Төртөө төрт башка

Айзада Абасова, "Кыргыз руху" гезитинин редактору:
"Сүйүүдө сот жок"
- Чыныгы мырзалардын жөнөкөй мырзалардан айырмасы?
- Биринчиден, чыныгы мырзалар француздардын "аялдар дайыма туура" деген сөзүн жакшы билиши керек.Эркек кишинин аял менен айтышып турганы аябай одоно көрүнөт. Аялдыкы туурабы же туура эмеспи, эркек атаандашпай басып кеткени туура.
Экинчиден, чыныгы мырзалар француздарда эле эмес, кыргыздарда деле "кыздын кырк чачы улуу" деген сөзү бар экенин унутпашы керек. Аял кишини басынтуу түркөй эркектерде гана болот. Билимдүү, маданияттуу эркек, аял кишиге ызаат көрсөтүп турат.
Үчүнчүдөн, чыныгы мырза карыбайт. Фатима Абдалованын "Мырза абышка" жөнүндө бир ыры бар. Автобуста тура калып, орун бошоткон абышка жөнүндө. Чыныгы мырза 70ке чыкса да, 18деги кызга тура калып орун бошотот. 50гө чыкпай жатып, "чоң кыз, агайыңа орун бошотпойсуңбу" деген эркектерди көргөндө иренжип кетем.

- Эки -үч аял алган саясатчылар күнөөлүбү же аларга тийген бийкечтер күнөөлүбү?
Мен эки-үч аял алган эркекти да, ага тийген бийкечтерди да талкуулабайм. "Не суди да не судимы будете" дейт Библияда. Анан да "Махабат дастанында" "Көңүл ишинде сот болчу эмес эле го" дейт эмеспи Раймалы ырчы. Анын сыңарындай көнүл ишин соттоо туура эмес. Бул ошол бири-бирине көнүлү түшкөн эки адамдын өздөрүнүн иши. Беш аялдын көңүлүн таба алабы, он аялдын көңүлүн таба алабы ал эркектин өзүнүн иши. Эгер көңүлүн таба албай аялдары каршы чыкса, андай эркекти мыйзамдан мурун биринчи аялдары өздөрү жазалап коёт. Бийкечтерде деле ошондой. Экинчи аял болобу, бешинчи аял болобу, өздөрү билет да. А балким, бир алкаштын биринчи аялы болгуча, жакшы адамдын бешинчи аялы болуу артыктыр.




Анархан Жаңыбаева, журналист:
"Көк түс кайгы менен аза күтүүнү билдирет"
- Желектин түсүн көк кылганга кандай карайсыз?
Желектин түсүн көк кылганга каршымын. "АКИ-пресс" агенттигине чыккан варианттарынан 3-6 номердеги желектин варианттары жакты. Түштүктө жакын адамы өлгөндө сөзсүз түрдө жакындары аял кишилер бир жыл көк кийим кийишет. Ошол себептен, мурдагы Легендарлуу Парламенттин депутаты Төлөгөн Касымбеков Желектин көк болушуна караманча каршы болгон. Көк түс биз тарапта кайгы менен аза күтүүнү билдирет. Мен да бул көк түстүү желектин кабыл алынышына караманча каршымын. Анткени, кыргыздардын жарымынан көбүнө көк түс аза күтүүнү билдирет.

- Өкмөттүн кайсы мүчөсүнө ишеним артасыз?
- Өкмоттун мүчөлөрүнөн:Алмаз Атамбаев, Ибрагим Жунусов, Төрөгул Беков, Айгул Рыскуловаларга ишеним артууга болот деп ойлойм.Булар кичине да болсо, элге жакыныраак иштеп жатышат. Калганы эмне кылып жатканын билбейм.




Эрмек Нурбаев, Тамашоунун алып баруучусу:
"Таластын күлчөтайын жакшы көрөм"
Эрмек, Нарын бешбармагын жакшы корөсүзбү же Таластын гулчөтайынбы?
- Нарындын деле беш бармагын жакшы көрөм. Баардык беш бармактардан Таластын күлчөтайын аябай жакшы көрөм.

- Катын албай кайын ал дегенге кошуласыңбы?
- Кыргыздын бир да сөзү ашык да кем да эмес экенине ынанам. Катын албай кайын ал деген сөздүн да калети жок. Турмушка төп келчү сөз.




Марат Мырзабек:
"Интернеттен бактысын тапкандар да, азапка баткандар да бар"
- Паранжы кийген кыздарга сиздин көз караш?
- Жоолук салуу боюнча түз эле көз караштамын. Айтайын дегеним, ар бир диндин өзүнүн жол жобосу бар. Ошондуктан жоолук салынбасын деп адамдын укугун чектегим келбейт. Ошол эле учурда болгон байлыгын көрсөүп жүргөндөргө караганда денесин жабып, жоолук салынып жүргөнү деле жакшы болсо керек.

- Интернет сүйүү туруктуубу?
- Интернет сүйүүгө ишенем. Интернеттен багын ачкандар дагы бар. Мисалы, америкалык интернет баракчалардын ээлери сурамжылоо жүргүзгөндө 20 пайызы интернет аркылуу таанышып, достошкон жана сүйүшкөндүктөрү тууралуу айтып беришкен. Кыргызстанда да көп кыздар интернет аркылуу чет мамлекеттик жигиттер менен таанышып, турмуш куруп алгандары дагы жок эмес. 2010-жылы Турцияга интернет аркылуу сүйлөшүп турмушка чыгып, бактылуу болгону, бактысыз болуп, арманын аттын башындай кылып, документин күйөөсү алып жүргөндөр да бар. Ошол эле учурда телегейи тегиз болуп, балалуу болуп алгандар да бар. Мен тааныган эже интернет менен таанышып, аз убакыттын ичинде Дубайлык жигитке турмушка чыгып кеткен. Учурда 2 баласы бар. Бактылуу жашап жатышат.

Даярдаган:
Жеңишгүл Шабданбекова