 9-майга карата улуттук "Күрөш" боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин демөөрчүлүгү менен 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Ноокат районундагы "Сахаба" эс алуу багында өлкөбүздүн түштүк аймагынын бир канча палвандарынын жана он миңдеген кишинин катышуусунда чоң майрамдык маанайдагы улуттук "күрөш" боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.
Мында Ош облусунун губернатору Сооронбай Жеенбеков, Ош шаарынын мээри Мелис Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын депутаттары Алтынбек Сулайманов, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков, Куштарбек Айтматов күбө болушуп, бүтүндөй журтчулукка майрамдык маанайдагы өз каалоолорун билдирип өтүштү.
Башкы байгелерге 3 жеңил авто-унаа коюлду жана мындан сырткары телевизорлор, жана башка чарба буюмдары калган жеңил орундарга коюлуп, бир канча аксакал-ардагерлерге майрамдык белек катары берилди. Жыйынтыгында, түштүк аймагына белгилүү улакчы 90 жаштагы Карыбек палван бүтүндөй элге жана мамлекетибизге тынчтык тилеп, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө өз батасын берип, ыраазычылык сөзүн айтып жыйынтыктады.